Савайдын “Симиренко” көк алмасы
Биздин Савай
айылында мурда шүдүгөрлөр (огород) чоң-чоң, кенен болор эле, атамын айтканы
боюнча биздики 30 сотых же 0,3 гектар чыкчу. Атам колхоздо айдоочу, апам
бала-бакчада иштейт. Колхоздо талаада иштеп, огородду караганга убактылары жок
болуп, биз, балдар таенем менен калчубуз. Үйүбүз Ош-Фрунзе (азыркы Бишкек)
жолунун жанында (100 метр) болуп,
огороддун эки жагында эки үй, алардын ортосунда чоң дарбаза, көчө жакта
дубал болуп сарай менен айбан (навес) бар эле. Чоң жолго жакынын «Жаңы үй», экинчиси эски үйдүн ордуна
салынганы үчүн «Эски үй» дечүбүз, дагы
башка четте мал сарай, чакан тооккана, койкана турчу.
Огороддо жыйырма чакты түп «Симиренко» сортундагы алма бар эле. Биз аларды
жөн эле “көк алма” деп койчубуз, бир-эки түп башка сорт алма, бир чоң түп
алмурут (нак деп койчубуз), бир түп бою бийик эмес шабдаалы, бир түп жийде, эки
түп өрүк, анан жол жакта бийик бир гилас (алча) өсөр эле. Сарайдын маңдайында
кайноолу, эки сөрүнүн жанында эки сорт
жүзүм кыйла жерди көлөкө кылып жаап турчу. Атам огородду тосуп, чет жактарына
терек олтургузуп койгон. Алар чоңойгон сайын четинен кыркып, башкасын
олтургузуп турчу. Дагы бир тарабында эки катар тыт тизилип өсчү. Ии, эстен
чыгып кетиптир, эки үйдүн ортосундагы жолчонун боюнда атам Алайдан алып келген
бийик арча, анан жепирейген эки түп анар короого жарык берчү свет орнотулган
бийик мамынын жанында өсөр эле. Иши кылып Фергана өрөөнүндө өскөн мөмө-жемиштин
көпчүлүгү биздин огородубузда бар болчу.
Жазында биринчи тыт, анан өрүк бышчу. Бардыгынан мага тыт абдан жагар эле.
Ал жапыз болуп, үстү жагына оңой эле чыгар элем да, бир шагына бекем олтуруп
алып, шашпай, тим эле оозумда эриген тытты тытар элем. Жемиштери ар түрдүү
болор эле: сары, аппак, кара, кызыл-тазыл. Тойгуча жеп, шактан-шакка жылып,
бети-башым, колдорум тытка боёлуп эле калчу. Тыттан калган боёктор бетимден тез
эле кетчү, ал эми колумдан самындасам да оңою менен кетчү эмес. Ошого апам
карматпай каякка жоголуп кеткенимди дароо эле билип койчу.
Тыттан кийин өрүк бышчу. Өрүктүн бүчүр байлап чоңоюп, жапжашыл болуп,
оштуктар айткандай, “горо” болуп калганда жегенди жакшы көрөр элем. Апам,
“өрүктүн жанын койчу, чоңоюп бышсын, көк кезинде эле талабай” деп урушат.
Урушканын эстеп, бир-экини эле жейм деп барып, катуу “горону” карс-карс кажып,
сонун кычкыл ширелери ичке киргенде, кайра-кайра жегим келип азгырылып, напсини
тыя албай калчу элем. Ошентип бой жеткен жерлердеги “горолорду” далай эле
тынчытканмын.
Өрүктөн кийин кезек гиласка тийип, мөмөлөрү сыя-кызыл болгондо эле жечүбүз.
Көк кезинде өтө ачуу болуп жей алчу эмеспиз. Ошондой ачуу неме бир аздан кийин
ширин, кызыл шире болуп калганына таң калчумун. Бой жеткен жери аз болуп, алар
бышаары менен жок болчу. Тытка жөн эле
чыксам, гиластын бийигирээк жагына шаты менен жетчүмүн. Шактары ичке болгондуктан аларга чыгыш
коркунучтуу, сынып калышы мүмкүн болчу, бийик жерине жете алчу эмесмин, ошого гиласка чыкканды жакшы көрчү
эмесмин.
Анан кайноолу бышат, анын жарасы жеңил болчу, оңой эле чыгып, бир шагына
олтуруп жесе болор эле. Бирок, тытка окшоп кечке олтуруп жечү эмесмин, мөмөлөрү
чоң болгондуктанбы же анча жакчу эмес беле, иши кылып тез эле кайра түшчүмүн.
Алманын бир түрү бышып, бирок ошол эле мезгилде шабдалы бышып калчу, ошого
тигил алма желбей, шабдалынын күнү туучу. Оо, шабдалыны ушундай сүйөр элем, күнүгө
эч унутпай барып эч болбосо экөөнү жечүмүн. Жапыз шабдалы аябай мөмөлөп,
шактары ийилип жерге тийип калчу. Мөмөсүнө жете албай калганда жогору жагына
чыкчумун. Бышкан мөмөлөрүн кылдат албаса, колдон чыгып, жерге түшүп жарылып
кетер эле. Бир барганда экини жесең эле жегиң келбей калат, анткени аябай
ширелүү, таттуусун айтпагыла, ширелери бетиңе жайылып, колдун манжаларынын
ортосунан чууруп билегиңе чейин агып,
салааларыңа жабышаар эле.
Сентябрда эки түр жүзүм бышчу, бири ачык жашыл болуп «Дамские пальчики»
деген сорт, экинчиси ачык кызыл болуп мөмөлөйт. Чымчыктар жебесин деп таенем эмне гана кылчу эмес,
бирок, мен “чоң чымчык” шатыны коё калып жеп кетээр элем.
Бир аз салкын болуп, эртели- кеч суук болуп калганда анар кызарып, биз
быштык дээр эле, башында бир -эки эле мөмө болсо, жылдан-жылга көбөйүп калчу.
Аларды таенем бычак менен кесип алчу, анткени кол менен жулуп алыш кыйын болчу.
Эң аягында, бүт жемиштер бүтүп, жылаңач болуп жалбырактары саргайып түшүп
бүткөндө, кеч күздө, кээде капыстан жааган биринчи кардан кийин көк алмаларды
жыйначубуз.
Таенем көк алманы аябай карачу. Биз ал көрсөткөндөй актап, сугарып,
шактарын кыркып тегиздеп турар элек. Уй, койдон да коруп жолотчу эмеспиз. “Быша
элегинде жебегиле” деп урушпаса деле, ал алмалар быша электе, башка алмаларга
салыштырганда таштай катуу, таттуусу жок болчу, дайыма эле көпкөк болуп турчу.
Ошого ал алмаларды “көк алма” же “таш алма” деп да атачубуз. Эң кызыгы, көк
алмалар эки жыл катары менен мөмөлөп, үчүнчү жылы бир түбү да адашпай эс алчу,
кантип мындай график түзүп алышканына таң калчумун. Таенемден сурасам, “кудай
ошондой жараткан да бул алманы” деп койчу.
Дайыма ноябрдын башында же орто ченине барып терээр элек. Биз терчүбүз,
таенем, апам экөө ар бирөөнү акырын тазалап сүртүп, кагазга ороп, кылдаттык
менен жыгач жашиктерге салышчу. Курт жеген же жерге түшкөндөрүн салышчу эмес.
Анан ал жашиктерди “Жаңы үйдүн” эки бөлмөсүнө, кээде жакшы алган жылы үч
бөлмөгө жыйчубуз. Телевизор турган бөлмөгө
тийчү эмеспиз.
1965-жылы атам айылда биринчилерден болуп лампа телевизор «Сигнал-2» сатып
келген, корпусу килейип чоң болгону менен экраны болгону 37 см болчу. Аны алып
келгенде жай болуп, алма жок болчу, ошого эң төрдөгү бир бөлмөгө коюлган.
Телевизорду туура койгонго атам райондогу эң кыйын орус телемастерди,
Сергейди чакырып келген. Азыр ким болсо деле
телевизор койгонду билет да, ал убакта эч ким билчү эмес. Сырткы
антеннаны кантип, кай жерге коюп,
каналдар жакшы тарткандай кылып орнотконду ошол Сергей эле кыйын билет деп
айтчу атам. Ал “бир узун, өзөгү өтө чоң эмес терек таап, аны кестирип, кургатып
кой” деген экен. Келгенде үйдүн сырткы бурчун казып, тигил теректи орнотуп, ага
антеннаны байлап, атам тегеретип, Сергей телевизордун каналдарын ары-бери
бурап, бири-бирине кыйкырып атып, бир саатта араң үч канал тарта турган
кылышты. Кетип баратып Сергей “эгерде антеннаны же телевизорду жылдырсаңар
экинчи келбейм” деп катуу дайындап, коркутуп да кетти.
Сергейдин бул айтканын апам закон
кылып койду. Сергейдин кадыр-баркы аябай чоң болчу, райондо эле эмес, область
боюнча биринчиби, ошондо эле “Чайка»
деген чоң капкара жеке менчик машине минчү. Андайды көрбөгөн айыл бүт келип,
техниканын, байлыктын жетишкендигин көрүп кетишкен.
Сергей айткандай, телевизор ошол бөлмөдөн көп жылдар эч жакка жылган жок,
антеннанын зымы да ошол эле бөлмөгө жетчү. Телевизорду канча жолу жылдыралы
десек, апам такыр жылдыртпай койду. “Сергей айткандай», эч жакка 20 см ге да
жылган жок. Ошол “Сергей айткандай” деген сөздөр биздин үйдө кыңк этпей аткара
турган закон болуп калды. Мисалы, эгер улуу агам мага, үйдү “Сергей айткандай”
жыйнап кой” десе, демек бул, үйдү таптаза кылып, мизилдетип кой деген буйрук
деп түшүнчүмүн. Эгер бирдемкени сөзсүз жасаш керек болсо, дайыма “Сергей
айткандайды” кошуп айтчубуз.
Сергейдей “деловой”, бай болгубуз келчү, ал бизге өзүнчө эле үлгү болуп
калды. Апам мени ошондон кийин көп өтпөй Кара-Сууга ДОСААФтын алдындагы радио
күйөрмандардын ийримине жиберди, “сен да Сергейдей телемастер бол” деп. Эми эле
окуп баштаганда ийрим жабылып, анан шалы башталып, ошол бойдон барбай калдым.
Алма бузулбасын деп алма сактаган бөлмөгө кышында от жакчу эмеспиз. Ошол
бөлмөлөрдөгү температураны да таенем карап турчу. Алмаларды ноябрдан баштап,
эгер Жаңы жылда толук сатылбаса, мартка
чейин сактаар элек.
Ал убакта айылда чанда эле үйдө телевизор бар болчу. Эсимде, кошуналар
биздикине келишип, кызык кинолорду көрүшчү. Сериясы көп орустардын «Семнадцать мгновений весны» фильмин күнүгө
кеч келишип, тончон, пальточон, жамынганга төшөк ала келишип, от жакпаган
үйдө жамынып олтуруп көрүшөр эле.
Сериялары кеч, саат 10 до «Время» программасы бүткөндөн кийин башталчу. Бөлмө
кишиге толуп, биринчи кечээги серияны катуу талкуулап, кино көрүп атып да, ар
кандай кыстырма айтып көрүшчү.
Кийин СССР менен Канаданын хоккей боюнча
курама командаларынын ортосундагы
кызыктуу оюндарды көргөнү да келишчү. Таенемдин буйругун аткарып, кошуналардан
коңшу бөлмөлөрдөгү алмаларды коручумун, эмнегедир кошуналардын андай алмасы жок
болчу. Өзүбүз да жечү эмеспиз, Апам өтө сыйлуу меймандарга гана койчу.
Маал-маалы менен алмаларды жашиктерден акырын чыгарып, сакталуу сапатын
текшерчүбүз. Айрыкча, Жаңы жылдын алдында, сатканга алып чыгаарда сорттоп, бир
аз чирий баштагандарын ыргытып же кесип салып жечүбүз. Бир жолу таенем сынап
көрдү, бир жашик алманы 1-май майрамына чейин сары майдай сактады. 1-май майрам
күнү салтанаттуу ачсак, кебетеси сапсары болуп, бирок ичи кебездей,
ширеси, суусу калбаптыр. Жесең же алма
жегендей болбойсуң, тиштесең чачырайт. Ошондон кийин алманы өтө узакка сактабай калдык.
Жаңы жыл алдында, ага бир беш күндөй калганда апам:
-
Бул алманы орустар жакшы алат, Жалал-Абаддын базарына алып барабыз, Ошто
мындай алма көп, Кара-Сууда орус жок, - деп айтчу.
Базар күнү эртең менен таң атпай эски эки чоң чемоданга алмаларды оролгон
кагазы менен тизип жаап, чемодандар оор болуп, кол арабага салып, чоң жолго чыгып Ош-Жалал-Абад экспресс-автобусун
тосуп жөнөчүбүз, автобус экспресс болгону менен жолдо токтотсоң токточу. Ошондо
агам окууга кетип, 7-класстан кийин апама алма ташып, сатканга жардам бердим.
Апам базардан орун алып сатчу, мен жардам берип, чайканадан ысык чай, самса
алып келип берчүмүн. Ошол жылдары кышында суук катуу болду, базардын ичи да
муздак эле. Эсимде, автобустарда олтургучтар муздак, ичи суук, алардын
азыркыдай “печкасы” жок окшойт. Апам экөөбүз күпүйүп, жылуу кийинип алабыз.
Базар жакшы болгон күндөрүндө алманын
килограммын бир сом элүү тыйындан сатчубуз. Оо, апамын маанайы бул күндөрү
“беш” эле, жада калса мага да акча берип жиберчү. Мен чуркаган бойдон барып
гезит сатып алчумун. Аны көргөн апам, “бир балага окшоп жей турган бирдеме
албай белең, эмне гезит жейсиңби эми” деп күлчү.
Айылда почтальонду кууп гезит сураар элем, бирок анда бир жума мурдагы эски
орусча «Правда» гезити эле болчу, Жалал-Абадда киоскиде эми эле чыккан мен
сүйгөн «Известия» гезити, анан «Футбол» деген жумалык гезит болчу. Айрыкча апам
«Футболго» таң калчу, “тобо, топ тепкендерди да окушат экен” деп.
Апамдын аты Ибадат, жазганды билчү эмес, мектепте окубаптыр. Ал
өзүнүн атын эле жаза алчу, эгер бирдемени окуш керек болсо, бирөөдөн сурап
алчу. Эсептегенде сандарды жазганды билбегендиктен жазбай эле мээсинде эсептеп
койчу. Акчаны санаганды атам үйрөтүптүр,
ышкыртып эле жаңылбай саначу, акча менен төрт операцияны, алуу, кошуу,
көбөйтүү, бөлүү менен кошо тез эле жайлап койчу. Мектепте отличник болуп 7-8
класс окуган, миллиондогон санды жаза билген,
таблицаны беш колдой билген мага караганда апам тезирээк эсептеп койчу.
Ал аз келгенсип, орус сатып алуучулар менен мага караганда орус тилинде жакшы
сүйлөшчү. Бир класс мектепте окубай,
апам менден кыйын эле, окуса көп нерсеге жетмек экен деп ойлойм.
Базардан түшкү тамак жечүбүз, кээде алма саткан жерибизде жеп, өтө суукта
ашканага кезек менен барып жылынганча жечүбүз. Апам тамакка кеткенде мен бир аз
сатып калчумун, кээде майда тыйындарды
апама айтпай, бир аз катып алчумун. Кийин чогулганда таттуу бирдеме же
“пирожки” сатып жечүмүн.
Кыштын күнү күн эрте батып, базардан кайтканда караңгы болуп калат.
Баягыдай эле эч жерде токтобой, туура Ошко барган экспресске түшчүбүз. Ошол
экспресстердин айдоочулары көбүнчө өзбекче чала, орусча бир аз сүйлөшчү.
Бир жолу орусча билбеген биздин бир айылдык эки дос, шаарда жакшы “эс
алышып” кайтып келе жатып, орус айдоочуга “Савайдан токтотуп койгула” дегенди
орусча айта албай:
- Здесь пожалуйста осторожно, - дептир орус айдоочуга автобус Савайга кирип
келгенде.
Автобус айылдын ортосуна жеткенде кайра эле:
- Здесь, давай осторожно, - деп кыйкырыптыр.
Чочуган орус карап:
- “Я, дорогой всегда осторожен”, - дептир.
Биздин айылдык киши үч-төрт жолу кыйкырганда:
-“Уберите назад этого психа”,- дептир орус.
Анан жүргүнчүлөр которуп, автобус токтогуча кыйла айылдан алыстап, талаага
түшүп, жөө кайтышыптыр айылга.
Ошондон кийин, айылдыктар бир жерге токтош керек болсо:
- Здесь пожалуйста осторожно, - деп айтышчу күлүп.
Базар жакшы болгон күндөрдөн кийин апам бизди эки жакка алып чыгып,
сейилдетип келээр эле. Эсимде, кичине чагымдан бери сейилдеп келчүбүз, бир жолу
апам килейген үйдө кармап баккан өгүздү жакшы сатып, бизди Анжиянга ойноткону
алып барган. Ал убакта Анжиян- Жалал-Абад деген поезд жүрчү, ал биздин
колхоздун борбору Кызыл-Шарктан беш мүнөт токтоп өтчү. Мен беш жаштарда болсом
керек, таенем үйдө кичине карындашымды карап калып, Пазыл акам, Паризат эжем
болуп төртөөбүз жөнөдүк. Эжем мектепти жаңы бүтүп, акам 8-9 жашта болсо
керек.
Эртең менен эрте поезд токтогон жерге барып күттүк. Телевизордон эле
көрбөсөм, өмүрүмдө поездди көрө элек болчумун. Мен поездди машинедей, бирок
узун болот экен деп ойлогом. Бир убакта поезддин кыйкырганы угулду, эл жабылып
чогулду. Апам поезд бияктан келет деген жактан көзүмдү албай карап тургам,
каяктан пайда болду, бир убакта эле бурулуштан капкара эле килейген, жылдыз
куртка окшоп, ийри-буйру болуп, эки жагынан буу атып, бир шумдук нерсе келе
жатат. Мага паровоз телевизордон көргөн жомоктордогу коркунучтуу ажыдаардай көрүндү. Мурда эле ар
нерседен коркок жаныма адам жегич ажыдаар келе жаткандай болду. Шашкан бойдон
келип эки каптал жагынан бууну катуу “бшшш, бшшш” деп чыгарып “кара ажыдаар”
келип токтоду. Мен “барбайм эч жакка”,
“чыкпайм буга” деп кыйкырдым. Эжем мени көтөрүп, кыйнаган бойдон тыбырчылатып,
тепкилетип алып кирип кетти. Кирип, бир
убакта өзүмө келип, карасам элдер сонун эле жүрүшөт, анан акам дагы коркутту,
темир тепкич менен купенин экинчи кабат керебетине чыга калып. Акама кыйкырып,
“түш эле, түш, жыгылып өлөсүң” деп, аны түшүрдүм. Анжиянды кыдырып, “Бүркүт”
деген парктагы көлдүн жээгиндеги ашканага барып, тамак ичебиз деп калышты.
Ашкана чо-оң бүркүттүн канаттарынын астында экен. Аны көрүп мен кайра чалкаман
кеттим, “биякка олтурбайбыз, канаты түшүп кетет бүркүттүн” деп чатак салдым. Апам бизди көп жолу Ошко,
Жалал-Абадга курортко, Кара-Сууга алып чыгып келчү.
Ии, алмаларга кайтайын, оттоп кеттим окшойт башка жакка, таенем “я” ны
сөздүн башында болсо айта алчу эмес, ордуна “ж” ны айтар эле.
-
Таене,
“яблоко” деңизчи, - десең.
-
“Жаблуко”, - дечү.
Анан, “х”, “ф” да сөздүн башында
кезиксе айтчу эмес, ошого таенем
“Японияны”, “Жапониа” деп, “хоккейди” болсо “каккей” деп, “фуфайканы” “купайке”
деп айтчу.
Мурда кыргыздарда кириллицадагы орустардын «я», «ю», «ё», «х», «щ», «ц» тамгалары
болбогондуктан, ошол тамгалар бар кээ бир сөздөрдү жашы өткөн кишилер башкача
айтышчу. Мисалы, таенемен «я тебя люблю» деп айтыңызчы
десең, «жа тыбал уулу» же которгондо
«ложись сын» болуп калып, биз күлсөк, таенемин
жини келчү.
Жылдар өттү, аларды караган таенем да,
апам да бул дүйнөдөн кетишти, балдары ар кимибиз ар жакка тарадык, алмалар
да карып, жакшы мөмө бербей, акыры атам аларды кыйып салды. Азыр огороддо бир түп да “Симиренко”
көк алма жок.
Кийин Бишкектен үй алып, огородго
көк алма өстүрөйүн деп да ойлодум. Бир жолу жакшы киришип, Оштон Бишкекке келе
жатып, Ноокенден бир өзбек, “ээ, шу “Симиренко” болади” дегенинен
көчөттөрүн сатып келип, олтургузуп, жакшы эле көк алмага окшоп чоңоюп келе
жаткан. Бирок
деги эле мөмө бербей тик карап эле өсөт, көрсө ал өзбек бизди
алдап, теректин бир түрүн сатыптыр бизге «Симиренко» деп.
Кудай буюрса менин бир максатым бар,
пенсияга чыксам, атама окшоп огородго мен кичинемден жакшы көргөн
“Симиренко” көк алма көчөтүн көп кылып тигип,
апам менен таенемдей, эч болбосо 8-март аялдардын
майрамына чейин сактап карагым келет...
Комментариев нет:
Отправить комментарий