Поиск по этому блогу

суббота, 4 апреля 2015 г.

КАМИТ САВАЙ "Аял -бул ким" чын-тамаша эссесинен..

КАМИТ САВАЙ "Аял -бул ким" чын-тамаша эссесинен..
Аял — жаш баладай, бирдемке болуп боло электе жашы чууруйт, каяктан даяр турат дайыма, анан эле апасына телефондон "сүйүнчүлөйт"..
Аял — борбордо жашагысы келет, Парижди энсейт, романтика менен эс алып ресторанга олтургусу келет, күн алыс эле гүл берип турса...
Аял — ипотекадай, бир 30 жылдын ары бери жагына, айына эч болбосо 10 мин сом алып турат...
Аял — ГАИдей, жөн жерден кармайт, көрүнгөндү оттомуш болот, тыйыныны кагып алат, маанайынды өлтүрөт, күнөөкөр кылып салат тез эле...
Аял - жер кыдырган саякатчыдай, кээде эч ким, эч качан билбейт кайда кеткенин, анан кутпөгөн жерден бир убакта сузушуп каласын...
Аял — өз каалаганын жасайт, кээде бир маанисиз миссия менен бир жакка "өзүң эле барып кел" дейт, ууга, балыкка, дагы бир жактарга "достор менен барып келейин" десен жибербейт..
Аял - маршруткадай, соода үйүнө же Дордойго кирсе бутту, кыйкырмай сайын токтобойт..
Аял — театрдай, бугун комедия, эртен трагедия, кээде экөө бир кундө болот...
Аял — экзамен алган мугалимдей, өлө даярданып, сонун кылып токпой чачып, тим эле шар айтып берсен да, бир жерден кармап алат...
Аял - телепат, телефонго эми оозунду ачып "алло" дей электе билип коет, кичине "тырп" этип алганынды...
Аял - экстрасенс, акча каткан жерлеринди мин которсон да көзүн жумуп таап алат, кээде сен кайда, эмне кылып жүргөнүндү тим эле жандап чырак кармап жургөндөй так, сонун айтып берет..
Аял - сен жакшы акча алган куну сени жанындай көргөн мышыктан да өтүп эркелейт...
Аял - кээде эч кимге билгизбей, милдет кылбай, кабагым кашым дебей жалгыздыкты көтөрөт, эркекмин дегендер мындайда бир күнө сынат...
Аял - жаздын күнүндөй, кээде жамгыр, чагылгандай, бир карасан кара булуттардын артынан чыккан күндөй жаркырайт..
Аял - гүлдөй, кээде бир ачылып гүлдөсө тааныбай да каласын..
Аял - арстандай, эгер бирөөгө жаккысы келсе эч ким токтото албайт..
Аял - жолборстой, балдарына чымын чактырбайт, коргосо бир карыш жакын жолотпойт...
Аял - павлиндей, кааласа сулуулугун көрсөтүп, болгон канатын жайып, табигый нурларын чар тарапка төгөт....
Аял - бульдозер, керек болсо максатына жетиш үчүн тебелеп тепсеп, түрткүлөп болсо да жетет..
Аял - көлөмү геометриялык фигурадай өлчөнөт, "эх, модель го, 90/60/90 см экен" деп коебуз...
Аял - ар дайыма кечигип атып, ошого эркектерден кечиреек о дүйнөгө кетишет...
Аял - эгер жалгыз бой болсо өзүнүн акчасын санайт...
Аял - эгер күйөөсү бар болсо, анын да акчасын санайт...
Аял - багы ачылып, бактылуу болуп, сүйүктүү жар болсо, анда өз акчасын эсептебейт...
Аял - ойнош болсо, анда тез-тез эле көп нерсени каалап турат, эркектин акчасын эсептебейт..
Аял - жука, кыска, сонун көйнөк кийип, шиш такачан журсө, элдин бардыгы токтоп "жеткирип койолубу" деп ийилишет, килтейген оор эки сумка көтөрүп базардан келе жатса жанагы ийилгендер жоок...
Аял - блондинка болсо, анда ал акылы аз эмес, ал сүйкүмдүү, өрт болот...
Аял - брюнетка болсо, анда ал ажаан эмес, ал токтоо, оор басырыктуу болот..
Аял - шатенка болсо, анда ал өзгөчө эмес, ал созулган, сырдуу, табышмактуу болот...
Аял - сары жумал болсо, анда ал куу эмес, акылдуу болот...
Аял - гүлгө окшоп атырдай анкыса, эркек дене тер жыттанышы абзел, атыр себинсе дароо шексинет...
Аял - аябай кечиримдуу келет, бирок бир куну болгон кылыктарындын бардыгын эстетип, бир жеринен чыгарат....
Аял - уруша кетсе дароо мурчуйган бойдон такыр сүйлөшпөй коет, "биринчи мага сүйлөсүн же кучактаса анан шашпай жазылам" деп ойлойт, бирок, эркек биринчи моюн сунуп кучактап койойун десе, "тарт колунду, кимге айтып атам" деп кайра тескери карайт...
Аял - канча ичсе да эмне болгонун даана эстейт, эркек дароо эле унутат..
Аял - таарынса тез эле унутат, эмнеге таарынганын, анан эркекти тим эле коколойт, "айт деп атам, кечээ эмнеге таарындым эле" деп...
Аял - мобильдик телефондой, аны дайыма жаны заряд менен эмизип туруш керек, жасаган чачынан баштап тамагына чейин комплимент айтып мактап туруш керек...
Аял - шашылып жасанып атканда эт жеп аткан ачка арстандай, бир секундка тынчын албашын керек, алдың, бардыгын таштайт ...
Аял - бомбадан сактануучу жайдай, керек болсо айкы тейки турмуштун эбегейсиз катуу соккуларына чыдайт, коркунуч болсо шумкарга окшоп балапандары канатынын астында...
Аял - бактылуу, көңүлү тынч жүргөн убакта эркектин кээ бир жоруктарын көңүлүнө албайт..
Аял - эки кулагы менен эркекти кунт коюп, ал башка аял менен сүйлөшүп атса кана угат, телефондон сүйлөшсөң угуп коет, ким, эмне деп атканын...
Аял - тим эле мурдун көтөргөн "жылдыздардай" каякка болсо дайыма кечигип, күттүрүп келет...
Аял - пружинасы бар эшиктей, сен аны тартсан, ал качат, сен аны түртсөң, ал сага кайра жармашат...
Аял - кечире берет, кечире берет, чыдай берет, бир куну бир жарылат да, күтүлбөгөн жерден кетип кайрылып түбөлүккө келбейт...
Аял - эгер бирдемеге жини кайнап жөнөсө, артынан сөзсүз баргынын...
Аял - эгер бар жогуна кайыл болуп, берилип сени караса өөп койгунун..
Аял- эгер сенен кача баштаса, анда болду, кармап койо бербе, жанынан бир карыш чыкпа..
Аял - сени эркелетип чакырса чуркап барып өөп сал..
Аял - жини келип турса, тамаша, азил айтып көнүлүн көтөр, бир жолу айтсан жазылбайт, сабыр кылып дагы айт..
Аял - унчукпай калса сурап кой, "жаным эмне болду" деп..
Аял - ыйлап атса эч качан жалгыз таштаба....
Аял - эгер "сиз мага жактыныз" десе анда ал сени сен ойлогондон да артык көрөт...
Аял - эгер сага бир сыр айтса бекем карма, эгер оозунан чыгып кетсе олгонун ошол...
Аял - сенин көзүнө тик караса, анда сен ал көзүн ала качканга чейин карап көзүнду алба, көзүндү эрте алсан, анда башка антип карабай койот..
Аял - эгер аял "болду эми, бүттү бардыгы" десе, анда ал анын дагы эле акыркы сөзү эмес..
Аял - жөндөн жөн эле бирдемке ойлоп чыга калат да, анан өзү эле кайра ошого таарынат..
Аял - үйдүн куту, берекеси, үйдө жылытып жанып турган оттой..
Аял - жыты өзү даярдаган сонун тамактын жытындай болуп турганда жыттагын эле келет...
Аял - таттуу шоколаддай, эркектин мандайына жазган ширин жомоктой..
Аял - Интернеттей, бир аз эркелетип койом деп тан атат...
Аял - жырткыч жаныбардай, сулууну жактыра бербейт, ким башка эркектерге караганда камкор, жөлөк таяк, мээримдүү, ишенген тоосу боло алса жактырат...
Аял - кожойуну көп болгон машинедей болсо, анда аны каалаган эркек аз болот...
Аял - автопилоттой, өчүрмой сайын каалаганындай башкарып алат...
Аял - менмин деген шпиондон кыйын болот, керек болсо сен учун "лювойун" алдайт, сатат, сага түбөлүк дос да, жар да болот...
Аял - кегин алам десе, анда ал сени унута албай жатат, дагы эле сүйөт...
Аял - сен билбеген табышмактай, эмки секундада эмне айтып, эмне кылаарын эч качан билбейсин...
Аял - мен тандадым деп эркектер кыйын болгон менен, дайыма аял эркекти тандайт...
Аял - кофта алам деп магазинге барса, сумка жагып жанында бир саат турат, аягында үйгө жаны туфли алып эле келет...
Аял - мин кыйын, эрктуу көрүнгөнү менен, эркекке мойун сунганга эмес, назик, алсыз болуп көрүнгөнгө өзүнөн кыйын, күчтүү эркекти тандайт..
Аял - кыйын экспериментатор, үч саат жылбай чачын, кебете кешпирин бир стилде жасап, эгер бүткөндө жакпай калат да, анан бузуп бардыгын он беш мүнөттө такыр башка стилде чачын, бетин, кийимин жасап салат...
Аял - үйлөнүү тою күнү сени менен түбөлүккө жаным менен бирге болом деген ак-куудай....
Аял - жаш өткөн сайын кобрадай, тили орду менен оттойт, жыпжылма сыпаа көрүнүп, акылман, тийишпесен жөн-жай чакпайт..
Аял - кымбат баалуу машинедей, бүт эркектер ушундай минсем деп каалап суктанышат, бирок анын каприздерине сүйүктүү адамы эле чыдайт...
Аял - кудайым берген момун, сыпаайы, бардыгына макул, кайыл болот, үйлөнүү той отуп фатаны чечкенге чейин...
Аял - кебете кешпири үй-бүлөөлүк бюджеттен бөлүнгөн каражатка жараша болот..
Аял - эгер жан-дили менен чындап сүйсө сүйүүсү жыл арытат, аны өзүндөй сүйгөн адамы болсо анда түбөлүк сүйөт..
Аял - он эркек бутуна жыгылып атса, он биринчини карайт...
Аял - бала эле төрөп бербесе, балталап салчу калк болот...
Аял - качан ал сени багып алган эмес, сен кудай берген күйөөсү болгонунду түшүнсө эле, анда эненди Үч-Коргондон көрөсүн...
Аял - сүйүктүү аялдан кымбат дары жок, ооруп калсан кашында уктабай, кабагым кашым дебей, аяп турса бат айыгасын...
Аял - эркек менен өйдө-төмөн болуп уруша кетсе эч качан эркекке биринчи чалбайт, каадаланып болбойт, бирок, эгер эркек биринчи чалса кечирем деп ойлойт, анан эркек экинчи жолу тынбай чалганда кана кечирет...
Аял - сенин мээңди жебей калса эле бүттү, ал сени чана баштаганы....
Аял - жүрөгүн сүйгөнүнө арнап, Гитлер болобу, балээ болобу, өмүрүн ошого кана байлагандан тартпайт...
Аял - автоматтай, бир ок менен үч койонду өлтүрөт, эгер чырайы сулуу болуп, акылдуу да болсо, анда өзүн айпери сезет, эркектер бутуна жыгылат, башка аялдардын кыжырын өлө келтирет..
Аял - үй-бүлөөнүн башчысы, эгер күйөөсү мен башкарам деп ойлосо, анда аял акылманы дагы...
Аял - бир карасаң теги эле тете келбеген, түз жүрбөгөн эркекти сүйөт, анткени ал аялга түз, туура сөз, ойлорду сайрайт.. .
Аял - эгер ал жанындай сүйгөн, эки сүйүшкөн көгүчкөндөй ажарлары ачылып бактылуу баратышса, анда аял жупуну кийинсе деле супсулуу көрүнөт..
Аял - дайыма таттуу жеп, дайыма арыктагысы келет...
Аял - Google дай, билбегени, укпаганы жок...
Аял - чалкыган деңиздей, бирде мээмиреп, бирде тыптынч, бир карасаң бирде толкун, бирде буркан-шаркан...
Аял - эгер эч бир ажылдабай, сүрүштүрбөй, кыйкырык-сүрөнү жок кетсе, анда ал аялдын жүрөгүнө катуу тийди...
Аял - "Фэйсбуктай", канча аз убакыт өтсө деле, эч бир өзгөрүү болбосо деле кайра-кайра карагың келет..
Аял - күзгүдөй, аны сүйгөн эркектин тапкан байлыгы менен камкордугунун натыйжасы....
Аял - шахматтай, бир туура эмес жүрсөң эле "мат" болосун!
Аял - Аллахымдын белеги, дайыма Аллахка ыраазы болуп, чын-дилиң менен кабыл ал...
Аял - интернетте жалгыздык жөнүндө постторду жазат, аябай бук болгонун айтат, таанышат, ал эми көчөдө жалгыз жүрсө таанышайын десең, бир зөөкүрдү көргөндөй качат...
Аял - жигитинин чачын алдыртат, тамекини таштаттырат, спорт менен машыкканга мажбурлайт, бирок, жигит мындайга көнүп калганда айтат, "мен сенин мурунку жүрүш-турушунду, салабатынды жакшы көрүп сүйүп калган элем" дейт...
Аял - машине айдаганды эч шашпай, бардыгына макул болуп, так аткарып атып үйрөнөт, бирок кийин өзү билгендей айдайт...
Аял - тамакка салган туздай, ал жок болсо тамак тамактай эмес, ал көп болсо да тамак тамактай болбойт..
Аял - рекетирдей, сенин макулдугун жок эле акчаны кагып койот..
Аял - коллективистка, эч качан жалгыз өзүнө тамак бышырбайт...
Аял- заманбап "Плюшкиндей", "смс-терди", дисктерди, майда-барат белектерди, жазгандарын чогулта берет...
Аял - кутьюредей, башка аялдарды эн башкы критерий деп акылын эмес, алардын сырткы келбетин, кебете-кешпирин карайт...
Аял - үч аялдын башы бириксе кийимден кийин эркектерди сөз кылышат...
Аял - арыктайм бары бир деп эки размерге кичине джинсы сатып алат...
Аял - катуу мас болсо албетте мурдагы сүйгөнүнө тынбай чалат, сөгөт, түнкү клубдун сакчысын сүйүп калдым дейт, же ресторандын официанты жагып калат, таксист менен жашоонун манызы, президенттин ойношу жөнүндө кыйкырып кобурашат, эн жакын досу менен катуу уруша кетет, бакырып "шлягер" ырларды ырдайт, машиненин, үйдүн ачкычын, телефонун ж.б. жоготот, өлө өмүрүндө бийлебегендей бийлейт, көчөдө туалетке баргысы келет, колготкасын айрыйт, шиш такасы сынат, бардыгынан "мен мас эмесмин" деп сурайт, уч самса жеп, "эртенден баштап диетага олтурам" деп сөз берет, "Фэйсбуктан" 50 "досун" өчүрөт, көзү жашы көл болуп, көздөрү ишигенче ыйлайт, бирок эч качан мындай кебетеси менен апасынын көзүнө көрүнбөйт...
Аял - жанып турган жылдыздай, эгер сүйгөн жары кашында болуп, турмуш- жайы жетиштүү болсо, көзүнөн от жанып, эркектерди өзүнө магниттей тартып турат...
Аял - артисттей, көчөгө чыгарда эмне болсо да күзгүгө каранып чыгат...
Аял - жонглердой, байпагын колготкиси менен кошо чечип, анан кошо бойдон кайра кийе алат...
Аял - эркектин ийгилигинин кудугу жана булагы..
Аял - чачын жасатып, бойотуп келип "кандай болуптур" деп сураса, дайыма "сонун" деп жооп бергиле, бары бир аягында "сонун" дейсинер..
Аял - жаратылыштын пейилиндей, бир карасан чайыттай ачылган күндөй, бир карасан эми жарылган вулкандай, бир карасан бороон чапкындай, бир карасан жаңы толгон айдай...
Аял - көңүлү ток, маанайы беш болсо өзүнөн эч нерсени аябайт, акчасын таксиге коротот, бүт алган маянасына жакшы көргөн өтүгүн алып, жаңы бир кымбат сулуулук процедураны алып койот...
Аял - шпиондун шпиону, эч ким билбейт, сулуулук салонго канча убакыт жоготоорун, аз келсе жакын достору билбейт, кечеге кийип келген сонун көйнөктү прокатка алганын, чоочун тааныбаган эч кимге айтпайт, контакттык линза кийип жүргөнүн...
Аял - гений, анткени ал эле күйөөсүнүн гений экенин алдын ала билген..
Аял - балдай, бир жагынан карасан таттуу, назик, жумшак, бир жагынан жабышса бүттү..
Аял - сыйкырчы, эч нерсе жок жерден тамак кыла койот, бир заматта чачын сулуулук салондон сонун жасайт, бир мүнөттө жаңжал да чыгарып койот.. ..
Аял - өзүнчө эле үй роботу, ал үйдө бир күндө жасаган жумушту, күйөөсү бир жумада бүтпөйт..
Аял - кечке ашпоз, идиш жуугуч, кир жуугуч, медсестра, тарбиячы, мугалим, тигүүчү, экономист, бухгалтер, психолог ж.б. .а, күйөөсү иштен чарчап келет!!!
Аял - универсал, бир эле убакта бирөөгө эже, бирөөгө апа, бирөөгө дос, жеңе, бирөөгө кас, бирөөнүн көрсө сиркеси суу көтөрбөйт.....
Аял - рульда тим эле "атактуу жылдыз", аны бардыгы көрүшөт, ал эч кимди көрбөйт...
Аял - алтын казына, кээ бирөөлөр сандыкка катып, тирүү жан жашабаган аралга алып барып көмүп салгысы келет...
Аял - шампандай, жагымдуу, таттуу, кээ бирөөнүн башын айлантат, бирок башты тез оорутат,
Аял - радиодой, жакшы шашпай уккан кызык программа анда-санда, калганы сүйлөнө берет укпайсын..
Аял - бийик чептей, аны багынтыштын үч эле жолу бар, капыстан катуу чабуул койуш керек, кечке айлап, жылдап торош керек, же эки тарап маңдай-тескей сүйлөшүш керек...
.Аял - 20 жашында Африкадай, алыс, табышмактуу, сырдуу, ысык, кол жеткис..
Аял- 25 жашында Индиядай супсулуу, өрт, карап эле тургуң келет, ырдап бийлегин келет, бирок эч бир жете албайсын...
Аял - 30 жашында Америкадай бай, көз каранды эмес эркин, бирок кымбат..
Аял - 35 жашында Франциядай, көптү көргөн, бирок дагы эле көрө электер көп...
Аял - 40 жашында Югославиядай, көп нерсе баштан өтүп, көп жерден утулуп, кызыккан киши аз..
Аял - 45 жашта Россиядай, ичип койот, күндө той, күндө майрам, иштегиси жок..
Аял - 50 жашында Ирактай, суктанаарлык турмуш баштан өткөн, келечек күмөндө..
Аял - 60 жашында Афганистандай, элдин бардыгы уккан, билет, бирок эч ким каалабайт...
Аял - кинонун оң каарманындай, бир да кемчилиги жок, бүт эле атайын жасалган эффекттер..
Аял - баңгизаттай, кээ бирөөсүнө дароо көнө түшөсүн..
Аял - шопоголик, шоппинг деп кийсе кийбесе деле алып ооруй берет...
Аял -материалист, сыйкырдуулукка, көз ачыкка ишенбейт, бирок майрамдарда жолун ачып, тымызын каалоосун болуп калса экен дейт....
Женщина - врачтай, тазалык менен тартипти сүйөт, бирок анын комнатасы менен сумкасында бирдемке издесен таппайсын...
Аял - прокуратурадай, кармайт, козгойт, эркиңен ажыратат...
Аял - котормочу, тилмеч, мас эркек менен бөбөктүн тилин ал эле түшүнөт...
Аял - акылдуу, мээсин өзүнө катуу керекте иштетет, эркектин мөөсин суткалап иштетет..
Аял - wi-fi дай, бардыгын байкап көрүп турат, бирок эң күчтүүсүнө байланат....
Аял - Чебурашкадай - ысык, жумшак, кулагы менен сүйөт, бирок каяктагы бир крокодил менен өмүрү өтөт...
Аял - балмуздактай, өлө таттуу, ар түрдүү, назик кармасаң эрийт..

Комментариев нет:

Отправить комментарий