Поиск по этому блогу

вторник, 26 апреля 2016 г.

Камит Савай Бир көрүп, түбөлүк сүйгөн Ысык-Көл

Бир көрүп, түбөлүк сүйгөн Ысык-Көл

Ошто чоңоюп, кичинемде Ысык-Көл жөнүндө телевизордон эле көрүп же барып келгендерден угуп, бул кандай көл болду экен деп, деги эле жакшы элестете алчу эмес элем. Мен бала чакта көргөн эң чоң көл, бул биздин айылдын жогору жагындагы көл болчу. Азыр ойлосом, ошол убакта Кара-Суу районундагы Савай айылы сууга бай жерде турган экен, ылдый жагынан Шарихан-Сай дарыясы чоң каньон (сай) менен жайылып агып өтсө, жогору жагында Савай-Арык деген чоң канал бар эле. Анжиян суу сактагычы бүтө электе суулар жаздан күзгө чейин чопо топурактын өңүндөй болуп агып, кышкысын бир аз көгөрүп калчу. Айылдан бир аз алыс жакта, Савай-Арыктын жанындагы көлдү "Чоң-Көл" дечүбүз, анткени майда көлдөр да бар эле. "Чоң-Көлдүн" эң жазы жери он метрдей болуп, узундугу жүз метрден ашык болчу. Ортосу терең, суусу булактай болуп таза, муздак, жээги кум, дарактар арбын өсчү. Күн ысыкта бул көлгө түшүп жыргайт элек. Каньондо мал бакканча Шарихан-Сайдын ылай суусуна чөмүлсөң денең бопбоз болуп, ун сыйпап койгондой болуп калат, "Чоң-Көлдө" андай болчу эмес. Ошого, кээде алыс болгонуна карабай чөмүлгөнү "Чоң-Көлгө" барчубуз.
Ысык-Көлдүн  "Чоң-Көлдөн" өтө эле чоң экенин географиядан окугандан кийин билдим.
Анан, Киевде окуп жүргөндө деле чоң көл көргөн эмесмин. Каникулга келгенде үйдөгүлөргө жардам берип, шалы отоп, мал карашып, Савайда эле жүрчүмүн.
Окууну бүтүп келип, Фрунзедеги политехникалык институттун ЭВМ кафедрасында инженер болуп иштей баштадым. Бир жолу институтта чоң илимий конференция болуп калды. Мага кафедра башчысы, кийин Кыргызстандын биринчи президенти болгон Аскар Акаевич Акаев транспорт уюштуруу жоопкерчилигин тапшырган болчу. Конференция бүткөндө меймандарды көлгө алып бара турган болдук. Аппак олтургучтары бар, кыпкызыл, жапжаңы "Икаруска" бүт Москва, Ленинград ж.б. шаарлардан келген академик, профессорлор толуп, автобустун айдоочусунун жанындагы кичинекей олтургучка мен олтуруп, биринчи катарда А.Акаев орун алып Ысык-Көлгө жөнөдүк. Автобус Фрунзеден чыгып айылдарды аралап, Боом капчыгайына жеттик, "Холодная водага" токтоп, муздак суу ичип, анан капчыгайга киргенден баштап Аскар Акаевич автобустун радиосунун микрофонун алып гиддин ролун аткарып кирди. Биринчи баштаганда өзүнүн кичи мекени Чоң-Кеминге кеткен жолду көрсөтүп, анан Боом капчыгайы жөнүндө айтып кирди, эмне үчүн Боом деп аталат, жол качан курулганын, темир жол качан бүткөнүн. Меймандарга эле эмес, мага да аябай кызыктуу болду, анткени мен да көп нерселерди биринчи угушум эле. Аскар Акаевичтин ошол жерлердин эмнеге антип аталышын, тарыхын билгени, кеңири толук маалыматтарды айтканы мени аябай таң калтырды. Тоолордун боорундагы ак топурак, жол-жол сызыктарды көрсөтүп, илгери Ысык-Көл азыркыдан чоң болгонун, биз бараткан капчыгай толо көл болгонун айтып берди. "Кыз-күйөө" айылынын аты эмнеден чыкканы жөнүндө уламышты айтып, Балыкчыга (Рыбачье) жеткенде көл жөнүндө кеңири маалымат берди, тереңдиги, узундугу, канча дарыя куят ж.б. Бир убакта, Аскар Акаевич, "Урматтуу меймандар, мына Ысык-Көлгө келдик" деди эле, элдин бардыгы ал колу менен көрсөткөн жакты карап калды. Чын эле, Балыкчыдан бир аз өткөндөн кийин оң жакта катар өскөн дарактардын арасынан, ары алыста чалкып жаткан көгүлтүр Ысык-Көл көрүндү. Бул менин өмүрүмдө биринчи жолу Көлдү көрүшүм болчу.
Андан ары барганда Аскар Акаевич "Тору-Айгыр" жөнүндө уламыш айтып берди, ошентип, жол кыскарып, тез эле Чолпон-Атага кирип бардык. Конокторду пансионатка жайгаштырып, банкет болуп, кечки тамак берип, кеч бир оокум болду. Менин оюм дагы эле көлдө болду, тезирээк бүтүп, Ысык-Көл менен жакындан таанышып, суусуна бети-башымды жуусам деп дегдеп жаттым. Акыры бардыгы тынчып калганда Аскар Акаевичтен жооп алып алып, учкан бойдон көлдү карай жөнөдүм. Жайдын түнү, ай жарык болчу. Фрунзедеги үптөн кийин Ысык-Көлдүн абасы кадимкидей салкын экен. Көлдүн жээгине келип жээктеги олтургучка  олтуруп эс алып, көлгө карай назар салдым. Көл мемиреп тыптынч, суунун кыймылдаганы эч бир билинбейт, кээде гана алыста сууга түшүп жаткандардын үнү угулуп аткансыйт. Ай жапжарык болуп, көлдүн үстүнө эле жарык берип тургандай, чоң прожектордун нурлары көлдүн бир жерине эле жарык берип, жээктен кенен башталып аркы жээкке чейин барган сайын кууш болгон жол салып койгондой. Тим эле, ошол жарык жол менен басып, аркы жээкке өтүп кетсе боло тургандай. Мындай кооз сүрөттү мен Г. Мартыновдун "Звездолетто 220 күн" деген фантастика китебинен көргөн элем, бирок, ал жерде бир планетада звездолет жарык кылган сүрөт эле.
Көлдүн суусу муздактай көрүндү, "Салам, Ысык-Көл", деп саламдашып, "Бисмилла" деп сууга жээк жакка бир аз чөмүлүп ырахат алдым. Фрунзенин ысыгынан кийин көлдүн суусу денени чымыратып, кээде эркелетип, чыга калсаң үшүтөт. Бирок адамды сергектенип, чарчаган, буулуккан сезимдерди бир жакка алып кеткендей болуп, көл мени менен сонун учурашты.
Эртеси эртең менен, элдер тура электе жарыкта көрөйүн деп кайра чуркап келдим, анткени, кийин убакыт болбой калышы да мүмкүн болчу.
Асман чайыттай ачык, үзүм булут жок, кечээги тынч көл жок. Ал да эбак ойгонуп, жээкке толкундарын кайра-кайра алып келип, бирдеме деп шарпылдап мага сүйлөп жаткандай. Ак чардактар да жумуш күнүн башташып өздөрүнчө сайрап, ойкуп-кайкып учуп жүрүшөт. Аркы беттеги катар тизилген тоолор ак калпак кийип алышкандай. Мындай карасан, деги эле бул табигый жаратылыш эмес эле, бир чыгаан, талантттуу сүрөтчү тарткан сүрөттөй эле.
Ошентип, көлгө "таңкы салам" айтып келдим.
Эртеси Семенов капчыгайына конокторду алып барып, Усубалиевдин "дачасында" конок кылдык, кой союлду, тосттор айтылды, бешбармак желди, аттарга миништи, токой аралап басышты.
Капчыгайдын сулуулугу, абасы, суусу эми укмуш, бекеринен чондор бул жакка "дача" салышкан эмес экен. Кайра кайтаарда дагы көлгө түшкөнгө жарым саат убакыт болду, анткени, коноктор көлгө түшкөн убакта уюштуруу иштери менен чуркап жүрчүмүн.
Чак түштө көл такыр башкача экен, суу жылып, эртең мененки толкундар эс алып атышканбы, толкун жок, жээктеги кум да ыпысык, кичинекей балдар чуру-чуу, ак чардактардын ордун ээлешип, эч нерседен бейкапар оонап жаткан кишилер. Көлдө алыста сүзгөн кеме көрүнөт, суу туптунук, иши кылып өзүнчө эле бир бейкапарлык, идиллия.
Сууга түшүп, кумга жатсам, күн нурлары жаңы келген неме экен деп дароо эле менин денемди күйгүзүп кирди. Эхх, турмуштагы, жашоодогу жыргалдын жыргалы көлдө турбайбы дедим ичимден, Фрунзенин аптабына, тиричилик, көр-оокат турмушту ойлоп, ушул жыргал жашоо жерден, касиеттүү көлдүн жээгинен такыр кетким келген жок. Кудай насип кылсын, дагы көп келейин деп кудайдан сурандым.
Ошентип, биздин биринчи президентибиз Аскар Акаевичтин "жеңил колу” менен көлгө биринчи жолу барып, Ысык-Көлдү сүйүп калдым. Кудай менин көлдү сүйүп калганымды укту окшойт, андан көп убакыт өтпөй көлдүн бир "ак куусуна" жолуктум. Нике кайып экен, биринчи көрүп түбөлүк сүйүп калган көлгө күйөө бала болуу бактысы буюруптур мага...


Комментариев нет:

Отправить комментарий