Поиск по этому блогу

суббота, 23 апреля 2016 г.

Камит Савай Кыргыздар "Фейсбукта"

Кыргыздар "Фейсбукта"

Кыргызстанда да "Фейсбук" деген балээге көп адамдар кирип алышкан.
Башка жактар аз келгенсип, биерде да жакпаган адамдарды "кетсин" дешет. Президент, өкмөт, депутат, чиновник, начальниктерден баштап, оюн бир аз башкача жазып койгондорду да "кетсин" дешет...
Айрыкча, "мени бир тайпага уруксатсыз кошту", "аты- жөнүмдү, кызматымды туура эмес жазды" деп катуу таарынышат, тим эле "Фейсбук" атасынан калгандай мурчуюшуп элге жарыялашат. Өзү деле акырын, бир шилтем менен ал тайпадан  чыгып кетсе болот. Жок, жөн эле чыгып кете албайт, "мени ким кошсо, ошол чыгарсын" деп көгөрүп олтуруп алат, бааланып...
Тим эле "кара тизме" жасап алышкан «кыйындар» бар, жакпаган кишилерин элге жарыялап, ошол жакка жазышат, "көрдүңөрбү, мен "кара тизмеге" киргизип салдым" деп, өзүнчө эле ыраазы болушат, колунан келсе "Фейсбуктан" да чыгарып салышмак, кээ бир жакпаган, же тааныбаган кишилер "достук" сунуш кылса да элге жарыялашат, "мага момундай типтер достук сунуштап атты эле, мен "игнорго" салдым" деп....
Ошол эле "кыйындар" башка бирөөлөрдүн баракчасына өлсө да "лайк" коюшпайт, колу сынып кала тургансып....
Тойлордон сүрөт илген көп, кээ бирөөлөр аялы, сүйгөнү, сүйгөн кызы, жигити менен түшкөн сүрөттөрдү күнүгө илгенди өлө жакшы көрүшөт, көбүнчө колдорун эки ача кылып түшкөн сүрөттөрүн илип алып "лайковать" этишет кечке өздөрү эле...
Анан, ачсаң бүт эле саясат, саясий жаңылыктар, депутаттардын, министрлердин айтканы, жегени, камалганы, жыргашканы ж.б. "Фейсбукта" азыр 70% ашыгы саясат, аларды кабар агенттиктери, гезиттер жазышат же ошолорду эле кайра-кайра башкалар жарыялашат. Өтө деле көп жаңылык жок, көчүрмөлөрү эле толтура, ал аз келгенсип, ошол саясий проблемаларды топурап талкуулашат, уруша да кетишет...
10% динге үгүттөө, биерде этият болбосоң балээге каласың, бир аз эле башкача сөз айтсаң, анда эле өлдүң, жөн эле талап салышат, сени угушпайт...
10% бул акындардын ырлары, күндөн-күнгө көбөйүп эле баратат, тамактан баштап, сүйүү, мекенге чейин ырлар, түрлөрү  көп. Кээ бир акындар күнүнө эч болбосо бир жаңы ыр илишет, мурда акындар аз болгонбу же ФБ жок беле, билбейм, ФБдагы азыркы акындардын санын санап көрүп, адашып кеттим...
5% тойлор, аялдар, сүйүшкөндөр, жаңы үйлөнгөндөр, тоолор, балдар...
5% ушактар, имиштер, көзү ачыктар, мышыктар, иттер, ырлар...
Бири-бири менен элдин көзүнчө тытышканды жакшы көргөндөр бар, айлап тытышышат, эки тараптын күйөрмандары да тытышышат, ачуу комментарийлери менен, ачык эле сөгүшүп, атаңды-энеңди биякта эле калат, аял-эркегинин айырмасы жок...
Кээ бирөөлөр өздөрүн "универсалдуу гений, кыйынмын" деп эсептешет, каалаган темага мурдун тыгып, башкалардын же автордун пикирин уруп ойнобойт, бир аз талашсаң бүттү, же акыл үйрөтөт, же сөгө баштайт...
Юмор, сатира дегендерди түшүнбөгөндөр да көп, тамашаны чын кабыл алып алышып, авторду сөгө башташат, ошондуктан макаланын же "статустун" башына чоң тамгалар менен, "тамаша", "юмор" деп жазып коюш керек....
Жарма патриоттор да аз эмес, бир аз Кыргызстан, кыргыздар жөнүндө "самокритика" жазсаң бүттү, тим эле чычалап, авторду "чыккынчы" кылып салышат....
Кыргыздардын алыстагылары, чет өлкөдөгүлөрү англисче жазышышат, "wow, cool" дешип... Орусиядагылары орусча, "да ты что, пипец" дешет, Түркиядагылары түркчө, анан "машааллах" деген комментарийлер көп, кыргызча такыр жазышпайт...
Кыргыз кыздардын сүрөттөрүнө эмнегедир түрк жигиттер көп жана байма-бай   суктанышат, кайдан топурап чыга калышат, эч ким жаза электе пайда боло калышып , "чок гузал, ваах" деп жазышат...
Кээ бирөөлөр бар, ачык эле элге угузуп сүйүүлөрүн айтышат, купуя билдирсе деле болмок, бирок атайылап эл окусун деп жазышат, төшөккө жаткандан башканын бардыгын ортого салышат...
"Инкогнитолор" бар, булар аябай коркунучтуу, алардын сүрөттөрү жок, аты ойдон чыккан, ким экенин билбейсиң, ар кимди ашкерелеп мазактап жазышат, сөгүп да салышат, ким экенин такыр айтышпайт...
МАИ менен болгон окуяларды ФБда аябай жакшы көрүшөт, бир-экөө ошону менен гана алектенет, видеого жашынып тартышат да, анан чыгарат, алардан үйрөнүп, эми МАИчилер  "биз да тарта алабыз" деп, өздөрү тартып жайлап жатышат. МАИ катуу кармаса кыргыздар дайыма тааныштарына чалышат, бирок, бир кыз чала койсо, аны бардыгы бир ай талап бүтүштү...
Башка сайттарды, гезиттерди окуп, жаңылыктар менен таанышкандын кажети жок болуп калды, эмне болсо ФБга дароо чыгат, жакында айылдарда эмне болуп аткан ушактар да жазыла баштайт окшойт...
Депутат, министр ж.б. чоңдор ФБда өздөрүн чоң сезишет, алар да эч качан башкалардын баракчаларын "лайковать" этишпейт, бир жылда бир жолу комментарий жазса тим эле сени багып аткансып жазышат. Аларды туурап, бир аз аты чыккан ырчы, артист, журналисттер да башкалардын баракчаларын такыр "жактырышпайт"...
Кээ бир партиялар ФБны трибуна кылып алышты, сьезд, курултайынан баштап, күнүгө беш киши чогулса да толтура сүрөттөрү менен илип жазышат...
ФБда жаш-кары, урмат-сый деген болбой калды, он-жыйырма жыл жаш жигит-кыз өзүнөн улууларга кадимкидей акыл үйрөтөт,  уят дегенди такыр таанышпайт, билишпейт. Алардан унчукпай кутулбасаң балээге каласың, тартип-тарбияга чакырсаң бүттү, бир бет кылып жазышат сөгүнүшүп....
Бири-бирин шыбагандарын, аттуу-баштууларга компроматтарды ФБга дароо илишет, ушул жерден көрөсүн, кимдин ойношу ким, кандай неме, каякка чогуу барышат, эмне ага сатып берди, үйбү, машинеби, бриллиант сөйкөбү, бардыгын жарыялашат. Канча жолу жана кайда жолугаарын билишет, тим эле алардын жаткан керебетине "шам чырак" көтөрүп жарык кылып жүргөндөй жазышат ...
Кызмат, акча үчүн эмне гана кылышпайт, ушундай бетпак,  көчүк чукумайлар бар. Керек болсо аялың менен жатканыңы тымызын тартып ФБга илишет, бир чоң молдокенин төшөктө эркектик парзын аткарып жатканын ФБга чыгарышып, дүйнө жүзүнө дүңгүрөтүшүп, аны жумушунан кетүүгө аргасыз кылышты...
Кыргыз патриоттору ФБда аябай көп, алар аттарын да жазышпайт, сүрөттөрүн да илишпейт, таанып калышпасын дешет го, алардын купуя аттары көбүнчө момундай: Жигиттер: Кыргыз намысы, Кыргыз жигити, Мен кыргыз, Кыргыз бала, Баатыр кыргыз, Арстан кыргыз ж.б. Кыздардыкы: Кыргыз сулуусу, Кыргыз кыз, Кыргыз периси, Айдай кыргыз ж.б....
Бири-биринен ФБдагы жарыяланган материал, постторду көчүрүп, тим эле өзү жазгандай жарыя кылышат, чыныгы автору ким экенин жазышпайт, эгерде, тартипке чакырып, "авторун же шилтеме жазып койбойсузбу" десең, анда, "бул интернет, каалагандай көчүрөм, андай экеңсин кулпу салып кой" деп ороңдошот.....
Айрыкча кыздар жөн эле "сагындым...." деп жазышат, эми бирөөнү же бир нерсени сагынгандыр, анын өзүнө сагынууга мүмкүнчүлүк койбой, "кимди, эмнени сагындың" деп талашат, сагынып аткан киши жооп бербей койсо жиндери келип, акыл айткандан баштап урушканга чейин барышат, андай 30-40 комментарий болуп кетет...
Саясат боюнча оозуңу ачсаң эле болду, же "батышчыл", же "орусчул" кылып ат коюп коюшат, анан карай баштайсын, кимдер ким тарап экенин, бирок эки жакты "мекенчилдер" дегендер аябай жаман көрүшөт...
Эгер бир күлкүлүү "посттор" жакса, анда Кыргызстандагылар көбүнчө "хэ-хэ-хэ" же "))))))"дешсе, англис тилин тааныгандар "lol!!!" , Орусиядагылар "ха-ха-ха ппц" деп күлүшөт...
Аттуу-баштуулардын телефондорун сурап жазышат, "баланчанын телефонун айтып койгулачы таппай атам" деп, бул ыкма бизде гана бар, башка эч бир өлкөдө антип сурашпайт, атсаң да беришпейт...
"Ысык-Көлгө баратам, бир орун бар ала кетем" же "ким эртең көлгө кетсе ала кеткиле, бензинге менден жардам болот, көп сүйлөбөйм, күлдүрөм, зериктирбейм, уктабайм" деп да жазышат, бул да биздин «ноу-хау»...
Жаны Жылга бир ай калганда эле сайт болобу, гезит болобу, мекеме болобу, бири-бирин "Жылдын мыктысы" деп башташат, "мыкты" болбой калгандар грамота алышат…

Фейске эмне деген гана группаларды ачпадык, туулган жерлерден баштап, шыпыргы сатуучуларга чейин, балдардан баштап сүйүшкөндөргө чейин, камтылбаган эч нерсе калган жок, эми бир эле "Менин ойношум", "Күндөштөр", ж.б. ушундайлар эле тема калды окшойт…

Комментариев нет:

Отправить комментарий