Поиск по этому блогу

суббота, 4 апреля 2015 г.

КАМИТ САВАЙдын "Эркек - бул ким" чын-тамаша эссесинен...

  • КАМИТ САВАЙдын "Эркек - бул ким" чын-тамаша эссесинен...
    Эркек - апрельдей, кыздын артынан чуркап жүргөндө, декабрьдей, үйлөнүп алгандан кийин...
    Эркек - трагедиядай, эгер эрки, юморго мээси жетпесе...
    Эркек - атыр эмес, армиядагы айгырдай тер жыттанып туруш керек..
    Эркек - эгер сулуу болсо, анда акылы кем, эгер акылдуу болсо, анда сулуу эмес, ал эми сулуу да, акылдуу да болсо, анда көбүнчөсү гомосексуалист..
    Эркек - өтө эле менменсиген эркек, кээде эркек болбой калат...
    Эркек - жаныбардай, эгер акча таап иштебесе...
    Эркек - макоо, эгер колунан келип туруп аялды каалабаса..
    Эркек - импотент, эгер каалап туруп колунан келбесе..
    Эркек - үтүктөй, ыпысык, тынбай сылайт, иштеп суу ичет..
    Эркек - жолборстой, же жалгыз, же түбөлүккө сүйгөнү менен өмүр сүрөт..
    Эркек - короздой, коп тоокко чуркап, бокко тоюп кыйраткансып кокойот..
    Эркек - бир чон баладай, аял кам көрбөсө, бакпаса, карабаса шөмтүрөйт..
    Эркек - академик илимпоздой, өзүнүн башынан өткөн кемпайлыкты, кемчиликтерди такыр мойнуна албайт...
    Эркек - багбандай, багындагы гүлдөрдү кандай караса, аялын да ошентип карайт...
    Эркек - дайыма беш кутулмай жообу даяр: "Мен-досторчо эле", "Жакшы көрүп кеттим", "Ой капыстан эле", эн көп айтканы "Өзүңөн кетти"..
    Эркек - мышыктай, курсагы ток болсо кечке уктайт, сылап сыйпасаң башыңа чыгат..
    Эркек - эмеректей, кээде үйдө эчтеке жасабай көнүмүш үйдө турган эмеректей болуп калат...
    Эркек - күндөй, кээде кеч киреерде жок болуп, эрте менен пайда болот.....
    Эркек - машинедей, кайда аялы айдаса жөнөйт, каякка бур десе бурулат, күткүн десе турат кокоюп...
    Эркек - секс жиндиси, жаныбарлар ургаачы менен муун улантканга кана чанда бир убагы келгенде мамиле кылса, эркек күнүгө каалайт, кээде көчөдө аялзат жагып калса деле каалай берет..
    Эркек - эгоист, дайыма ансыз жашай албаган аял менен болгусу келет, анан ошол аялды башка эркекке сынтагып аягына чейин барат, керек болсо жанын кечет...
    Эркек - аялга окшоп ыйлап эч кандай проблема чече албайт..
    Эркек - билерман, техниканы андан кыйын түшүнгөн эч ким жок деп ойлойт, айрыкча аялдар киришсе өлө жаман көрөт...
    Эркек - артист, мейман келсе кожоюн болуп төрдөн түшпөй кыйкырат, мейман жокто үнү угулбайт..
    Эркек - жооптуу, ЗАГСка чыкыйып бир саат мурда келип келесоодой кыжаалат болуп, анкайып "ай караган текедей" күтөт, кыз болсо азем башталганга бир мүнөт калганда камарабай келет, эми кайда качмак эле дегенсип..
    Эркек - алмуруттай, чонойуп семирсе келбети кетип, бети, башы, курсагы эле килейет..
    Эркек - тогуз айлык эмес, он айлык бала көтөргөндөй семирсе деле эч ким орун бошотуп бербейт..,
    Эркек - сапердой, бир ката кетсе бүттү, өлдү, өмүр бою алимент төлөйт, анан, аял мин бай болсо да эркекке алимент төлөбөйт...
    Эркек - үйлөнөм десе достору көңүл айтышат, мазакташат, кызга болсо достору жыргап сүйүнүшөт, сынтагышат, бактылуу турмуш тилешет, куттукташат, тим эле чон майрам кылышат...
    Эркек - кээ бир аялдардай дароо миллионерге тийишпейт, маңдай тери, акылы менен байыйт..
    Эркек - мурунку эркектер азыр жок, азыр тамак даярдайт, кир жууйт, үй жыйнайт, аялы Россияга же алыска кетсе бала да багат, аялдар болсо эркек болуп баратышат..
    Эркек - жөнөкөй келет, аялга окшоп "Баатыр-эне" орден албайт, алам да дебейт..
    Эркек - алдамчы, үйлөнгөндө кыздын колун эле сурайт, кийин колун эле эмес, башка жактарын да колдонот..
    Эркек - зоодой, эгер жанында сүйгөн, ишенген, сыймыктанган, жанындай көргөн жары турса...
    Эркек - радиодой, аял "мээнди иштетчи" деп күйгүзсө анан иштей баштайт...
    Эркек - аяр, аялдын жүрөгү менен ойнобошу керек, анткени жүрөк бирөө, андан көрө төшү менен ойносун, алар экөө...
    Эркек - андан өткөн жомокчу, жамакчы жок, аялынын алдында көз ирмемде беш бет жомокту төгүп жиберет, эртеси сураса төкпөй-чачпай ошол жомогун кайталап берет, "айтпадым беле" деп кекетип да койот, кантип ойлоп тапканына өзү да тан калат...
    Эркек - 30 жашта - PLAYBOY,
    40 жашта - PLAYMAN,
    50 жашта - PLAYOFF,
    60 жашта - GAME OVER....
    Эркек - казына, анткени кайненеси кызынан ар дайым сурайт, "Кайдан тапкансын бул желмогузду" деп, кызы эч качан айтпайт...
    Эркек - "короткое замыкание" дей, анын сүйүп, катуу каалап өпкүлөгөнүнөн аялдын "предохранитель" дери күйүп кетет...
    Эркек - bluetooth дай, жанында турса - байланыш жакшы, сени эле карайт, бир аз ары жылса болду, башканы издей баштайт...
    Эркек - аялы ары болсо эле мышыкты чан соргуч менен кыйкыртат...
    Эркек - жонглердой, шымынын чөнтөгуөүнө колун салып "трусасын" ондоп койот..
    Эркек - көйнөгүн отургучка жууп илип койот да, эрте менен "үтүктөлүп калды" деп кийип кете берет...
    Эркек - автопилоттой, аялы салып койгон программа менен кечке жүрө берет...
    Эркек - шампунь жок болсо, бар болгон кандай самын болсо да башын жууп ала берет..
    Эркек - үкүдөй, түнү уйкудан калып футбол көрөт...
    Эркек - сагызгандай, дайыма каткан акчасы бар...
    Эркек - бүркүттөй, кызганса жарылса да тартып, же өзүнө каратып алат..
    Эркек - көгүчкөндөй, тим эле сонун боркулдайт көптөргө, көптүн башына чычат...
    Эркек - колибридей, бир гүлдөн кетсе экинчисине конот...
    Эркек - банандай, көп жашаган сайын жумшак болот..
    Эркек - рекламадай, кээде бир сөзүнө ишенип болбойт..
    Эркек - сүттөй, эсиңен чыгып калса ташып чуркап кетет..
    Эркек - кээде ооруган тиштей, анын кыңкылдап жей бергенине чыдабайсын...
    Эркек - тыйын салгычтай, канчалык мээси аз болсо, ошончолук көп акылмандай көрүнгүсү келет..
    Эркек - козу карындай, эң сулууларынын уусу көп болот...
    Эркек - соткадай, убакыт өткөн сайын заряды тезиреек бүтөт...
    Эркек - мойнунан байланган иттей, койо берсең эле качат шыйпандап, куйругун карматпай...
    Эркек - арстандай, эс алганы ойношу менен коркпой барат..
    Эркек - карышкырдай, эс алганы жалгыз барат, түнү ууга чыгып бирөөнү кармайт.,
    Эркек - эшектей, эс алганы жүдөп, какап бала-чакасы менен барат...
    Эркек - батареядай, убакыт өткөн сайын алы кетет..
    Эркек - акча таап алган кичинекей баладай, эч качан соткасында эмне бар экенин көрсөтпөйт...
    Эркек - тоңкулдактай, эч качан "башы оорубайт"...
    Эркек - жаман мергенчидей, бир кызды кармап багынтса, он эркекке айтат..,
    Эркек - ушакчы, эки эркектин башы бириксе кыздарды сүйлөшөт, керек болсо аялдардан өтүшөт...
    Эркек - туздай, ашка тойсо эле эрийт...
    Эркек - деңиз аскериндей, командировканы өлө күтөт..
    Эркек - босс, кичине эле кызматынан чоңойсо бардыгына босс болуп алат, туугандарына, аялына...
    Эркек - Дон Жуан, чынбы, жалганбы, баланча кыздар мени сүйгөн дейт, сакалы агарса деле жаш кыздардан көзүн албайт..
    Эркек - супермодель, эч качан өзүн сулуу эмесмин дебейт, дайыма жүрөгү жапжаш....
  • Эркек-жубайын жанынан артык корсода башка менен боло алат бирок,суйгон жарын эч качан озундой элестеткиси да келбейт.
    Эркек-кыянатты эч качан кечире албайт, аял коп эле жолу кечирет .


Комментариев нет:

Отправить комментарий