Поиск по этому блогу

пятница, 29 августа 2014 г.

КАМИТ САВАЙдын "КЫРГЫЗСТАНДА 2014-ЖЫЛЫ" деген тамаша, чын аралаш "имиштер" эссесинен үзүндүлөр...

КАМИТ САВАЙдын "КЫРГЫЗСТАНДА 2014-ЖЫЛЫ"
деген тамаша, чын аралаш "имиштер" эссесинен  үзүндүлөр...

- Ар бир үй-бүлөдө эч болбосо экиден машине болуп, 16 жаштан права алганга уруксат берилет имиш....
- Президенттин мөөнөтүн санаганга "Ала-Тоо" аянтына чооң счетчик илинет имиш...
- Таможенный союзга кол койбой, Эстония менен "КыргызЭстон" деген конфедерация түзүп, ЕСке киребиз имиш...
- Кыргыздар тротуар, жолдорго түкүрбөй калышат экен, только кагазга ороп түкүрүп калышат имиш..
- Магазиндерде, комоктордо желинген, чайналган, чегилген семичке, жвачка, тамеки салганга атайын "трубочкалар" сатылат имиш...
- "Мектептердин санын мечиттердин санына жеткиребиз" деген программа кабыл алынат имиш...
- Ыссык-Көлгө бүт дүйнөдөн келе баштайт экен туристтер, климат өзгөрүп ал жерде эки ай эмес, эми беш ай суу жылуу болуп, көлдүктөр туристтерден тажайт имиш...
- Пара алгандардын колдору токтобой титиреп калат экен да, аларды көрүп эч ким пара ала албай калып, ГКНБнин жер төлө зынданы бош калат имиш..
- Тойлорго эл мораторий жарыялап, көп салтанаттар тымызын үйлөрдө өтүп, кафе, ресторандар банкрот болот имиш....
- Бишкекте  эл көп болуп кеткендиктен, бүт эле Кыргызстандагыларды эми "Бишкектиктер" же "БИлер" деп айтышат имиш...
- Кыргыздар байып "өпкө" казактарга "өпкөлөнүп" мактанып, Бишкекте Астанадагыдан чоңураак, бийик  "Чупа-Чупс Бишкек" мунарасы салынат  имиш...
-  Ак Үйдүн тосмосу алынып, "Ак Үй Тур" деген компания акчага, милициянын коштоосу менен экскурсия уюштурат имиш...
- Бишкекке эл, машине батпай, казак туугандарды туурап борбор шаар жол ортону Токтогул болуп, аты Астананы туурап Босого болот экен, Токтогул суу сактагычынын (Анын аты "Муздак-Көл"  болот экен)  жээгине эс алуучуларга пляждар, пансионаттар курулат имиш....
- Нарынга такыр "кошулбаган"  "өгөй" баладай Кочкор, анан Жалал-Абатка "кошулбаган"  "өгөй" балдары  Тогуз-Торо, Токтогул райондору "өзгөчө" райондор болуп аталып, түз борборго баш ийип калат имиш...
- Ар бир мектептерде, ар бир үйдө, жайлоолордо  интернет болуп, бүт көп нерсени интернеттен алышып, "Дордой", "Кара-Суу"   ж.б. базарлар жок болуп, кафелерде, маршруткаларда бесплатный "Wi-Fi" болот имиш...
-  Жаңы Жылдык эс алуу кундөрдүн ордуна июнь айында "саамал" ичүүгө" бир жума эс алуу күндөрү болот имиш...
- Абада бийикте жүрө турган монорельс жолдор курула баштап, Ош базары-Кольцевая деген маршрут ишке кирет имиш....
- Караколдо лыжа тепкендер батпай, бир кыргыз биринчи жолу кышкы Сочи олимпиадасында лыжа жарышта 50-чү орунду ээлейт имиш...
- Бир депутат мурдагы жылдагы депутаттан өтөм деп сүннөт той берип, байгеге 10 тоо теке, 10 карышкыр, 10 бүркүт, 100 топоз, 200 жылкы, 1 "Хаммер", 1 автобус, 20 "Хонда Фит", 50 "Матиз" коюп, тойдо 5 күн бекер концерт болуп, 100 боз үй тигилип, ат чвбыш, машине жарыш болот экен, 100 миңдей киши 3 айылдын жерлерин үч күн тебелешет имиш...
- Бир вице-премьердин фирмалары 2013-жылы 16 чоң тендер утса, 2014-жылы 50 чоң тендер утат имиш...
- Канадалыктар "Кумтөр" кенин иштеткени калыш үчүн, жаратылышка зыян келтиришкени үчүн ар бир 18ге чыккан кыргыздын банктагы эсебине 2000 доллар салып, анан ар бир кийинки жылда 1000 доллардан салат  имиш...
- "Кумтөрдүн" акционерлери маалым болуп, алардын  жарымы Москвага, жарымы Минскиге качып, 5 миллион кыргыз акционер болот  имиш...
- "Кумтөрдөн" чыккан алтындарды түз эфирде, интернетте көрсөтүшүп, ар бир кыргыз канча алтын чыгып атканын көрсө болот имиш...
- Бишкек-Ош дагы бир башка жол курулуп, Нарындыктар Бишкекке келбей, Ошко базар кылганы барып, Казарманда эң чоң мал базар ачылат имиш..
- Шаарларда штучный сигареттер өзүнчө бир сонун "Бир штук" деген пачкелерде сатылып, насвайлар да эми сонун пачкелерде сатыла баштайт имиш...
- Орустар миллион миллион акча беребиз дешсе да аэропортторду, Телекомду, электркомпаниялырын кыргыздар сатпай коёт имиш...
 - Бир маданият министри былтыр 16 бет китеп окуса, бул жылы 32 бет китеп окуйт имиш...
- ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасына башка дагы кыргыздын эпос, эстеликтерин киргизиш үчүн К.Самаковго кыргыз өкмөтү Парижден батир алып бере имиш...

Комментариев нет:

Отправить комментарий