Поиск по этому блогу

понедельник, 25 апреля 2016 г.

Камит Савай Борборду бошотуу планы (Какшык)


Борборду бошотуу планы
(Какшык)
Бишкектен мамлекеттик мекемелерди чыгарыш керек деген сунуштар акыркы убакта көп айтылууда. Мындайды качан эле башташ керек эле, кененирээк басып калмакпыз. Президент, премьер мамлекеттик резиденцияда эле жашап иштешсин, эс алышсын, Ак Үйгө күнүгө жолдорду бууп, элди күттүрүп келбей эле коюшсун. Интернеттен эле чогулуштарын өткөрүшсүн, скайптан, фейсбуктан буйруктарын беришсин, урушса да интернеттен урушушсун, эл көрсүн.
Резиденциянын бийик дубалына эч ким секирбейт, митинг, пикеттерди Чоң-Арыктын дөңдөрүндө өткөрүшсүн, шаардан элди коркутпай.
Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү «Алтын-Көл» пансионатына көчсүн, ошол жерде мыйзамдарды жазышсын, эс алышсын жылы бою. Тытышышсын, акча бөлүшүшсүн, аларды элдин кыжырын келтирбей ошол жактан чыкпай турган кылып бекитип коюш керек.   Аларды эл көрбөсүн, укпасын. Ар кандай компаниялардын кызыкчылыгын коргоп, элдерди майлуу, сүттүү жумуштарга дайындап ж.б. булактардан акча алып жашашсын, андыктан аларга машине, маяна берүүнүн да кереги жок.
Коргоо министрлигин жүздөгөн генералдары менен Баткенге алып барыш керек, чек араны корушсун, андыктан генералды көрүп тажиктердин эси оосун, контрабандачылардан, наркодилерлерден  акча алышсын, аскер комиссариаттары армиядан качкан балдардан аскер билеттерине акча чогултушсун.
Энергетика министрлиги Кара-Көлгө Токтогул ГЭСинин жанына көчсүн, ошол жерден жылбай суу сатышсын,  МЧС Ош-Бишкек жолуна көчсүн, жолду жаап- ачып, ижарага берип, чоңдорго, байларга үй, жол салып жашашсын. Жаштар министрлигин Ош ЗАГСына көчүрөлү, үйлөнүү тойлорду өткөрүп, лимузиндерди ижарага берип, өкүл ата-эне болуп акча чогултушсун.
Финансы министрлиги, экономика министрлигин, Соцфондду Улуттук банк менен кошуп Баткенге көчүрүлсүн, бир жерден биздин акчаларды бөлүп жешсин, акча алганы сагалап,  эл барып аймактар өнүксүн.
Салык, бажы кызматтарын, "Кыргызалтынды" "Кумтөргө" жылдыралы, акча өнбөгөн канадалыктарды саашсын, чыгаары менен  бизге тиешелүү алтынды бизге граммына чейин жөнөтүшсүн.
ИИМ, УКМК мамрезиденцияда эле чоңдорду корушсун, дем алыш күндөрү бизнесмендерди, базардагыларды,  наркодилерлерди, кафе,  ресторандарды коркутуп-үркүтүп акчаларын алып жан багышсын.
 Айыл чарба министрлиги, Транспорт министрлиги, Мамлекеттик мүлк комитетинин эч кимге кереги жок, алар жоюлсун.
Билим берүү министрлиги Нарынга жылсын, анан башка областтарга кезек менен көчсүн. Балдарды окууга өткөрүп, китеп сатып, мугалимдерге наам берип акча табышсын.
Маданият министрлиги Токтогулда болсун, анткени артист, ырчылардын бардыгы ошол жактан, тойлордо ырдашып акча таап жашашсын.
Саламаттык сактоо  министрлиги  да бир областтын чоң төрөт үйүнө көчсүн, жаңы төрөлгөн ымыркайларды карап, уурулардан корушсун, көрүндүк чогултушсун, операцияларга акча алышсын, витамин, дары-дармек сатышсын.
Тышкы иштер министрлиги “Манас” аэропортуна жылсын, эсеби жок визалардын акчаларына оокат кылышсын.
Аксакалдар соттору, кылмышкерлерди кармай турган “Чоролор” отряддары түзүлсүн, кылмышкерлерди камап, багып олтурбай кылмышына жараша дароо жаза, айып салынсын (союл, камчы менен урмай, бармак, кол, бут кесмей, таш бараңга алмай, аянтта асмай ж.б.). Ошондо прокуратура, сот, түрмөлөрдүн да кереги жок болот.

Мына, канча элдин акчасы үнөмдөлүп, мекемелер бошоп, жолдордо машине азайып, сонун эле болот, борбор шаар тынчтанып, көркүнө келип,  жыргап эле калат…

Комментариев нет:

Отправить комментарий