Чычкандын пельмени (чүчпарасы)
Радбек деген досум бир чоң
энергокомпаниянын бир ишканасынын директору болчу. Кээде экөөбүз убакыт таап
түштө же кечинде чогуу тамактанып, өткөн-кеткенди айтып, жолугуп турчубуз. Күндөрдүн биринде ошол досумду
орустардын пельменин жакшы жасаган, башка тамактары да дурус кафеге
чакырдым. Жай алып олтуруп, эмне жейбиз
деп менюну карабай эле,”пельмен жейли, биерде сонун жасашат” дедим. Дос болсо
ойлонбой “жок, “пельменден башка эле тамак жейличи” деп калды.
- Сен бул жердин пельменин жедиң беле, тим эле үйдө жасагандай, аттиң дебе,
жеген да, жебеген да арманда, - деп мактап жибердим.
- Билем дос, башка эле жейличи, сураныч, - деп калды.
- Ой, сен бир жеп көрсөң, бул кафенин пельмени илгерки союз убагындагы
“Сон-Көлдүн” пельменинен, Чычкандагы пельменден да калышпайт, - деп дагы
мактадым.
- Ой сага эмне болгон, пельмен менен уруша кетип согуш жарыяладың беле, кааласаң мүнөз кылып беришсин,
“сибирские” дегени сонун, - деп, пельмен
жегим келип рекламаны токтотпой.
- Ушул сен Чычканды бекер эстеттиң да,
- деп нараазы болду.
- Мейли, чакырылган кишини кыйнамай жок, - дедим мен менюну окуп.
- Ии ошентсең, кел, андан көрө лагман эле жейли, мен сага баштан өткөн бир
аңгеме айтып берейин, - деп калды досум.
- 1990-жылдардын орто чендеринде азыр иштеп жаткан ишканада эле иштеп жүргөм. Жумушка шаарды бүт аралап киши толо
маршруткалар менен, бир которуп атып араң жетер элем, кечинде кайтканда да ошол
тозок. Биздин чоңубузга ыңгайы келгенде эле кызмат машине сурап калчу элем,
чоңдор бүт эле мени колдоп, чечим да чыгып, бирок, же кашайып чоңубуз алмашып
кетет, же мына- мына дегенде акча жок болуп, дагы бир-эки жыл ден-соолукка
баскан пайда деп жөө басып, маршруткалап жүрдүм.
Кыш эми башталган убакта күтүлбөгөн кабар келди главкадан
(энергокомпаниянын башкармалыгынан):
-
Сизден сүйүнчү, бересиңерби, берсеңер айтам, - деп калды
главканын гаражынан чоңу.
-
Албетте, сөз жок берем, - дедим, жаман оюмда жаңы машине
келип, мага тийген экен деп.
-
Тургула да, бийлегиле, мен уккандай болоюн, - деди
гараждын чоңу, аксакал киши.
Телефонду кучактап алып бийлеп кирдим. Оюмда, акча бөлүнгөн го машинеге же
келип калганбы машине деп туфлимди такылдатып,
кадимкидей бийледим.
-
Эми ырдап бергиле, - деди тажабаган “сүйүнчүлөгүч”.
Өзүм жакшы көргөн дүжүр ырым бар эле, дароо эле созуп кирдим, маанайым
“беш” эмес эле, “он” болуп кетти.
-
Катуурак, - деген команда келди.
Үнүм жетишинче айкырып кирдим, менин
кыйкырыгыма секретарша кирип келди чочуп, ага колуму шилтеп ырымды токтотподум.
Ал оозун ачкан бойдон селейип, өмүрүндө
менин ырдаганымды укпаган неме, таң калып
эле туруп калды.
-
Ии, эми айткыла, - дедим ырдап
бүтүп.
- Сизге кызмат машине бөлүндү,
ВАЗ-2109, жапжаңы эле, Жалал-Абаддагы филиалдан алып келишиңиз керек, кагаздар
менде, шеф кол койду, сүйүнчүңдү унутпа, - деди
“сүйүнчүлөгүч”.
- Оо-о, "девятка", чооң рахмат, бүгүн эле келем, - деп шаштым.
- Эртең эле келгиле, - деди гараждын чоңу.
Атаң көрү, “чоңдорго окшоп, кара “Волганы” кайкалап минсем, аялымы салып
алып төркүнүнө алып барсам” деп ойлочумун.
“Мейли, “девятка” деле жакшы, бензинди аз жейт деп кайра өзүмдү сооротом,
ал жокто маршруткада деле жүрдүм эле го” деп.
Эси оогон секретаршага орун басарымды, башкы бухгалтерди чакыртып, жаңы
кызмат машинени жуудук. Эртеси эле кагаздарды алып, сүйүнчү берип, ишкананын
жүк ташыгыч машинесинин айдоочусун алып, экөөбүз самолет менен Жалал-Абадга
учуп кеттик. Машине келгенине бир жыл болуптур, Жалал-Абаддыктар ал машине
менен ойго-тоого катуу чапкылашкан окшойт, кыйла “чарчай” түшүптүр.
Менин айдоочума машиненин техникалык абалы анча жаккан жок.
- Бир аз ар жак- бер жагын каратып алып чыкпасак, Бишкекке жетпей калышы мүмкүн,
жол алыс, татаал, - деди айдоочум, машинени бир аз айдап келип…
- Эми эптеп буюрса жетээрбиз, ремонтко азыр акча да жок, жетип алсак
тааныштарга сонун кылып оңдотуп алабыз, - деп чечим чыгарып койдум.
Машине зыпылдап жол арытты, Россиянын автопромун, “ВАЗды" мактадым,
күнүгө эртең менен подьездге машине келип жумушка жөнөп, кайра зуулдап үйгө
келгенимди элестеттим. Токтогулдан өткөнгө чейин сонун эле келе жатканбыз, анан
өйдөлөгөн сайын машинебиз да чарчаган атка окшоп, үшкүрө, бышкыра баштаса болобу.
Ал кезде Ош-Бишкек жолунун кебетеси өтө начар эле, бир аңдан качып, экинчи аңга
тийип, суу алган жерлерди, таштарды айланып өтүп, машинелер кыйналып араң
жүрүшчү.
Бүт эле "КАМАЗ", "Москвич", "Волгалар" каттачу. Ошентип, Чычкан
капчыгайына кирип келдик. Капчыгай жылдын бүт эле убагында кооз, айлана тегиз
кар, тоолордун боорлорундагы карагайлар кар чүмкөнүп жамынып алышкан, Чычкан
дарыясынын четтерине муз тоңуп, суусу болсо үшүп, көкмөк болуп, бат акса
жылыгыдай болуп шашып агып атат. Күн суук, жолдун кээ бир күн тийбеген жерлери
бир аз тайгалак да экен. Капчыгай
Токтогулдан өткөндө башталып, Ала-Белге чейин созулат, чычкандай сойлогон дарыя
да жолду оң тарап жактан жандап барат. Жалал-Абаддан чыккандан бери ичпей-жебей
келе жаттык, менин маанайым сонун болуп, анекдот айтып алаксыдык. Мен “тамакты
Чычканга чейин жейбизби же Чычкандан кийин жейбизби” деп анекдот айттым
эле, айдоочум токтобой каткырып узакка
аябай өлө күлдү. Капчыгайда атактуу
“Пельменная” деген кафе бар, ошол жерге жетип пельмен жейбиз деп чечтик.
Менин айдоочум билгендей эле айткан экен, Чычкан капчыгайынын ортосуна жетпей атка окшоп
булкунуп- булкунуп барып машине жакшы тартпай, зым токтоду.
Айдоочум, ии, аты Бокуш болчу, ары чукуду, бери чукуду, эч болбоду, эшикте
Чычкандын муздак желине үшүп да кеттик.
-
Менин килтейген “ЗИЛимде”
бүт бардыгы орду-ордунда, мунуку кызык экен, кыймылдаткычтын алдына да
көп нерсе тыгып салышыптыр, - деп наалыды Бокуш, менин көзүмчө сөгүнө албай,
бирок ичинде мени сөгүп эле жатты болуш керек, «оңдоп каратканга акча бербей,
мына эми», деп.
Күн кеч кире баштады жана эле укмуш кооз көрүнүп аткан Чычкан, сүрдүү,
жылуусу, ырайымы жоктой көрүнүп, өткөн машинелер азайып, Чычкандын суусунун
шарылдаганы да башкача угула баштады. Айланада аппак тоолор, муздак шамал уруп,
кар себелей баштады.
-
Машинени токтотуп сүйрөп шаарга алып барыш керек, биякта калсак
машине эмес, өзүбүз тоңуп өлөбүз, - деп коркутту колдору капкара болгон Бокуш.
Экөөбүз бир убакка чейин кол булгалап атып бир "КАМАЗды"араң токтоттук, анын
айдоочусу бизге жакшы кеңеш берди, “шаарга бул карда силерди эч ким сүйрөбөйт,
сүйрөй да албайт, “Пельменная” кафесине эки-үч чакырым калды, ошол жакка сүйрөп
барайын, ал жерде жарык, кафеде жылып аласыңар” деп, бизди “Пельменная” деген
жазуусу бар үйбү же вагонбу, ошол жерге араң зорго сүйрөп жеткирди.
Ал убакта Ош-Бишкек жолунда тамактана турган кафелер саналуу эле болчу,
Чычкандын ичинде көбү эле ушул кафеге токтоп пельмен жешет эле. Ачка,
үшүгөн Бокуш экөөбүз эки порциядан өлө
таттуу, колтойгон, мантыдай болгон пельмендерди унчукпай ысык чай менен уруп
алдык. Курсак тоюп, түшүп кеткен маанайыбыз бир аз көтөрүлдү. Эмне кылабыз деп
акылдашып, Бокуш дагы бир кафеге келген чоочун эле айдоочу менен бир саат
машинени чукулагандан кийин, аны тетик алып келиш үчүн Бишкекке жиберүүнү
чечтим. Бүгүн түнү менен ал шаарга барып, жумуштан тетикке акча алып, эртең
кечке жуук келип кала турган болду. Тамак ичкени токтогон айдоочулардан суранып атып, Бокушту араң Бишкекке салып жибердим. Мен болсо өкмөттүн араңдан зорго берген машинесин
карап калдым, анткени, ал убакта, карабаса заматта “шылуундар” машинени тазалап
кетмек. Мен “эптеп бир түн чыдасам, эртеси кеч
машинени оңдоп зыпылдаган бойдон кетип калабыз” деп ойлодум. Бир аз машинеде олтуруп, кайра кафеге
кирип жылынып, кайра чыгып убакыт өтөт деп, машинеде олтуруп уктап да кетипмин.
Суук өтө катуу болбогон менен, машиненин ичинде олтурсаң, тез эле тоңо түшөсүн. Бир жакшы жери кафе түнү менен
иштеп, дайыма ачык, киши үзүлбөйт экен, кээде
орун жок болуп күтүп да калышат элдер. Аты кафе болгону менен, имараты жөн эле
бири-бирине туташкан куруучулардын эки
вагону, анан дагы бир эки кичинекей жашаганга, тамак даярдачу бөлмөлөрү,
кухнясы бар болчу. Азыр чоңоюп атып эки кабат болуп, ошол эле аты менен калып килтейген кафе болбоду беле.
Мурда ашканасында пельмен эле
бышырган чоң казандар турчу, очокко от
менен жагып бышырышар эле.
Машинеде үшүгөн жаным, ысык чай ичкенден кийин олтурган жеримде кыйшайган
бойдон дубалга жөлөнүп уйкуга кетипмин. Бир убакта бир чоң аял катуу түрткүлөп
ойготту.
Кебетесине, буйрук берген үнүнө караганда кафеде иштегендердин чоңу окшойт.
-
Бул жерде уктаганга болбойт, клиенттерге орун жетпей
атса, кечке орун ээлеп аласыз да, - деп акшырая карады.
Ошондо кафенин “чоңу” ушул аял
экенин билдим. Эшикке чыксам таң атайын деп калыптыр, суук болуп, машиненин
айнектерин муз баса түшүптүр. Бир аз ары- бери басканда кафеде орун бошоду,
кирип пельменден бир порция жеп, чайдан ичтим. Түшкө чейин убакыт өтсүн деп
дарыяны көздөй басып келдим. Эптеп көзүмү аарчып, бетимди жуудум, суу тим эле
жүзүңдү ачыштыра какшатат. Четиндеги муздан араң сууга жетесин, жээги бүт эле
кар кийим жамынган таштар. Ары-бери басып, машинедей болгон таштардын жанынан,
бир далдоо, сонун жаратылыш туалети боло турган жер да таап алдым. Кайра келип
бир аз машинеде олтуруп, кафеге кирип,
кайра баягы эле пельмен жедим. Шашпай чай ичкенче кафеде иштегендер
менен бир аз сүйлөшүп тааныштым, актанып, “чоңуна” мен эмне тегеренип кетпей
жүргөнүмдү айттым, “кечирип чыдап койгула, кечинде шопурум келсе эле кетебиз”
дедим.
“Чоңу” мени түшүнгөндөй болду, бирок, эл көп болуп атканын айтып, орун
ээлебей тезирээк чыгып кет деп айткандай эле болду. Кечке чейин пельменди кантип
бышырып атышканын көрдүм, казандардын жаны оттон жыпжылуу болуп, ал жерден такыр жылгым жок. Отун ташыган
жигит менен пельмен бышырып ташыган кыздар менен ар нерсени кобурашып, кеч да
кирди. Менин Бокушум жок, келбеди. Түнү келет го деп ой кетти. Экинчи түн
биринчи түндөй эле болду, дагы нан менен пельмен жеп, эл бир аз сууганда кечке
олтурдум. Кафенин “чоңу” бүгүн кууган жок, “уктасаңыз да керилбей бутуңузду бир
аз жыйып олтуруп бурчка уктаңыз, клиенттерге “мешайть” этпей” деп акыры уруксат
берди. Бүрүшкөн бойдон бурчта кыйла эс алып уктап калыпмын.
Эртеси, америкалык актер Билл Мюррей, тартылган “Суурдун күнү” деген
кинодой, биринчи күндөй эле эп-эгиз болду. Эч нерсе өзгөргөн жок, ошол эле
пельмен жемей, элдин кажы-кужусу, ар кандай жыттар, буттар, кийимдер… Бирок,
пельменден бир аз тажап, көргүм келбей калыптыр, мурдагыдай таттуу даамы да бир
жакка жоголду. Эртең менен бир порцияны араң түгөттүм. От жаккан балага жардам
берип отун жарыштым, күн өтпөй атып араң
кеч кирди. Кафеде иштегендер менен чогуу жашап- иштеп аткандай эле болуп
калдым. Эл көбөйгөндө казан карап, кыздарга жардам берип суу алып келип, отту
карап берип аттым, мага да көнүшүп, жада калса жумшай башташты. Кычагансып, эмнегедир кечинде, түндөсү киши
көп болуп, кирип уктаганга да болбоду,
казандар менен машиненин ортосунда жүрдүм.
Көрсө, Оштон чыгып Чычканга келгиче кеч кирип кетет экен, Бишкектен
болсо көп эл жумуштарын бүтүрүп, базар кылып
чыккыча түш болуп, кайра эле кеч Чычканга келишет экен. Ал убакта сотка,
такси деген жок. Бир айдоочудан
жумуштун, үйдүн телефонун берип, “чалып айтып коюңузчу” деп сурандым. Ал
жеттиби, чалдыбы, аны да биле албайм.
Эртеси дагы пельмен жей турганымды ойлосом, жаман болдум. Кафеде кээде
өздөрү алып келген эт, жумуртка жана башка тамактарды көрсөм, чуркап барып,
колдорунан ала коюп сугунуп- сугунуп жибергим келет.
Ашканадагы кыздар кечинде өздөрүнө башка тамак бышырышып жешет экен, алар
да пельменге тоюшкан окшойт. Же мени ал тамакка кошушпайт, чакырышпайт.
Пельмендин жыты болсо, эми укмуш, менин
бар-жогума кирип кеткендей болду, кийимим, колум, тумагым, жада калса машине да
пельмен жыттанып калды. Кечке пельмен кекирип, ал аз келгенсип, кечиресиздер,
ичимен жел чыкса да, пельмендин жыты чыкмай болду. Чычкандын абасынын курамында
пельмендин жыты бардай эле болуп калды.
Эл бир аз азайганда кирип чай ичип, үргүлөп түш көрүп кетипмин. Түшүмдө пельмен
жей берип килейип семирип, ичим пельмен бышырган казандай болуп, тура албай,
жыла албай калыпмын. Кыздар жана мени “жактырбаган чоң” шадылуу кара колу менен
оозума пельмен салып атышыптыр. Бир убакта ичим жарылып, ичинен токтобой
жүздөгөн пельмен чыкты. Чочуп ойгонсом,
көрсө мени “кафенин чоңу” ойготуптур, “коңурукту кош тартып, уктап атып
кыйкырып, клиенттерди коркутуп атасыңар” деп.
Сыртка чыгып тамеки тартайын десем, ишенсең, ай дагы тамеки пельмен
жыттангансып калыптыр. Өлүп кетсин, бул эмне кордук, же кийим алмашпай, же тиш
жуубай жүрөт деген, кетем азыр, деген ой кетти, бирок, өкмөттүн кымбат
машинесин талкалап кетип, анан “главка” мени сотко берсе деп ойлоп, чыдайын
эми, кызмат машине тебиш оңой бекен деп
өзүмдү өзүм сооротом. Анан, кой, кыздарга барып башка тамак сурайм дегенимди
эстеп кыздардан сурандым, “эч болбосо эки жумуртка бышырып бергиле” деп жалоорудум.
- Байке, макул, биздин тамак бышканда чакырып коебуз, - дешти.
Оо, маанай биринчи жолу көтөрүлдү да, башка тамак жейм деп, Бокуш да эстен
чыкты, эми эмне тамак беришет экен деп эле ак эткенден так эттим. Күн бир аз
жылып, машинеде кыйла олтурдум, качан мени чакырышат деп, же кычагансып эч ким
чакырбайт.
Чыдабай, бетимди табактай кылып өзүм кирип сурадым.
-
Байке, клиент көп болуп бошобой атабыз, тиякта койдун эти
менен картөшкө койдум, бышаары менен чакырам, деп бир сулуу кыз кубантты.
Кайдан пайда боло калган, “чоңу” уккан го, мени жаман көзү менен карап:
- Эмне, ал жасаганың өзүбүзгө да жетпейт, байкеге пельменден бер, - десе
болобу.
Аны укканда араң турган жаным ушундай жаман боло түштүм, кантип учуп
чыкканымды билбейм, кечирип кой, тамак үстүндө олтурабыз, ичимде эмне болсо
бардыгын бошотуп, кусуп келдим.
Мен пельменди эле эмес, ушул сулуу капчыгайды арылдаган дарыясы менен да
жек көрүп калдым. Ошентип, ысык суукка кирип, бир түрдүү тамак жеп, денем
калтырап, ооруп да калдым. Бишкектеги балдарымдын, жарымдын жанына жетсем экен
деп сарсанаа ойго баттым.
Кафе болсо күнүмдөгүдөй иштеп атты,
машинелер келип кетип, адамдар пельменге тоюп каткырышып, казандарда буудан көрүнбөй пельмендер бышып атты.
Анан бир убакта, кудай жалгап, мага башка тамак берем деген кыз чакырып
калса болобу тамакка, менин оозуман, “рахмат, жебейм” деген сөздөр чыгып кетти,
кайра эле баягы атың өчкүр пельмен деп
ойлоп. Чуркап кирсем, мага чоң тарелкага сонун кылып эт менен картөшкө даярдап
коюптур.
Ачка болгон экем, жей баштап көзүмөн жаш чыгып кетти, тамагын тартып алчудай болгон ачка күчүккө
окшоп. тамактан башымы чыгарбай заматта жеп алдым.
Ээ, дос, ошол четтери сынык, толтура эт менен картөшкө толо тарелка дагы
эле көз алдымда. Тигил кызды өпкүлөп жибергим келди, мындай таттуу тамакты
өмүрөмдө жеген эмесмин. Ичегимдин сүйүнгөнүн айтпа. Өзүнчө эле жашоого ыраазы
болуп, айлана- чөйрө кайра кооз боло калды.
Адамга бактылуу болуш үчүн аз эле нерсе керек экен. Биз муну байкабай эле
тытынып эле чуркап жүрөт экенбиз. Мен сөз менен сага айтып бере албайм, окурманым. Капчыгайды карап тамшанганымды айтпа,
кудуңдап ары- бери көпкө бастым. Бул бакыт аз келгенсип, менин ишканамдагы орус
механигим келиптир машиненин тетиктерин алып.
Бир карап ал мени тааныган жок, кебетем согушта кышкысын туткунга түшкөн
немиске окшоп, сакал-мурут өскөн, организм пельменден катуу кыйналган, үч күндө бетим кыйла карайып да кеткен. Мен
болсо көптөн бери көрбөй жүрүп апамы
эми көргөндөй өлө сүйүндүм, тим
эле кучактап өпкүлөгүм келди. Бирок мен анын начальниги болуп туруп,
аны кантип өпмөк элем, сыр билдирбей
турдум. Ал эрте келе албаганына кечирим
сурады, дагы жакшы, бышкан эт, боорсок,
арак көтөрө келиптир.
Суратпай эле айтып кирди, көрсө Бокуш түшкөн машине да белде бузулуп,
эртеси жетиптир, шаарга жеткенде анын туулган жери Нарындан кабар келип, бир
тууганынын сөөгүн жерге бергени тезинен жөнөп кетиптир. Жумушка шашып келип,
механиктен тетиктерди сатып алып коюуну сураныптыр. Эртеси келем деген Бокуш
дагы эле келбей, механик болсо аны күтүп, анан
жолго чыгыптыр Чычканга.
Менин аялыма да Чычканда жатканым жөнүндө кабар жетиптир, ал адатынча жалпы
республикалык “тревога” көтөрүптур. Механик келгенден бир аз өтпөй Токтогулдун
энергетиктери да жетип келишиптир, начальниги менен кошо төрт киши болуп, “бизге эртерээк кабар
берсеңиз болмок экен” деп.
Жаңы келгендер кафе менен бир болуп бардыгы пельмен жешти, мен эт менен
“дары” кылып арак ичтим. Кафеде иштегендерди таарынтпайын деп, кантип
кыйналганым жөнүндө унчукпадым. Мени кафенин кыздары макташты, “бул байке сонун
киши экен, кафеде эле иштей турсунчу, бизге аябай жардам берип, суу ташып, от
жагып, пельмен бышырып жатты” деп. Дайыма мени карап “сен качан жоголосуң”
дегендей мисирейген, эми ушундан кутулат экенбиз деп сүйүнгөн “чоң”
тамашалады:
- Ой байке, кетпей эле коюңуз, жумушка алабыз сизди, үйлөндүрүп коёбуз,
мына канча кыз күйөөгө чыксам деп кафеде күн өткөрүп жүрөт, - деди.
- Атаң көрү, пельменден башка тамак
кылсаңар, калат элем, - деп күлдүм.
Механигим тез эле машинени оңдоду, мен да курсак тоюп мадырайып көңүлүм
ачылды. Биз жөнөгөндө чакан кафенин болгон коллективи “чоңу” менен кошо чыгып,
салтанаттуу узатышты. Ушул катаал кышта, суук, шамал капчыгайда күнү-түнү
тынбай пельмен бышырып, элди тойгузган сулуу кыздарды карап көзүмө жаш келди.
Ошондон кийин аялыма үйдө пельмен бышырганга катуу тыюу салдым. Балдарыма
пельменди мен үйдө жокто гана бышырып берчү. Ошентип, бир эки -жыл пельменди
оозума алган жокмун, ал тургай жыты келсе качаар элем. Бир жолу бирөөнүкүндө
мейманда олтуруп, «кой эми, согуш бүттү, эми жей берейин» деп, аракет кылдым
эле, болбоду, кайра жаман болдум.
- Уктуңбу досум, эми таарынба пельмен жебейсиң деп. Досум мени карап күлдү.
- Ии, тарыхы биякта турбайбы, бир жагынан күлкүлүү, бир жагынан аянычтуу
окуя болгон экен, тим эле “Чычкандын
пельмени” жөнүндө трагикомедия, - деп күлдүм мен.
- Мына биздин лагман да келди, сен болсо пельмен дейсин, - деди досум,
тарелкаларды коюп жаткан официантты карап.
Досумдун өзүнүн оозунан укканда мен аябай күлгөм. Ошондон кийин качан
пельмен жеп калсам, дайыма ушул окуяны
эстейм, кээде “Чычкандын пельмени” жөнүндө айтып да берем.
Комментариев нет:
Отправить комментарий