Поиск по этому блогу

воскресенье, 31 августа 2014 г.

КАМИТ САВАЙ Кыргыздар "Фэйсбукта"


КАМИТ САВАЙ      Кыргыздар "Фэйсбукта"
Кыргызстанда  да "Фэйсбук" деген балээге көп адамдар кирип алышкан.
Башка жактар аз келгенсип, биерде да жакпаган адамдарды "кетсин" дешет. Президент, өкмөт, депутат, чиновник, начальниктерден баштап,  оюн бир аз туура эмес жазып койгондорду да "кетсин" дешет...  
Айрыкча, "уруксатсыз мени бир группага кошту", "аты жөнүмү, кызматымы туура эмес жазды"  деп катуу таарынышат, тим эле атасынан "Фэйсбук" ага калгандай мурчуюшуп элге жарыялашат, өзү деле акырын чыгып кетсе болот группалардан бир шилтем менен, жок, жөн эле чыгып кете албайт, "мени ким кошсо ошол чыгарсын" дейт, олтуруп алат, көгөрөт барктанып...  
"Кыйындар" бар, тим эле "кара тизме" жасап алышкан, жакпаган кишилерин ошол жакка жазышат элге жарыялап, "көрдүңөрбү, мен "кара тизмеге" киргизип салдым" деп, өзүнчө эле ыраазы болушат, колунан келсе "Фэйсбуктан" да чыгарып салышмак, кээ бир жакпаган, же тааныбаган кишилер "достук" сунуш кылса да элге жарыялашат, "мага момундай типтер достук сунуштап атты эле, мен "игнорго" салдым" деп....
Анан ошол эле "кыйындар" башка бирөөлөрдүн "постторуна" эч качан, өлсө да "лайк" коюшпайт, колу сынып кала тургансып....
Тойлордон эле сүрөт илген көп, кээ бирөөлөр аялы, сүйгөнү, сүйүшкөн кызы, жигити менен түшкөн сүрөттөрдү  күнүгө илгенди өлө жакшы көрүшөт, көбүнчөлөр колдорун эки ача кылып  түшкөн сүрөттөрүн илип алып "лайковать" этишет кечке өздөрү эле...
Анан, ачсаң бүт эле саясат, саясий жаңылыктар, депутаттардын, министрлердин айтканы, жегени, камалганы, жыргашканы ж.б.  "Фэйсбукта" азыр 70% ашыгы  саясат, аларды кабар агенттиктери, гезиттер жазышат, же ошолорду эле кайра-кайра башкалар жарыялашат, өтө деле көп жаңылык деле жок, көчүрмөлөрү эле толтура, ал аз келгенсип, ошол саясий проблемаларды топурап талкуулашат, уруша да кетишет...
 10% динге үгүттөө, биерде этият болбосоң балээге каласын, бир аз эле башкача сөз айтсаң эле анда өлдүң, жөн эле талап салышат, сени угушпайт...
10% бул акындардын ырлары, күндөн-күнгө көбөйүп эле баратат, тамактан баштап, сүйүү, мекенге чейин ырлар, түрлөрү эле көп,  кээ бир акындар күнүнө эч болбосо бир жаңы ыр илишет, мурда акындар аз болгонбу же ФБ жок беле анда, билбейм, ФБдагы азыркы акындардын санын санап көрсөм адашып кеттим...
5% тойлор, аялдар, сүйүшкөндөр, жаңы үйлөнгөндөр, тоолор, балдар...
5% ушактар, имиштер, көзү ачыктар, мышыктар, иттер, ырлар...
Бири-бири менен элдин көзүнчө тытышканды жакшы көргөндөр бар, айлап тытышышат, эки тараптын күйөрмандары да тытышышат, ачуу комменттер менен, ачык эле сөгүшүшүп, атаңды-энеңди биякта эле калат, кыз-аял, эркеги айырма жок...
Кээ бирөөлөр өздөрүн "универсалдуу гений, кыйынмын" деп эсептешет, "лювой" темага мурдун тыгып, башкалардын же автордун пикири менен уруп ойнобойт, бир аз талашсаң бүттү, же акыл үйрөтөт,  же сөгө баштайт...
Юмор, сатира дегендерди түшүнбөгөндөр да көп, тамашаны чын кабыл алып алышып, авторду сөгө башташат, ошого макаланын же "статустун" башына чоң тамгалар менен, "тамаша", "юмор" деп жазып коюш керек....
Псевдопатриоттор да аз эмес, бир аз Кыргызстан, кыргыздар жөнүндө "самокритика" жазсаң бүттү, тим эле чычалап, авторду "чыккынчы-предатель" кылып салышат....
Кыргыздардын алыскы чет өлкөдөгүлөрү англисче жазышышат, "wow, cool" дешип... Орусиядагылары орусча, "да ты что, пипец"  дешет, Турциядагылар түркчө, анан "машааллах" деген комменттер көп,  кыргызча такыр жазышпайт....
Кыргыз кыздардын сүрөттөрүнө эмнегедир түрк жигиттер көп жана тез суктанышат, кайдан топурап чыга калышат, эч ким жаза электе пайда боло калышып жазышат биринчи болуп, "гузал, ваах", дешип...
Кээ бирөөлөр бар, ачык эле элге угузуп сүйүүлөрүн айтышат, "приватно" айтса деле болот, жок, атайылап эл көрсүн деп жазышат, төшөккө жаткандан башканын бардыгын ортого салышат...
"Инкогнитолор" бар, ошолор аябай коркунучтуу, алардын сүрөттөрү жок, аты ойдон чыккан, ким экенин билбейсин, ар кимди  ашкерелеп мазактап жазышат, сөгүп да коюшат, ким экенин такыр айтышпайт...
ГАИ менен болгон окуяларды ФБ да  аябай жакшы көрүшөт,  бир экөө ошол менен кана алектенет, видеого жашынып тартышат да, анан чыгарат, алардан үйрөнүп эми ГАИшниктер өздөрү тартып жайлап жатышат, "биз да тарта алабыз" деп, ГАИ катуу кармаса кыргыздар дайыма тааныштарына чалышат, бирок, бир кыз чала койсо, аны бардыгы бир ай талап бүтүштү...
Башка сайттарды, гезиттерди окуп жаңылыктар менен таанышкандын кажети жок болуп калды, эмне болсо ФБга дароо чыгат, жакында айылдарда эмне болуп аткан ушактар  да жазыла баштайт окшойт...
 Депутат, министр ж.б. чоңдор ФБда өздөрүн чоң сезишет, алар да эч качан башкалардын постторун "лайковать" этишпейт, бир жылда бир жолу коммент жазса тим эле сени багып аткансып жазышат. Аларды туурап бир аз аты чыккан ырчы, артист, журналисттер да башкалардын постторун такыр "жактырышпайт"...
Кээ бир партиялар ФБны трибуна кылып алышты, сьезд, курултайынан баштап, күнүгө беш киши чогулса да толтура сүрөттөрү менен илип жазышат...
ФБда жаш-кары, урмат-сый деген болбой калды, он-жыйырма жыл жаш жигит-кыз кадимкидей акыл үйрөтөт өзүнөн улууларга,  уят дегенди такыр таанышпайт, билишпейт, алардан унчукпай кутулбасаң балээге каласын, тартип-тарбияга чакырсаң бүттү, бир бет кылып жазышат сөгүнүшүп....
Бири-бирин шыбагандарын, аттуу-баштууларга компроматтарды ФБга дароо илишет, ушул жерден көрөсүн, кимдин ойношу ким, кандай неме, каякка чогуу барышат, эмне ага сатып берди, үйбү, машинеби, бриллиант сөйкөбү, бардыгын жарыялашат,  канча жолу жана кайда жолугушушаарын билишет, тим эле алардын жаткан керебетине "шам чырак" көтөрүп жарык кылып жүргөндөй жазышат ...
Кызмат, акча үчүн эмне кана кылышпайт, ушундай бетпак көт чукумайлар бар, керек болсо аялың менен жатканыңы тымызын тартып ФБга илишет, бир чоң молдокенин эркектик парзын төшөктө аткарып жатканын ФБга чыгарышып, дүйнө жүзүнө дүңгүрөтүшүп,  жумушунан кетүүгө аргасыз кылышты...
Кыргыз патриоттору ФБда аябай көп, көбү алар аттарын да жазышпайт, сүрөтүн да илишпейт, таанып калышпасын дешет ко, алардын купуя аттары көбүнчөсү момундай: Жигиттер: Кыргыз намысы, Кыргыз жигити, Мен кыргыз, Кыргыз бала, Баатыр кыргыз, Арстан кыргыз ж.б. Кыздар: Кыргыз сулуусу, Кыргыз кыз, Кыргыз периси, Айдай кыргызка,  ж.б....
Бири биринен ФБдагы жарыяланган материал, постторду көчүрүп, тим эле өзү жазгандай жарыя кылышат, чыныгы  автору ким экенин жазышпайт, эгерде, тартипке чакырып, "авторун же ссылка жазып койбойсузбу"  десең, анда, "бул интернет, каалагандай көчүрөм, андай экесин, кулпу салып кой"  деп ороңдошот.....
Анан момундай "посттор" көп, кыздар айрыкча жазышат, жөн эле "сагындым...." деп, эми бирөөнү же бир нерсени сагынгандыр, аны сагындыра койбой, жөн койушпай талашат, "кимди, эмнени сагындың" деп, сагынып аткан киши жооп бербей койсо жиндери келип, акыл айткандан баштап урушканга чейин барышат, 30-40 коммент болуп кетет...
Бир саясат боюнча оозуңу ачсаң эле болду, же "батышчыл",  же "орусчул" кылып ат койуп койушат, анан карай баштайсын, кимдер ким тарап экенин, бирок эки жакты тең "мекенчилер" дегендер бар, ошолор аябай жаман  көрүшөт...
Эгер бир күлкүлүү "посттор" жакса, анда Кыргызстандагылар көбүнчө "хэ-хэ-хэ" же "))))))"дешсе, англис тилин тааныгандар "lol!!!" , Орусиядагылар "ха-ха-ха ппц"  деп күлүшөт...




  

Комментариев нет:

Отправить комментарий