Поиск по этому блогу

понедельник, 6 апреля 2015 г.

Камит Савай Керемет калаа—Сиэтл

Керемет калаа—Сиэтл
“Чайнатаунуңар” Ош базары эле, тообо…
Байбичемдин Америкага келгенден берки тамаша-чыны аралаш айткандарынан...
- Бул жакта эмне эле бардыгы жылмайышат, мен дагы буларга кечке жылмайышым керекпи?
- Булардын көчүгүнө суук өтпөйбү? Кышында эшикте чолок шым, шорты кийишсе, жайында эмне кийишет?
-Өздөрү күпүйүп кийинип алышып, балдарын жылаңач эле көгөртүп алып жүрө беришеби?
- Downtown-ыңар, townhouse-ыңар… кечке эле экөөнү алмаштырып алам…
- Сhinatown-ыңар жакты, Ош базары эле, тоо-бо… бир аз эле тазараак болбосо…
- Булар “келесоого”, бизди күтүп эмне кылышат, кете беришпейби, шашылышпайт экен ээ…(дүкөндүн жанындагы жолдогу, бизди өтүп кетсин деп күткөн машинелерди айтат).
- Апарык кишилер тынбай чуркашат экен, эмнесине чуркашат, тигил олбурлуу, толуктары эмнеге чуркабайт?
- Автобустун шоопуру мени менен саламдашып эмне кылат, дегеле элдин бардыгы менен саламдашат экен, чыкканыңда жакшы бар дегеничи, тообо…
- Булардын иттеринин арасында дудуктары көп го, болбосо эмнеге үрүшпөйт?
- Кечинде көчөгө ушак айтышканы киши чыкпайт экен ээ…
-Дүкөндөрү атканалардай кампалар го, бардык товарларында баасы, размери, аты жазылган. Бизде базарда сатуучунун жанын койбойбуз “Мына бул канча турат?” же “Момундайың барбы?” деп…
- Эмне эле “Спейс нидлс”(Space needles) Космос шпили, (Сиэтлдеги бийик, кооз мунара) деп койгон, мен “Cпейс нудлс”(Space noodls, Космос “лапшасы) эле дейм, мага ушул оңой…
- Биерде Кыргызстандагы тажрыйбаны уруп ойнобойт экен ээ…
- Бир жолу свет өчсө болот эле Кыргызстандагыдай, эч болбосо бир саатка… көрөт элем ошондо булар эмне болушар экен….
Чурулдап, ак чардактар кайкып учат…
-Сиэтл шаарынын кайсы гана бурчуна барба, анда чөкө таандай чурулдап, адамды өзүнөн оолактата турган ак чардактар кайкып учуп жүрүшөт.
-Мындагы селсаяктардын көбү – ак адамдар, бирок калктын 20 пайызы азиялыктар болсо дагы, көчөдөгү селсаяктардын арасынан азиялыктарды көрө алганым жок.
-Мында жыл ичинде күнөстүү күндөр анча көп болбосо дагы, шаарда кабриолет көп.
-Жаан-чачындуу күндөр айлап-жылдап созулса деле, ар дайым аба ырайы ачылып, сонун болуп, асманда жылдыздар жаркырап жанып турат.
-Бүт дүйнө же терең уйкуда жатканда, же балким дүйнөнүн жарымы уйкудан жаңы ойгонгондо, Сиэтл шаары жаң ы гана жатууга камынган болот.
-Эгер статистикага карай турган болсок, мында жаан-чачын канчалык көп болгону менен, күндөн калкалаган көз айнектер ошончолук көп сатылганын байкайсың.
-Сиэтлде күн көзү кичине эле көрүнө калса , бүт баары ушуну гана күтүп тургансып, бир заматта көчөгө жайнап чыга калышат.
-Сиэтлде жай кыска, анан узакка жамгыр жаай берип, акырындык менен жаз келип калат, ал эми биз элестеткендей дээрлик кыш болбойт.
-Эгерде кокусунан жылына бир жолу кар жааса, анда жумушка же окууга барбай коюуга бул кечиримдүү себеп боло алат.
-Сиэтлдин экономикасы эки жолу гүлдөп-өскөн, биринчи жолу “Алтын Клондайк” учурунда, Алясканын алтын издөөчүлөрү ушул жактагы порттон алтынын жөнөтүп жана соода кылып турган. Экинчи жолу Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бул жерден СССРге жардам, АКШ флотторун камсыздашкан.
-Сиэтл АКШнын гүлдөп-өсүп келе жаткан беш ири шаарларынын катарына кирет. Мында “Microsoft”, “Amazon”, “Expedia”, “Oracle” жана башка ири компаниялар жайгашкан.
-Сиэтл “EXPO-1962 көргөзмөсүн жана 1990-жылы ыктыярдуу эрк оюндарын өткөргөн.
-Сиэтлдеги көп элдүү пункттар, тоолор менен дайралар индеецтердин тилиндеги аталыштарды алып жүрүшөт, мисалы: Seattle, Sammamish, Snohomish, Duvamish, Chelan, Walla Walla, Tacoma жана башкалар.
-Мында дайралар, аралдар жана кысыктар көп болгондуктан, Сиэтлдеги сал (паром) элдин каттоо мүмкүнчүлүгү боюнча АКШда экинчи орунду ээлейт жана Сиэтлден башка шаарлар менен аралдарга мындагы сал аркылуу жетүү тезирээк жана жеңилирээк болот.
-Сиэтлде башка шаарларда аз кездеше турган музейлер арбын, алсак, авиация музейи, “Алтын Клондайк”, шпиондор музейлери ж.б. бар.
-Боинг аттуу инженер мындагы жергиликтүү клубда иштеген экен, азыркы учурдагы Сиэтлде заманга шайкеш келген “Боингдерди” чыгарышат, заводдун имараты дүйнөдөгү ири имараттардын бири.
-Шаар негизинен жылы бою дээрлик жапжашыл болуп турат, анткени мында аба ырайы жылуу, абанын температурасы төмөндөбөйт, бекеринен Вашингтон штатын “Түбөлүктүү жашыл шаар” (Evergreen state) деп аташпаса керек.
-Чоң Сиэтл – АКШнын орус тилдүү шаарларынын бири, бул жакта орус дүкөндөрү көп, мурунтан тааныш азык-түлүктөрдү табууга болот. Журналдар, газеталар, телеканалдар, чиркөө жана соборлор бар. Кайсы гана чоң базарларды албайлы, орус тили жаңырат, мурунку СССРде жашаган украин, армян, еврейлер арбын. Атүгүл машина айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзамендерди орус тилинде тапшырсаң болот. Орус мончосунда бизге тааныш чөйрөдө өтө ысытылган бууга олтуруп, эмен шыпыргысы менен чабынып кетсең болот. Мында орустардын компаниялары көп, ошондуктан жаңы иш издеп жүргөндөр тил үйрөнгүчө ушул жактарда иштешет. Мен да алгач ушул жакта, бир армяндын колунда электриктин жардамчысы болуп иштегем.
-Сиэтлде “Нирвана” эстрадалык тобунун гитарчысы Кобэйн жашаган, азыр анын үйү жана анын ысмындагы парк бар.
-Белгилүү актер Том Хэнкс тартылган “Сиэтлдеги уктабаган үкүлөр” фильминде шаардын эң сонун жерлери көрсөтүлүп, жергиликтүү калк арасында абдан урмат-сыйга татыктуу болгон. Баса, “Күүгүм” фильми да Сиетлден анча алыс эмес жерде тартылган.
-Шаардын дээрлик борборунда, Сиэтл гүлбагынан алыс эмес жерде, атактуу Брюс Линин бейитине барууга болот. Анын жанында Брюс Линин уулу Брэндондун сөөгү коюлган. Мен ал жакка эки жолу баргам, көп киши келип, гүлдөрдү, тыйындарды таштап турушат экен.
Которгон Айгүл Бакеева

Комментариев нет:

Отправить комментарий