Поиск по этому блогу

пятница, 29 августа 2014 г.

КАМИТ САВАЙ "Айланайын Кыргызстаным..." кээ бири тамаша, кээ бири чын аралаш Кыргызстан жөнүндө ойлор жана сөздөр...

КАМИТ САВАЙ   "Айланайын Кыргызстаным..." кээ бири тамаша, кээ бири чын аралаш Кыргызстан жөнүндө ойлор жана сөздөр...

Кыргызстан - бул өлкөдө болжол менен ар бир үчүнчү жараан кыргыз эмес...
Кыргызстан-  бул өлкө түндүк жагында жана түштук жагында  бирден килтейген чоң базарлары бар өлкө...
Кыргызстан- бул өлкөдө ар бир беш жыл сайын президенти чет  өлкөгө качат...
Кыргызстан- бул өлкөдө жеринин 90% тоолор ээлейт, арасында бийиктиги жети миң метрден ашкандары да бар, калган 10%  жеринде азыр 4 миллион эл жашайт (дагы бир миллиондон ашыгы чет өлкөлөрдө)...
Кыргызстан- бул өлкөдө үйлөнсөң жубайыңын туугандарына да үйлөнөсүн,  дароо   200 дөн ашык туугандуу болосун...
 Кыргызстан- бул өлкөдө саясатты тили кирген баладан баштап сүйлөшөт...
Кыргызстан - бул өлкөдө эсине кирген балдардан баштап  "кетсин" ураанын билишет, ал ураанды  көп учурларда колдонушат(президент кетсин!, өкмөт кетсин!, начальник кетсин!, директор кетсин!, кытайлар кетсин!, ж.б.) ...
Кыргызстан - бул өлкөдө жигиттер кичи пейил болушат, кыздарга эшик ачып турушат, бирок, "болбойсунбу,  батыраак чоюлбай"  деп шаштырып коюшат...
Кыргызстан - бул өлкөдө кээ бир жаштар эл тыгын  маршруткадан орун алса эле шайтан басып "уктап" киришет...
Кыргызстан - бул өлкөдө  көпчүлүгү айдоочунун күбөлүгүн кыйналбай, окубай эле сатып алышат, анан, күбөлүк алганы өздөрүнүн машинесин тееп келишет, "мен 50 доллар арзан кезинде сатып алгам"  деп мактанышат...
Кыргызстан- бул өлкөдө мурда кыргыздар атты жакшы көргөндөй эми темир атты-машинени сүйүшөт,  биринчи кезекте колунан келсе эле же кээде карыз алып болсо да мингенге машине алышат, бешиктен бели чыккан баладан баштап эле машинелердин маркаларын билишет...
Кыргызстан - бул өлкөдө эч ким тааныбаган эле бир кыргызга башка бирөө тийишсе эле балееге калганың  ошол...
Кыргызстан - бул өлкөдө 4 миллион элдин (1 миллиондон ашыгы  чет өлкөлөрдө)  7 миллион машинеси бар....
Кыргызстан - бул өлкөдө аялдар кыйын келишет, алар митингдерде, мамлекеттик мекемелерди басып алууда, ачкачылык жарыялоодо, жол тосууларда дайыма алдыда авангардда жүрүшөт...
Кыргызстан - бул өлкөдө Россиядан которулган акчалар жардам, айлык, пенсия, алимент, сыйлык  ж.б. катары   келет....
Кыргызстан - бул өлкөдө Кыргызстандагы мыйзамдуу аялын үйүнө коюп, Россияда экинчисине үйлөнүшөт, кээ бирөөлөрү анан интернеттен эле ажырашышат "скайп" менен, ал болбосо  соткадан "смс" менен талак жөнөтүшөт...
Кыргызстан - бул өлкөдө кыз-жигит  өбүшсө, башка өлкөлөрдөгүдөй кыз сүйүнбөй эле, "эч кимге айтпагын, айтсаң экинчи сени менен сүйлөшпөйм" деп, жигиттерди кайра коркутушат...
Кыргызстан - бул өлкөдө "эмне кылып жатасын?" деп сурасаң, "эчтеке, жумушта олтурам" деп жооп беришет...
Кыргызстан - бул өлкөдө той-топурда "Бисмилла" деп башташат, анан тамак менен "бөдөнөнүн сүтүн" да ичип койушат, аягында мусулмандардай "Аллаху акбар" деп бата кылышат....
Кыргызстан - бул өлкөдө эң күчтүү мыйзам, бул,  "эл көрсө, эл укса эмне дейт"...
Кыргызстан - бул өлкөдө кыргыздан жаны кыйналып өлүп баратса да, "кандайсын?" деп сурасаң, "жакшымын" деп жооп берет ...
Кыргызстан - бул өлкөдө түнкү саат үч болбосун, кыргыздын үйүн такылдатып, "ким бул?" дегенде "ач, мен бул"  десең,  эшигин ача берет....
Кыргызстан - бул өлкөдө кафелер, ресторандар, сауналар, сулуулук салондору, базарлар эле иштейт,  завод менен фабрикалар иштебейт....
Кыргызстан - бул өлкөдө Россияга акча тапканы бараткан жигиттерди алар армияга кетип баратышкандай узатышат...
Кыргызстан - бул өлкөдө чоң, кышында тоңбогон, жайында эл толгон  Ыссык-Көл бар, жайында ал жерлик кичине балдардан, "чоңойгондо ким болосун?" деп сурасаң, такалбай, "мен эс алуучу болом" деп жооп берет экен...
Кыргызстан - бул өлкөдө, жылдан жылга, көздөрү араң көрүнгөн, кытайдын балдарына окшогон балдар көбүрөөк төрөлүп атат...
Кыргызстан - бул өлкөдө ишенчеек эл жашайт, "кыш быйыл болбойт" деген жомокко ишенишип, ал эми жылыга кыш  капыстан келип калып, анан кышы бою электр жарыгы жок , үшүп да олтурушат....
Кыргызстан - бул өлкөдө апалар  балдарын, "элдин балдарын карачы, тигил баланчанын баласындай мээң жокпу, карачы, сенин жасаганың эмне?"  деп тарбиялашат...
 Кыргызстан - бул өлкөдө кыргыз бажысына 20000 долларлык товары бар машине кирип, чыкканда ошол эле машине, ошол эле товары менен 2000 долларлык болуп чыгат ....
 Кыргызстан - бул өлкөдө  кытайлар Кытайдын акчасына жол салышат, анан ошол эле жолду Кытайдын оор машинелери, Кытайлык товар менен кайра  эле талкалайт...
Кыргызстан - бул өлкөдө меймандар кеткенден кийин, "келгиле эми, шашпай отуруп нормально чай ичели" деп конок тоскондор чайга отурушат...
Кыргызстан - бул өлкөдө көп мамлекеттик ишканаларда кайсы кагаз, канча акча тураарын бардыгы билишет, кассага төлөнгөндөн башкасын...
Кыргызстан - бул өлкөдө эгерде жаңы начальникке жол таба албаса, же аны жумуштан бошотобуз десе, тааныш врачтардан  "больничный" алып, "ооруп",  айлап жатып алышат...
Кыргызстан - бул өлкөдө окуучуларды мугалимдер жүрүш-турушуна же билимине карабай, убагында айтылган акчаны (ремонтко, кароолго, айлык төлөм, директорго, завучка туулган күнүнө, тойго, юбилейге, өлүм-житимге ж.б. төлөмдөр) алып келбегендиги үчүн кана  бүт класстын алдында уят кылышат, же кууп чыгышат....
Кыргызстан - бул өлкөдө шайлоо эле көп, шайлоолордо кимде ким, же кайсыл партия көбүрөөк азык-түлүк, белек, арак таратса, же жылкы,  бука, кой сойсо, же көп жумуштарды бүтүргөнгө (жол салам, көпүрө курам, суу чыгарам, мектепти бүтүрөм, туугандарымы жумушка албайм, аялымы,балдарымы жумушума кийлигиштирбейм ж.б. ) ант берсе ошолорго, анан айрыкча жердештерге, туугандарга (бир айылдан, райондон, уруудан, курсташ,  агамын (атамын, апамын ж.б.) досу, таяке, жээн, бөлө ж.б.)  добуш беришишет...
Кыргызстан - бул өлкөдө кээ бир райондордо  жериликтүү телеканалдар кошуна өлкөлөрдүн каналдарына караганда аз жана кызыксыз болгондуктан, аларды көрүшпөйт,  жергиликтүү каналдарды "жөөлүгөн баштар" дешет, анткени, качан күйгүзбөгүн төртөө (бешөө, жетөө, оноо ж.б.) болуп алып бир чечилбеген, кийин деле чечилбей турган  бир эле көйгөйдү көп убакыттта талкуулап атышкан болот...
Кыргызстан - бул өлкөдө телеканалдарда көбүнчө бирөөнүн юбилейин, же бирөөнү эскерүүнү көрсөтүшөт....
Кыргызстан - бул өлкөдө жергиликтүү каналдарда жаңылыктарда момундай сүйлөмдөр эле көп: "Быйыл тиякта , мобул жумуштар (чаралар, пландар ж.б.) аткарылып жатат, тилекке каршы каражат, күйүүчү май ж.б.  тартыштыгынан убактылуу токтотулуп  (кечигип, жылдырылып, болбой ж.б.) калды"....
Кыргызстан - бул өлкөдө чет өлкөлөрдөн төрөп, баласын бакканы келген келиндер, карыя абышка-кемпир кичинекей неберелери менен  калган айылдар көбөйүп баратат...
Кыргызстан-бул өлкөдө кээ бир айылдарда толгон түрдүү иномарка жеңил машинелер, анан жалгыз эле бир соксойгон эски трактор болот......
 Кыргызстан - бул өлкөдө эл аябай таарынчаак келишет, таарынганга ар кандай себептер болот, айрыкча той-топурда, сөөк узатууда ж.б., анан таарынганга убакыт ыңгайлуу болуп турганда таарынышат, көбүнчө мындай себептер менен:туура эмес жилик тартышты, татыктуу көйнөк(калпак, пальто, костюм ж.б.) бербеди,  же болбосо туура эмес столго же башка кишилер менен олтургузушту, тост беришкен жок, же "биринчи бербеди", "эмне үчүн баланчадан кийин тост берди", берсе кеч берди, ырдатпай койду, чакыруу кагазды той ээси өзү берген жок, чакыруу кагазда кызмат ордун, тууганчылык даражасын туура эмес жазып коюптур ж.б.  толгон-токой себептер....
Кыргызстан - бул өлкөдө ассалому алейкумдан кийин эле саясатка өтүшөт...
Кыргызстан - бул өлкөдө революция убагында, туалеттерде, дубалдарда, дарбазаларда, витриналарда, мамлекеттик ишканалардын имараттарында, соода түйүндөрүндө, башка улуттар жашаган үйлөрдө да  "Биз эл менен" деген кыпкыргызча лозунг заматта пайда болуп көз сайгылайт, революция бүтөр замат ал жазуулар жоголот, эл менен болушпай калат го .....
Кыргызстан - бул өлкөдө көп азаматтар элге жакшы турмуш үчүн жанын кыйып Ак үйдү алып жүрүшсө, кээ бирлери  ошол эле убакта чоң соода түйүндөрүн, бийликтегилердин мүлкүн талап байып жүрүшөт...
Кыргызстан - бул өлкөдө дүйнөдөгү эң чыдамкай, эмгекчил, чебер  аялдар жашайт, алар көзүнүн майын, белинин күчүн  аябай, күнү- түнү эң мыкты, сапаттуу кийимдерди тигишет, мурда уялышчу, азыр коркпой эле "швеямын"  деп орусча айтышат...
Кыргызстан - бул өлкөдө мурда акылдуу, эмгекчил адамдар үлгү эле, эми байлар менен эпчилдер үлгү болду....
Кыргызстан - бул өлкөдө жигиттер эч нерседен коркпогон эр жүрөк болушат, керек болсо тележылдыз болобу, мен деген акимдин жалгыз кызы болобу, коркпой жөн эле ала качып кетишет....
Кыргызстан - бул өлкөдө кыргыздар коногу үчүн акыркы нанын берет, "эртең эмне жейм" деп ойлобойт, ал коногунун көңүлүн кана ойлойт...
Кыргызстан - бул өлкөдө ар бир жылы окууну бүткөндөрдүн экинчиси же экономист, же юрист, ошон үчүн экономикасы чолоңдоп аксап, көбү мыйзамдарга жонун салышат...
Кыргызстан - бул өлкөдө май-июнь айларында чиновниктер менен бизнесмендер жайлоого кымыз-саамал ичкени жөнөшөт, күз-кышы менен кыйналган боорлорун дарылаганы, анан барып келип жолукса эле бири биринен, "саамалга бардыңбы?"  деп сурашат. Барбаганы да уялып, "бардым" дейт. Саамал ичип ичи токтобой өткөндөр мактанышат, "ой сонун тазаланып келдим, эми коркпой арак ичсем болот"  деп айтышат...
Кыргызстан - бул өлкөдө жогорку окуу жайлардагы мугалимдер, мектептердин директорлору  пара алышпайт, бирок "крутой" машинелерди тебишет, "ой акча кайдан?  деп сурасаң, бардыгы эле, "бизнес  менен алектенем" дешет.  "Күндүзү жумушта болушса, анда түнү менен бизнес кылышат экен" деп ойлойсун, бечаралар десе...
Кыргызстан - бул өлкөдө  врачтар да пара алышпайт, алар да "круто" жашашат, алар айтышат, "бизге оорулуулар сакайдык деп ыраазычылыгын айтып, албайм десек болбой артыбыздан кууп беришет, албасак өлө таарынышат" дешет...
Кыргызстан - бул өлкөдө  соттор эң дүйнөдөгү гумандуу сот болушат, ким акча берсе ошолордун көңүлүн, каалоосун  эч кыя алышпайт....
Кыргызстан - бул өлкөдө  ак мөңгүлүү тоолордон аккан таза суудан көп неме жок, бирок, айылдардын жарымы таза суусу жок олтурат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  кана жаңы кудаларга эмнегедир жүдөтүп, какатып, уйку суратып, эрте менен эрте, көздөрү жумулуп баратканда  жаңы союлган койдун эти менен бешбармак тартышат....
Кыргызстан - бул өлкөдө  Борбордук Азияда биринчи болуп Президент аял болгон...
Кыргызстан - бул өлкөдө  тоголок жетим, туугандары, аялы, курсташтары, классташтары, кудалары жок, асмандан түшкөн бир кыргыз Президент болсо экен деп самашат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  интернет,  теле, гезитке караганда же  өкмөт, чоңдор айтканына караганда  ушактарга аябай ишенишет, анткени ушактар көз ачып жумгуча эмнегедир чындыкка айланып кетет..
Кыргызстан - бул өлкөдө  түштө куран окуткандан башка, бир да концерт, майрам, чогулуш  өз убагында эч качан башталбайт ...
Кыргызстан - бул өлкөдө  чакырган жерге убагында  барсаң таң калышат, "буга эмне болгон, араң эле турган го" дешип...
Кыргызстан - бул өлкөдө  билеттеги рейске, самолетко өз убагында келсең, сенин ордуңда башка бирөө олтурган болот, кудум сеникиндей билет менен, орду, рейси менен, ошого кыргыздар бир гана самолетко убагынан да эрте келишет...
Кыргызстан - бул өлкөдө  "комок"  жана "павильон" деген чакан дүкөнчөлөр көп нерседен кыргызды сактайт, керек болсо, эгер сени же сенин аялыңы, агаңы, иниңи, эжеңи ж.б. жакындарыңы "комок" же "павильон"  сатуучусу тааныса эле ачка калбайсын, карызга азык-түлүк, сигарет, арак, соткага бирдик  бере беришет, "кара" дептерине жазып, акчасын кийин алып келип, "мени өчурүп коёсузбу, дейсин...
Кыргызстан - бул өлкөдө  эгерде алыс жердеги бирөөнү куттуктагысы (8-Март, 23-февраль, туулган күн ж.б.) келишсе, соткасына бирдик жүктөп (25 бирдиктен жогору, 50, 100 ж.б.) куттукташат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  шайлоо деген нерсе көп, бири бирин аябай шыбашат, видеого тартып аңдышат, утулгандары дароо жол тосушат, аянттарга боз үй  тигишет, ачкачылык жарыялашат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  тиши менен самолетту сүйрөгөн Ташчайнар деген баатыр бар...
Кыргызстан - бул өлкөдө  кыргыздар бирөө тийишпесе тынч жашай берет, бирок, бир жарылса катуу жарылат, анда өлдүң  дей бер, Ак үй, Көк үйүң менен кошо тынчытат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  атанын сөзү аябай барктуу келет, "менин атам айткан" деп жаны тирилип аткарышат....
Кыргызстан - бул өлкөдө  чиновниктер, депутаттар, бизнесмендер  туулган айылына барып  "айт-намаз" окуп келишет...
Кыргызстан - бул өлкөдө  кээ бир айылдарда жумушка жараган жаштар калбай, алар Россияда жумушка жалданып жүрүшсө, кыргыздар айылдарда коңшу өлкөлөрдөн жумушчуларды жалдашат...
 Кыргызстан - бул өлкөдө  депутат болушту жакшы көрүшөт, болуш үчүн башыны байгеге салып, болгон байлыгын чачышып, кийин депутат болуп ошол кетирген чыгымын тезиреек кайтарганга аракет кылып тытынышат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  шайлоолордо билесин, өзүңүн ким экениңди, ким сага, туугандарыңа жардам бергенин, ата-тегиңи, кайдан чыкканыңы дагы бир жолу  эстетип коюшат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  союз убагында чабан баатырлар ар бир 100 тубар койдон 170 козу алышкан, өзүнүн койлорун "жардамга" чакырып...
Кыргызстан - бул өлкөдө  тээ совет доорунда союзду эт менен камсыздап турган, өздөрү базардан эт сатып алып жан багышкан....
Кыргызстан - бул өлкөдө  башка тилди үйрөнгөнгө жөндөмдүү келишет, керек болсо акцент- пакценти жок  эле көп тилде сүйлөшүшөт, кээде 100 кишинин ичинде бир орус же, өзбек болсо ошонун тилинде сүйлөшүп киришет, кыргызча сүйлөбөй....
Кыргызстан - бул өлкөдө  кыргыздар аз, ар бир 60-70 адамдан кийин бири бирин таанышат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  мурда "жалкоолук" деген "оору" аябай күч алган болчу, базар экономикасы келип ал "оору менен ооругандар" азайып баратат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  мурда дунгандар жалкоолорду  "кыргызсын" деп урушушчу экен, эми антпей калышыптыр, кыргыздардын да тиричилик деп тытынганын көрүшүп.....
Кыргызстан - бул өлкөдө  кайсы бир дүнүйөнүн төрт бурчунда болбосун, бири бирин тааныбаган, эзели жолукпаган  эки кыргыз жолукса, жарым сааттан кийин тууган болуп чыгышат....
Кыргызстан - бул өлкөдө  "көт чукумай" боюнча устаттар көп, проктологтор биякта эле калат, керек болсо сен качан унуткан  окуяларды, илгери айткан сөздөрүңдү, сүрөттөрүңдү, ата-тегиңен бери күтүлбөгөн  жерден чукуп чыгышат...
Кыргызстан - бул өлкөдө  бирөөгө  "көрө албастык" катуу күч алган, анан көбү "көз артканды", "кызганганды"  аябай жакшы көрүшөт, мисалы,жакшы үйгө, квартирага, машинеге, көйнөккө, аялына, күйөөсүнө, кызга, чиновникке, депутатка ж.б. көз артышат, көрө алышпайт....
Кыргызстан - бул өлкөдө  ымыркайлар көчүгүндө кара тагы менен төрөлөт...
Кыргызстан - бул өлкөдө  кыргыздар мусулманча үйлөнүшөт, анан аны "капырча" тойлошот...
Кыргызстан - бул өлкөдө  бир саамда жөнөкөй  акушер-гинеколог  олчойгон мамлекеттик типографиянын президенти, ал эми жөнөкөй зоотехник мамлекеттик чоң энергокомпаниянын башчысы болуп калышы мүмкүн.....
Кыргызстан - бул өлкөдө  борбору Бишкек калаасында, дүйнөдөгү  ийне-жиптен баштап эмне бар болсо бардыгын тапса боло турган   Ош базары деген базар бар...
Кыргызстан - бул өлкөдө  кыргыздар эт жеш боюнча карышкырлардан кийин экинчи орунду ээлеп, азыр бай казактарды, "мен эт жеймин" деген арстан жана жолборсторду да артка ташташты...сөөк мүлжүш боюнча дүйнөдө биринчи орунда, иттер да таң калышып кыргыздарга таарынышат....
Кыргызстан - бул өлкөдө  элдер жети областта жашайт, алар жөнүндө кыскача маалымат:
Чүй-кыргыздардын көбү  өзүнүн тилинен башка орусча жакшы сүйлөшөт... түшүнбөйсүн  ким гана жок бул жерде, башка улуттар толтура, башка жерден келгендер көп, кеткен орустардын ордуна оштуктар менен тажиктер көчүп келип атышат. Борбор шаар боорунда, Казакстан менен чек ара, Сары Өзөн өрөөн, тоолор, Суусамыр, Кемин жайлоолору бар. Айыл чарба, мал  чарбасы да өнүккөн, сооданы да өкүртүшөт, көп нерсе өсөт, инфраструктурасы түзүк, Бурана мунарасы бар, бир аз өнөр-жай калган, анча-мынчаны тоготушпайт, башка жактан келгендерди көп жактыра беришпейт ...
Ыссык-Көл- кыргыздар биерде да орусча жакшы сүйлөшөт, жайында гана биякка жан кирет да анан саламга келишпейт, колдору бошобойт эс алуучулардан, кыштаганга акча чогултушат. Кышындасы сөзгө, саламга  дароо келишет, жада калса, "ичпейлиби", дешет. Чоң көл, анан Туз көлү да бар, пансионаттар, туризм, Ак-Суу, Алтын-Арашан, Караколдо лыжа, ашлям-фу, өрүк,алма, балык,капчыгайлар. Анан алтын казган Кумтөрү бар, анын чыр-чатагы эле көп, Хан-Тенгри чокусу, Мерцбахер көлү, наркотиктер ("коробка"  ташымай), кыздары аябай "шум" келишет...
Нарын-орусча начар сүйлөшөт, татаал климат, ошого 99% кыргыздар жашайт, калган улуттар чыдабайт,  бийик тоолор, шамалга үйлөнгөн кара-тору, кызыл-тазыл  беттер, токтоо келишет, кымыз, жайлоолор (Ак-Сай, Арпа ж.б.) жылкылар, топоздор, уйлар, койлор, көмүр, картөшкө.  Кээде көлдүктөрдөн Кумтөрдү кызганышат, жаратылышы таза, сонун, жолдору начар, миллионерлер көп чыккан Ат-Башы району бар (ошол жакта төрөлүш керек экен), искусствонун адамдары көп чыгат ("Нарындан жазган салам кат" ыры ж.б.), өнөр-жай жок эсе, сооданы акырын үйрөнүштү, Кытай менен чек ара Торугарт, Таш-Рабат,  Соң-Көл, балык, каякты караба тоолор, тоолор...
Талас-орусча бир аз сүйлөшөт, аябай тың келишет(1-орун өлкө боюнча), меймандос (түштүктөгүлөрдөн кийин), иштин көзүн тез тапкан болушат, кээде бир аз "өрдөк учурганды" да жакшы көрүшөт. Мал чарбасы, төө буурчак, Манастын күмбөзү,  Беш-Таш, Чынгыз Айтматов, Чолпонбай, Казахстан менен чек ара, өнөр-жай жок, соода-сатык....Көп макалдар байланышкан бул жер менен, мисалы, "Таарынсаң Таласка кет...", "Ким болсоң да аялың Таластык болсун (Акаевдин убагында чыккан)" ж.б.....Эмнегедир башкачараак бололу дешеби, бешбармакка эттин ордуна камыр кесишет....
Ош-орусча аз сүйлөшөт, өзбекче билишет, бирок сүйлөбөй калышты, бүт нерсе өсөт, пахта, күрүч ж.б., аябай меймандос (1-орунда), тың келишет (Таластыктардан кийин), климаты укмуш, мыйзамды сактаганды жакшы көрүшөт, сооданы өлтүрүшөт, унчукпай көп жумушту жасашат, мээнеткеч, көбү колтукка тез киришет,  калп күлгөндү жакшы көрүшөт, Кытай, Өзбекстан менен чек аралаш,    ыйык Сулайман-Тоо, Ленин чокусу, Алай жайлоосу, Өзгөн мунарасы, наркотрафик, 20 жылда бир жолу өзбектер менен согуш болуп турат....
Жалал-Абад-тоосу да, өрөөндөрү да бар, тоодогулары тың, өрөөндөгүлөрү ишкер,  меймандос, ар кандай климат, курорт бар, жаңгак токойлор Арстанбап, Токтогулдун балы, Чычкандын балыгы, Токтогул районунан ырчылар чыгат, Сары-Челек көлү, ГЭСтер, электр лампочкалар заводу, жолдору чатак, Тогуз-Торо деген Нарын тарапта өгөй балага окшогон району бар, кышындасы аны менен байланышы жок...
Баткен-булар да орусча аз сүйлөшөт, бир аз өзбекче, тажикче билишет, аябай меймандос, шер, тубаса чыдамкай келишет,  тоолор, өнөр-жайы өлгөн, бир аз көмүр бар, жолдор жок, "зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар",  деген жер бар, мал,өрүкзарлар, күрүч, Айгүл гүлү, наркотрафик, күйүүчү май контрабандасы...
Кыргызстан - бул өлкөдө  борбору Бишкек шаары, жакында Сингапурга окшоп бир шаар, бир өлкө болгону турат, анткени бардыгы эле азыр борбордо жашагысы келишет. Айланасындагы жаңы конуш айылдар көбөйүп атып жакында биягы Сокулукка, тиягы Кантка жетейин деп чоюлуп эле баратат...анткени, шаарда жумуш табылат, свет аз өчөт, акча көп деп ойлоп көчүп эле келип атышат...
Кыргызстан - бул өлкөдө Манас баатыр жөнүндө эпос бар, ал дүйнөдө эң узун, көлөмү чоң эпос болуп саналат. Санскриттердин Махабхарата эпосу, тибеттердин Гэсэр падыша жөнүндө эпосторунан эки эсе көлөмдүү. Манасчы Саякбая Каралаевдын  варианты боюнча "Манас" эпосунда 416744 ыр сабы бар...
Кыргызстан - бул өлкөдө дүйнөгө атагы чыккан жазуучу Чынгыз Айтматов төрөлгөн жана жашаган, ал Кыргызстандын эл жазуучусу жана баатыры, СССРдин эмгек баатыры, Ленин жана Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты болгон. Анын чыгармалары дүйнөнүн 100 дөн ашык тилдерине которулган. Мисалы, "Жамийла" повести немис  тилинде  эле 37 жолу басылып жарык көргөн....
Кыргызстан - бул өлкөдө Мерцбахердин көлү деген айсбегтерге окшоп муздар сүзгөн табышмактуу көлү бар. Ал бирде жоголуп, бирде пайда болуп калат...
Кыргызстан - бул өлкөдө НПОлордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орундарды ээлейт, алар эчтеке өндүрүш чыгарбайт, кызмат деле көрсөтүшпөйт, алар жазышат, сүйлөшөт, жамандашат, шыбашат, сурөткө көп түшүшөт, теле, интернет, гезиттен түшүшпөйт, жылы бою (жайында Ыссык-Көлдө, кышында лыжа базаларында) семинар, тегерек стөл, пресс-конференция дегендерди үзбөй өткөрушөт, өкмөт, депутаттар. акыйкатчы, мамлекеттик мекемелер менен чарчабай, эс албай урушуп турушушат, кээде  бири бири менен да катуу тытышышат, кайсы жерде бирдемке болсо эле алар дайым даяр, кайдан чыга калат, каяктан угуп алышат билбейсин, өрт өчүргүчтөн да эрте барып калышат, жакшы маяна алышат, каяктан, канча  алышаарын айтышпайт, жакшы жашашат, чет өлкөлөргө тынымсыз катташат....
Кыргызстан-бул өлкөдө толгон жогорку окуу  жайларда кыргыздар контракт  төлөп  окушат,  аны төлөй албай байкуш ата-эне жайнаган  микрокредиттик компаниялардан насыя алышат  олчойгон проценти менен, анан аны төлөй албай кээ бири үйүнөн ажырап, кээ бири намысына чыдабай өзүн өзү өлтүргөнгө чейин барып атат...
Кыргызстан-бул өлкөдө тойлордун түрлөрү эле көп: үй той, үйлөнүү тою, бешик той, жентек той, тушоо кесмей, сүннөт той, юбилейлер(20 жаштан башталат, 25, 30 ж.б.), кээ бирөөлөр балдары 18 ге чыкса белгилешет бойго жеткенин, башка жакка көчүп келсе той, башка жакка көчүп атса узатуу тою, ажыга барса, келсе той, куда тосмой...Сөзсүз барыш керек боло турган дагы тойлор: айтылган  эле тойлор жакын туугандардыкы,  начальниктики, классташтардыкы, курсташтардыкы, достордуку,  аял тараптык туугандардыкы, коллегалардыкы, жоролордуку, кошуналардыкы, аяштардыкы, кудалардыкы ж.б. Булардан башка достор менен шернелер, "черная касса" ойногондордун жолугуп чай ичүүсү, балдардын мектептеги классындагы ата-энелер чогулган отурумдар, институтка өткөнү, диплом алганы, жумушка  турганы, кеткени  ж.б.  ушул жана башка дагы тойлорду өткөрүш керек, башкалардын  ушундай эле тойлоруна да куру кол барбаш керек....
Кыргызстан-бул өлкөдө адамдын буту баспаган, таптаза, сулуу жаратылыш бар жерлер көп, ошол сулуулукту бузбаш үчүн туалет деле салбай коюшат, салса да, эптеп эле убактылуу, адамдын бети көрүнбөгөн эле тосмо салышат...
Кыргызстан-бул өлкөдө намыскөй эл жашайт, ал элдер турмуштагы көп нерсеге өмүр бою чыдайт, бирок,  алардын намысына бир аз тийсең, анда  эч чыдабайт....
Кыргызстан-бул өлкөдө кызык үч жер бар, Нарынга кирген Кочкорлуктар көгөрүп  биз Нарынданбыз  дебейт,  Тогуз-Торолуктар да Жалал-Абадка кирсе да Жалал-Абадданбыз дебейт, жанындагы Нарындыкпыз да дебейт, анан Токтогулдуктар да биз Токтогулданбыз дешет,  Жалал-Абаддыкмын деп сойсоң да айтпайт ...
Кыргызстан-бул өлкөдө оорунун үч эле түрү менен оорушат, "суук өттү", "ыссык  өттү", "көз тийди", акыркы убакта аялдары "шакыйым кармады" жана "албарсты басты" деген оорулар  менен ооруй башташыптыр...
Кыргызстан-бул өлкөдө туулган жерди, родинасын  "Ата-Журт"  деп атаны айрыкча урматташат, балдарын кичинекейинен жети атаңы билип жүр деп үйрөтүшөт, Тибетке (ал жерде атаң ким дебей, апаң ким деп сурайт экен) окшоп апаларын аралаштырышпайт....
Кыргызстан-бул өлкөдө "көзү ачыктар" көп туулат, ар бир айылда бирден эле эмес бир короо "көзү ачыктары бар", өлкө боюнча таймаштар, чемпионаттар өткөрүлөт, аларды теледен да көрсөтүп турушат, бирдемке болсо(буюм, адам жоголду, сүйгөнү таштады, кызматка барабы ж.б.)  дароо "көзү ачыктарга"  барышат...
 Кыргызстан-бул өлкөдө кыйын мергенчилер болгон, убагында бир Алайлык мергенчи 1920-жылдары орустардын куралдуу атчан отрядын бир жума жалгыз капчыгайдан өткөрбөй тоонун башынан ташбараң жана жаа менен таамай  көздөрүнө атып  өз Ата-Журтун коргогон экен....
Кыргызстан-бул өлкөдө териси сыйрылган орточо  койдун этин  алты мүнөт убакытта жиликтеп койгон жигиттер бар...
Кыргызстан-бул өлкөдө жарым тонна салмагы бар өгүздү көтөргөн Кожомкул деген балбан болгон...
Кыргызстан-бул өлкөдө "Манас" эпосун тыным албай төрт-беш саат айткан манасчылар бар...
Кыргызстан-бул өлкөдө борборунда эки революцияда тең талкаланып, таланып  өрттөлгөн, үчүнчү жолу кайра эле тирилген "ГОИН" ("ГОИНдин арманы" деген ыр да бар)  деген азыр бронепоезддей терезеси жок чоң үч этаж магазин бар....
 Кыргызстан-бул өлкөдө "көрүндүк" деген эле нерсе көп: жаңы төрөлгөн балага, үйгө, жаңы эмеректерге, көйнөк-пальто-костюмга, жаңы машинеге, келинге, китепке, дипломго, кабинетке ж.б.  иши кылып санап олтурса "лювой" жаңы көргөн нерсеге эле бере беришет...
Кыргызстан-бул өлкөдө алдарына карабай деле  атаандашканды жакшы көрүшөт, айрыкча байлык чачып көрсөтүш, карызга болсо да машине алыш ж.б. ...
Кыргызстан-бул өлкөдө жаштары кээде мушташып  физикалык жактан машыкканды жакшы көрүшөт, айрыкча тойлордо, башка майрамдарда...мушташтардын себептери (кыз талашмай, жаман көзү менен карайт, бизден кыйын, "крутой" болбогула, "нормальный" болгула, эмне кыйкырасын, тымпыясын, соткаңы өчүр, нервке тийди, сен каяктан, кайсы уруудан  болосун ж.б.).....анан окуучулар да мушташып турушат (классма класс, мектеп-мектеп, жогорку курс-кичи курс ж.б.).... депутаттар да бири-бирин "тарбиялаганга" аракет кылышат (мен костюм бергем, акчамы качан бересин, мен коррупционер эмесмин жана башка себептер)  ....
Кыргызстан-бул өлкөдө ар бир туугандын өз аты болот, аял жактан болсо да.  Мисалы, орустарда бүт эле "дядя" болсо, кыргыздарда байке, таяке, ава, бөлө ж.б.  ....
Кыргызстан-бул өлкөдө уяттуу кишилер, туугандар курортторго эс алууга барганда кабар алганы барып турушат, тамак-самак алып, кээде "урматтаганына" жараша союлган тооктун, койдун эти, арак, коньягы  менен дасторкон жасап барышат, "зерикпей эс алып атасыңарбы"  деп , эс алып аткандардын эсин оодарып келишет...
Кыргызстан-бул өлкөдө акыркы убакта, кайдан эле үйрөнүп алышты,  кошоматчылыкты жакшы билгендер көбөйдү (Президентке, министрлерге, акимдерге, олигархтарга ж.б.)...
Кыргызстан-бул өлкөдө уруу деген нерсе бар, ошого көп бөлүнүшөт, балдарын да кичинекейинен үйрөтүшөт, кайсы уруунун баласы экенин,  уруулардын тегин үйрөткөн санжыраны окушат, документтерине жазылбаса да, ар бир бешиктен бели чыккан кыргыз аны билет...
Кыргызстан-бул өлкөдө Ыссык-Көл деген укмуш кооз көл бар, эң терең жери-702 метр, узундугу-180 км, эң көп туурасы-60 км, кышында тоңбойт, суусу таптаза, 70 тен ашык чоң, кичи дарыялар куят, бирок бир да суу агып чыкпайт.  Союз убагында бүт союздан келип эс алышып, КПССтин Борбордук Комитетинин "Аврора" деген эс алуу үйү да болгон....
Кыргызстан-бул өлкөдө эң байыркы шаарлардын катарына кирген керемет Ош шаары бар.  Окумуштуулардын болжому менен жашы 3000 жылдан да кыйла көп. Көптөгөн мусулмандар зыярат кылган ыйык Сулайман-Тоонун айланасынан, Ак-Буура дарыясынын жээгинен  орун алган....
Кыргызстан-бул өлкөдө көп нерсени "көрө алышпайт", бирөө ага караганда жакшы жашаса, бирөө жакшы жумушта сонун иштесе, бирөө байыса, бирөө аялын катуу сүйсө ж.б. көп учурларда "көрө алышпайт".....
Кыргызстан-бул өлкөдө да "Фэйсбук" деген балээге көп адамдар кирип алышкан. Башка жактар аз келгенсип, биерде да жакпаган адамдарды "кетсин" дешет. Президент, өкмөт, депутат, чиновник, начальниктерден баштап,  оюн бир аз туура эмес жазып койгондорду да "кетсин" дешет...  Айрыкча, "уруксатсыз мени бир группага кошту", "аты жөнүмү, кызматымы туура эмес жазды"  деп катуу таарынышат, тим эле атасынан "Фэйсбук" ага калгандай мурчуюшуп элге жарыялашат, өзү деле акырын чыгып кетсе болот группалардан бир шилтем менен, жок, жөн эле чыгып кете албайт, "мени ким кошсо ошол чыгарсын" дейт, көгөрөт барктанып...  "Кыйындар" бар, тим эле "кара тизме" жасап алышкан, жакпаган кишилерин ошол жакка жазышат элге жарыялап, "көрдүңөрбү, мен "кара тизмеге" киргизип салдым", деп, өзүнчө эле ыраазы болушат, колунан келсе "Фэйсбуктан" да чыгарып салышмак, кээ бир жакпаган, же тааныбаган кишилер "достук" сунуш кылса элге жарыялашат, "мага момундай типтер достук сунуштап атты эле, мен "игнорго" салдым", деп....Анан ошол эле "кыйындар" башка бирөөлөрдүн "постторуна" эч качан, өлсө да "лайк" коюшпайт, колу сынып кала тургансып....Тойлордон эле сүрөт илген көп, кээ бирөөлөр аялы, сүйгөнү, сүйүшкөн кызы, жигити менен түшкөн сүрөттөрдү  күнүгө илгенди өлө жакшы көрүшөт, көбүнчөлөр колдорун эки ача кылып  түшкөн сүрөттөрүн илип алып "лайковать" этишет, өздөрү эле... Анан, ачсаң бүт эле саясат, саясий жаңылыктар, депутаттардын, министрлердин айтканы, жегени, камалганы, жыргашканы ж.б.  "Фэйсбукта" азыр 80% ашыгы  саясат, 10% динге үгүттөө, 5% тойлор, аялдар, сүйүшкөндөр, жаңы үйлөнгөндөр, тоолор, 5% ушактар, имиштер, көзү ачыктар, мышыктар, иттер, ырлар...Бири-бири менен элдин көзүнчө тытышканды жакшы көргөндөр бар, айлап тытышышат, эки тараптын күйөрмандары да тытышышат, ачуу комменттер менен, ачык эле сөгүшүшүп, атаңды-энеңди биякта эле калат... Кээ бирөөлөр өздөрүн "универсалдуу гений кыйынмын", деп эсептешет, "лювой" темага мурдун тыгып, башкалардын пикири менен уруп ойногону жок...Кыргыздардын алыскы чет өлкөдөгүлөрү англисче жазышышат, "wow, cool" дешип, Орусиядагылары орусча, "да ты что, пипец"  дешет, Турциядагылар түркчө, анан "машааллах" деген комменттер көп,  кыргызча такыр жазышпайт....Кыргыз кыздардын сүрөттөрүнө эмнегедир түрк жигиттер көп жана тез суктанышат, кайдан чыга калышат, эч ким жаза электе пайда боло калышып жазышат биринчи болуп, "гузал, ваах", дешип...
Кыргызстан-бул өлкөдө балдарына жини келгенде, "азыр менден таяк жейсин", деп урушушат...
Кыргызстан-бул өлкөдө ОПГ (организованная преступная группировка)  деген группалар аябай көп, кээ бир жаштар да ошол группаларга кирсем деп аракет кылышат, ар бир айылда, Өкмөттө, сот, милийса ж.б.  органдарында, Жогорку Кеңеште  ошол группалардын мүчөлөрү бар дешет, бул жердин ОПГлары дүйнөлүк деңгээлге чыккан, алардын башчыларын ООН, АКШнын ФБР, анан Интерпол өздөрүнүн "кара тизмелерине" киргизип алышкан...
Кыргызстан-бул өлкөдө Президенти, Премьер-министри кайда барбасын ал мамлекеттен карызга, жардамга акча сурайт, "биз демократиянын алдынкы катарындабыз, ошондуктан, биз артка кете электе акча бергиле", деп догурунушат,  эч болбосо кийим бергиле армиябызга, милийсабызга деп сурашат....
Кыргызстан-бул өлкөдө чай ичкенди жакшы көрүшөт, бирок кээде чай да ичиришет.  Чай ичкенде бул үй-бүлө менен, достор менен, коллегалар менен, компания менен, туугандар, кошуналар  менен, алыс жактан келген коноктор менен чай ичүү,  үй-бүлөдөн башкасында "бөдөнөнүн сүтү" сөзсүз аралашат, өтө уяттууларына эт тартылат...   Жакын досторго, туугандарга, эгерде алардын  жакындары каза болсо, анда чай ичиришет, мында да уяттууларына эт тартылат, кийим-сийим кийгизилет. ...
Кыргызстан-бул өлкөдө балдардын бир өнөрү, же шум болсо айтышат, бул бала "бир аз чымыны бар бала", же болбосо, "болор бала богунан", дешет, буларды башка тилге которуш да кыйын....
Кыргызстан-бул өлкөдө "Мэйл.ру"нун "Агент" деген балээси бар, ошого бүт соткаларын кошуп алышкан...Южно-Сахалинскиден аялы Кыргызстандагы күйөөсүнө команда берип турат күнүгө, тигини, муну кыл деп... Кээ бир айылдарда мугалимдер ушул "Агент" менен эле сабак өтүшсө боло турган болуп калды, анткени окуучулар ошону колдонгондон башка эчтеке билишпейт...
Кыргызстан - бул өлкөдө ишенчеек эл жашайт, "кыш быйыл болбойт" деген жомокко ишенишип, ал эми жылыга кыш  капыстан келип калып, анан кышы бою электр жарыгы жок , анан үшүп да олтурушат....Революция жасашат, Президенти качат, андан пайдаланып мурун ошол качкан Президенттин жанында жүргөндөр эле бийликти ээлеп алышып, жаңы ураандар менен чыгып, "эми биз элди жыргатабыз"  деп  элди алдашат, кайра эле ишенчээк эл ишенип тынчып калып, кайра эле мурдагы качкан Президенттин убагынан да кайра жаман жашап калышат...Бийликтеги "жаңы келген, эски эле кишилер олтурган  партиялар" элдин турмушун оңой албай,өздөрү бири бири менен тытышып атса деле, кайра эле шайлоолордо оозду убада менен толтурган ошол эле, акча тараткан партияларга  ишенип добуш беришет....Өздөрүнүн эле ишенчээктигинен эл кыйналып, кайрадан дагы бир жаз келгенде жарылганга чейин кайра чыдашат....
Кыргызстан - бул өлкөдө канча бийлик алмашса деле бийликке жабышып калган "кенелер элитасы" бар, алар ар бир жаңы бийликтин төбөлдөрүн акчага шыкап, жердешчилик, тууганчылык деп алдап  беттерин эки-үч жолу "капитально" алмаштырышышат, хамелеондор биякта эле калат....
 Кыргызстан - бул өлкөдө "айлыктын" көлөмү боюнча биринчи орунду депутаттар, ОПГлар  менен проституткалар ээлейт,  анан ГАИшниктер менен министрлер...
Кыргызстан - бул өлкөдө "мырк жана мыркуша" деген атка көнбөйүн деп аябай аракет кылышат, айрыкча жаштар, ал үчүн орусча көп сүйлөшөт, жакшы билбесе да эптеп сүйлөшөт аралаштырып болсо да, "клёво", "ништяк", "да ты что",  ж.б. "жаргон" сөздөрдү кошуп... шаардыктарча кийине калышат дароо эле, кыздар курсактарын көрсөтүп, клоундай бойонушат өздөрү уялып эптей албаса да....эркек балдар эч болбосо насвай тартышат, колдорун тыртайтып, кээде эки ача кылып,  алар да "жаргондорду" кошуп   сүйлөшөт...  
Кыргызстан - бул өлкөдө эч ким ачык эле сен түндүктөн, же түштүктөн деп бөлүнүшпөйт, бирок, эмнегедир таң каласын, ата-энелери түндүктүк кыздарга "түштүк жигиттерге тие көрбө"  деп үйрөтөт имиш, ал эми түштүктүктөр болсо уулдарын,  "түндүктөн кыздарга үйлөнбөсөң болот эле"  деп акыл айтышат экен...
Кыргызстан - бул өлкөдө Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары аябай табийгат сулуулукту жакшы көрүшөт, качан бирде депутаттардын бирөө, "Ак Үйдүн айланасынданы тосмону алып салбайлыбы, элден бөлүнбөй, тосмодон секирбей калышат", деген сунуш киризсе, анда алар, "жок, кокуй, балатылар менен гүлдөрдү эл тебелеп салат", деп каршы чыгышкан...анан, "Ак Үйдөгү жүргөндөрдүн кийимдерине аябай катуу көзөмөл киргизиш керек",  деп чыккандар болду, бут кийимдин шиш такасынын бийиктиги, кийген кийимдердин түсү, фасону, стили кандай болуш керек, чачынын кебетеси, төшүндөгү жыртыктын көлөмү, адам кандай жыттанышы керек ж.б.  жүрүм-турум боюнча да эрежелерди мыйзам түрүндө ишке киргизиш керек деген депутаттар чыкты....анан, "жаш кыздарга, 23-25 жашка чыкканга чейин чет өлкөгө чыкканга тыюу салыш керек, алар барып сойку болуп кетишет", деген сунуш киргизген депутат да болду, "биздин кыздар чет жерде окубай, жер көрбөй, кыргыз  балдарга тийип, Кыргызстанда сойку болбой жашашсын", деп кабатыр болгондор болду...Бир депутат, Кыргызстандагы тойлорду эсептеп чыгып, анан ошол тойлорго налог салыш керек деп чыкты, мисалы, тойго эки жылкы сойсоң, анда налогго дагы бир жылкы алып өкмөткө бер, койлор, тооктор, кийим-кече, тамак-ашты айтпай эле койойун....
Кыргызстан - бул өлкөдө бир партиянын лидери Кыргызстанды "Кыргызжер" деп аташ керек деп чыкты, чет жердегилер бизди Курдистан, Афганистан менен алмаштырып алып жатышкан имиш, ошого бизге келбей аткан имиш, жакшы окуп укпай калышкандары көп имиш....Бирок, орустар "Киргизия" деп көнгөн атты айта беришсин, ал эми англисче сүйлөгөндөргө "Kyrgyzland" дегиле бизди деп айтат имиш эми...
Кыргызстан - бул өлкөдө эл марафон өткөрүп акча чогултканга аябай уста болушат, өзүнчө эле чоң майрам болот, артисттер ырдап, койлор союлуп дасторкон жайнап, телевидение тартып ар кандай юбилейлерди өткөрүүгө, же бирдемке курганга акча жыйнашат...Бюджеттин капчыгы бош болгонун көргөн жаңы Премьер-министр ар бир облуска барып, "акча жок" деп бардыгына угузуп айтып келгенден кийин, чоң ,бир эч бир жолу мындай дүңгүрөп өтпөгөн, Кыргызстанда колунда бардын  бардыгын чакырып, эл эч бир көрө элек килтейген гигант майрам марафон өткөрөлү деген сунуш айткан имиш...
Кыргызстан - бул өлкөдө динге ишенген киши көп, кандай гана дин жок, "Мун чиркөөсү", "Иеговадан" баштап, христиан, мусулмандарга чейин бар.  Ким эмне динге ишенип, эмне кылып атканы менен эч кимдин иши жок, каалаганыңа бар, эч ким кой дебейт.  Элдин көп басымдуулугу мусулмандар, ошого анын ар кандай агымдарынын жактоочулары да бар, "суффийлер", "ваххабийлер" ж.б. Көчөлөрдө даватчылар да көп. Медреселерде, жогорку окуу жайларда да динди окутушат. Мектептерге караганда мечиттер көп. Айылдарда кебетеси кыргыз, бирок, эки түп сакал коюп, араб, пакилердин көйнөк, шалварларын кийген, кыздары оронуп, чүмкөнгөн,  өздөрүнүн айтканын, жасаганын эле туура көргөн жаштар пайда болушту. Кайда барышат, окушат, эмнеге жашашат, аны эч кимге айтышпайт. Динди түп тамырына чейин билсе билбесе да кыйындар, спецтер, мударистери толтура. Бир нерсе деп айтсаң эле, сени туура жолго салганы бир топ акыл айтчулар оптом чыга калышат.  

Комментариев нет:

Отправить комментарий