Поиск по этому блогу

воскресенье, 24 апреля 2016 г.

Камит Савай Келин

Келин

Келин--кыргыздарда бул ким?  Келин бул кыргыздарда инилердин, уулдардын, неберелердин, бөлөлөрдүн, жээндердин аялы. Башка бүлөгө келгенден баштап келиндин жүрүш-турушу кандай болуш керектиги жөнүндө  кыскача тамаша-чыны аралаш маалымат:
 - Келин жигиттин үйүнө жоолук салынып, кире бериште оттон секирип өтүш керек. Юбка менен секириш кыйын болот, ошого көйнөкчөн болгон жакшы, шым да болбойт (Ош жакта айрыкча), албетте ыйлап кириш керек, бирой элди чочутуп катуу ыйлабай же күлбөй,  бир аз ыйламыш болуп коюш абзел....
- Келин эшиктен киргенде кайнене ак жоолук салып, бетинен  өөп тосуп алат, келин кайнене менен өбүшпөйт, бетин гана тосот. Айыл жеринде кайнене келиндин оозуна сары май салат,  майды токтобой жутуп салган жакшы,  өмүрүңдө сары май жебесең да даяр болуп, жийиркенбей, "кускум келет" дебеш керек, "рахмат, рахмат" дегендин да кереги жок элди карап...
- Келин жүгүнгөндө ийилип жана жеңил жүгүнүш керек, өтө эле эңкейген да болбойт, бирок, калп эле эңкейбей жакшы ийилиш абзел,  "кудай жалгасын, рахмат, бактылуу бол, эми жетишет..." деп айтышканга чейин жүгүнүш керек. Бир-эки жолу ийилип эле тим болбой, эригип туруп калбай, жиниң келгенин көрсөтпөй...
- Ичкери киргенде, көшөгөнүн ичинде катуу сүйлөбөй, күлүп-шарактабай, кекирбей, бирок өтө эле созулбай, тескери карабай, сабыр кылып, жупуну олтурган жакшы...
- Нике кыйылып атканда такыр сүйлөшпөй олтурушу керек, нике кыйылып бүткөндөн кийин сүйүнүп. катуу кыйкырбаш керек, "урр-аа" же "йессс"  деп, бири-бириңерди эки жаш өзүнчө, эч ким жокто куттукташканыңар жакшы....
- Келин көргөнү келгендер берген акчаны кайненеге бергиле, башка эч кимге бербегиле, өзүңөргө да алып калбагыла. Кайненең аябай ыраазы болот, "кыйын кайнене" кайра эле ошол акчага бирдеме алып берет....
- Келин чөнтөк телефондун саатын эртең мененки төрткө коюп, таң аткыча короону шыпырып салган жакшы. Эшикке чыкканда өтө боёнбой, жоолук салынып, көйнөк кийип (шорты, шым, футболка кийбей эле коюш керек), туфлинин ордуна көлөч илип алган жакшы, шыпырындыны ар жерге үйбөй алып коюш керек, катуу чаңдатпай, жерге суу сээп алган жакшы…
- Келин уй саашы керек болсо, кайнене  саай электе аны да жайлап койгон жакшы, эч болбосо уктап кечиксең да, кайнене саап атканда ала коюш керек, "апа мен эле саап коём"деп.  Эгерде сааганды билбесе кайненеден "уй сааганды үйрөтүп      үйрөтүп коюңузчу" деп эле сурап алган дурус...
- Келин кечинде саат канчада болсо да, түңкү 2 де же 3 тө болобу,  эл тамак ичип бүткөндөн кийин сөзсүз дасторконду, идиш-аякты жыйыштырып жууйт,  кир идиш-аякты эртеңкиге калтырбаш керек. Кайнене же бирөө "эртең деле жууйсуң" деп айтышы мүмкүн,  бирок алардын айтканын укпай эле жууп коюш абзел, сүйүнгөн бойдон барып жатып албай. Эртеси эртең менен башка бирөө көрүп калса уят болосуң. Бирок, саат канчада жатсаң да, баягы эле айтылгандай короону шыпырыш же уй саамай эртең менен таң атпай кайра башталат.
- Келин көп уктабаш керек, айрыкча күндүз уктабагыла,   "уйкучу экен, шишип-көөп эле жүрөт"  деген кепке каласыңар. Кээ бир келиндер үйдө эч ким жокто уктай коюшат экен, эгер капыстан бирөө келип калса  "уйкучу" атка коносуңар...
- Келин кошумча тырмак, чач, кирпик  жана башка "кошумча" сулуулук берчү нерселерди токтото туруш керек, айылда алар күтүлбөгөн жерден уят кылышы мүмкүн...
- Дайыма эсиңерде болсун, келин эч качан жумушсуз турбаш керек. Жеңил болсо да бир нерсе жасап туруш керек, анын эч кимге кереги жок болсо да,  антпесең "отурганды» (жатканды)  эле жакшы көрөт экен «жамбашын басып»  деп айтышат...
- Келин эч качан чарчабаш керек, "чарчадым" деген сөздү айтсаң эле балээге каласың, "колуна бирдеме тие электе эле чарчап калат экен" дешет...
- Келиндин телефону болбош керек, болсо да көрсөтпөй, эч кимге көрүнбөй сүйлөшүш керек, болбосо "телефондон колу, оозу  бошобойт экен" деп айтышат...

 Жаңы келинди "жакшы көргөндөр":
Биринчи орунда, албетте, кайнене, ал келинди келе электе эле, укканда эле "жакшы көрөт", уулун кызганат, "мени эле угуп караса экен" дейт. Уулуна бакыт эле тилейт дечи, бирок, кээде кызганычы аша чаап, кесепети келинге тиет. "Кайнененин каарына чыдаш  керек" дешет. Кайнененин сөзүнө макул болуп, каяша айтпай, өзүн "акылдуу" көрсөтпөй,  өзүм билемдикке салбай сурап, айтканын убагында жасап, анын психологиясын үйрөнүп алса эле, тилин таап, тез эле көнүп калат. Кайнене да келиндин чыдамкайлыгын, тил алчаактыгын, акылын баалап, ал да  "жумшарып" калат....
Экинчи орунда кайнеже, кайынсиңдилер, булар жигиттин бир туугандары, оо-о, булар керек болсо кайненеден да ашып түшүшөт. Алардын саны канчалык аз болсо, ошончолук жакшы. Бирок, кээде бир эле кайнеже же кайынсиңди тейлеп, баары-жокту бүлүндүрөт. Булар менен кайненеден да кыйын тил табышыш керек, анткени алар анча-мынчаны тоготушпайт, угушпайт. Кайнене "жаман көргөнүн" баласынан жашырганга аракет кылса, ал эми кайнежелер, кайынсиңдилер "ачыкка" чыгып  "жакшы көрө" башташат. Тим эле уксун деп катуурак айтышат, "ай, кетир мунуңду" дешет. Эстүү келин булар менен ажылдашпай, кебин, жообун акырын айтып, кээде унчукпай кутулуп, жеңет. Керек убакта келин аларга "мамиле" жасап койгону жакшы. Базардан жакшы көргөн кийим, атыр, дискин алып берип  же алардын балдарына белек берип ж.б. "комплекстүү чаралар" да  аларды да тез эле "жумшартат"...
Үчүнчү орунда абысындар, булардын саны аз  болсо жакшы, болбосо ич-ара "топ-топтор" пайда болот, экөө бирөөнө каршы, кээде андан көп, ошого булар да аябай "коркунучтуу душмандар". Кайненени, кайындарды керек болсо жаңы келинге тез эле тескери каратышат, күнүгө көптөп "жакшы маалыматтарды төгүшүп". Булардын ар бири менен өзүнчө  тил табышыш керек, "топту дароо жеңиш кыйын, бирден  колго алыш керек да "топту" ичинен бузуш керек. Мунун жолдору көп, алар жакшы көргөн кепти сүйлөп, кошула башташ керек, эч качан бөлүнбөш керек, бөлүндүң, анда өлдүң,  сөзсүз «жешет»...
Төртүнчү орунда, жакын жеңелер, кайнатанын инилеринин аялдары ж.б. Булар өтө эле ашынган "душмандар" эмес,  бирок, кээде алардын арасынан кайненеге, кайындарга таасири күчтүүлөр болуп калат.  Булар тымызын жайлашат, кайненени тез эле 180 градуска бурушат, элдерге жаман маалымат таратып, келиндин "кадыр-баркын" кетиришет. Булар ким экени тез эле билинет, аларды да акырындап бир-бирден колго алыш керек, аларга колдон келсе жардам берип, оорун жеңил кылып,  тез-тез кабар алып, кошулуп, жакшылап ушакташса эле, алар да бери ооп, жумшарат...

- Келин келгенине сүйүнгөндөр да бар, биринчиден, кайната менен кайнене, алар уулун бир жаңсыл кылышып, парзын аткарып,  үйлөнтүп коюшканына сүйүнүшөт, экинчиден,  улуу абысындар, алар келинге "вахтаны" өткөрүп бере турган убакытты тим эле чыдабай санашат, нике кыйылаары менен өткөрө салышып, дароо "эс алууга" чыгышат, үчүнчүдөн, уруунун келиндери, алар керек убакта чакырганга жардамчы пайда болгонуна сүйүнүшөт....

- Келин кайнатасын, кайненесин, кайнага, кайнилерин,  кайынеже, кайынсиңдилердин, күйөөсүнүн жакын  туугандарынын  аттарын айтпай, тергеши керек.  Тергеп атоочу аттарды да этияттап тандаш керек, энелерден консультация, кеңеш алып дегендей. Тергеле турган кишилердин тизмесин тизип, аны жакшы эстеп калыш керек. Эгерде, тергеле турган кишини тергебей, атынан айтып алсаң, анда ал сага аябай катуу таарынат, бул жөнүндө бүт туугандар, айыл-апа тез эле угат, анткени "душмандар" дароо таратышат.  Ал кишиден кечирим сурап, алдынан бир ийилип өтпөсөң болбойт. Тергей турган аттар, тергеле турган адамдын жакшы жактарына, мүнөздөрүнө, кызмат абалына, кебете-кешпирине, туугандык жакындыгына, жашына жараша болот.  Мисалы, кайнатаны "карачечекей күйөөмдүн атасы" деп, кайненени "үйдөгү кожоюндун апасы" деп тергесе болот, башка касиеттерин, мүнөздөрүн айтпаш керек, эч жерде алар жөнүндө сөз сүйлөбөй эле койгон жакшы, анткени, уккандар бурмалап жеткиришет. Кээ бир келиндер, айрыкча күйөөсүнүн бүлөсүнө бир аз "буту батып калганда" тили чыгып, досторунун арасындабы же башка жердеби, кайната, кайненесин, мисалы,  "үйдөгү алжыган чал" же "сапсары кайненем"  деп айтып койсо, кийин өзү эле элге, кайната, кайненесине, туугандарга уят болот.  Кайынеже, кайынсиңдилерди айрыкча этияттап, жашына карабай, эми төрөлгөн болсо да тергеш керек, аларды тергей турган  сонун "аттар" бар, мисалы кайнеже медсестра же жөнөкөй эле врач болсо дагы  "башкы врач эжем", же кайын сиңдиси начар окуса дагы "карачач, отличница  кыз" деп тергесе болот.   Эркектерди "алкаш аке", "бекерпоз байке", "таз аке", "керең бала", "кара бала" ж.б. деп тергебеш керек, буларды убакыт өткөндөн кийин минтип "кагазга ороп" айтса да болот: "алагүү аке", "иштерман байке", "чачы коюу аке", "Мамыт угарман бала", "кара бала" деп  койсо болот.  Кээде, тергеле турган адамдын өз атына жараша тергесе болот, мисалы, "Козу акени" - "Койдун баласы аке", "Суусарбек акени"- "Тебетей аке",  "Роза эжени"-"Мурунку президент атындагы  эже", "Уулкан эжени"- "Эркек бала эже" ж.б.у.с. Кесибине жараша да тергесе болот, мисалы, министрликте иштеген кайынсиңдини "Министр кыз" же базарда соода кылган кайнини "Базарком бала" ж.б. деп,  алар аябай сүйүнүп калышат....

- Келин кайната, кайнагалар менен эч качан чогуу бир табактан тамак жебей, бир дасторкондо олтурганда эч качан жылаңач буттарын көрсөтпөй же далысын салып тескери олтурбай, бутун үстөлгө чыгарбай, талтайбай, катуу күлбөй, жөтөлбөй, какырбай, сөз талашпай, азил сөз ыргытпай, тынч момун, сүйлөгөндө акырын сүйлөп олтурушу керек. Чайды толтура куйбай, "ичесиңерби" деп сурабай, чайды муздатпай жаңылап, чыныны колго берип,  талаага койбой, элдер чай ичип бүткөнчө  кетип калбай, элге артын салбай  олтурушу да абзел....

- Келин телевизорду, айрыкча сериалдарды көрбөй, "Агентке", "Мой Мир", "Фейсбук", "В Контакте", "Одноклассники" ж.б. сайттарга  кирбеши, сүрөттөрдү илбеши керек,  бир аз жигиттин бүлөсүнө башың батканга чейин коё турган жакшы. Кирсең да "жашыруун" аттар менен кирип, “сак” болушуң керек, анткени сайттардан мурунку турмушуңан кээ бир фактылар чыгып калышы мүмкүн же бирөөлөр "көрө албай" бир  жаман нерсе жазып коюшу мүмкүн.  Кыргыздарда андайлар көп болот, кийин өкүнүп калба. Ал сайттардагы мурунку сүрөттөрдү, постторду бир текшерип коюш керек, бир балээ табылып калбасын....

- Келин өтө шаңдуу жүрбөш керек, шаңкылдап күлбөй, катуу ырдабай, анекдот айтпай, антпесе кайындарга жакпай калышы мүмкүн, бирок, өтө момун да болбош керек, болбосо "минип" алышат, орду менен күлүп, сүйлөп коюш керек....

- Келин кайнене, кайнеже айтпаса  эч качан демилге көтөрбөгөнү жакшы, мисалы, "мен базарга, дүкөнгө, шаарга ж.б. барып келейин" дебей. Анткени туура эмес ойлошот, өздөрү айтса да "кыйналып" макул бол, "жумуш жасайт элем" деп...

- Келин "тамак жасай албайм" дебеш керек, муну да мурдатан ойлонуп даярдык көрүп, эч болбосо тамактын үч-төрт  түрүн (шаарга же өзүңөрдүн үйүңөргө кеткенге чейин) жакшы жасаганды үйрөнүп алыш абзел. Калганын да тезирээк өздөштүрө коюш керек, эгерде жигиттин үйүндө узак турууга аргасыз болуп калсаң...

 - Келин төркүнүнө "күтүүсүз" абал болсо (жамандык жакшылыкка, ата-эне, өтө жакын туугандар ооруса) гана же кайненеси өзү "жүр десе" барса болот, эч качан "мен  барып келем" деп айтпаш керек, эч кимге айтпай барып келсең, анда өлдүң, "төркүнүнө ташып атат" деген сөз чыгат, күйөөң жыргатып таппаса деле, мындай сөздөр төркүнүңө тез-тез барсаң да көбөйөт....

- Келин күйөөсү менен жакшы турмуш курса, анда "күйөөсү кыйын, «Аккан арыктан суу агат, биздин тукум» деп айтышат, эч качан келинди макташпайт. Ал эми келин тарап "Аял жакшы, эр жакшы" деп айтышат. Айрыкча абысындар, кайнежелер катуу чабуулга өтүп турушат, "ай ушул жаман (кара, сары, семиз, арык ж.б.) келиндин бактысы бар экен, биздин жакшы (апакай, баатыр, начальник ж.б.) балага туш болуп" деп....

- Келин өзү жактан туугандарын үйүнө азыраак келтиргени жакшы, анткени, бир тууганыңды көрүп калышса эле болду,  "барсаң эле келиндин туугандары толтура, бечара балабыздын тапканын талап эле турушат" дешет. Ошондуктан күйөөңдүн туугандары бар болсо, өзүңдүкүн эптеп чыдап коё тургунуң...

- Келин эч качан башка эркектер менен бетме-бет сүйлөшпөшү керек (айрыкча көчөдө, базарда ж.б.). Тааныш болмоктон ары алысыраак тууган, классташың болсо да, күйөөң тараптан бирөө көрсө, анда бүттү, тим эле катуу сүрөттөп, жомок, эротикалык кино кылып айтып жиберишет, ар кандай жаман ат таап жабыштырып, "жүрүш-турушу начар келин экен" дей башташат. Эч нерсе болбосо деле, жакшы саламдашып күлүп-жайнап сүйлөшүп, кол алышып, бир аз кучактап койсо деле  мындан да этият болуш керек...

- Келин кайындардан, күйөөсүнөн алдыга чыкпай артта басканы жакшы, озунуп  саламдашпай элден кийин учурашып, бирөөнүкүнө да аягында киргени жакшы, машинеге да күйөөсүнүн жанына олтура койбой, сабыр кылып, эл отургандан кийин олтуруш керек, күйөөсүнүн машинеси болсо да жулунбай...

- Келин дасторкон үстүндө да кайындардан ылдый олтуруш керек, кайынсиңди, кайнилерди да жогору өткөрүп, улуу абысын жеңелерди да урматтап, алардан ылдый олтуруш абзел. Эсиңерде болсун, дароо төргө өтүп кетпегиле, чайды дайыма келин куят, эч качан чайнекти күйөөңөр жактан жашы кичүү болсо да бирөөгө түртө салбагыла....

- Келиндин колунда бар  ата-энеси белек кылып берген үйдө күйөөсү менен жашап калса, "менин үйүм" дебей, "биздин үй" деп айткыла....

- Үйдө ашыкча боёнбой, башынан жоолугун түшүрбөй, такылдатып такасы бар туфли менен ары-бери баспай, шым, юбканы азыраак кийип, идиш-аякты катуу калдыратпай, электр энергияны, газды үнөмдөп жагып, кайненеден бир нерсе жасаганга уруксат, акыл, кеңеш сурап турганы жакшы, тымпыйып жүрүп албай же унчукпай жатып албай...

- Келин Россияда же башка чет өлкөдө күйөөгө тийсе, анда күйөөсүнүн ата-энесине "скайптан" жүгүнүш керек, "кудай жалгасын, жетишет эми" дешкенге чейин, ата-энесинен уруксатты да "скайп" аркылуу эле  баталарын алып, калыңды, септи "скайптан конференция" кылып эле бычыш керек, "ачуу басар", «сүт акы", "калыңды"  ж.б. ырым-жырымдарды акчалай түрдө "Контакт" же "Мигом", "MoneyGramm", "Western Union"  менен которо койсо боло берет ....

- Келин Россияда же башка чет өлкөдө ЗАГСка барганда, үйлөнүү тойдо ресторанда, шаар айланганда шампанды көп ичпей, катуу бийлеп кыйкырбай, шарактабай, жупуну болуп жүрбөсө, кийин тартылган диски Кыргызстанга жетсе же Интернет менен кетсе, уят болуп каласыңар кайындарга....

- Чет өлкөдөн сүйлөшкөндө орусча же башка тилде азыраак сүйлөп, ыплас сөздөрдү колдонбой, "түшүнүшпөйт баары бир" деп жаман сөздөрдү айтпай, эгерде бир нерсеге жини келип атса да, күйөөсүнөн "скайп" талашпай же сотканы жулуп ала койбой, туугандардын, кайындардын сак-саламатчылыгын сураш керек, эгерде, "келин менен сүйлөшүп коелу" дешсе. Болбосо унчукпай эле койгон жакшы, "салам айтып кой" деп күйөөңдөн, албетте, суранып....

- Келин чет жакта күйөөгө тийип, кайындарын бет маңдай көрө элек болсо, анда ошол жактан эле эрте мамиле түзө баштаган жакшы, "Агент" менен жазышып, туулган күн, майрамдар менен жакын кайындардын баарын "смс" менен куттуктап (кайната, кайнагалардан башкаларын) турган жакшы болот. Кайната, кайнагаларга түп-түз жазып кайрылбаш керек, уят болот, аларды күйөөң аркылуу гана куттукташ керек....

- Келин чет жакта күйөөгө тийсе, Кыргызстандагыдай эле, эч болбосо өзүңө "сарпай кийгиз". "Мен эмне келин болуп, кыз кездеги кийимдерим менен жүрөм" деп, эртерээк эскертип койгунуң.  Өзүңдүн туугандарыңа да мүмкүнчүлүк болсо "сарпай" бердирип жиберсең, ал да жакшы болот, бирок, күйөөң тарап биринчи кезекте болсун...

- Эгерде күйөөң башка жакта жүргөндө өзүнүн ата-энесине акча жөнөтсө, колдош керек, "менин ата-энеме да жибер" деп жарышпай. Бирок кээ бир учурларда бир ооз суранып күйөөң менен макулдашып жиберип койсо деле болот, эгерде  өзүң иштеп тапкан акча болсо да....

- Келин ушактарга көңүл бурбаганы жакшы, айрыкча, өзү жөнүндөгүлөрүнө, алардын көбү атайылап айтылган, "провокациялык" ушактар, буларды укмаксан болуп койгон жакшы. Күйөөңөргө да булар жөнүндө айтып арызданбай эле койгула.... 

- Келин башында "мен акчаны кармайм" деп оолукпай эле койгону жакшы,  эгер күйөөсү "акча сенде болсун" десе, анда тезинен макул дей коюш керек....

- Төркүнүнө күйөөсүн эмне болсо да жамандатпаш керек, дайыма күйөөңөр тарап болуп бек тургула...

- Кайын-журттан уккандарын төркүнүнө ташыбай эле койгону абзел...

- Эгер туугандар той берсе, конок болуп олтуруп албай каралашып, жардам бериш керек, сыпайы бийлеши керек, ырдаганда да ырдын маанисине карап ырдаган жакшы, болбосо кийин сөзгө калышы мүмкүн…

- Келинди көбү эле атынан айтышпайт, айтышса да бир ат жабыштыра айтышат. Кайсы жерлик болсо ошону кошушат, мисалы, оштук, көлдүк, таластык келин ж.б. Анан жумушуна жараша айтышы мүмкүн, директор, бухгалтер, врач, базардагы келин ж.б. Толук, чоң болсо тескерисинче "арык", "кичине" келин деп, арык болсо "болтойгон" келин деп айтышат. Келин орус болсо, "жүнбаш" келин, жакшы кийинсе "модалуу келин» дешет.
Азыр келиндердин жаңы түрлөрү пайда болду,  эгер интернет аркылуу таанышып күйөөгө тийсе "интернет" келин, НПОшник келин, Орусиядагы келин, «Джипи» бар келин, көп сүйлөсө "радио", же "тили узун", аз сүйлөсө "дудук", жини чукул болсо "овчарка" келин дешет…
Кайындарынын көзүнчө келин балдарын катуу урушпаш керек, “бизди жаман көрүп жатат” деп кайындар капа болуп калышы  мүмкүн...
Күйөөсүнө балдардын же бирөөлөрдүн көзүнчө катуу сөз айтпаганы дурус, кийин өзүңөр сөзгө каласынар, күйөөңөрдүн кадыры да түшөт..
Кайнене, кайнатасын узак убакыт көрбөй саламдашса, эч болбосо бир жүгүнүп койсо, анан алардын сүйгөн тамагын даярдап тосуп алса, анда алар аябай ыраазы болуп сүйүнүп калышат.

Эгерде кайнатасы же кайненеси  намаз окуса, анда алдын-ала даарат алганга жылуу суу даярдап койгону жакшы..
Келин кош бойлуу болсо же
колунда кичинекей баласы болсо да кайненесине кол кабыш кылганга аракет кылыш керек, болбосо,  "Манас" төрөй тургансып же "Манас" төрөгөнсүп жатып алды, биз деле төрөгөнбүз” деп кээ бирөө айтышы мүмкүн.
Келин Кыргызстанда
болсо, анан төрөгөнгө аз калганда кайда барбасын,  өзү менен бинт, чачык, бут кийим, дарылар, ич кийимдерди бир пакетке сала жүрбөсө болбойт..
Келин келгенине канча болсо да, канча жашта болсо да кайындарынын көзүнчө жоолук салынып жүрүш керек..

Комментариев нет:

Отправить комментарий