Поиск по этому блогу

суббота, 11 апреля 2015 г.

Камит Савай "Кыргызым" чын-тамаша эссесинен.. Кыргыз бир март, берешен калкпыз, бизге жете турган эч ким жок.. Кыргыз дайыма тапканыны "берейин, эл ыраазы болсун, коногум таарынбасын" деп эле турат. Кыргыз коногунун көңүлүн карап, акыркы көйнөгүн, тамагын болсо да берет, койот, комоктон карызга батса да таап келет, эртен эмне жейм, балдарым эмне жейт деп ойлобойт.. Кыргыз тапкан ташканынан эн баалуу, таттуу нерселерди балдарына да бербей али келе элек эле конок, киши-чара келсе койом деп катып койот, кээде аларды унутуп калат да көбү жарактан чыгып да калат, аларды ыргытып кайра чогултат.. Айылдарда жайлоолорго мал айдаганда үйүнө бир кой, эч болбосо бир чычкак улакты таштап койот, уяттуу мейман келип калса дароо сойо койгонго, же бирөө той кылып калса срочно кошумча кыла койгонго. Үйүндө бир күкүм эти жок калган күндө да сойойун деп ойлонуп да койбойт, тийбегиле дейт.. Кыргыз той кылам деп беш жыл жыйганын бир күндө чачат, керек болсо кредит алып болсо да чачат, өлүп эм кетсин дейт, күнүгө эле той кылып атыптырмынбы, эл көзүнө бардыгын жасайт, элден кем болбой тургандай кылат, алгыла, жегиле, ичкиле дейт, жөн эле олтурса деле эл жейт, ичет, жок, ар бирине айтып чыгат, суранат, калтырбагыла ырыскыны деп салып берет, кетеерде узатып таарынбай кеткиле дейт, берешендиги катуу кармайт.. Үч кыргыз чогуу арак ичсе, ар бири бирден бөтөлкө алат, менин ырыскыман да ооз тийгиле, таарынам дейт... Маршруткада кокустан тааныган бирөө жолугуп калса, эч ким суранбаса деле, акыркы акчасы болсо да берешендиги кармап жол кирени ал кишиге(кишилерге) төлөп койот, мен төлөйм деп катуу талашышат, ашканада да ошондой..Төлөбөй койсо деле эч ким эч нерсе дебейт, бирок, кыргыз чыдабайт, дароо берешендиги кармап калат.. Насвай, тамекини айтпай эле койойун, акыркы тамекисинин жарымын сындырып болсо да берет. Сотка менен сүйлөшкөнгө он единицасы бар болсо да, беймарал сүйлөшө бер деп берип турат, айрыкча кыздарга .. Ысык-Көлгө баратам ала кетем дейт, сүйлөп, ырдап берсенер болду дейт, бир өзбек өлсө да антпейт.. Фэйсбукта да баланчанын телефонун билсенер бергилечи десе талашып беребиз, эч бир дүйнөдө бир эл антпейт.. Бири биринен акча доолап жургон кыргыз көп, жок дей алышпай, марттыгы кармап карыз бере беришет, карыз алган кыргыздын да берешендиги кармап той-пойгобу же ж.б. таратып салып карыз болуп калат, анан такыр бербей койгондорун берешен кыргыз кудайга койдум дейт..


Комментариев нет:

Отправить комментарий