Поиск по этому блогу

вторник, 19 апреля 2016 г.

Камит Савай Түшүмдө көргөндөй "Ажике"

Түшүмдө көргөндөй "Ажике"

Менин улуу эжем Кара-Кулжанын Сары-Булагына турмушка чыккан. Жакын көрүнгөн менен илгери Кара-Суунун Савайынан жетиш бир тозок болчу. Аны үчүн эртең менен эрте жөнөш керек эле, Савайдан автобуска олтуруп жыйырма мүнөттө Кара-Сууга жетчүбүз, ал автобус бир саатта бир жолу келчү. Кара-Суудан Өзгөнгө олтуруп, жолго дагы бир саат кетчү. Кээде жолубуз болуп калса, Савайдан эле "Жалал-Абад-Өзгөн" деген автобуска олтурчубуз, бирок кашайып ал рейс дайыма эл толо болуп токтобой койчу. Өзгөндөн Советке (азыркы Кара-Кулжа) дагы автобус бир саат жүрчү, көрүнгөн "столбага" токтоп. Анан кийин Советтен Сары-Булакка "грузотакси" деген, тумшугу "ЗИЛ", арты чатыр жабылган "кузовунда" киши ташыганга ыңгайлашкан олтургучтар орнотулган машинеге чыгып жетчүбүз. Ошону аябай жаман көрчүмүн. Ал күнүнө эки эле жолу жүрчү, түштөн кийинкисине кечиксең бүттү, эртеси кетесиң. Бир жолу чын эле кечигип калып, апам экөөбүз Ак-Кыя деген Советтин жанындагы айылда бир таякемдин үйүндө түнөп алып кеткенбиз. "Грузотакси" атын актап чын эле ичинде адамдан башка газ баллондор, ар кандай керектүү буюмдар, бидондор, каптар, тооктор ж.б. иши кылып,  Сары-Булактагылардын базарлыктары толтура болчу. Толмоюнча жылчу да эмес. "Кузовго" чыгып орун алып олтургандан кийин да бир сааттан кийин жөнөчү. Чыгып- түшүш да бир тозок бийик "кузовго". Кетип баратканда машине катуу чайпалган сайын эл да чайкалып, тооктор кыйкырып, кичинекей балдар ыйлап, ортосунда орун тийбей туруп тургандар олтургандарга жыгылып, бирок эл ал убакта пейили кенен беле, эч кимиси бири-бири менен талашып-мушташпай, бака-шака болушуп көңүлдүү барышчу. "Кузовдон" эч нерсе көрүнбөй, айдоочу токтогондо «баланча» жерге келдик деп кыйкырчу. Анан "грузотакси" кыйналып-кысталып бел ашып, жамгыр жааса кээ бир жерде тыгылып, чайпап-чайпап "Калинин" колхозуна, Сары-Булакка жеткизчү.
Сары-Булак эки кырка тоонун ортосунда узунунан созулган айыл. Айланасы бүт эле тоолор болгондуктан, эл мал менен алек болуп жан багат. Жездем мектепте мугалим болуп иштечү. Эжем колхоздо кассир, бухгалтер болуп иштеп жүрдү. Үйлөрү тоонун боорунда болуп, сууну ылдыйдан ташып барышчу. Жайында салкын, кышында кар көп жаап, суук болот. 
Мени кичинемде таң калтырганы, үйүнүн бир четки бөлмөсү кышында "муздаткыч" бөлмө  болчу, согум эттер, карында майлар, чучуктар сакталчу. Ысык, жумуш көп Савайдан кийин Сары-Булак өзүнчө эле курорт болчу. Эжем да, жездем да такыр бизди иштетишчү эмес. Алардын өздөрүнүн он баласы болуп, эжем "Баатыр-Эне" эле.
 
Эжем биякка келин болуп кеткенде мен алты жашта элем. Эсимде, эжем көшөгөнүн артында олтуруп, узатканда улуу эжелерибиз кадимкидей кошок айтып коштошушкан. Чын эле бир алыс жакка кеткендей көрүнгөн, "оу, Советке келин болуп кеттиби" дешип, тим эле жердин түбүнө кеткендей айтышчу, жыл өтпөй төркүлөп келгенде аябай сүйүнгөм.
Бир жолу жайында Киевден окуудан каникулга келгенде апамды эжем чакырып, Сары-Булакка жөнөп атыптыр. Көрсө, эжем апамды «Ажике жайлоосуна малчылардын чоң майрамына келип кет» деп чакырыптыр. Апам мени болсо, "жайлоого барып, эс алып, кымыз ичип кел, азып кетипсин, купкуу болуп" деп, мен айылда болгум келгенине карабай алып кетти.
Мурда Ажике жөнүндө көп укчумун эжемдерден. Алар жайлоого чыкпаса да, малдары чыгып келчү. Ошол күнү түшүмдө Ажикени көрдүм:
«Боз үйдүн ичинде бийик "ложада" жатыпмын, жолборстун терисин жамынып. Сулуу кыз жыгач пиалага толо кымыз сунуп жатыптыр, турбай эле тартып жибердим. Анан, тигил кыз мага кийим кийгизди, илгерки баатырлардын кийиминен экен. Эшикте киши толтура, мени көрүп саламдашышып, жол бошотушту. Айланада аппак тоолор, чалкайган төр, жапжашыл көктөм, куштар сайрап, аттар кишенеп, алыстан карышкырдын улуганы угулат. Чоң куш келип алысыраак конуп калды. Эми кайтып, жанагы сулуу кызды эч жерден таппай издеп жатып, ойгонуп кеттим». 
Эртеси апам экөөбүз жөнөдүк, Сары-Булакка келсек жездем эле бар экен.
Эжем балдар менен Ажикеде экен. Эки ат менен Ажикеге бет алдык. Жездем мага атты кантип башкарыш боюнча кыска инструктаж өттү. Өмүрүмдө экинчи жолу ат минишим болчу. Мен минген ат аябай жоош, баарына кол шилтеген ат экен, "илибой" жакка кете берет экен. Апам жездеме учкашып, мага учкашкандан коркту, "ат мингенди билбейсиң, ала салдырасың" деп. Жездем куржундарды аттарга артты. Ал алдыга жүрүп, мен ээрчидим. Кыска жол деп тоолорду ашып, бир капчыгай менен жүрүп, суудан өтүп, ат менен жүрчү жол менен эле Ажикеге көтөрүлүп бардык. Эми жаратылыштын сулуулугун сөз менен айта албайсын, шибер- көкмөк чөптөр, көздүн жоосун алып, ар түрдүү аңкыган жыттуу, ар түстүү гүлдөр, кээ бир жерлерде коюу, кээ бир жерде сейрек, боордо өскөн карагайлар, ичсең тишти какшаткан туптунук суулар. Бир жайылган төргө катар-катар жыйырма чакты боз үй тигилиптир. Эжем бизди бир боз үйгө алып кирип эле олтургузуп, ал жердеги аялдар олтурганда эле кымыз беришти. Жолдон чарчап, чаңкап келген жаным муздак кымыздан эки пиала алып жиберипмин. Жамбаштап жата турайын деп ошол жерде уктап калыпмын. 

Ойгонуп кетип, каякта жатканымды түшүнбөдүм. Эмнегедир өткөндөгү Ажикени көргөн түшүм көз алдыма келди. Чын эле боз үйдүн төрүндө жатыпмын, жамынганым жолборстун териси эмес, бирок окшошуп кетет экен жүндөрү, мага чоң тон жаап коюшуптур. Эми турсам бир кыз кирип калды, гүлдүү көйнөкчөн, башында жоолук, беттери кара тору, көздөрү бакырайган, орто бойлуу, колунда чака. Мени көрүп уялып кетти. Кайра чыкканга шашты. Түшүм эске түшүп, өзүмө келгиче, атын сурагыча сыртка чыгып кетти. Тонду жамынып, эшикке чыктым, жанагы кыз көрүнбөйт. Эшикте майрам кызып жаткан кез экен, эл толуп кетиптир, ак футболкага, джынсы менен тон кийген, ак кепкачан мени карап эле калышты, бул кайдан келген неме эле деп. Музыка угулуп, артисттердин ырдаганы угулду. Бир убакта катуу дүркүрөгөн добуш чыгып вертолет көрүндү, түшүмдөгү куштай ары барып конду. Эл дүрбөп эле калды, вертолетко чуркашып. Кийин сурасам, чоңдор учуп келиптир обкомдон. Майрам уланды, чондор сүйлөдү, сыйлыктар тапшырылды, мен болсо кырга басып, бийигирээк жерден Ажикеге көз салып кыйла олтурдум. Кудайым кыргызга берген ажайып Ажике түшүмдөн да сулуу болуп, керилип жаткан жашыл килемдин үстүндөгү ак калпактарга окшогон боз үйлөр, ары жакта жашылдан акка жогору карап айланган бийик тоолор... 
Кайра кайтып жанагы кызды издеп таппадым. Эжем оюма койбой бир боз үйгө алып кирип көп кишинин ичине тыгып койду. Бир жолу чыгып кетсем, кайра алып барып олтургузду. Сураганга же атын билбейм. Эт, бешбармак жеп бүткөндөн кийин эжемдин чоң уулу "айылга кетесизби" деп калды.
Апам да кайта турган болду. "Майрам бүттү, кой болду эми, Савайга барып жумуш кылалы" деди апам. Эртеси эле кайра кайттык. Ошентип, Ажикенин сулуусу менен да таанышпай калдым, Ажикени болсо түшүмө кирсе экен десем ошол бойдон кирбеди, бирок Ажике  жайлоонун дүйнөлүк эталону катары эсимде калды...

Комментариев нет:

Отправить комментарий