Бейиштин төрү
Алайда
Мектепте 9-классты бүтүп, чыдамсыздык менен
күткөн жайкы каникул башталып, шалы(күрүч) отоп бүтүп, Шарихан-Сай дарыясынын
кууш өрөөнүндөгү жардын алдына мал баккан убак. Атам мени быйыл сөзсүз шалы
отоп бүткөндөн кийин бир жумага бийик тоолуу, даңазалуу Курманжан Датка доор
сүргөн, айтылуу Алайдын жайлоосуна алып
барып келем деп сөз берген болчу. Мен Алай жөнүндө атамын айткандарын көп угуп,
качан бир ошол табышмактуу, көркөм тоолорго барам деп дегдечүмүн.
Саратанда
күнгө күйүп, аптапта чыдабай дарыянын суусунан чыкпай, кечке ойноп, мал карап,
кечинде келсем, атам да Алайдан келип калды. Ошол убакта ал колхоздун мал-товар
фермасында айдоочу болуп иштеп жүргөн.
- Ата, шалыны эбак отоп койдум,
мени эми качан Алайга алып барасыз? - деп дароо жабыша калдым мен.
- Аа, азамат, баракелде! Эгер
бүтүрсөң, «айтылган сөз, атылган ок» деген,
анда бүрсүгүнү жолго чыгабыз, даярдана бер, - деди атам мени сүйүндүрүп.
- Аа… Эмне дейт? Сенин уйларыңды
мен багамбы же иштейминби?! Барбайсың эч
жакка. Алайда эмне бышырып коюптурбу?! - деп апам кагып койду эле, менин маанайым дароо өчтү.
- Ой жөн эми, баланын шагын
сындырбай… Деги эле эч жакка чыкпайт, үй күчүк болуп… Кой, барса барып келсин
атасы менен, малга беш күн мен деле чөп оруп берип карап турам, - деди жакшы
көргөн таенем шылкыя түшкөн менин башымдан сылап.
- Анда мейли, бирок үч күнгө эле
барып кел, жумалап жайлоодо жыргап жатып албай, - деп апам жумшарып, уруксат
берди.
- Эй, жолго эле эки күн кетип калат… Алай эмне, сага бул
турган Кара-Суу беле? Мени менен бир жумада кайтат, ал жерди жайлоо дейт, ал
жакта автобус деген жүрбөйт да кетип калгыдай, - деп шеңиреңдеп калган мени ого
бетер сүйүнттү атам.
- Ой билбейм, иши кылып эрте
келгиле, уйларың сени сагынып өлүп калышпасын, - деп күлүп жиберди апам мени
карап.
Менин таенемдин аты Асел болчу,
деги бир тынчы жок, дайыма бир нерсе кылып, иштеп эле турган киши эле жарыктык.
Апам жумушунан бала-бакчадан келгиче бизди да карайт. Үй-бүлөөбүздө жети
балабыз, агам Фрунзеге окууга кетип, экинчиси мен, калган ини-карындаштарым али
кичине.
Таенем эртең менен эрте туруп,
уйларды саап, сүттү бышырып тартып, биз турганда каймак да даяр болуп калат.
Сүт тарткычты кырылдатып бир калыпта
айлантып атып, эрте турган таенем
үргүлөп да кетчү. Сүт тартып бүткөндөн кийин сүт тарткычтын ичиндеги кичинекей “конус” темир табактарына жабышкан сүт каймакты жалап тазалачубуз. Ал табактардын 0 дөн 32 ге чейин номерленип, ким эрте турса
ошол жалачу, агам (менден үч жаш улуу) окууга кеткенче экөөбүз талашып,
мушташканга чейин барчубуз. Кээде таенем тепетең 16 дан бөлүп берчү. Ал кеткенден
кийин мен өзүм тазалап калдым. Менден кийинки карындашым уктап калып, ага
таштаганга болчу эмес, анткени, табактарды таенем дароо жууп койчу.
Анан таенем жаңы тартылган каймак, ысык нан менен чай берип, сөрүдө олтуруп
алып шашпай ичип, жакшы тоюп алып уйларды сайга айдап жөнөчүмүн.
Атам жайлоого жөнөгөнү даярдык
көрүп, кечинде кеч келчү. Атамдын мен мектепке колдончу дептерлердей эски
дептерине жайлоодогу чабандардын заказдарын, өтүнүчтөрүн жазып алчу. Чабандар
июндан сентябрга чейин жайлоодон түшпөй ошол жакта болгондуктан, аларга азыктарды
жана бүт керектүү нерселерди ташыйт. Кээде атам чай ичкиче, машинесинин
кабинасына чыгып олтуруп, ошол көк
дептерин окуп калчумун. Калем менен чабандардын, алардын аялдарынын аттарын жазып, алдына өтүнүчтөрү
жазылчу. Көбүнчөсү алар күнүгө керектелүүчү товарлар: газ баллондор, ширеңке,
туз, калемпир, пиала, батарея, чырак фонар, кашык, эмеректер, жашылча-жемиш,
кант, күрүч, ун, макарон, балык консерва, самын, чылымдар ж.б.
Анан бир атайын заказдар да болчу, бир
жолу атам мал-товар ферманын башчысы Абий ака менен чай ичкенче ошол заказдарды
талкуулап атканын угуп калдым.
Дептердеги тизмени карап, Абий ака кээ бир заказдарга токтоп, үн чыгарып
окуп калчу кээде.
- Охо, Төлөнбай ака, карасаңыз, Акун аканын катыны дагы баягы бетмай
дептир, эмне муну алар жейби тигил олчойгон кызы экөө. Жайлоодо кимге
жасанышат, күзгү да сурашыптыр, алардын меникиндей капкара беттери бетмайды
тонналап шыбаса да өмүрүндө агарбайт. Келген сайын бетмай издейбиз, то-обо, - деп жини келет.
- О-о, Калил түрккө, албетте, сакал алгыч, болот лезвие, баары- жогун бир
күндө эки жолу кырат го бул, эми жайлоодо сакалды албай деле койсо болот да бир
жума-бир жума, ушул түрктөр жүнгө бай болушат, - деп күлүп калчу.
- А бул вазелинди эмне кылат? - деп күлөт атаман сурап.
- Суукта балдарынын, өздөрүнүн колдору жарылып кетсе керек, ошого
сыйпаганга го, - деп жооп берчү атам.
Бул заказдардан башка да сырдуу заказдар болчу, аларды ферма башчы билчү
эмес. Бул спирт ичимдиктери, атам аларды жөнөп кетээрде сатып алчу.
Атам колхоздогу, айылдагы жаңылыктарды да угуп, топтоп, барганда чабандарга
айтып бермек.
- Эй, байбиче, о айылда эмне ушак, жаңылык бар, жайлоого барсаң чабандардын
аялдары эле тажатты, “эмне болуп атыптыр, айтып бербейсизби”- деп сурап калар эле апаман.
- А, эмнесин айтайын, Кубандын баласы үйлөндү, аркалык келин алды, анысы
эркектердей шым кийип келген имиш, чачы да кыпкыска экен. Маткаримдин кызы
мединститутка өтүптүр, эки бука, бир койдун пулу кетиптир, Таирбектин баласы
кошунасы Каримбердинин корозун уурдап,
эми урушуп атышат.... мына ушулар. Дагы эмнени айтып берейин, - деп апам
айткыча, чарчаган атам үргүлөй баштайт.
- Аа, муну карасаңар, мен кимге
айтып атам, бул качан эле түш көрүп аткан го, - деп апам атамы түртүп калчу.
Атам жайлоо менен колхоздун, айылдын ортосунда үч ай почтальон болчу, ал убакта жайлоодо радио тартчу эмес,
чабандар гезит деле окушчу эмес.
Ошентип, мен дегдеп күткөн Алайга жөнөөр күн да болду. Эртең эртең менен
жөнөйбүз деген күнү уктабай чыктым, география китебимен Алай жөнүндө дагы
окудум. Атамын машинесинин кузовунун алдында эки чоң, чоңдугу мендей, бензин
куйган капкара “бочка” байланып турчу. Бул жолу жүн кырка турган аппараттарды
да жүктөдүк. Апам жолго деп бир сумка карматты, ичин ачсам жылуу кийимдер,
өтүк, тумак да бар экен.
- Саратанда кышкы кийимди эмне кылам? - дедим таң калып мен.
- Муну кара, ал жак сага Савай беле, ал жайлоо дейт, эртең менен-кечинде
кадимкидей суук болот. Кар жаап коюшу мүмкүн,
үшүсөң алып кийгин, - деди апам.
- Тамак ичкин, бутуңан жылуу байпакты чечпе, тоого жалгыз баспа, - деп
насаат айтты таенем.
Анан, колхоздун борбору Кызыл-Шаркка барып бензин куюп, Кара-Сууга барып
базарлагыча түш болду.
Кубанычым койнума батпай, өзүнчө эле толкунданып, биринчи жолу айылдан алыс
жакка аттанганыма өз көзүмө ишенбей бара жаттым. Жолдо дагы бир нерселерди
алып, кечке жуук таяке журт Кызыл-Сууга жеттик. Ал убакта Кызыл-Суу бийик
созулган Алдияр тоосунун бери жак боорунда, Кызыл-Суу дарыясынын жогору жагында
жайгашкан эле. Чоң таятам Жолдош койгон, апамдар айтып жүргөн Т-34 танкасынын
эстелигин көрүп, бир таякемдин үйүнөн
чай ичип алып, Кабылан-Көл аркылуу Гүлчөгө
жол тарттык. Атам жол боюндагы айылдар жөнүндө да мага айтып берип
турду. Ал мындай эле:
--Илгери, бир уламыш боюнча ушул айыл турган жерде чоң көл болуп, айланасы
жапайы токой, кабыландар көп болгон имиш. Кийин бул суулуу, тоо этегиндеги түз
жерлерге, туптунук муздак суусу бар
көлдүн боюна адамдар отурукташып, ошол жерлерди илгертен байырлаган
кабыландарды өлтүрүшчү Акыркы кабылан өлгөндө эмнегедир бир табышмак сыр менен
көл да түбү менен жоголуп кетиптир. Азыр эми ошол көлдүн ордунда саз калган.
Анан айыл Кабылан-Көл деп аталып калган экен”.
Биз андан ары суу бойлоп, жогору карай өрлөп атып, бел аштык. Бел менен
көтөрүлүп атканда сол жакта бийик жерде жылтылдаган кызыл жарык көрүндү,
караңгыда деңиздеги маякка окшоп бирде өчкөнсүп, бирде жангандай болуп турат
экен, көрсө ал телемунара экен. Белди ашып,
түн кирип келгенде Алай районунун
борбору, Гүлчөгө түштүк.
Атамдын эжесинин үйүнө кечки саат ондордо жеттик, бир аз чай үстүндө
баарлашып, андан кийин жаттык. Эртең менен таң атаары менен атам мени ойготуп,
Сары-Ташка жол алдык. Жол Гүлчө дарыясын бойлоп, жыландай сойлоп, бир туруп оң
жагына, бир туруп сол жагына өтүп, анча деле бийик эмес тоолордун боорлору
менен акырын өйдөлөп узарат. Көбүнчө чоң айылдар ушул Ош-Хорог жолунун боюнда
жайгашкан, биринчи чоң Кызыл-Коргон,
анан Сопу-Коргон айылдарын аралап өттүк.
Атам экскурсия учурундагы гидге окшоп, жолдогу айылдар, алардын аталыштары, эмнеге мындай коюлгандыгы
жөнүндө мага айтып берип жатты:
- Кызыл-Коргон болсо, же бияктагы коргон айланадагы топурак жердин
түсүнөнбү, же коммунисттердин кызыл байрак түсүнөнбү, коюлуп калган окшойт деп
ойлойм, Ал эми “сопу” болсо, бул арабдардын «суфи» деген сөзүнөн чыккан болушу
мүмкүн, “суфи” же кыргызча “сопу”, минтип такыбачылыкты туу тутунган, кудайдын
жолунда жүрүүнү өзүнө ниет кылып, ошол жолдо аракет кылган адамдарды айтышкан.
«Суфизм» араб тилиндеги “сууф” деген сөздөн келип чыгып, анын мааниси жүн
дегенди түшүндүрөт. Алгач минтип жүндөн кийим кийгендерди аташкан, кийин ал
диний мааниге өтүп кеткен. Анан кыргыздар ушул жолго түшкөн мусулмандарды
“сопулар” деп коюшкан.
Ошондой бир сопу киши ушул жерге отурукташып, ушундай аталып калышы
мүмкүн”.
Атам колхоздо жөнөкөй айдоочу болгону менен ислам тарыхын жакшы билип,
китепти көп окучу. Кийин пенсияга чыкканда атам арабча окуганды үйрөнүп,
Меккеге зыярат кылып “ажы” болуп, көп жылдар бою биздин чоң айылдын мечитинде
имам болуп жүрдү.
Андан ары жүрүп олтуруп «Кум-калла-мазар» деген кызык аты бар жерден өттүк.
Дагы эле менин суроомо, атам бул ат жөнүндө да шашпай айтып берди:
- Мен бир жолу атайын токтоп да көргөм. Бул жерде мазар бар “Мазар” деген
сыйына турган ыйык жер. Менин угушумча, илгери бир хандын кордугуна чыдабай,
башка эч бир жерде кың дешпей баш ийип жүргөндө, ушул жердеги кыргыздар гана
ханга каршы көтөрүлгөн экен. Анан, хандын желдеттери таап келип бул жердеги
кыргыздардын бирин да калтырбай баштарын кесип, бир жерге үйүп, айылды жок
кылышып кетишиптир. «Кум» деген сөз араб тилинен «көтөрүлүш», ал эми «калла»,
бул өзүңөр билесиңер “баш”, кийин элдер келип бул жерде жаткан баатыр
маркумдарга куран окуп, мазарга айланып
калыптыр.
Машина билинбей өйдөлөп атып, акыры сол тарапта бийик үч эм эгиздей окшош
зоолор көрүнүп, «Жүркүн» деген айылга
келдик. Бул айылдын аталышы да мага кызык көрүндү, атам муну да бир заматта
чечмелеп койду:
- 1920-жылдары бул жерлерде Кызыл Армиянын чек арачылары менен басмачылар
согушуп келген, басмачылар Кызыл Армияга моюн бербей, совет бийлигине каршы
көтөрүлүшкөн, бирок алар салыштырмалуу аз күч болуп, курал-жарактары начар
болгон. Ошол кагылышуулардын биринде Юркин деген орус Кызыл Армиянын жоокери
каза болуптур да, совет бийлигиндегилер бул айылдын атын ошол жоокердин
урматына “Юркин” деп коюшуптур, кийин “ю” га тили келбеген кыргыздар “Жүркүн”
деп которуп коюшкан.
Дагы жүрүп олтуруп «Арчаты» деген чек
ара постуна жеттик, тизилип токтоп турган машинелер көп экен, демек, биз
СССРдин чек ара зонасына кирип келдик. 1970-жылдары Кытай менен чек ара аябай
катуу көзөмөлдө болгон, ошого чек ара зонасына Улуттук коопсуздук кызматынын,
СССРдин «атайын пропуску» менен гана кирүүгө болор эле. Атам мени 16 жашка жете
элек уулум деп өзүнүн пропускуна жазып, жашыл шапкечен орус чек арачылар
документтерди текшерип, тез эле өткөрүштү.
Ары карай өрөөн кыйла кеңейип, сол жакта бозоргон, кээде жашыл тоолор
бийиктеп, оң жакта апакай бөксө тоолор көрүнүп, Ак-Босого деген айылдан өттүк.
- Бул айылдын ары жагынан акиташтын чоң кени табылган, ошон үчүн тоолору
апакай көрүнөт. Экинчиден, бул Талдык белинен кийин өрөөндүн босогосунда турат,
балким ошондон Ак-Босого болуп калган, - деп атам мен сурай электе айтып берди.
Ак-Босого артта калып, Ош-Хорог жолунун эң кыйын, кызыктуу бөлүктөрүнүн
бири, мен дайыма атаман угуп жүргөн айтылуу Талдык белине жакындадык. Белге
жетпей суунун боюна токтоп, апам салып берген нан, гүлчөлүк эжебиз берген эт
менен чай ичип, бир аз эс алдык. Суу өлө
муздак экен, ичсең тишти какшатат, Савайдын Шарихан-Сайы дароо эсиме түштү,
“азыр менин досторум жыргап сууга түшүп атышат го, малды сайга камап коюп” деп
ойлодум. Бирок, ал досторум мендей болуп мындай сууну, бийик, сүрдүү тоолорду, муздак шамалды, таптаза, чаңы жок абаны
көрбөй-билбей атышат деген ой мени кайра шердентти.
Атамын көк термосундагы чайды ысык ичсем дечү элем, аны да ичтим.
Бир аз жүргөндө, Гүлчөдөн бери бизди жандап жүргөн дарыя бизден сол тарапка
кача баштады, акыры көрүнбөй да калды. Биз болсо оң тарапка өйдөлөп, айтылуу
Талдык белине акырын көтөрүлө баштадык. Мен атамдан суранып, белди жакшыраак
көргөнү кузовко чыгып алдым, апам салып берген жылуу свитеримди кийип. Кузовдон
Алайдын чокулары, аппак карлуу тоолору даана
көрүнүп, муздак шамалдан көздөн жаш агып, кара “бочкалардын” жанында бара
жаттым. Ий, айткандай, атам минген
колхоздун ошол убактагы мен деген машинеси «УралЗиС- Урал-355М» жүк ташыгыч машинеси эле. Жүк көтөрүмдүүлүгү
3,5 тонна болгону менен, атам айткандай 5 тонна деле тарта берчү.
Кыймылдаткычынын көлөмү - 5,55 л, алды- арты тартчу. Жүгүбүз өтө эле оор
болбогон менен машине жогорулаган сайын акырындап, үнү катуу чыгып, кээде кыңылдап, кээде арылдап белге келдик.
Жолдун боюнда суусу кайнаган, түтүн каптаган машинелерди да көрдүм. Мен жөн
турбай, канча бурулуш (серпантин) бар экенин эсептей баштадым. Машине бир ары
барып, анан кайра эле баягы жерге бир аз бийигирээк болуп олтуруп, жол кээде
чаңдап, 22 же 23 бурулуштан кийин чокусуна жетип келдик.
Белдин бийиктиги деңиз деңгээлинен 3615 метр бийик экен. Мынчалык
бийиктикке өмүрүмдө биринчи жолу чыгышым. Белдин чокусунда сөөккө жеткен муздак
шамал уруп, 50 метр ары аппак, кадимки кыштагы кар жатыптыр, өмүрүмдө август
айындагы карды биринчи жолу көрдүм. Эгер ылдый карасаң, тээ ылдыйда белди ашам
деген машинелер ширеңкенин кутусундай болуп кыймылдап атканы көрүнөт.
Атам колун башка тарапка каратып, биякты кара дегендей колун көтөрүп калды.
Анан мага сүйлөп атты:
- Мына, аба-ырайы жакшы болсо бул жерден Ленин чокусун көрсө болот (бийиктиги 7134 метр). Тээ карасаң, Алай өрөөнүнүн үстүндө турган аппак тоо
ошол, белден көрүнгөн тоолордун бийиктиги 5000 метрден кем эмес. Жайы-кышы
кар кетпейт, мөңгү атам замандан бери эрибейт.
Белден ары такыр башка климат, башка табийгат башталат.
Эми буга чейин сен көргөн жылаңач тоолор,
ар түстүү дөңдөр,
адырлар жок болуп,
таң каларлык жапжашыл жайлоо төрлөрү,
самындай көбүрүп аккан таптаза суулар,
килемдей жайылган түрдүү гүлдөр пайда болот.
Ооба, күн тийип, кээ бир жерлер
жалт-жулт этип, чалкайып жаткан өрөөндүн фонундагы керемет тоолор, бул мен окуп
жүргөн бир фантастика китебиндеги, деги эле бир башка планетадай
сезилди. Бул сулуулуктун кеңири сүрөтү дагы
эле эсимде, көз алдымда, эч бир сөз менен айтып, сүрөттөп да болбойт. Оозум
ачылмак турсун, бүт денем дүркүрөй түштү.
“Алай өрөөнүндө шибер чөп тизеден
келип, алыс жакта жайылган жайлоолор көрүнүп, миңдеген кой, ат, топоздордун
армиялары Кичи-Алайдын мөңгүлөрүнүн эригенин күткөнү кирип келишип, аппак
сүрдүү тоолордун тынчтыгын бузгандай”, -
деп 1903-жылы орус офицери Н. Л. Корженевский жазган экен. Илгери Талдык белинде Памирге жол
курган адистердин, салгандардын аттары жазылган мамылар болчу дешет. Булар
подполковник Б. Л. Громбчевский, инженерлер Мицкевич, Бураковский, Зараковский,
подпоручик Ирмут ж.б. 1916- жылы Талдык аркылуу ат араба жүрө турган жолду
Россия империясынын австрия туткундары курган деп айтып жүрүшкөн.
Корженевскийдин айтуусу боюнча, Алай өрөөнүнө биринчи ат араба жол андан 22 жыл мурда 1894- жылы орус аскерлери
тарабынан салынган.
Белдин чокусунда Ош-Хорог жолунун биринчи куруучуларынын бири, 1933- жылы
ошол трасса ачылганда каза болгон Юрий Францевич Грушкого коюлган эстелик бар.
Суук шамалга чыдабай, сулуулукка берилип, телмирип катып калган мени атам
машинеге олтургузуп, белден ылдый карап Сары-Ташка жөнөдүк.
Бир аз ылдыйлап, кайра «40 лет Киргизии» (3541 м) белине чыгып, андан ары
кайра ылдый жүрүп олтуруп, Сары-Ташка кирип бардык. Сары-Таш деңиз денгээлинен
3150 метр бийикте турат. СССР убагында чек ара заставасы болуп, Кытайга,
Эркештам жана Тажикистан, Дароот-Коргон тарапка кетчү жолдордун тоомунда
жайгашкан поселок. Сары-Ташта дарак
көрүнбөйт, ачык жерде көчөлөрүнөн чаң көтөрүлгөн, муздак жел жүрүп турат.
Токтобой чыгыш жак тарапка, Эркештамды көздөй бурулдук.
Алай өрөөнү менен жол жүрүп, бир аздан кийин талаада эле чек ара постунда
аскерлер токтотушту. Атам армияда кызмат өтөп, орус тилин да жакшы билгендиктен
орус аскерлери менен орусча сүйлөшүп калды. Атамын орусча сүйлөгөнүн биринчи
жолу уктум, таң калдым дагы. Анткени мен да орусча билем, бирок сүйлөчү
эмесмин. Мектепте орус тил эжеке менен эле бир аз сүйлөшпөсөм, айылда эч ким
орусча сүйлөшчү эмес ал убакта. Атам аскерлерге тамеки белекке берди, аскерлер
«спасибо большое за сигареты» деп бизди тез эле коё беришти.
- Булар дайыма сигарет сурашат, чекпейм десең ишенишпей
жаман көрүшөт, ошого бир-эки куту берип турам,
- деди атам. Атам өзү такыр тамеки тарткан эмес.
Оң тарапта керилип, чаржайыт кең Алай өрөөнү жатат, ар
жагында тизилген аппак чокулар ороп турат. Алыста Кызыл-Суу дарыясы кээде
өрөөнгө чачылып, кээде бир нугуна чогулуп, шашпай агып жатат. Анан биз
Кара-Киндик деген чакан кыштоодон өттүк. Кээде бир коктуга кире коюп, кайра
өйдөлөп, кээде түз жол болуп Алай өрөөнүнүн четин жиреп бара жаттык. Гүлчөдөн
чыкканыбызга беш-алты саат болуп кетти, спидометрди карасам болгону 180 км жол
жүрүптүрбүз, жайлоого дагы эле жете элекпиз.
Биз бараткан жол айтылуу Улуу Жибек Жолунун бир аз гана
бөлүгү болчу, Борбордук Азияны басып алган Орус империясы чек араны караганы
жана Кытай менен сооданы токтотпой, ушул жолдорду тейлеп, көзөмөлдөп турган.
1892-жылы Ош-Кашгар жолунда, Гүлчө дарыясынын жээгине чоң чеп куруп, орус
аскерлеринин гарнизону жайгашкан. Бул жол менен соода кербени тынымсыз жүрүп,
Кокон, Ташкен, Самарканддан соодагерлер Орус империясынын паспортун алышып
Кытайга катташкан.
1885-жылдан баштап Эркештамда чек ара заставасы болгон,
ат араба жол салынган. Ферганадан Кытайга пахта кездемелерин, темирден жасалган
буюмдарды, кант, тамеки, ширенке ташышкан, ал эми Кытайдан болсо, миңдеген
жылдар бою келген чай, жибек, фарфор, териден жасалган буюмдар ташылган.
Алайдын жайлоолорунан ушул жол менен бүтүндөй Түркстан жерлерине эт жөнөтүлүп
турган. Ошол убакта Ташкентте «Алай базары» пайда болгон.
Биз да колхоздун чабандарына көп товар алып келдик,
кичинекей шар аккан суунун боюна жашыл костюмга тигилген ак топчулардай болуп
боз үйлөр көрүндү. Машиненин үнүн угуп,
иттер үрүп, он чакты боз үйдөгү тирүү жандардын бири калбай тосуп
чыгышты, атам машинесин эң ортодогу эки боз үйдүн жанына келип токтотту. Боз үйлөр суудан 20-30 метр аралыкта, экиден-
үчтөн топ болуп тигилген экен, араларында чатырлар да жүрөт. Кичинекей балдар,
иттер да чуркап келишип, бардыгы машинени тегеректешип, тааныбагандар мени ким
деп таң калып карап турушту. Анткени, биздин айылдан бир-эки эле чабан бар
болчу, алар го мени таанышты. Аялдар дароо атаман заказдарын сурай башташты.
Чоңдор машинеге жабылышып, тез эле биз алып келген жүктөрдү түшүрүшүп коюшту.
Мен эми эл менен саламдашып бүтүп, айланадагы Айлама жайлоосун тамаша кылайын
дегиче бизди бир боз үйгө чакырышты.
- Эй, энеңди сары катын, тез чай кой, меймандар чарчап
келишти, - деп кыйкырды ошондо жашы элүүлөргө барып калган, бою анча бийик
эмес, көздөрүн тез-тез жумуп ачып жымыңдаткан, кичинекей мойлосу (сакалы) бар,
башына аппак калпак кийген биздин
айылдык Иса ака.
- Кел өт Төлөнбай, башта сен, эй эненди сары катын бол эми жер төшөк сал, -
деп Иса ака аялына кыйкырып.
- О-о, Камыт чоң жигит болуп калыптыр аа, эми сага катын алып бериш керек,
мына биякта бойго жеткен кыздар ары- бери басып, бекер эле жүрүшөт,
керели-кечке укташат, эрге тийсек экен тезирээк деп олтурушат, - ушул жерге
келгенде атам Иса акага колун көтөрүп, “болду эми, токто” дегендей ишарат кылды
да, Иса ака дым болду.
Аркы-беркини сурашкыча, Иса ака аялын дагы бир-эки жолу сөгүп жиберди.
Сөгүнгөндө тим эле “энеңди, атаңды” биякта эле калды, эки сөзүнүн бири уят сөз.
Аялы, балдары көнүп калышкан го, угуп да коюшпай өз иштерин жасап жүрүшөт.
Менин оозум ачылып калды, атам эч качан
үйдө сөгүнчү эмес, апамы, бизди да эч качан
сөкчү эмес.
Иса ака орусча кошуп да сөгүп атты, кыргызча сөз жетпей калганда. Мен
чыдабай, эшикке чыгайын деп атсам, атам айтып калды.
- Э-э, Иса ака, болду да эми, кечке эле балдардын көзүнчө сөгүнө бересизби,
эми аялыңызды атынан эле айтса болбойбу, - деп калды.
- Аа, мунун атын ким билсин, о энеңди, мен үйлөнгөндө эле аты "сары
катын" болчу, - деп күлдү аялын карап.
Биз да күлүп жибердик, аялы чын эле башка аялдарга салыштырмалуу сары аял
болчу.
- И-ий, "өлүгүңдү көрөйүн, болдучу элдин көзүнчө, жүз грамм ичсе эле
бүттү", - деп аялы кейиди.
Бир чыны чай ичип, бат эле чыктык да өзүбүзгө тууган Кара аканин үйүнө
кирдик.
Кара ака былтыркы жылы колхоз берген турпутевка менен өмүрүндө биринчи жолу
Оштон чыгып, Москва, Ленинград, Балтика шаарларына барып келген, ошолордун
ичинен Латвиядагы Юрмала шаары аябай жагыптыр. Барып келгенден кийин элдер Кара
акадан “Сизге эмне жакты” деп сурашса:
- Мага болгону Юрмала эле жакты, - деп жооп берчү.
- А эмнеге Юрмала, баргандарга Ленинград, Рига жагыптыр го, - деп таң
калышыптыр.
- А койчу ошол Москва, Ленинградды, адам деген колхоздун коюнан да көп
экен, биринин жүнүн бири жейт, каякка барсаң толтура адам, кыжырың келет. Дагы
жакшы согуш болуп, Гитлер жарымын кырып кетиптир, болбосо азыр батпай калмак
экен тобо. Тоодой бийик-бийик тамдарды салышып, ошого чыгып жашашат экен. Жер
үстүнө батпай, жерди казып жол салып
алышыптыр, Алайдын суурларына окшоп. Күнүгө элдер менен түртүшүп жүрүп, кечинде
башым ооруп атты.
Юрмалада сонун экен да, ушул Алайдай тынч, канаттуулар тынбай сайрашат.
Адам аз, килейген деңиз бар экен, ошончо суу каяктан чыгып, каякка барат
десеңер. Бир-эки кабат, бийик эмес үйлөр
көп экен. Башка шаарларга караганда тамакты да жакшы, аябай беришти, өмүрүмдө
жебеген балыктар, колтойгон эттер, мына мобуреки таяктай болгон шишкебек, Оштун
шишкебегинен үчөө келет. Дүкөндөрдө деле түртүшкөн киши жок. Ии, анан бир чо-оң
торт жедим десең, андай тортту сен өмүрүңдө жеген эмессиң, аны жеген да,
жебеген да арманда…
Мына ошентип, Кара ака Юрмала жөнүндө токтобой сүйлөчү. Анан, ал бар-жокту эле Юрмаладагыдай деп
салыштыра берчү, Юрмала баары-жоктон эталон болчу, Тамак Юрмаладагыдай болуп,
үйлөрдү Юрмаладагыдай салып, эмне көрсө, укса Юрмаладагыдай экен, же ошо Кара
ака Юрмалада көргөнгө жетпейт болуп чыкчу. Иши кылып Кара аканин эки сөзүнүн
бири Юрмала болуп калган.
Айылдагылар айтып калчу:
-
Кара акага жолуксаң,
Юрмаланы сурай көрбө, бир саат кармайт, - деп күлүшчү.
Эгер Кара ака менен кача албай сүзүшүп калып:
- Ассалому алейкум Кара ака, - десең, анда Кара ака дароо баштайт, “мен ушу
Юрмалага барганда” деп туруп, же чачыңды, кийимиңди ж.б. Юрмаладагыга салыштырып
кетет.
Бирге баргандар кийин айтышыптыр, көрсө, Кара ака жер астында метрого
түшкөндөн коркуптур, жылып аткан эскалаторго түшө албай коюптур, лифттен
ажыдаарды көргөндөй качып, мейманканада, Москвада 15-кабатка Алайда көнүмүш
тоого чыккандай эле жөө көтөрүлүп, түшүп жүрүптүр.
Ошентип, айылдыктар Кара акани “Юрмала ака” деп алышкан.
Биз Юрмала аканин үйүнө кирип, кымыз ичип олтурсак атамы бирөө чакырып
кетти, мен болсо Юрмала жөнүндө лекция угуп, жолдо чарчап, мындай узак жол
жүрбөгөн эзилген жаным, кымызга, этке
тойгон бойдон катуу уктап калыпмын.
Ойгонсом төшөктө жатам, эбак эле таң атыптыр, атам үстүмө тонун да жаап
коюптур. Боз үйдүн ичи суук, эч ким жок. Сууктан эшикке чыккым да келбей кыйла
жаттым. Апам туура эле айткан экен, бул Савай эмес ысыктан тердегидей, салкын
жайлоо Алай экен, болгон жылуу кийимимди кийип сыртка чыктым. Көргөн көзүмө
ишенбедим, кадимкидей Савайда кышында жаагандай кар себелеп атыптыр. Үшүгөнүмөн
атамын тонун да күпүйүп кийип алдым. Кара аканин аялы мени көрө калып чуркап келди.
-
Атаңдар кой кыркынга кетишти, кеч келишет, жүр чай ичели,
- деп, боорсок, каймак менен чай берди.
Шашпай олтуруп, Кара аканын уулу Аким менен аркы-теркини сүйлөшүп эшикке
чыксак, жанагы кардан дайын жок, чайыттай күн тийип, айлана жаркырай түшүптүр.
Кыш болуп атты эле, дароо жаз болуп калыптыр. Алыста тоонун боорунда капталда
кыймылдаган ак-кара чекитке окшоп, койлор топ-топ болуп жүрүшөт, бери жагында
жылкылар бир токтоп, бир чуркап атышат. Андан бери эмитен эле тоюп алышканбы,
уйлар жатып алышыптыр. Жогору жакта аппак тоолор жакын эле тургандай, сол
тарапта кыйла узакка кеткен жапжашыл төр жатат, оң жагында тоо жакын болуп, ар
жагында дагы бир тоонун жону көрүнүп турат. Ылдый жакта болсо аккан суу бир
көгөрүп, бир агарып ийри-буйру болуп, мөңгүдөн түшкөн сууну кайдадыр алып кетип
атат. Бул жерде деле элдер аз болсо да, бардыгы бирдеме менен алек болуп
тиричилик өткөрөт окшойт. Мен үшүп араң
эми эле биртке жылып, тонду дагы эле чечким келбей атса, кичинекей жайлоонун
балдары көйнөкчөн эле чуркап жүрүшөт, мурдун аарчып коюп. Менин назарым оң
жактагы тоонун боорундагы кар, ок тешкенге окшогон тешиктерге түштү.
- Бул эмне болгон тешиктер? - деп сурап таң калдым мен.
- Аа, алар суурдун ийиндери да, жүр көрүп келебиз, - деди Аким.
Аким мени менен жашы тең болгону менен, менден бою бийик, толук, бетине
кызыл жүгүргөн бала эле. Алыстан жакын көрүнгөн суурдун ийиндерине эки токтоп
эс алып, мен энтигип атып араң жеттик
Баскан сайын мен өмүрүмдө көрбөгөн ар түстүү кичинекей гүлдөр, ар кандай
өсүмдүктөрү, коңуздары да Савайдагыдан башкача экен. Ийиндерди көрүп андан ары
тоонун кыркасына чыктык. Акимдин койлор жакты улам карап аткан дүрбүсүн алып, тамаша кылдым. Ылдыйда боз
үйлөр аппак топташтын таштарына окшоп тизилип турат, ылдыйлаган сайын төр капчыгайга айланып, кууш болуп кетет
экен. Аркы тоонун капталында да койлор жайылып жүрөт, салкын жел жүрүп, таза
абадан айлана алаканда тургандай дапдаана көрүнүп, асмандагы ак булуттар бир аз
эле көтөрүлсөң жеткидей болуп, бирок тез кыймылдап, айлана тыптынч, жымжырт. Мындай
тынчтыкты такыр бузгуң келбейт.
Акимге кандай сезилди билбейм, мен өзүмдү аябай чексиз бактылуу сездим.
Мына, мен китептерден окуган бейиштин төрү ушундай болсо керек деген ой кетти,
Шарихан-Сайда баккан мал да жок, аптапта саратанда сууда тизелеп отогон шалы да
жок, тердетип жүдөткөн ысык да, чаң да, чымын-чиркей да жок.
Эх, кайсы бирин айтайын, ааламдагы жыргалдын бардыгы Алайда экен, ушул
бейиштин төрүндө жашап жүргөндөр дүйнөдөгү эң бактылуу адамдардай сезилди мага.
Ылдый түшүп баратып Акимди таң калтырып, гербарий жасаганга гүл,
жалбырактарды көп кылып терип алдым. Анан, Акимге жардам берип кой караштым,
бээ байладык сааганга, ат мингенди үйрөндүм, иши кылып бошогон жокмун.
Үчүнчү күнү атам мени Кара-Киндикке алып кетти, ферма башчы Абий ака менен.
Жолдо Абий ака көп ыр ырдады, мени да ырда деди, бирок мен уялып ырдаган
жокмун. Суунун боюна токтоп чай ичтик, эт
жедик.
-
Камыт, Алай жактыбы? - деп сурады Абий ака.
-
Ооба, бул жер бейиштин төрү турбайбы, - дедим мен.
-
Оо, балаңызды көрдүңүзбү, катуу жаккан экен, Айлама сонун жайлоо да, кал анда, Иса аканин кызын
алып берейли, бейиштин төрүндө жашай бересиңер, - деп күлдү.
Мен анын кызын билем, чоң сары кыз, дароо Иса аканин аялын айтып сөгүнгөнү
эсиме түштү.
-
Майли, ал сары быштак жакпаса, кара түрк Калилдин палван
кызын алып берели, ишти жаман өлтүрөт да, эй, эркектердин колунан келбегенди
жасап коет, ого үйлөнсөң кор болбойсуң, - деп тамашалап дагы күлүштү.
Кара-Киндикке келсек, жашоо жөн эле кайнап атыптыр, кой кырккан аппараттар
тартылдап, бир жагынан таразага тартышып, машинеге жүн жүктөшүп, адам көп, кажы-кужу. Белгиленген убакта ким
көп кой кырка алаары боюнча мелдеш болду, жюри эсептеп, жыйынтыгын чыгарып,
талаш-тартыш болду, жеңгендер акчалай сыйлык алышты, колхоздун раиси Тарасенко
деген орус киши сүйлөдү, кой союлуп
майрам болду. Кайра кайтканда жол бойлоп кадимки эле аскердик танктар
туруптур. Кинодон көп көргөн танктар
андан да чоң болуп көрүндү. Токтоп көргүм келди, бирок, атам “токтогонго
болбойт, уруксат бербейт” деп айтканына капа болдум. Эртеси атам кайра бир
жумуштар чыгып артка, Кара-Сууга жөнөмөй болду. Ошентип, бейиштин төрү Алайга
“командировка” беш күндө бүттү.
Кайтканда жамгырга карабай кузовго чыгып Ленин чокусун, чалкыган Алай
өрөөнүн, асман менен бир болгон Талдык белин, чимирген бойдон түшкөн анын
бурама жолдорун дагы бир жолу көрдүм.
Эртең менен Алайдан чыгып, күүгүмдө мени сүйгөн уйларыма,
бөлүнүп, төрт бурчтук болуп суу баскан шалыларыма, Алайдын суусундай таза
болбосо да ысыктан сактаган Шарихан-Сайга, көзүмө мурдагыдан дагы сулуу
көрүнгөн боорум- Савайыма кирип келдик.
Ошол ошол болду, Жүркүндөн ары экинчи жолу Алайдын
жайлоосуна барганга мүмкүнчүлүк болбоду, эми балдарыма мен бала чакта көргөн
бейиштин төрү Алай кандай болоорун көрсөтсөм деп кудайдан тилейм.
Комментариев нет:
Отправить комментарий