Поиск по этому блогу

вторник, 19 апреля 2016 г.

Камит Савай "Кыргызым" эссесинен үзүндүлөр..

Кыргыздар бир нерсени туура эмес айтып атсан, "өйдө-төмөн сүйлөбө" дешет, темадан башка эле нерсени айтып көп сүйлөп кетсе, анда "ары-бери оттоп кетти" деп айтышат. Жаман сөздөрдү кошуп кетсе, "былжырап атат" деп жаман көрүшөт. Өтө эле сөздү созуп жиберсе, "самындай эзилди", же "каяктагы жомокту айтып атат" деп күлүшөт. Эгерде, таамай, туура, кыска-нуска сөз айтса, "ток этер жерин айтты", андан да катуу айтса, "сөөгүнө жеткире айтты" деп айтышат.

Комментариев нет:

Отправить комментарий