Поиск по этому блогу

среда, 22 апреля 2015 г.

Камит Савайдын "Кыргызым" чын-тамаша эссесинен... Теги эле жабышканды жакшы көрөбүз, маршрутканы, базарды , самолетту, поездди айтпай эле койойун, банкоматка кезекте, же башка кезектерде деле жабышып алабыз, киши аз болсо да жөөлөп турабыз, бири бирибиздин ийининен башыбызды чыгарып...Маршруткада бир аз кармалып жабышпаганга аракет кылса болот кээде, жок, кыймылдабайбыз, качса да жармашабыз...Банктабы, же башка жактабы, бироо кагаз толтуруп атса да жакын туруп карап калабыз, кээ бироолор кагазын алып качат арыраак..Машине менен деле ошол кейпибиз, жолдо бири бирибизге жабышып айдайбыз, ал аз келгенсип, светофордо жөө өтүп бараткандарга да жабышып алабыз, арыраак тура албайбыз..


Комментариев нет:

Отправить комментарий