Поиск по этому блогу

суббота, 25 апреля 2015 г.

Камит Савай "Кыргызым" чын-тамаша эссесинен... Кичине эле кызматынан чонойсо кыкем дароо өзгөрөт, теги эле шашпай араң учурашат, өзүнөн рангы кичүүлөргө офицер солдаттарга команда айткандай сүйлөп калат, кээ бирлери карыбы, жашпы карабайт, бирдей бардыгын башкара баштайт. Той-пойго чакырсаң, каадаланып араң келет, эгер анын рангынан жогору киши жок болсо чакырылган, анда өлө кечигип келет да, биринчи кетет, анткени "жумушу" көп..Тойлордо да өзүбүз чондорду чондор менен олтургузабыз, жөнөкөй адамдар менен олтургузбайбыз, олтургузсаң таарынып кетип калышы да ыктымал. Кызмат машинесинин шопурун күттүрүп койот кокойтуп. Мейманга чакырсаң да тээ төргө өтүп алат, аксакалдардан да жогору өтүп алат, антпесең таарынат, "мен ким экенимди билбей атат" деп. Кээ бир тойлордо тост айткандардын жумуш ордун, наамдарын, сыйлыктарын, эмгектерин айтышат, ансыз деле көбү билет ким экенин, бирок тамадага "айт" дешет, "чоң киши таарынып калат" дешет. "Биздин кишилер ким, анан кыйын экенин эл, кудалар билсин" дешет. Мисалы, жогорку окуу жайында мугалим болуп иштеген эле тууганын минтип мактап анан тост бериши мүмкүн: "Баланча Баланчаевич, баланчанчы жылдан бери КР агартуу системасынын отличниги, баланча жылдан бери ..университетинин, ...кафедрасынын мугалими, баланчанчы жылдарда баланча дипломдорго сыйланган, баланча илим бойунча көптөгөн илимий иштердин автору ж.б. Канчалык чоң кызматта болсо, ошончо көп, узак макталып тост берилет. Ар бир тост сүйлөгөндөрдү ушинтип айтып атып, кээде жөнөкөй адамдар үлгүрбөй "оптом" эле сүйлөп калышат.


Комментариев нет:

Отправить комментарий