Поиск по этому блогу

понедельник, 18 апреля 2016 г.

Камит Савай Нарындын "Вьетнам килеми"

Нарындын "Вьетнам килеми"

Киевде аспирантурада окуган убагым, жубайым, кичинекей кызым менен жатаканада жашачубуз. Жай келип, каникул башталып, Кыргызстанга кетүүгө даярдана баштадык. Аспиранттын стипендиясы тамак-аштан ашпайт, аялым кызым менен үйдө эле. Ошондуктан башка дагы финансылык булак табыш керек деп ойлоп жүрчүмүн. Бир күнү мени менен окуган, соодага жакын поляк досум "силер жакта Вьетнамда чыккан килемдерди тапса болот экен деп уктум, Орто Азиядан алып келишет экен, сен да барганда карап көрбөйсүңбү, момунча доллар турат биякта, сатып пайда табасың" деп калды. Ал кандай килем десем, сүрөтүн көрсөтүп, кандай болоорун айтып берди. «Союз доору» өлбө жаным, өлбө» деп турган убак, дүкөндөрдө көп нерсе жок таңсык, бирок, СССР импорттоп алып келген кээ бир товарларды чет жактарда тапса боло турган эле. Фрунзеге келип, «Вьетнам килемин» издеп дүкөндөрдү тыттык, ал убакта машине, интернет, реклама деген жок, коммерция от ала элек. Күн ысыкта автобус күтүп, жөө басмай, Кант, Токмок, Быстровкага чейин бардык, эч жерде жок. Сатуучулар таң калып, "анын эмнесин жактырасынар, килем деле эмес, оор, гүлдөрү оюлуп жасалган, жашыл, ак эле түс менен жасалган, момундай эле сонун Кара-Балтанын жепжеңил килемдеринен өтөрү жок" деп бизге акыл айтышат.
 
"Кээде эле орустар албаса, буларды эч ким деле карабайт, силер эмне кыласыңар?" деп суроо салышса, биз кымыйып айта албай, "бир орус илимий жетекчиме белек кылайын дегем" десем, туура түшүнүшүп, дагы кайдан издесе болоорун айтып, кенеш берип калышат. Чынымды айтсам, жетекчиме дайыма Кыргызстандан коон, коньяк ала барчумун, бирок, килем бере элек болчумун. Берсем да, балким алмак эмес. Мени менен окуган Чымкенттен Адиль деген досум көп нерсе ташычу жетекчисине, кийин эле алып келбей калды. "Эмне болду, уруша кеттиңби" деп сурадым, бир сөз болуп калганда.
"Жок, урушканым жок, өлө албай жүрүпмүнбү, мени билесиң, өткөндө да көп нерсе алып алып үйүнө баргам. Ал болсо 4 миң километр жерден апам базардан кымбат сатып алып, мен көтөрүп келген сонун өрүк какты килтейген "Маршал" деген итине салып берсе болобу, менин көзүмчө. Менин жактырбаганымы билип, "Маршал" сүйөт өрүк какты, айрыкча сен алып келгенди" десе болобу. Мен акшырайып, тигил тамагына тыгылып калгыр мендей болгон итин карасам, сездиби, ажылдап үрүп, кеткиче шаштым. Ошондон кийин, алып келмей, үйүнө бармай жок" - деп күлдү Адиль.
Биз килемди Кара-Балтага чейин да карадык, болбоду. Эми оңоюраак Ысык-Көл жакка жылсакпы дедик, көлгө түшкөнчө издейли деп. Ошондуктан туура эле Караколго жөнөдүк, кайындарга барып учурашып, кызыбызды караган киши болот, шашпай карайлы деген ой менен. Орустар Каракол жакты качан эле сопсонун кылып тазалап коюптур, "Универмаг", "Хозмаг" дегендерде ташбака да жок, Чолпон-Атага чейин келдик кайра. Көлдүк бажамын бир таанышы айтып калды, "Рыбачьеде көргөм ушул силер айткан килемди" деп. Өзү да бир иштерман, колунан бар-жок келген, тытынган, чарбачыл, бышык киши экен. Анын "кличкасы"Дунган", огородунда бүт нерсе өсүп, малы да көп болчу экен. Биз ишенбедик, кантип эле Рыбачьеде, орустар көп шаарда коюшсун, адашып, башка эле килемди айтып атат деп ойлодук. Мен "барбай эле коелу, убара болобуз" дедим.
"Каяктагы жок эле «Вьетнам килемин» издегенди токтотуп, элге окшоп жакшылыктуу эс алалы, кызыбызды карайлы" дедим келинчегиме.
"Эми ушунча болду, дагы карап көрөлү бир эки-күн, анан
бир жолу эс алалы, балким табылып калаар" деди үйдүн  “прокурору".
Үйдүн «прокурору» айткандан кийин, демек, тапмайынча токтобойт, тигил, ушунун бардыгын чыгарган поляк досум
ду "жакшы" сөздөр менен эстедим…
"Бул "дунган" өлсө да адашпайт, шахмат , карта боюнча чемпион, эс-тутуму күчтүү, эч нерсени унутпайт, ойготуп сурасаң да "илибой" нерсени так айтып берет, барып келгиле, табасыңар" деп калды , биздин ысыкта күнүгө ары-бери чаап жүргөнүбүздү көрүп, бизге боору ооруган бажам.
Эртеси Караколдон Рыбачьеге жөнөдүк, автовокзалдан тигил "дунган" айткан четтеги "Хозмагга" эптеп жөө жеттик. Кичинекей, жепирейген эле эски дүкөн экен, кирип эле карасак, биз издеп жүргөн алыскы, ошол убакта боордош социалисттик, Хо Ши Мин жетектеген Вьетнамдын жапжашыл болуп, оюлган гүлдөрү менен бир эмес, эки килеми чаң болуп бирөө илинип, экинчиси жашиктердин үстүндө жатыптыр. Өз көзүбүзгө ишенбей, оозубузду ачып, бири-бирибизди карап,
 
селейип туруп калдык. Жаныбызга басып келген сатуучу да буларга эмне болду деп таң калып
бизди көпкө карап калды.
Менин көзүмө бул «Вьетнам килеми» өзүнчө эле бир
кымбат баалуу сүрөттөй көрүндү, аны музейде карагандай эле карадым. Келинчегим тез эле өзүнө келип, килемдерди кармалап, "Ошол эй, сонун килем экен, калыңдыгын кара, мына артында "Вьетнам" деген жазуусу бар экен" деп арт жагынан бери оодарып, шашкалактап карап чыкты. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү тыңшап, сатуучу да кызыгып калды. Баасы да кымбат эмес, соодагер аспирант поляк айткандай эле болуп чыкты. 
"Дагы барбы ушундай килемден" деп сурасак, сатуучу таң калды.
"Мен билгенден үч жылдан бери жатат бул экөө, башка жок, аласыңарбы буларды" деп
таң калып сурап калды.
"Ооба, экөөнү тең алабыз" дедим мен.
Сатуучу сүйүнгөн бойдон даярдай баштады килемдерди.
 
"Жакшы болбодубу, качан чычкан, күбө жеп кетээр экен деп аттым эле" деп.
Эми бул капка салган таштай оор килемдерди автовокзалга жеткирип, андан ары Пржевальскиге алып кетиш керек эле.
 
Дүкөнгө келген бир жигитти сатуучу суранып, бизди
ал машинеси  менен автовокзалга таштамай болду. 
Аркы-беркини сүйлөшкөндөн кийин, сатуучу аял айтып калды, "Нарын жакты карап көргүлө, балким табасыңар ошол жактан, орустар аз го ал жакта" деп калды.
 
"Сиздин дүкөндөн эмне орустар алган жок буларды" десем, "башка чоң «хозмагдар» бар, ошол жакка барышат, биякка эмнегедир аз келишет" деп калды.
Бизди алып кеткен жигит Нарынга каттап турат экен "Москвичи" менен, жолдо жакшы таанышып, ал бизди Нарынга алып бармай болду. Эки килем таап, сүйүнүп, күүлөнүп калдык, эртеси Нарынга бара турган болдук.
 
Эки килейген килемди салып алып, Караколго жөнөдүк, автобустун орус айдоочусу сөгүнүп-кагынып, жаман көзү менен карап, сүйлөнүп атып араң багажга салды. Маанайыбыз беш эмес эле он болду, килемдер табылды, шашпай Рыбачьенин автовокзалынын өтө деле жакшы эмес тамагынан жедик, "Жигулевское" пивосунан ичтим, чарчаган жаныбыз Караколго чейин уктап, менин түшүмдө соодагер аспирант поляк досум болуп экөөбүз «Вьетнам килемине» олтуруп алып диссертация талкуулап атыппыз. Илимий жетекчим келип калып, чочуп кетип ойгонсом, Караколго келиптирбиз. 
Бизди алып келген жигит менен эртеси Рыбачье менен Чолпон-Атанын ортосунда "Эгиз бак" деген жерде жолуга турган болдук. Ак көңүл, токтоо, узун бойлуу, ачык сүйлөгөн Марс деген жигит,  апасы ини-карындаштары менен Рыбачьеде жашап, мектепти эки жыл мурда бүткөн бойдок бала экен.
 
Эмнеге "Эгиз бакта", же Рыбачьеде, же Чолпон-Атада жолукпайлыбы, талаадагы эгиз бакта жолукпай десем, көрсө, анын сүйлөшүп жүргөн кызы ошол жерде жашайт экен. Ошончо кыздар көп жерлерде жүрүп, таапсың жалгыз үйдүн кызын сүйүп» дедим.
«Жок, ал кыз иштейт ошол жердеги жаңы ачылган чакан кафеде»,- деп актанды Марс.
Биз менен Нарынга бажам да бара турган болду, анткени килемдер оор болуп келинчегиме көтөрүшкөнгө кыйын болот экен  Өзүм жалгыз, Кожомкул баатыр болсом да көтөрө алгыдай эмесмин, кичинекей майда вьетнамдар кантип көтөрүштү экен, эч болбосо беш вьетнам араң көтөрүшөт болуш керек деп да ойлодум. Бир чооң көк сумка бар болчу менин көлөмүмдөй болгон, Киевден алып келген, аны алдык, кепка, шортторду , ак футболкаларды кийдик. Бажа жаш кезинде Италиянын "Спрут" киносундагы "Комиссар Каттани", Микеле Плачидонун бир аз карага боёлгон копиясы болчу, чачы да коюу, ошол актерго окшоп тарап алчу.
 
Болжогон убакта келдик "Эгиз бакка". Бийик эгиз бакка теректердин көлөкөсүнө үч-төрт стол коюлган, ар жагында кой короо, тоокканалар көрүнүп, кичинекей эки бала ойноп жүргөн. Айланада эч нерсе жок чөлдөгү жалгыз гүлдөгөн оазистей көрүндү ал жер.
 
Марстын сүйлөшкөн кызы татынакай, кичи пейил, кара тору кыз экен, бизди олтургузуп чай-пайын тез эле берип салды. Марстын көз карашынан бардыгы билинип турду. Марстын туугандары деп ойлодубу билбейм, тигил кыз башын көтөрбөй, уялып сүйлөй албай, чакырмайынча келбей, бирдеме кылымыш болуп ар жакта жүрдү. Бир аздан кийин билдик, эмне эле Марс бизди биякка келгиле дегенин, ал тигил кызын кафенин "кожойкесинен" бизге суратып алайын дептир, Нарынга кошо алып кеткени.
 
"Кожойкелер" иштери менен шаарга кетишип, ошого Марстын түзгөн планы ишке ашпай, биз аны сооротуп, төртөөбүз жашыл эски "Москвичти" минип Долонду көздөй сызып жөнөдүк...

Нарынга тез эле жетип бардык, бажанын досунукуна жетип, чай-пай ичип, экиге бөлүндүк. Марс жумуштары менен бир жакка кетти, бажам экөөбүз Ат-Башыга бара турган болуп, келинчегим бажамдын досунун аялы экөө Нарындын өзүн карамай болушту. Биз автобуска олтуруп тез эле жеттик. Жалгыз универмагга барсак, сатуучулар кайра бизден сурашты, "ал килем кандай болот" деп. «Вьетнам килеми» Ат-Башыга жетпептир же жетсе да алда качан эле жоголгон окшойт. Сатуучуларга ал кандай болоорун айтып берип, кымыздан ичип, кайра тарттык. Автобус кетип калып орус солдат айдаган аскер машиненин кузовунда кайра тез эле урган бойдон келдик. Автовокзалга жетпей түшүрүп салды эле, дүкөндөн пиво алып ичип атсак бир милиционер кайдан-жайдан келип:
-Кимсиңер, документтериңер барбы? - деп сурап калды.
-Кыргызстанда жүрүп эми паспорт ала жүрөлүбү, документти эмне кыласың, кыргыз эле болуп турбайбызбы, - деди жини келип бажам.
Чынын айтсам, менин кебетем бир аз өзбек чалышка окшош, сакал да албай өсүп кеткен болчу, анан ак футболка, ак шорт, ак "кроссовка" кийип алгам.
Бажам да ак футболка, шорт кийип, кебетеси кореецке окшошуп кетер эле.
 
Нарында болсо ал убакта биздей ак футболка, шорт кийгендер жок экен. Бүт эле кир көтөрүмдүү кийинишип, кара тору келишип, биздикиндей килейген сумка көтөргөн киши көрүнбөйт.
 
Тигил милиционер сержант бизди жаман көзү менен сынагансып карап, ары карай басып кеткен. Ал кыйын иштеп жаткан киши болуп дароо милициянын бөлүмүнө чалган окшойт, заматта мотоцикл минген эки мент учуп келди.
 
Эч кимди карабай туура эле бизди көздөй айдашты. Токтоп эле, "люлькадагысы старший" окшойт, суракка алып кирди. Жини чукул бажам уруша кеткидей, анда эле, «Вьетнам килемин» минимум он беш суткадан кийин издемекпиз. Мен жездеми тизгиндеп, милиционерлерге, ИИБ начальнигине түз эле алып баргыла бизди" дедим.
"Ансыз деле алып бармакпыз, өзүңөр айтып калбадыңарбы" деп экөөбүздү келген мотоциклге бир-бирден салып, экиден кайтарышып жөнөдүк. Тим эле өзүмдү "чон кылмышкердей" сездим, кинолордо кылмышкерлер качкан эпизоддор эске түштү. Бирок кинодон айырмаланып, бул Нарындын милициясы качыргыдай эмес. Төртөө тең узун бойлуу, азыркы милициядай курсак байлабаган, спорт менен шугулданган эргулдар экен, эки аттап эле жеткидей мага.
Заматта алып киришип, экөөбүздү бөлөк-бөлөк бөлмөлөргө алып кирип, начальник келгиче "түшүндүрмө жаз дешти. «Вьетнам килеминен» башкасын жаздым, конокко келдик бажамын досуна деп. Эмнегедир, килем жөнүндө жазсам деле болот беле, бирок уялдым, ал убак ошондой эле, алып сатарларды «урматташчу» эмес. Жыланач стол менен эки үстөлдөн башка эчтеке жок, жарык анча тийбеген бөлмөдө көпкө олтурдум,  мен качып кетчүдөн бетер туалетке да милиция  коштоп алып барып келди, Чыдамым кетип баратканда, начальник келди деп бир майорго киргизишти.
 
Бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле ал түшүндү, биз "наркоман" же "наркотик издеген, саткан" кишилер эмес экенибизди, чек арадан өтпөгөнүбүздү, иши кылып сөздөн-сөз чыгып, аягында бажамдын тааныштарын таанышат экен, эки-үч сааттан кийин майор менен дос болуп, мен майорго "ЭВМ", Акаев, Киев жөнүндө айтып берип, тигил бизди кармаган милиционерлерди начальник сөгүмүш болуп, кайра тигил эки мотоцикл автовокзалга таштап коюшту. Тобо, Нарындын милициясы ошондо катуу иштешкен  окшойт, чоочун бирөөнү көрсө эле баса калышат экен, дагы жакшы- сабап, уруп же акча алышкан жок. Болгону жарым күн кармап коюшту.
Бажамдын досунун үйүнө келсек, сарсанаа болушуп бизди күтүп калышыптыр, кеч да кирип кетти. Болгон окуяны айтып берип бардыгыбыз күлдүк. Аялым болсо, "атбашылык кыздар ала качып кеткен го деп сөз кылдык" деп күлдү. Бажамын досу "Албетте, бириң өзбек, экинчиң кореец болуп, ак короздой кийинип алсанар, шортчон жылаңач жүрсөңөр, дагы жакшы контрабандисттер деп камап койбоптур" деди. Нервибиз кеткен бажа экөөбүз жүз граммдан алдык.
Марс болсо бизден да кеч келди, "силерди кетип калды го, бир жолу кабар алайын деп келдим" деп. Ал бизди сүйүнттү, Достуктанбы, же Баетовкаданбы бир "Вьетнам килемин" таап келиптир, бирок, размери кичине, түсү күрөң экен гүлдөрүнүн. Жашыл килемдерден бир аз начар көрүнөт экен, артында жазуусу бар. Эмнеси болсо да «Вьетнамдыкы» экен деп, сүйүнгөн бойдон түнгө карабай Рыбачьеге кайттык. Марстын үйүндө түнөп алып, эртеси Караколго жеттик.
 
Киевге кайра барып, эптеп акча төлөп атып үч килемди жеткирдик, 4705 деген рейс бар эле, Фрунзе-Ростов-Киев болуп учуп барчубуз. Тигил бизди тукурган поляк соодагер эки жашылды сатып берди тез эле, тигил күрөңү калды. Анысы "ходовой" эмес экен, поляк да, "мен жашылын гана алгыла дегем, размери да кичине экен, бирок аракет кылам" деп айтканы менен Рыбачьенин килемдери кетип, Нарындын килеми өтпөдү. Поляктын берген акчаларын кайтардык, бир аз пайда да көрдүк. Нарындын килеми өткөндө сонун болмок, аны кашайып эч ким албады. Размери да 1,5м туурасы, 1,8м узуну болуп, эч кимге жакпады, түсү да ачык күрөң болуп эч кимге жакпады.
 
"Сен алдын, мен алдым" болуп келинчегим да канча эстеди Нарын менен Марсты. Нарын десе, милицияда жарым күн олтурганымды эстеп, килемди көргөн сайын жиним да келе турган болду.
 
Ошол ошол болду, "Нарындын Вьетнам килеми" ачылбай бир жылбы же андан көппү, айтор жатты. Биз да аны күбө менен чычкандан корудук, каякка көчсөк ал биз менен кошо көчтү. Биринде келинчегим товары өтпөй калса же кийин мен Польшага жөнөтүүгө  товар сатып алганда да күлүп калчубуз, "Ай жакшылап кара, ойлон, «Нарындын Вьетнам килеминдей» болуп калбасын" деп, анын түсүн да айтчубуз, "карачы, "Нарындын Вьетнам килеминдей" түс экен" деп.
Бир күнү бир араб досту мейманга чакырып калдык, бөлмөбүздү жасап, келинчегим чыдабай, тигил «Вьетнам килемин» алып чыгып, туура келбесе да салып салды полго, сонун эле болуп жатып калды.
 
"Сатылбаса койсун, өзүбүзгө буюруптур" дедик. Араб дос келип, килемди көрүп мактаса болобу. Биз килемдин теги, жайын шашпай айтып бердик.
"Оо, бул анда жаңы эле турбайбы", - деди.
"Бүгүн чыгардык, сатылбай койгонунан, өзүбүз салып алдык" дедик.
 
"Канча турат, мен алсам болобу" деп калды.
Келинчегим экөөбүз бири-бирибизди карап, арабга ишене бербей, оозу-мурдуму кыйшайтпай көп эле айтып салдым.
"Ии, арзан эле экен, мына акча, мен алдым, кайра ороп бергиле" десе болобу!
Келинчегим экөөбүз ысыгында, кичинекей кызыбыз бирдеме төгө электе, дароо ороп койдук да салып бердик таксиге.
Ошентип, эки жыл өтүп өтпөй "Нарындын Вьетнам килеминен" бактылуу кутулдук. Поляк сатканыбызга ишенбеди.
Көпкө чейин "Нарындын Вьетнам килемин", милициясын, Марсты айтып эстеп күлүп жүрдүк..

Комментариев нет:

Отправить комментарий