Поиск по этому блогу

среда, 27 апреля 2016 г.

Камит Савай Лимон

Лимон

Биздин Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүндө Өмүрзак деген аябай катуу, сүрдүү подполковник начальник болгон экен. Сүрдүү болгону менен ал лимон өстүргөндү сүйүп, үйүндөгүсү аз келгенсип, кабылдамасына да өстүрчү экен. Күнүгө эртең менен жумушка келээри менен лимонго суу куюп, азык берип, анан дүжүр сержант, лейтенанттарга лимонду караганды үйрөтчү. Ошентип, лимон биринчи жолу жалгыз мөмө байлаптыр. Ошол күндөн баштап, начальник лимонду мурдагыдан беш бетер  көзөмөлгө алып, “мөмөгө эч ким тийбесин, дүжүр башы менен жооп берет” деп буйрук бериптир. Дүжүр милициялар күнүгө лимонду мөмөсү менен кийинкисине өткөрүп берип турушкан.  Дүжүрлөр лимонду милиция бөлүмүнүн мүлкүнөн да катуу кайтарышыптыр.
- Ким лимондун мөмөсүн жоготсо, жумуштан айдайм, - деп подполковник коллективдин алдында да жарыя кылыптыр.
Кабылдамага эл чогулса эле дүжүрлөр кабатыр болушуп, какайып лимондун жанына туруп алып, элди лимон жакка жолотпой, дайыма эшикти жаап турушчу. “Лимон жоголбосо экен” деп эки көзү төрт болуп, кудайдан тилеп турушчу. Мөмөсү күн өткөн сайын чоңоюп, сапсары болуп көзгө көрүнүп калыптыр.  Эртең менен начальник кабылдамага киргенде дүжүр рапорт берип, анан “лимон ордунда, аман-эсен” деп салам-дубай айтышчу экен.
Бир күнү кечинде, начальник жокто,  дүжүр жана эле турган лимондун мөмөсүнүн жоголгонун көрүп, жүрөгү түшүп,  эмне кылаарын билбей же бирөөгө айта албай, аябай катуу бушайман жептир. Эми начальник билсе жумуштан маскара кылып, коллективдин алдында ашата сөгүп, кууп чыгаарын элестетип, түнү менен ойлонуп, бир оокумда жакшы идея башына келиптир. Өзүнүн ордуна бир досун чакырып иштетип, өзү болсо таң атпай Ошко базарга жөнөптүр, ал убакта Кара-Сууда лимон сатылчу эмес.Такси жалдап алып, ар кимден сурап, эптеп издеп жатып бир соодагер өзбектин үйүнөн бир лимон таап, болгон акчасын коротуп, кайра жетип келиптир. Досун кетирип коюп, алып келген мөмөнү мурдагысынын ордуна жашыл жип менен сонун кылып, билинбей тургандай илип коюптур.  Жаңы дүжүргө эптеп лимонду өткөрүп, начальникке көрсөтүп кутулсам экен деп коркуп,  шефин күтүп калыптыр.
Начальник болсо, лимон жоголгон күнү  дүжүрдү архивге 5 мүнөткө жөнөтүп, “жаңы бышкан лимон менен үйгө барып бир сонун  чай ичейин” деп кесип  алып кеткен эле.
Эртеси келсе, дүжүр "жолдош подполковник, менин күзөтүм тынч өттү, лимон ордунда!" десе болобу.
Кечеги кескен лимондун ордундагы жаңы лимонду көрүп, начальник көргөн көзүнө ишенбей, лимонду кармалап, дүжүрдүн ойлоп тапканына, жасаганына баа берип, каткырып күлүп калыптыр.
Аны карап дүжүрдүн башы маң, “начальник билип калды, эми даана өлдүм” деп, эмне кылаарын билбей, кокоюп, нес болуп, калтырап туруп калыптыр. Мисирейген, катуу деген начальник күлкүдөн араң өзүнө келип, экинчи лимонду да кесип алып, дүжүрдү "азамат, эртең да лимон байлап койчу" деп мактаптыр.

Дүжүр болсо, түнү менен башына эмне гана келбей, чачы агарып, чарчап араң басып, биринчи жолу кабылдамадагы кезекти лимондун мөмөсү жок өткөрүп кетиптир... 

Комментариев нет:

Отправить комментарий