Поиск по этому блогу

суббота, 30 апреля 2016 г.

Камит Савай Кудалашуу

Кудалашуу

Кыргыздар  илгертен балдарынын келечегин эртерээк ойлоп, бактылуу болуп түгөй таап, үй-бүлө куруп жашап кетишине өбөлгө түзгөнгө аракет кылышкан. Жакын туугандар бири- бирине үйлөнсө тукум бузулаарын билишкен, ошого кичүү уруулардын ичинде бири- бирине үйлөнгөнгө жол беришкен эмес. Уруулар өз-өзүнчө болуп кокту-колотто, айылдарда жашашса да, жаштар таанышсын деп той-топурда жаштарга өзүнчө оюн-зоок курушкан. Ата-энелер да башка уруудан өздөрү жакын дос-тааныштарынын кыздары болсо кудага түшүшкөн. Кээ бир бири-бирине жакындары "кан куда" болушкан, алар балдары бойго жете электе эле ант беришкен. Жаңы төрөлгөн балдарды кудалап "бел кудалар" аталышкан. Азыр эми "кан куда", "бел кудалар" жок болду. 
Ал эми азыркы заманда кандай болуп атат, ошого көңүл таштайлы. Заманбап кудалашуу жаңы бир жолдор менен толукталып баратат:
1. Эң көп таркалганы, бул эки жаш жакшынакай эле бири- бирин сүйүп, сүйлөшүп, ата-энелеринен башкасы бардыгы таанышып, көпчүлүгү жактырышкандан кийин жигит кызды макулдугу менен эле өзүнүн ата-энесинин алдына,  "алып качып келди" кылып эле алып келет. Буга чейин жигит менен кыздын ата-энеси да таанышышы мүмкүн, азыр көбүнчө жигиттин ата-энеси кыздын ата-энесин нейтралдуу территорияга- ресторан, кафелерге чакырып таанышышат. Колунда барлар шаардын же жакын шаардын "мен" деген ресторанына чакырышат, "кыйкырган артист" көйнөктөрүн, алтын, бриллианттарын кийишет, "крутой" машине менен барышат, бири- бирине жакшы пикир калтырыш үчүн көп нерсени кагазга ороп, мактап  айтышат. Кээ бирлери каадалуу туугандарын ээрчите барышат, "биз кыйынбыз" деп көрүнүшөт. 
Биринчи жолукканда кудалар бири-бирин көрүшүп, баарлашып, анан жактырышат же жакпай калса кызын же уулун кыздан баш тартууга үгүттөп көрүшөт.
Андан кийин макулдашса, кыздын женелери "кууп келет"  же аларды "куудурбай" эле жигиттин ата-энеси кыздын ата-энеси менен сүйлөшүп алдына барышат, кудалашуу кыздын үйүндө болуп, калың бычылат да, тойдун убагы белгиленет.
2. Эки жаш үйлөнөбүз деп өздөрү сүйлөшүп, анан ата-энесине айтышып, эгер бардыгы жакшы болуп, эки жак ыраазы болушса, анда жигит менен кыздын ата-энеси жолугушуп, таанышып, чай ичишип, ошондо той жөнүндө да сөз болушу мүмкүн. 
Кыздын ата-энесинин алдына бараарда кайсы күнү, канча киши, кимдер бара турганын кызга айтышат.
3. Жигит менен кыз алыста, башка мамлекетте жүрүп бири-бирин жактырып, ата-энелеринин батасын алып үйлөнүп, чогуу жашай беришет. Жаштар кайтып келгенден кийин жигиттин ата-энеси кыздын үйүнө барганда кудалашат, калың да ошондо бычылат, той болсо жаштар жашаган жакта эле болушу мүмкүн.
4. Жигит кызды макулдугу жок эле алып келсе, анда жеңелери кууп келишет. Кыздын ата-энеси жигиттин журту жөнүндө жеңелердин айтканына жараша чечим кабыл алышып, кудаларды тосконго даярдык көрүшөт. 
Кудалашуу, калың бычуу кыздын ата-энесинин үйүндө өтөт.
Канча адам барышы да кыздын ата-энесинин жашоо-шартына, аралыктын алыс-жакынына жараша болот. Бул үчүн жигиттин ата-энеси «делегациянын» курамын туугандары менен чогулуп чечишет.  Делегацияга кирбей калгандар таарынышат, кээде  татыктуу кийим кийгизилбей же жакшы устукан тийбей же туура эмес олтуруп калса ж.б. делегациянын мүчөлөрү да таарынып келишет.
Кудалар ар башка аймактан болушу мүмкүн, кээде жаштардын бири башка  улуттан болсо да кудалашып, калың берилиши мүмкүн. Эгер аймактарлы алсак да каада-салт бир аз айырмаланат. Ошондуктан бул маселеге чоң көңүл буруш керек, болбосо кээ бирөөлөр  уят кылып коёрун да билсеңер.
Мисалы, кудага барганда түндүк жакта айрыкча бир койду союп алат, бир койду тирүүлөй алып барышат же акчасын ала барып беришет. Оштон, мисалы, Нарын жакка кудага бир кап күрүч көтөрүп барсаңар кээ бирөөлөр таң калып, кээ бирөө капа  болушу да мүмкүн же Таластан Ошко фасоль көтөрүп, Жалал-Абаддан Ысык-Көл тарапка бир жашик арак, бир кап жаңгак көтөрүп же Көлдөн Баткенге эки жашик алма, арак алып барсаңар, анда күлкү болушуңар мүмкүн. Кээ бирөөлөр түшүнүп, ыраазы болуп кабыл алат, кээ бир кудалардын туугандары сөз чыгарып, чымчылашы мүмкүн. Буларды калыңдын эсебине да киргизбеш керек. 
Калың көбүнчө кыздын үйүндө бычылат, бул илгертен калган каада, азыр да сакташыбыз керек. Аз да болсо, ырым болсо да калың берилет. Кээ бирөөлөр ресторан, кафелерде деле калың маселесин чечип атышат. Кыз тарап кудаларды тосуп, бир-эки түр тамак берип, сый көрсөтүп, эми жибип, көңүлдөрү тынчып калганда, калың жөнүндө сөз башталат. Алар келээри менен сөз чыкса, анда булар кызын бере албай араң эле турган окшойт дешет. Калың жөнүндө сөздү кыз тараптан кыздын ата-энеси эмес, жакын аксакал туугандарынан бирөө баштаганы абзел. Ал да калыңды талап кылбай, бир тамаша түрүндө баштаганы дурус. Мисалы, "эми силердин бала биздин кызды жактырып калыптыр, эл көзүно ырым-жырым деген болот, кандай дейсиңер" деп баштаса болот. Кээде  убакыт тар болуп же капыстан сөз чыгып калса, анда жигит тараптан да калың жөнүндө сөз чыгышы мүмкүн.
Калыңдын көлөмү ар аймактарда ар кандай. Кээде калыңдын көлөмүнө кыздын жашы, келбети, билими, кыздын ата-энесинин статусу да таасир этиши мүмкүн.
 Ар бир аймакта калыңдын максималдуу көлөмүнө чектөө жок, колуңан келгенин бер, эч ким жок дебейт, көп дебейт, кааласаң самолет бер… Минималдуу көлөмү эмнегедир бар, аны элдин бардыгы билет, андан аз берсең элден уят, ал сумманы ким чектегени белгисиз. Мисалы эң «кымбат» кыздар Таласта, калың 70 миң сомдон аз болсо уят, бул суммадан эмнеси болсо да көп болуш керек, албетте үстүнө бир жылкы, кой кошулат. Орточо калың 150-200 миң сом, эң көлөмдүү калың 500 миң сом, ал эми жылкылардын саны да суммага жараша көбөйөт.
Жалал-Абад, Ош, Баткенде минималдуу сумма 50 миң сом, орточо 100 миң сом, жылкы кээде эле кошулат, көбүнчө уй, кой. Нарында минималдуу сумма 50 миң, орточо 100 миң сом, бирок, жылкы, койлор кошулат. Эң арзан калың Ысык-Көлдө, Чүйдө, минималдуу 40 миң, орточо 70 миң сом, жылкы аз, койлор дайыма бар. Бул нак акча, жандыктардан тышкары ар аймакта ар башкач,а кийим-кечек, тамак-аш, көрпө-төшөк, материалдар ж.б. да берилет.
"Куранда" калыңды жигит үйлөнө турган кызына бериш керек десе, бизде калың эмнегедир кыздын ата-энесине берилет, үйлөнгөндөр ал акчаны дээрлик көрбөйт. Көбүнчө ал акча жаңы-үй-бүлөгө кызга сеп болуп кайтат, кээде кайтпай деле калат.
Кийин калыңдын суммасы, анын бетин ары кылсын, үйлөнгөндөр бир аз убакыт өткөндө уруша кетишсе эскерилет, ошондо айрыкча кээ бир келиндин кайненеси, кайнежелери көбүрөөк калың беришкенин баса белгилешет, эгер аз калың берилсе, анда айтышпайт.
Калың бычуу бул өзүнчө эле базардагы соодалашуу болуп калган. Ар бир тарап өз жүйөөсүн айтып, биринчи тарап аз берели десе, экинчи тарап көбүрөөк алалы дешет. Калың бычканга чейин эки тарап өзүнчө калыңдын болжолдуу суммасын сүйлөшүп алышат. Калың бычуу кээде бир-эки саатка  созулуп кетет. Кээде урушуп- талаша кетишип, кайра жарашып, бата кылып бүтүшөт