“ЭВМ" кафедрасы
1983-жылы институтту аяктап Фрунзе
политехникалык институтуна жумушка орноштум, ошондо кафедра башчысы Аскар
Акаевич Акаев (ААА) эле. Аябай жупуну, жөнөкөй, сылык сүйлөгөн, каштары калың,
маңдай жагында чачы жок, жылмайып, адамды өзүнө тартып турган киши экен.
Калтырап-титиреп, АААнын кабинетине кирдим. Профессор менден кыйла улуу болсо
да, кирсем ордунан туруп, "кел" деп колун сунуп учурашты. Дароо эле
сүрдөбөй калдым, кыскача ал-жайымды сурап, документтеримди бир сыйра карады,
«ЭВМ инженери" деген орун бар, кааласаң ошол орунда иштесең болот"
деди. Орун бар экенине сүйүнүп, ошол замат макул болдум. Менин келечектеги
начальнигимди чакыртып тааныштырып, мага ийгилик тилеп, эмне суроо болсо түз
эле кайрылсаң болот деп айтты. ААА көбүнчө орусча сүйлөдү.
Айткандай, бир жолу менден,
"сен кыргыз мектепте окудуң беле?" деп сурап калды. "Ооба"
десем, "Как будет по-киргизски поколение компьютеров?" Мен
"эсептөөчү машинелердин мууну" деп котордум. "Ии, я правильно перевел"
деп мен иштеген лабораториядан сүйүнүп чыгып кетти.
Ошентип, ААА менен тааныштым да,
"Наири-4 АРМ" деген ЭВМ турган лабораторияда инженер болуп иштеп
калдым. Бул килейген залдарды ээлеген ЭВМдерден көлөмү кичирээк, ошол убактагы
жаңы муундагы ЭВМ болчу.
Бул ЭВМди Ереванда армяндар чыгарчу,
эми накта армянча жасалган экен, бир күн оору, бир күн соо-
"Алымкан", кааласа иштейт, каалабаса иштебейт. Начальнигим экөөбүз
өлө чукуладык, кээде кеч калып да иштечү элек, болбой калганда Питерден,
Киевден кыйындарды чакырып, үйрөндүк. "Графопостроитель" деген
жабдуусуна сүрөттөрдү, чиймелерди чыгардык. Бирок, анысы да бир аз иштеп
пенсияга чыкты, канча аракет кылсак да, урсак да, тепсек да болбоду. Армяндарды
сөктүк, канча жандандырсак да тирилбеди, Питерден келген "кыйын"
жаназасын окуп кетти. Графикалык дисплейи да "өлбө жаным, өлбө" болуп
калды.
Кафедрада орустар, еврейлер да бар
эле, бирок, ФПИнин башка кафедраларына караганда кыргыз жаштары көп болчу,
мединститут жактагы АААнын «оптоэлектроника» лабораториясында да бүт эле
кыргыздар иштечү. Майрамдарды чогуу тосчубуз, ААА дайыма бирге олтуруп,
салтанатты ачып, жакшы сүйлөп берээр эле. Эч ким көрбөсүн майрамдап атканыбызды
деп, эң четтеги 6-кабаттагы лабораторияга үстөл жасачу элек. Анткени
институттун ичинде "бөдөнөнүн сүтүн" ичкенге тыюу салынган.
Кээде АААдан ал убакта элге жаңы,
кызык болгон ЭВМ жөнүндө айтып берүүсүн суранышып, көп мекемелерге барып лекция
окуп келээр эле. Ал убакта презентация, докладды экранга чыгарганга азыркыдай
программалар, компьютерлер жок, слайд-проектор, "ватмандарга" тартылган
сүрөттөр менен доклад, лекция окушчу. ААА кадимки эле автобус, троллейбус менен
папкесин көтөрүп, кафедрадагы балдардан бирөө "ватмандарын" көтөрүп
алып барып келээр элек.
Кафедрада атмосфера сонун, мүнөзү
чатак бирин-экин мугалим болбосо. Көбүнчө жаштар болгондуктан, бардыгыбыз АААга
окшоп, илимий даражаларга жетсек, аспирантура, докторантурага тезирээк өтүп,
диссертация жактап, доктор, профессор болсок деп ар кандай темаларды изилдеп,
илимий макала жазып чуркап жүрчүбүз.
ААА бизге өзүнчө эле деңиздеги
«маяктай» болчу, ар бирибизге жол көрсөтчү, каякка барса болот, эмнени изилдеш
керек, кайсы багытта барыш керектигин айтып турчу. Сурообузду эч качан жоопсуз
калтырчу эмес, эгерде бирдеме сурасаң, саламдашканда сөзсүз ал-жайды ж.б.
сураар эле. Басканда тез басат, артынан араң үлгүрчүбүз. ААА нын илим жаатында
кандай ийгиликтерге жеткени, канча доктор, кандидаттарды даярдап чыгарганы
баарыбызга маалым.
Кафедрада Борис Моисеевич Раппопорт
деген еврей мугалим иштечү, бою узун, мурутчан, салабаттуу, чоң киши эле,
Жолуккан сайын күлдүрүп калчу. Бирдеме сурасаң да жөн айтпай, тамашалап айтчу.
Анан бир кыргыз мугалим бар болчу, мүнөзү чатак, көбү аны менен мамиле
кылгандан качып турар эле, студенттер тимеле ыйлачу. Анан да Образцов деген
оруспу, еврейби, мугалим бар эле. Биздин лабораторияда Самарцева деген орус аял
иштечү, болду, калганы бүт кыргыз экенине таң калышчу. Анткени башка
кафедраларда көпчүлүгү орустар эле. ААА улуттук кадрларга чоң маани берген
экен. «Оптоэлектроника» лабораториясында шагыраган жаш кыргыз балдар иштечү.
Кийин ААА президент болгондо ошолордун көпчүлүгү өкмөт, чон мекеме, окуу
жайларда, элчиликтерде жогорку кызматтарды ээлешти, алды премьер-министр болду.
Мен АААнын колдоосу менен кайра өзүм окуган институтка Киевге аспирантурага кеткен
элем. Украинада жүрүп 1995-жылы Кыргызстанга кайтып келгенде кафедрада
иштегендерден мен тааныгандардан жөнөкөй жумуштагылары аз эле калыптыр. Мен
жумуш издеп кыйла жүрүп калдым. Кафедрада чогуу иштеген бир чоңго Ак үйгө да
эптеп кирдим, бирок эч жардам болбоду. Жакшы бир аяш акем СЭЗ
"Бишкек" ачылып, ошол жакка жумушка алды. Ошентип, кафедрада чогуу
иштеген кесиптештер асманды карап, кээ бирөө араң учурашып, кээ бирөө учурашпай
деле калыптыр. АААнын, "ЭВМ кафедрасынын"артынан адам болгондор
кызмат ээлешип, байып да кетиптир. Мурдагы карапайым балдар жок, аябай таң
калдым. Кээ бирлери мени жумуш сурайт дедиби, айтор жолуккандан качышты. Балким
чоңдор бири- бирине айткан чыгаар. Өтө чондорунун жардамы тийбесе да,
кийинчерээк кафедрадан бир-эки достун жардамы тийди. Бири Кыргыз
Республикасынын чет элдик инвестициялар комитетине бөлүм башчы кылып кызматка
алса, экинчиси кийин Билим берүү министрлигинен жумуштан кеткенден кийин
Президенттин алдындагы башкаруу академиясына проректорлук кызматка алган. Мына
ошентип, кафедрада иштеген достордун акыры жардамы тийди.
Кафедрада бир жарым жыл иштегем,
1986-жылы аспирантурага кетип, 1990-жылы кандидаттык диссертация жактагам, анан
Киевде иштеп калган элем. Кафедрада иштеген жылдар сонун жылдар болгон экен,
анда жаш, үйлөнө элек кезим. Кафедрада иштеп жүрүп, чоң сүйүүгө жолуктум да,
аспирантурага жалгыз кетпей сүйгөнүмө үйлөнүп, чогуу кеттик.
Эми кафедра жөнүндө көп нерсе айтса
болор эле, бирок, ошол убакта иштегендер азыр дагы эле күжүрмөн турмушта иштеп,
жашап жатышат, ошондуктан буюрса убактысы келгенде айтайын, туугандар…
Комментариев нет:
Отправить комментарий