Поиск по этому блогу

воскресенье, 31 августа 2014 г.

Байбичемдин Америкага келгенинен бери айткан кызыктуу сөздөрүнөн

Байбичемдин Америкага  келгенинен бери айткан кызыктуу сөздөрүнөн:
- Эмне эле бардыгы жылмайышат, мен дагы кечке буларга жылмайышым керекпи?
- Булардын көчүгүнө суук өтпөйбү?
- Кышында шорт кийсе эшикке, жайында эмне кийишет?
-Өздөрү күпүйүп кийинип, балдарын жылаңач эле көгөртүп алып жүрө беришеби?
- Downtown-ыңар, townhouse-ыңар, кечке эле экөөнү алмаштырып алам...
- Сhinatownыңар жакты, Ош базары эле тообо, бир аз тазараак болбосо...
- Булар "келесоого", бизди күтүп эмне кылат, кете беришпейби, шашылышпайт экен ээ...(магазиндин жанындагы жолдогу, бизди өтүп кетсин деп күткөн  машинелерди айтат)
- Апарыктары тынбай чуркашат экен, эмнесине чуркашат, тигил семиздери эмне чуркабайт?
- Автобустун шопуру мени менен саламдашып эмне кылат, элдин бардыгы менен саламдашат экен, чыкканыңда жакшы бар дегеничи, тообо...
- Булардын иттеринде дудуктары көп го, эмне үрүшпөйт?
- Кечинде көчөгө ушак айтышканы киши чыкпайт экен ээ...
-Магазиндери атканалардай складдар го, бардык товарларында баасы, размери, аты жазылган, бизде базарда сатуучунун жанын койбойбуз, мобул канча турат, же момундайың барбы, деп...


Комментариев нет:

Отправить комментарий