Поиск по этому блогу

пятница, 15 апреля 2016 г.

Камит Савай "Кыргызым" эссесинен үзүндүлөр..

Камит Савай "Кыргызым" эссесинен үзүндүлөр..
Илгери кыргыздар бирөө жарымдан карыз алса дароо кайтарган эмес, керек болгондо ал да карызга берчу, ошод психология аябай синип калган мээбизге, ошого банктан болобу, микрокредитпи карыз алсак көбүнчөсү бербейбиз, чойобуз, ошого мамлекетибиз да бизге окшоп карыз алып, бирок бергенге эч шашпайт..Эгерде акча буюмубуз бар болсо карыздан аябайбыз, “ала бер, кантип бербейин” дейбиз, убакыты келгенде кайтарбайт да, анан кас болобуз...
Кыргыздар нанды ыйык тамак деп баркташат. Кыргыз нанды тебелебейт, ыргытпайт, тескерисинен койбойт, бир кол менен сындырбайт, корунгон жерге койбойт. Меймангабы, салтанаткабы нан ала барат, ал жерден да нан салып беришет. Уйуно бироо келсе да биринчи нанын койот. Шашылган кыргыз нан ооз тийип кетет. Нансыз кобу тамак да ичпейт. Кыргыз карганса да "нан урсун" дейт.
Кыргыздар тууганчылыкты аябай баркташат. Бир туугандар го биринчи кезекте дайыма. Анан, ата жактан, бир уруудан туугандар, таяке журт, аял жактан туугандар кийинки кезекте. Тууганчылыктан чыгып калгандан кыргыз аябай коркот. Бир жакта туугандар бирдемке откоргону чогулса "албетте созсуз барыш керек, туугандардын катарынан чыгып калбайлы, дейт. "Тууганды анан кайдан табам" дешет. Алыс тууганы каза болсо да жанталашып топурак салганга аракет кылат. "Жакшылык го жакшылык, жамандыктан калбай барыш керек" дешет. Тууганы жамандыкка келбей койсо катуу таарынышат.
Кыргыздар балдарын үйлөгөндө өкүл ата-эне тандап койушат. Мурда үйлөнүп аткандарды, кудаларды жакшы билген, аттуу, барктуу тууган, достордон койушса, азыр өкүл ата болуп колунда бар бизнесмен, чиновниктер көбүнчө болуп калды, кээ бирлери үйлөнүп жаткандарды тойдо биринчи жолу көрүшөт. Бир мурдагы жаштар министри "500 өкүл балам бар" деп мактанды эле, эми ал көбүн тааныбаса да керек. Чоң кызматта болгон убакта шатырап өкүл ата болосун, жумуштан түшсөн өкүл ата эмес, тойго да унутушат чакырганды.

Комментариев нет:

Отправить комментарий