Поиск по этому блогу

среда, 20 апреля 2016 г.

Эң чоң жаңылык спикер шайланбаганы эмес, Ж.Бакиевдин интервьюсу да эмес, Ош-Бишкек жолунда жаңы заманбап туалет ачылганы болду мага, кечээ ФБдан угуп сүйүндүм....

Эң чоң жаңылык спикер шайланбаганы эмес, Ж.Бакиевдин интервьюсу да эмес, Ош-Бишкек жолунда жаңы заманбап туалет ачылганы болду мага, кечээ ФБдан угуп сүйүндүм.
Эсимде, Кара-Сууга Савайга ата-журтка барганда, Кара-Көлдө, Майлы-Сууда иштеп жүргөндө Бишкектен чыгып "Парижге" жетип токтоп, ал жердеги кафелердин биринде талаадагы эшиги жок, бирок айланасы сонун жаратылыш, тоону караган, төбөңдө жылдыздар жакын болуп жымыңдаган "ажайыпканага" (туалет) барчубуз. Жамгыр же кар жаасаанда өзүңөн көрө бер. Шашылганда "Төө-Ашууда" да токтоп калчубуз, мурда жакшы "платный" бар болчу, "5 сом кымбат экен" деп көбү кирчү эмес, кийин ал да жок болду, токтобой калдык. Чычкандын ичиндеги кафелердеги "ажайыпканалар" да жаратылыш менен бир болуп, кээ бирине эле коркпой кирсе болот эле. Токтогулда "цивилизация" жуккан "ажайыпканалар" кийин пайда болду. Кара-Көлдөгү жолдун бойундагы "ажайыпканалар" аман эле болсун, бардыгында "миналар" жана "бомбалар" толтура болчу. Таш-Көмүрдүн кейпи деле ошол эле. Ноокенде бир жерде, муздак, мыкты максым саткан жерде "ажайыпканасы" да мыкты болчу. Жалал-Абадда абал бир аз түзүк болуп, көп жерге кабатыр болбой токточубуз.
Айтып койчу нерсе, бүт жол бою эч бир жерде кагаз аттуу жок болчу, кээ биринде эле боору ооруган бирөө койгон эски дептерлер, же гезит болуп калбаса.
Ошого, машинеде дайыма "ажайыпкана кагазын" ала жүрүш керек эле. Колду жуушту айтпай эле койойун, суу да дайыма машинеде болбосо, анда кир бойдон кетесин, же сурап атып табасын.
Төрт жылдан бери Ош-Бишкек жолу менен жүрө элекмин, балким жакшы өзгөрүштөр болуп, жогоруда айткан проблемалар азыр жоктур..Англичандар индустарды 300 жыл бойу колония кылып туалетке үйрөтө алышпаптыр, биз деле тоодо кенен жүргөн жаныбыз дагы эле жаратылыш менен бирге болгубуз келет..

Комментариев нет:

Отправить комментарий