Поиск по этому блогу

пятница, 29 августа 2014 г.

КАМИТ САВАЙ Лимон

КАМИТ САВАЙ          Лимон
Биздин Карасуу районунун ички иштер бөлүмүндө (РОВД) Өмүрзак деген аябай катуу бир подполковник начальник болчу экен. Сүрдүү болгону менен ал лимон өстүргөндү сүйүп, үйүндө аз келгенсип, кабылдамасына да лимон өстүрчү экен. Күнүгө эрте менен келери менен лимонго суу куюп, азыктарды берип, анан дүжүр сержант, лейтенанттарга лимонду кантип карашты үйрөтчү. Анан, бир күнү лимон биринчи жолу бир  жалгыз мөмө байлаптыр. Ошол күндөн баштап, начальник лимонду мурдагыдан беш бетер катуу карашты, мөмөгө эч ким тийбесин, дүжүр мөмөгө башы менен жооп берет деп буйрук бериптир. Дүжүр милициялар күнүгө лимонду мөмөсү менен кийинки дүжүргө өткөрүп берип турушкан.  Ошого, дүжүрлөр лимонду милиция бөлүмүнүн мүлкүнөн да катуу кайтарышкан.
- Ким лимондун мөмөсүн жоготсо, жумуштан сөз жок айдаймын, - деп подполковник коллективдин алдында да жарыя кылыптыр.
Кабылдамага эл чогулса эле дүжүрлөр кабатыр болушуп, какайып лимондун жанына туруп алып, элдерди лимонго жолотпой, такай эшикти жаап эле турушчу. Дүжүрлөр  лимон жоголбосо экен деп эки көздөрү төрт болуп, кудайдан тилеп турушчу. Лимондун мөмөсү күн өткөн сайын чоңоюп, сапсары болуп көзгө көрунуп калыптыр.  Эрте менен начальник кабылдамага киргенде дүжүр рапорт берип, анан лимон ордунда аман-эсен деп салам-дубай айтышчу экен.
Бир күнү кечинде, начальник жокто,  дүжүр жана эле турган лимондун мөмөсүнүн ордунан жоголгонун көрүп таппай, жүрөгү түшүп,  эмне кылаарын билбей, же бирөөгө айта албай аябай бушайман жептир. Эми начальник билсе жумуштан маскара кылып, коллективдин алдында ашата сөгүп, кууп чыгаарын элестетип түнү менен ойлонуп, анан бир оокумда жакшы идея башка келиптир. Бир досун чакырып  ордуна, өзү болсо таң атпай Ошко базарга жөнөптүр, Карасууда ал убакта лимон жок болчу.Такси жалдап алып, эптеп издеп атып бир өзбектин үйүнөн бир лимон таап, кайра учуп келип,досун кетирип коюп, алып келген мөмөнү жашыл жип менен мурдагы мөмөнүн ордуна сонун, билинбей турган  кылып  илип коюптур.  Эми эптеп лимонду келе турган дүжүргө өткөрүп, начальникке көрсөтүп кутулсам экен деп коркуп аран жан болуп күтүптүр.
Начальник болсо, жоголгон лимон күнү  дүжүрдү архивге 5 минутага жөнөтүп, анан жаңы бышкан лимон менен үйгө барып бир сонун  чай ичейин деп кесип алып, алып кеткен болчу.
Эртеси келсе, дүжүр, "жолдош подполковник, менин көзөтүм тынч өттү, лимон ордунда" десе болобу.
Кечеги кескен лимондун ордунда жаңы лимонду көрүп, начальник көзүнө ишенбей таң калып, лимонду кармалап, дүжүрдүн ойлоп тапканына, так жасаганына там берип каткырып эле күлүп жатып калыптыр.
Аны карап дүжүрдүн башы маң болуп, начальник биоип калды, эми точно өлдүм деп, эмне кылаарын билбей кокоюп туруп калыптыр.
Мисирейген, катуу деген начальник күлкүдөн араң өзүнө келип, экинчи лимонду да кесип алып, дүжүрдү азамат дептир.
Дүжүр болсо, түнү менен башына эмне кана келбей, чачы агарып, чарчап араң басып, биринчи жолу кезекти лимондун мөмөсү жок өткөрүп кетиптир.....

Комментариев нет:

Отправить комментарий