Кайнене
Кайнене жаш келин болгон кезин, башка
бүлөгө көнүш кандай кыйын экенин, жаш
келиндин толкундаган абалын эске алып, кылдат, акырын, маанайын байкап, мамиле
кылганы абзел. Албетте, өзүңүздүн кайненеңиздин "катуу"
болгонуна жаш келиндин тиешеси жок эмеспи, андыктан "өч албай" эле
койгула..
Жаңы келинди күнүгө эле япондордой кечке
жүгүнтө бербей, үч күн жүгүнгөндөн кийин токтотуп койсо деле болот, "эгер,
чоочун
кишилер бар болсо эле жүгүнгүн" деп..
Жаш келиндин жүрөгүн түшүрүп кыйкырбай, таяктай катуу тийбей, ал өзү араң турганда шагын
сындырбай, идиш-аякты
калдыратпай, сылык
мамиле кылып, "айланып, тегеренип кетейин кызым" деп, "тигини,
муну кыла койчу" деп жумшап турса, түшүнгөн келин ошого жараша чуркап аракет кылат.
Кара жаак, каяша айткан келинди да
сабырдуулук менен кыраан кайнене өзүнө имерип, кызындай кылып алат.
"Кайнененин камырынан" дегендей,
эмнеси болсо да тажабай, билбегенин билдирип, көрбөгөнүн көргөзүп, жасабаганын үйрөтүп,
үрп-адат, тууганчылыктын жолдорун көрсөтүп турган жакшы.
Эч качан "сага муну апаң үйрөткөн жок беле, эмне кылып жүргөн" деп айтпай эле
койгула, бул келинге катуу тийип калат.
Чайы бир аз начар болуп же тамагынын тузу
кем болуп калса да келинди элдин көзүнчө жемелебей эле койгон жакшы же
тамашалап койсо болот, "Чайды биздегидей эмес, көбүрөөк салып демдеп келе гой,
меймандар шашпайт экен", же "Тузду мен айткандай эмес, бир аз кошо түшө кой, мен го, тузу аз тамак ичем"
деп…
Чай коюу болсо, анда "меймандар
кайненесинин чайын аябаптыр дешет го, бир аз кайнак суу кошо кой, мендей коюу чай ичишпейт экен" деп койсо болот…
Жаштардын жашоосуна кийлигишип, акыл
үйрөтүп, күнүгө миң жолу айтуунун кереги жок, уулуң
менен келиндин турмушуна мурдуңду көп тыкпай, тигини кий, муну же «аны ичпе,
муну укпа, буларды көрбө, биякка баспа, тиякка барба, минтип жаша, антип жашаба» ж.б. "кеңештерди" саат сайын
айтпай, сааты келгенде гана орду менен, салмактуу, насаат
сөздөрдү айтып койгон абзел.
Уулуңарды көп кызганбай, аны караганды
толугу менен келинге өткөрүп бериш керек.
Эгер шарт болсо, жаш үй-бүлөнү эрте эле
бөлүп койгон жакшы, "биз менен жашагыла" деп кыйнай бербей, керек
болсо жардамды аябаш керек, анткени, келин эмнеси болсо да өзүнчө жашагысы
келет.
Жаш кезекте ар ким эле көңүл ачып, музыка
угуп, ары-бери баскысы келет, ошондуктан келинди кечке үй кайтарган күчүктөй
байлабай, кээде эс
алып келгиле"
деп турса болот.
Кээ бир кайненелер келиндерине
"ат" коюп алышат экен, тез иштесе "шыпылдак", акырын иштесе
"тормоз" деп, тили узун болсо "кобра", акчасы көп болсо
"алтын", толук болсо "анаконда", уулун башкарып алган болсо
"шефиня", көп сүйлөсө "радио", кара тору болсо
"аппак", ак жуумал болсо "сапсары", бою узун болсо "тепкич",
кыска болсо "бир жарым" (метр), толугураак болсо "КАМАЗ",
арык, кичине болсо "Тико", мактанчаак болсо "өпкөсү жок"
ж.б...
Бирок,
келиндердин көзүнчө эркелетип чакырышат, жалгыз келин болсо, анда атынан
же "келин" эле деп, эгер, келин көп болсо, анда "чоң келин", "кичүү
келин" ж.б. деп аташат..
Уулу менен келини айтыша кетсе, кайнене келин
тарап болуп койсо, кадыр-баркы көтөрүлүп, келини тилин жакшы алып
калат. Уулуңар таарынса тез эле жазылат, келин болсо өзүн
бөтөн сезип калышы мүмкүн.
Уулуна акча берсе, катып бербей, келиндин
көзүнчө эмне үчүн бергенин айтканы абзел.
Кайнене уул-келини менен эмес, башка турса,
уулунукуна азыраак барганга аракет кылганы жакшы, эгер өтө эле муктаждыгы жок
болсо азыраак түнөгөнү да дурус, жөн эле айлап жатып албай.
Келинди көптөн бери көрбөй калса, анда
жолукканда кудаларды сурап койгон жакшы.
Келиндин кийингени, боёнгону жакпай калса
өзүнө эле акырын түшүндүрүп айтса болот, кыйкырбай, башка бирөөлөрдү мисал
кылбай, кемсинтпей эле.
Комментариев нет:
Отправить комментарий