Поиск по этому блогу

пятница, 17 апреля 2015 г.

Камит Савай Мергенчи Каракүчүк

Мергенчи Каракүчүк

Мен Алайга бир жолу командировкалап барып, анан жолдо туугандардыкына кайрылып, жайлоо тарапка  бир  аксакал абакем менен кууш келген, бирок аябай кооз  капчыгай аркылуу атчан баратып сурап калдым:
- Ай абаке, эмне үчүн бул капчыгай Каракүчүктүн капчыгайы деп аталат, ал ким, адам болгонбу теги, - деп.
Ошондо сексендин кырынан ашып калган абакем, мени таң кала карап, "бул муну укпай кайда жүргөн дегенсип", ак сакалын сыйпап, мени бир карап алды да, анан:
-Ээ, балам, бул биздин бир илгерки баатырыбыз мергенчи Каракүчүктүн атына коюлган, - деди.
- Мен да бирөөлөрдөн четин угуп калдым эле, сиз бир ооз кенениреек айтып бербейсизби, эгер мүмкүн болсо, - деп сурандым.
- Анда сен муну сен жакшы угуп ал балам, ушундай кыргызда туулган жери үчүн жүрөгүн жоого тоскон бир инсан болгонун сен да балдарыңа айта бар, билишсин, мага да бул улуу инсан жөнүндө кичинекейимде чоң-атам айтып берди эле, деп аксакал сөзүн баштады.
- Тээ илгери, ушул Алайдын мээлжиреген бийик тоолорунда жайгашкан Тоң-Мурун айылынан жогору алысыраак агып өткөн дарыянын боюнда Көккөз деген мергенчи үй-бүлөсү менен жашаган. Алардан ары жакта токойлор менен тоолор болуп киши жашачу эмес.  Айылдагы туугандарынын айткандарына, суранычтарына да карабай бул жерде Көккөздүн ата-бабаларынан баштап жашап келишкен ылдыйга айылга түшпөй. Айылдагы Жору уруусунун аксакалдары, тукумдары Көккөздү, "айыл жакка түшүп жашабайсынбы элден бөлүнбөй", деп көп айтышчу.   Көккөз бул тоонун так этегиндеги жерди аябай жакшы көрчү, тоонун керемет жаратылышын, илгертен ата-бабалары жашап келген жерди  эч нерсеге алмаштыргысы жок эле.  Алайдын Аска-Тоо тоолору деп аталган тоолордун арасындагы көп чакан айылдар Жаныбек деген хандын кол алдында болушкан. ХХ-кылымдын башында бул жерлерде турмуш татаал болгону менен эл тынч жашап, согуш-тытыш дегендерден ары болуп турган.
Көккөз болсо албеттүү, күчтүү, балпайган бою узун киши болгон, мүнөзү катаал, түз сүйлөгөн, кежирлиги да өжөрлүгү да катуу болуп, жини келгенде кыйкырыгы таш жарчу. Көздөрү бакырайган болуп, сүйлөгөндө тим эле тилинен чаң чыгып чечен, мүнөзү катуу анан копол, корс  сүйлөгөн киши болгон. Кышы жайын казандай чоң башынан карышкыр тебетейи түшчү эмес. Алтымыштын кырын ашса да сакалына, чачына ак жүгүрө элек. Элдер анын чынчылдыгын, эр жүрөктүгүн урмат кылышчу жана анын катуу мүнөзүнөн коркушчу.
Үйүнөн жарым чакырымча алыстагы токойдун четинде жүргөн жаныбарларды  жаа менен таамай атат эле, элдер  Көккөздүн көк көзү бүркүттүкүндөй деп таң калышкан. Жайы кышын Көккөздүн үй-бүлөсү ал уудан атып келген жаныбар-канаттулардын эти менен жана ошол жапайы жаныбарлардын терисинен жасалган буюмдарды сатуу менен жан багышкан. Анын үй-бүлөсү чакан эле болуп, аялы Айкөкүл жана карачечекей жалгыз уулу Каракүчүк кана болгон.
Убагында Тоң-Мурундан жана жакынкы айылдардан жалгыз кана ылдыйкы Арчалуу деген айылдан  Айкөкүл деген кыз Көккөзгө күйөөгө тийишке макул болгон. Анткени, айылдарда Көккөздүн катуу мүнөзүн, жашоо-турмушун билишип андан чоочулашкан, катуу жини бир келсе дагы атып салбасын деп. Мурдасы, көп учурларда ал дайыма акыйкат үчүн күрөшүп, жөнөкөй элдин таламын коргоп, кээде урушуп,  бай-манаптардын бийлигине моюн бербей, алардын жигиттерин конушуна жолотпой кууп жиберген күндөр да болгон.  Ошондуктан, Көккөздүн уруусунан эжелери жана жеңелери башка кыздарды үгүттөшсө да, көп  кыздарга анын тышкы келбети жакканы менен бирок түбөлүк өмүр жары болгондон чочулашып коркушкан.
Айкөкүл болсо Көккөздү  айылда бир майрам болгондо күрөшүп жаткан жеринен көрүп аябай жактырып калган экен. Ичинен тымызын ал Көккөздү сүйүп жүрчү. Көккөз жөнүндө имиштерди, сөздөрдү дайыма кызыгып укчу. Анан, Айкөкүл  он алтыга чыгып калганда Көккөзгө бир эжелери келип Арчалуудан бир кыз табылганын жана ал-түгүл анын ата-энеси  макул болгонун айтышкан. Бул ким экенин билгенде Көккөзгө да жөнөкөй, жупуну келген узун чачтуу, арык-чырай кымчабел  Айкөкүл да ага жакты. Ал бир жөнөкөй үй-бүлөнүн көп кыздарынын бири болуп, аларда бойго жеткен кыздарын тез күйөөгө берип узатып турушкан.  
Көккөз болсо ал убакта ата-энеси кайтыш болуп жалгыз турчу. Анын жалгыз аты жана тайгандары бар эле. Анан Айкөкүл келгенде бир уруудан туугандары Көккөзгө, кой уят элден дешип, кой-уйларынан жардам беришип, кичинекей үй-чарба уюштуруп беришти.
Көккөз болсо туугандарына дайыма жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын эттеринен ооз тийгизип берип турган.
Соодагерлер да мергенчи Көккөздү жакшы билишип, дайыма кайрылышчу, баалуу терилерди башка нерселерге алмаштырып турушкан. Айрыкча, илбирстин, аюунун, карышкырдын, тоо текелердин терилерин алып кетишкен.
 Көккөз менен Айкөкүл бактылуу доор сүрүп, тиричиликтери жакшы эле өтүп келген. Бир кана көйгөй алардын жашоосуна көп зилазасын тийгизип келди. Ал көйгөй, бул балалуу болуу болгон экен. Айкөкүл анча жыл өтүп көп жолу төрөсө да балдары токтобой келген. Көп жолу кыз төрөсө да, бир айга чейин эч кимиси жетпептир.
Көккөз болсо аялын аябай сүйчү жана дайыма аны айайт эле, эч качан сен кыз төрөйсүн же эмнеге төрөлгөн балдар токтобойт деп суроо коюп же катуу айтчу эмес.
Көккөздүн улуурак туугандары жыл өткөн сайын айта башташты:
- Эми көп жылдар жакшы эле жашадыңар, Айкөкүлдөн балалуу боло албайт окшойсун, башка бир аял алып берели, сага тукум калтыра турган бирөө болуш керек.
Мындай сөздөргө Көккөз ачууланып:
- Мен сыйлайм силерди, бирок жеке жашоомо кийлигишпегиле, өзүм билем ким менен жашашты, деп керс айтат эле.
 Кезектеги туулган бала чарчап калганда, Айкөкүл буркурап ыйлап олтурду:
- О-о,  айланайын кудайым, мен эмне жамандык кылганыма мага бала ыраа көрбөй атасын,  бала берсең төрөтүп эле койбой, чоңойтуп да берчи, деп жалынып жалбарды.
- Ушул кудай жараткан жаныбарлардын балдарын өлтүргөндү токтотпосом, мага ал тукум уланткан бала бербейт окшойт, деген чечимге келди өзүнчө ойлонуп Көккөз.
Арийне, Көккөз ууга чыкканда кээ бир жапайы жаныбарлардын балдарын өлтүрүп койчу. Мисалы, көбөйүп кетти деп карышкырдын бөлтүрүктөрүн өлтүрчү, эти жумшак, таттуу деп, архардын (1), тоо текенин балдарын союп жешчү.
 Айылдагы көп балалуу болгон аялдар, Айкөкүл дагы боюнда болгондо көрүп байкап жүргөндөр айта башташты:
- Айтты койду дебе, ушул сен кудайым берсе Айкөкүл уул төрөйсүн, анткени сенин бетиңе сепкил түшпөдү, басканың жоргодой жеңил, уктасаң оң капталыңа жатат экенсин, азып арыктап да кеттиң, деп.
Чын эле ошондой болгон эле, кыргыздарда илгертен айтышчу, эгерде, кыз төрөлө турган болсо, анда боюнда бар аял оор-басырык басып, көп уктай баштаган. Беттерин сепкил басканын болсо, ичиндеги кыз энесинин сулуулугун талашат деп айтышчу. Анан, эгер уул болсо оң капталдап, кыз болсо сол капталдап жатат дешчү. Эгерде боюнда бар аял толо баштаса, анда күйүмдүү боло турган кыз төрөлөт, ошого аялдын түйшүгү азаярын билип семирет, ал эми арыктаса, анда уул балага көп түйшүк болот деп ойлонуп арыктайт, деп эсептешет эле.
 Билерман аялдардын айтканындай болуп, Айкөкүл аябай азып кыйналып, убагына жетпей, жети эле ай болгондо күтүүсүздөн толготуп өмүрүндө биринчи жолу уул төрөдү.
Ал убакта жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында чарчап калган балдар көп болгондуктан, кыргыздар ар кандай ыкмаларды колдонушкан, бала аман калсын деп кудайга жалынышкан, о дүйнө салган ата-энесинин арбактарынын колдоосун сурашкан. Анан, көз тийбесин, шайтан менен жаман арбактар тийишпесин деп, ырымдап ымыркайга ошолордон коргойт деп жаман угулган, мааниси анча эмес жана чочута турган аттарды коюшкан. Ошондуктан, жаңы төрөлгөн жети айлык бала кичинекей жана капкара болуп, теги эле оозу-мурду кайда экени араң көрүнгөн, жакшы көзү ачылбаган ымыркай болгондуктан, ага Каракүчүк деп ат коюшкан.
Каракүчүк убагынан эрте төрөлгөндүктөн аны ырымдап күнүгө таң атканда жарык киргенге чейин Көккөздүн калпагына салып, боз үйдүн боорундагы илгичтерге кезеги менен тегеретип илип чыгышкан. Ошол эле убакта Айкөкүл айылдагы кемпирлер үйрөткөндөй дубалап, кудайга, арбактарга  жалынып, баласын аман калтырып, ага күч-кубат, дем берүүнү суранган.
Кудай кереметин төгүп, бир ажайып болду!
Ошентип, кудай берип, арбактар колдоп, Айкөкүл менен Көккөз тилегенине жетишип, Каракүчүк аман-эсен чоңойду. Жыл өткөн сайын ата-энесин сүйүнтүп Каракүчүк атасына келбети да мүнөзү да окшош болуп чыга келди.
Каракүчүктөн ата-энеси эчтекени аяшкан жок, ою жана көңүлү менен болушту. Көккөз уулуна кичинесинен эле жаа атканды, ууга чыкканды  үйрөттү. Бойго жете баштаганда ууга тоого чогуу чыга башташты. Кээде төрт-беш күндөп ууда жүрүшкөн күндөр болду. Каракүчүк ууга чыкканды аябай жакшы көрүп чыдамсыздык менен күтө турган.
 Айрыкча, тоодо ууда жүргөндө Каракүчүккө атасы Көккөздүн  жапайы тоо жаныбарларынын, канаттууларынын кулк-мүнөздөрү, адат-өнөкөттөрү, жашоо-турмушу жөнүндө кептерин укканды аябай жакшы көрөт эле.
- Мергенчи болом десең ушунун бардыгын билишиң керек балам, эң башкысы, кудай таалам берген жаратылышты  таарынтпай, кемсинтпей, жаныбарлардын балдарын бөөдө өлтүрбөй, кудай бере турган жолуң болоорун күтүп  жана ишенишиң керек, деп акыл-кебин айткан Көккөз.
Каракүчүк берген суроолорго да шашпай жооп берип, мергенчи сабырдуу, керек убакта чечкиндүү болушун айтчу.
Мына ушинтип, Каракүчүк Аска-Тоонун тоолорун, төрлөрүн көрүп, анын ар бир кырын, капчыгайын, токойлору менен таштарын таанып чыкты.
Көккөз айткан акыл-кептерди иш жүзүндө ишке ашыра турган убакыт да келип бойго жетип калды.
Акыры бир күнү Көккөз, өзүнө  ууга чыгыш күндөн күнгө кыйын болуп келе жатканын сезип, тоодо деми энтигип, буттары ооруп какшап, жашы өтүп баратканын билип Каракүчүккө жалгыз ууга чыкканга батасын берди.
Бул күндү Каракүчүк тымызын толкунданып күтүп жүргөн болчу, бирок, ал жөнүндө атасына бир да жолу айткан эмес.
Ууга аттанаарда Каракүчүк атасы айткандай ата-энесинин батасын алып анан үйдөн чыкчу эле. Көккөз менен Айкөкүл уулуна кудайдан анын ууга чыкканына жол ачып берүүнү, жакшы аба-ырайын, аман-эсен үйгө кайтышын тилеп бата беришчү.
Айкөкүл чон куржунду мурда Көккөзгө даярдаса, эми уулуна даярдап, анын бир жагына азык-түлүк салчу бир жумага жете тургандай кылып.   Каракүчүк жакшы көргөн кышкы соогумдун сүрсүгөн этинен, кулазык кылып  жакшы куурулуп майда тууралган эттен, казанда бышырылган калама нандан, талкандан салат.
Ал эми кийим-кечектен болсо көйнөк, ашатылган териден жаргак шымды, анан бир кандагай шымды салчу.  Бул шымдар кеңири болуп, керек убакта чепкенди шымданса болот эле. Үстүнө чепкен, суугурак болгондо кементай киет деп аларды салып койчу.  Өтө суук болгондо Каракүчүк ичик тон же болбосо постун кийген, алардын бирин тандап атка ээрге байлап алчу. Башына ылдыйда калпак кийип, суук болгондо жогору жакта Айкөкүл өзү жасап берген малакайды кийчү. Той-топурга кана карышкыр тебетей кийбесе, башка убакта аны кийчү эмес. Каракүчүк белине болсо кемер байлап, чепкендин сыртынан илгич байлап алчу эле.  Бутуна жылуу убакта маасы кепичи менен, суукта тери өтүк же чарык  киет эле.
Айкөкүл куржундун экинчи жагына эч качан тийчү эмес, ал жакка Каракүчүк ууга эмне керек болсо ошолорду салчу. Көккөз үйрөткөндөй биринчиден жакшы курчутулган бычак, мылтыктын октору, жаанын жебелерин, жаанын уусун салчу. Атасы берген канжарын, англия мылтыгын өзү менен кошо алып жүрчү эле.
"Бозбаш" атты  Көккөз өзү ээрин тартып даярдап берип, такалап койгон.  Ууга чыкканда дайыма "Шамал" жана "Баскыч" деп жөндөмдүүлүгүнө жараша аттары бар эки тайган кошо чыгышчу. Бул эки тайган Каракүчүктүн жанынан чыгышчу эмес, уктаганда эле ажырашпаса. Ууга чыкканда тайгандар Каракүчүктү коркунуч болсо эскертишчү, тоо текелерди жакын арада болсо тез эле кууп жетишчү. Эми алардын тоо текелерди кууганы өзүнчө эле карап олтура бере турган укмуш болчу.
Тайгандар (2) ушундай кызык чуркайт эле, тоо таштан секиришкенде тим эле чоң куштар булуттарды жиреп  учуп бараткандай көрүнчү. Биринчи болуп албетте "Шамал" жетип барат эле, бир саамдан кийин "Баскыч" да кууп жетчү.
Ошентип, архарлар менен тоо текелерге ууга чыкканда "Шамал" менен "Баскыч" аларды көргөндө акырын жакын сойлоп барып, анан тоодогу таштан-ташка, жылаңач аскалардын боорлорунда болсо да кууп жетишчү да, анан бирөөнү кармап, муунтуп, Каракүчүк келгиче коё бербей турушкан. Кийин аларды ылдыйга түшүргөнгө да тайгандар жардам бербесе кыйын болмок.
Каракүчүк ууга чыгаарда Айкөкүл ага бүтүн нандан бир тиштетип жедирчү. Нандын калган чоң бөлүгүн боз үйдүн капталына бийигиреек жердеги илгичке илип койчу.
Нанды илип жатып Айкөкүл айтчу эле:
- О кудайым, уулум аман-эсен уудан келип, калган тиштеген нанын жесин үйүндө, деп.
Нанды тиштеген жан өзүнүн үйүн дайыма ойлоп, кудайдын жардамы менен аман-эсен кайра үйүнө кайтат деп айтышаар эле кыргыздар.
Бул ырымды үйдөн бирөө алыс жакка аттанганда жасашкан. Качан Каракүчүк уудан келип ошол илинген нандан даам эткенде кана ал нанды алып салат эле Айкөкүл.
Дагы бир ырым, Каракүчүк уудан кайтканда Айкөкүл босогодон бир суу куюлган кесе менен тосуп алчу. Анан, ошол кесени Каракүчүктүн башына үч жолу тегеретет эле.
Айкөкүл тегеретип жатып:
- Жолдо жармашкан жаман арбактар чык, көз тийсе чык, жаман нерсе жабышса чык, деп айтат эле.
Тегеретип бүткөндөн кийин Каракүчүктү, "түкүр эми биякка" деп, кесеге түкүртөт эле.
Анан, ал кесени суусун төгүп туруп, боз үйдүн бурчуна көмкөрүп коёт эле да, ал кесе ал жерде үч күн жатчу.
Ал эми Каракүчүк болсо конуштан узап, биринчи капчыгайдын башына келип, эми жап-жашыл токой башталганда капталдарда, токтоп өзүнүн конушун, айылды карап бата кылган:
- Ой кудайым, ата-энем, туугандарым, конушум аман-эсен турсун мен кайткыча, - деп.
Андан кийин кана бийик жашыл арча баскан токойлор башталып, бийигиреек чыкканда алар да кез-кезде кезигип, анан бирин-серин чөп баскан тоолор башталып, андан да бийик көтөрүлгөндө, жылаңач аска-тоолордун ар жагында түбөлүк аппак кар баскан чокулар көрүнөт.
 Мына ошол аскаларга жеткенде нукура уу салыш ошондо башталат, тоо текелер, архарлар жана башка жаныбарлардын мекенинде.
Ууга чыкканда мергенчи эч качан мобул жаныбарды бүгүн атсам деп ойлобойт, анткени тоодо эмне кана болбойт күтүлбөгөн. Бул жерде жүрбөйт деген жерде карышкырдын изи көрүнөт, же улар учуп жүргөн болот ылдый жакта.   Каракүчүк болсо, эти барктууларын ошол жерде мууздап анан ылдыйга алып келген, кээ бир жаныбарлардын териси кана керек болсо, анда алардын эти башка жаныбарларга жем болгон.
Айрыкча, жаныбарлардын катырылган кейпин жасашка тыкандык менен союш керек болгон жана Көккөздөн аларды узак убакытта, чыдамкайлык менен жасаганды жакшы үйрөндү, даяр болгондо кадим эле тирүүдөй болуп калат. Кээде аларды үйгө коюп койгондо, көргөндөр көрүп жүрөктөрү түшкөн.
- Айланайын, бирдемке менен жаап койчу, тынч олтура албай атам, азыр эле жеп салгыдай болуп атат деп күлүшчү, чочуп келген кишилер аюунун же карышкырдын катырылган кейпин көрсө.
Айкөкүл жаны жок бул кейпинде тиймек беле десе да, кээде унутуп калып чочуп кетишет.
Ууга чыкканда жолу болбой калса да кудайдан тилеп чыдамсыздык менен күтөт эле. Көккөз айткандай, "сабырдын түбү сары алтын" деп кээде сабыр кылып тоодо көп түнөп калган күндөр да болду. Андай түндөр да өзүнчө керемет эле, асмандагы жылдыздар жаныңда эле жымындап жүргөндөй көрүнчү. Эң төр жактарда түнкүсүн аябай тынч болот, ылдыйлаган сайын үндөр көбөйөт, куштардын сайраганы, жаныбарлардын бири-бирине үн чыгарганы угулуп.
Көккөзгө караганда Каракүчүк айылга кем түшөт эле, өтө эле зарыл болуп эле түшпөсө.  Айылдыктар аны жакшы билишет эле, Көккөздүн мергенчи уулун, анын жаныбарларды алыс аралыктан көзгө атчу жөндөмүн да жакшы билишкен.
Ошол убакта бул тоолордогу айылдарды Жаныбек-хан бийлеп турган. Жаныбек-хандын жигиттери ошол айылдардын тургундарынан салык чогултуп турушкан. Алар Көккөздүн конушуна келгенден коркушат эле, анткени бир жолу аларды Каракүчүк тайгандары менен айылга чейин кууп түшүшкөн.
Көккөз дайыма айтчу эле:
- Мен Жаныбек-ханга карызым жок, бербейм эчтеке, деп.
Жаныбек-хан чакыртса, кээде барбай да койчу. Кийин Каракүчүк да атасынын саясатына өтүп, Жаныбек-хан ага да тишин кайрап жүрдү.
Кээде Көккөз Каракүчүктү  айылдардагы майрамдарга чогуу алып алат эле, биринчи Каракүчүк "жамбы атмай" мелдешине катышып жүрдү. "Жамбы атмай" бул белгиленген аралыктан атчан чаап келе жатып жаа менен бутаны атып түшүрүү болгон мелдеш.  Кийинчереек, Каракүчүк күрөшкө да түшө баштады. Бара-бара ал көп мелдештерде утуп, көп жерге таамай мергенчи жана күчтүү күрөшчү катары да тааныла баштады. Эми көбүн эсен биринчи Көккөздү эмес, Каракүчүктү тойлорго чакыра башташты.
Мурда, колунда бар бай кыргыздар каза болгон аталарына аш беришип, көп элдерди чакырып, ар кандай баалуу байгелерди коюп мелдештерди өткөрүшкөн. Каракүчүктү да биягы Ош шаарына чейин чакыра башташты. Бир мертебе Көккөз менен кошо ылдыйкы Арчалуу айылына, Айкөкүлдүн төркүнүнө бир чоң тойго барышты.
Ал айылда, таяке журттун жигиттери менен таанышты. Анан, алар Каракүчүктү жаштардын өзүнчө майрамына чакырышты. Бирок, барбайм деп жаткан жеринен аны Көккөз кагып койду:
- Балам эми чоңойдуң, эл менен аралашып, таанышпайсынбы, көңүл да ачып дегендей.
Көккөз аны жигиттер менен достошуп, кыздар менен таанышса экен деп да ойлоду.
- Жалгыз жүргөн карышкырдан коркунучтуу жаныбар жок, ошондой болмок беле, сен барып кел, биз апаң экөөбүз бүгүн мейманда болуп, эртең чогуу кетебиз кайра, - деди.
Көккөз ошентип Каракүчүктү кыйнап эле таякелеринин уулу Анарбекке кошуп койду.
Көрсө, ошол күнү айылдагы бир кыз-жигиттин күйөө-кыз болуп үйлөнүүгө убадалашкан ырым-жырымы болмок экен да, ошону жаштар майрамдашмак экен. Илгери, кыргыздын айылдарында ушундай күндөрдү жана үйлөнүү тойлорду жаштар өзүнчө белгилешкен. Мындай кечелер адатынча эшикте, бактарда өткөрүлүп, таң атканга чейин созулуп кетчү. Майрам убагында айылдагы жаштар бири бири менен жакындан таанышышып, чоңдор жок анча уялбай, ээн-эркин олтурушуп сүйлөшүшүп, ырдашып, чогуу тамак жеп, ар кандай улуттук оюндарды да ойношушчу.
Мындай кечелерде кээ бир жаштар сүйүп калышчу бири-бирин, жаштар буга окшогон майрамдарды чыдамсыздык менен күтүшүп, жакшы кийимдерин кийип, өзүнүн өнөрлөрүн да көргөзүшчү.
Үйлөнүү тойдун алдында күйөө бала достору менен айылдын четине токтошкон. Үйлөнө турган жаштар жолуксун деп, өзүнчө бир жасалгаланган боз үй тигишкен.  Анан, ошол жолугушууда жаштар көп оюндарды, көбүнчөсү тамашалуу "кыз ойнотоор" деген оюндарды ойношкон.
Мисалы, күйөө бала келин достору менен күтүп олтурган боз үйгө кире электе, боз үйдүн сыртынан бир кичине жыртыктан келиндин баш кийими "шөкүлөнү" кагып түшүрүшү керек болгон. Кагып түшкөнгө чейин күйөо бала кайра-кайра аракет кылган, карап тургандар тамаша сөздөрдү айтышып мазакташкан. Андан кийин, болочок күйөө  бала менен келин боло турган кызды жолуктурушкан, аны "жар көрүшүү" деп коюшкан. Башка дагы   "таңуу",  "бээ кармоо", "кыз куумай" деген оюндарды ойношкон.
Ошондой боз үй тигилген Арчалуунун жаштары чогулган бакка Каракүчүктү Анарбек алып келди. Анарбек ага тууган болуп, анан ал өзү да жакшы күрөшчү болуп, Каракүчүк менен дос болгусу келип жүргөн. Башталышында, Каракүчүк мындайга көнө элек жан бир аз сүрдөп атты, Анарбектин колдоосу менен акырын аралаша баштады.
Жергиликтүү жигиттер биринчи аны анча жактырбай карашып, кыздар болсо бейтааныш, сулуу, келбеттүү жигитти кызыгып карап олтурушту.
Ошол кыздардын арасында башкаларга караганда сөзү үнү бийик чыккан, өзүн эркин алып жүргөн, шаңкылдап күлкүсү да тынбаган тегирменчи Бердикенин кызы Саадат бар болчу.
Саадат бир үй-бүлөнүн эрке кызы болуп чоңойду, анткени ал эң кичүүсү болчу. Кудай Саадатка бойду, сымбатты да берген, бойго жеткенден баштап, канча жигиттер анын жүрөгүнө жол таба албай кыйналып жүрүштү. Саадаттын чачы капкара болуп узун өрүлүп, аны айылдагы аялдар үлгү катары айтышат эле кыздарына.
Кыргыздарда, эгерде кыз бала чачын жакшы карап өстүрсө узун кылып, анда ошол кызга сулуулук да, байлык да келет, жакшы жердин келини болот  деп эсептешкен.
Ал эми Саадатка болсо айылдык жигиттердин бирөөсү да негедир жакпады, алардын канчасы өздөрүнүн сүйүүсүн арнаса да, алардын бардыгын четке какты.
Анан ошол кечеде Каракүчүк пайда болгондо, эмнегедир Саадатта кызыгуу пайда болду да,  жакыныраак таанышайын унчукпай олтурган жаш мергенчи менен деп акырын тийише баштады, кепке да салайын деп:
- Бейкүнөө жапайы жаныбарларды аткандан башка мергенчинин колунан дагы эмне келет, деди.
Каракүчүк ойлонбой дароо түз жооп берди:
- Менин жакшы көргөн жумушум аңчылык, бүт эле көргөн жаныбарларды катары менен ата бербейм, эгерде алар өтө көбөйүп кетсе же адамдарга коркунуч келтире баштаса, анда ошондо кана атам, мен алардын терилерин ашатам, катырылган кейпилерин  жасайм,  - деди.
-  О-о, анда кызык экен, мага бүркүттүн катырылган кейпи аябай жагат, бирөөнүкүнөн көргөм, тим эле тирүүдөй учайын деп тургансыйт, - деди Саадат.
- Соодагерлер кандайлары керек болсо айтышат, бул жумушум көп убакыт алат, деди анда Каракүчүк.
Саадат ойлогон болчу, эми Каракүчүк айылдык жигиттерге окшоп тийишип жабыша баштайт ко деп, бирок андай болбоду. Каракүчүк болсо Анарбек менен сүйлөшүп кайра Саадатка көңүл бурбай калды.
"Ыр кесе" оюну башталып, кезек Саадатка келгенде ал ырдады да, анан кымыз толо кесени Каракүчүккө сунду, көрөйүнчү эми эмне кылат экен деп:
- Аска-Тоодо тердим тезекти, Каракүчүк мергенчиге бердим кезекти деп. Каракүчүк болсо комузду алып күүлөп, атасы үйрөткөн күүлөрдөн чертип киргенде олтургандардын оозу ачылып баардыгы кунт коюп угуп калышты. Дагы суранышып эки-үч күүнү черттиришти. Комузду да сайраткан мергенчи жигит дагы эле бир калыпта көп сүйлөбөй олтурду.
Кыздар сүйлөсө кыска жана нуска жооп берип жатты.
Анан алар Саадатты күүлөй башташты:
- Ой сага эмне болгон, жигиттерди жөн эле чимирилтесин го, эмне олтурасын тиякта, мергенчинин кулагына куюп, сөзгө тартпайсынбы, -дешти.
- Кудай акы, бир катуу мергенчи экен, сыксаң да кан чыккыдай эмес, сөз турсун, - күлдү Саадат.
- Дагы тыткылап көрбөйсүнбү, балким сага жибип кетеер жумшарып, деп күлүштү кыздар.
Анан караңгы киргенде "түнкү жашынмак" ойной башташты. Саадат Каракүчүктүн кезеги келип издей баштаганда, атайылап эрежени бузуп, бактын алыс жагына үн чыгарбай бекинип алды. Каракүчүк издеп атып таппай,  эми билгенде Саадат белгиленген жерге чуркап Каракүчүктөн мурда жетиш керек болчу, бирок ал атайын жыгылып калды да, баса албай турган болуп олтуруп калды. Каракүчүк оюнду токтотпой, Саадатты сүйрөп, анан көтөрүп белгиленген жерге алып келип таштады.
Саадаттын, токто, өзүм барам дегенине караган жок. Көргөндөр Саадатка аябай күлүштү, дайыма андан жигиттер коркушат эле, Саадат да Каракүчүктөн мындайды күткөн жок, эмне дешин билбей, же күлө албай, же ыйлай албай туруп калды.
 Убакыт өткөн сайын Каракүчүк Саадатка жага баштады, жылып олтуруп анын жанына олтуруп калды. Каракүчүк да сүйлөшүп, жада калса тамашалаша башташты. Экөөнө эч кимдин кереги жок болуп калды, Анарбек да өзүнүн кызы жакка ооп жылды.
Каракүчүк өзү да эмне болуп жатканын түшүнбөй калды, Саадаттан көзүн албай, анын жоодураган көздөрүнө, узун кирпигине жана шөкүлөсүнөн чыгып жерге тийейин деп калган чачтарына, тамаша кылып айткан сөздөрүнө суктанып карап олтурду. Мына ошентип алар таңдын кантип атканын да билбей калышты. Каракүчүк эмки жумада келе турган болду Саадатка жолукканы.
Ошол күндөн баштап Каракүчүк Арчалууга тез-тез келе турган мейман болду. Кээде экөө алардын сүйгөн оруну, капчыгайдын кырындагы токойчонун ичиндеги бир кичинекей булактын жанында олтурушчу сүйлөшүп. Ал булактын суусу дайыма таза, тунук жана муздак да болот эле.
 Мына ушул жерде кана Каракүчүк көп  күлүп, Саадаттын каалаганын аткарат эле. Алардын шаңкылдаган бактылуу үндөрүнө булак кана күбө болот эле.
Көккөз аябай кубанды баласынын бойго жетип кыздар менен сүйлөшүп калганына, ал эми Айкөкүлдүн сүйүнүчү койнуна батпады,  Каракүчүк анын айылындагы кызды жактырганына.
Көккөз Айкөкүлгө:
-Акырын эми даярданалы, макул десе барып сүйлөшкөн кызына болуп келели, -деп айтты.
Турмуш өз нугу менен өтүп жатканда бир жаман күтүлбөгөн окуя болду. Кыш эрте түшүп, кар калың жаап, бир күнү Көккөз менен Айкөкүл, анын ооруп жаткан апасын көрүп кайра келе жатканда капчыгайда көчкү жүрүп кетип басылып калып каза болуп калышты.
Тагдырдын жазганы, кудайдын буйругу ошол экен, Каракүчүк ошентип жалгыз калды.
Ошол убакта совет бийлиги бүт Кыргызстандын территорияларында орноп,  Жаныбек-хандын бийлигиндеги жерлерге окшогон тоолуу райондорго али жете элек болчу. Бирок, чоң жол өткөн жерлерде, ары-бери өткөн соодагерлерден ар кандай миш-миштерди угушчу, кээде Жаныбек-хан чабармандарын жөнөтүп билип турат эле, ааламда эмне болуп атканын.
Анан миш-миш кептер тарады, орустар кыргыздардын жерлерин, малдарын,  тартып алышып жатыптыр. Эми орустар мусулмандарды жоготуп бардык эл каапыр болот экен деген кептер тараган. Ошондой эле, ат мингендердин атын, мылтыктарын да алышат экен. Колунда бар кыргыздарды, каршылык көрсөткөндөрдү  түрмөгө камап, көбүн Сибирге айдап жатыптыр, жолдо алар өлүп, өлбөгөнү түрмөлөрдө чирип жатыптыр деп айтышкан. Жада калса кыргыз кыздарды зордукташып, союп атыптыр деп да айтышкан.
Жакында орустар эми Алайдын тоолуу райондорун басат экен, жөн эле замбиректер менен кырат экен деген имиштер болду. Ушуга окшогон имиштер Жаныбек-хандын, Аска-Тоонун элин да үрөйүн учуруп, эмне кылышты билбей олтурушкан. Жаныбек-ханга ошондо Кокондон Мадамин-бектин (Фергана өрөөнүндөгү совет бийлигине каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери)  кишилери келип алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар Жаныбек-ханды болгон жигиттерди, курал-жарактарды топтоп орустарга каршылык көрсөтүүгө үгүттөштү.
Жаныбек-хан башы маң болуп ойлонуп калды. Ал өзүнүн кол алдындагы айылдарды орустарга бергенге ичи ачышып бир жагынан, экинчиден, каршылык кантип көрсөтө алабыз деп да ойлонду.
Ош жакка барып келген чабармандардын айтуусунда орустарда күч көбөйүп, алардын аскерлерине кыргыздарды мажбурлап кошуп аткан имиш, Алайды толук басып алууга катуу даярдык жүрүп жатыптыр. Мадамин-бектин аскери катуу каршылык көрсөтө албай, Кокондон тоолор жакка сүрүлүптүр деп да айтышты.
Элдер дуу-дуу болуп эле жатышты, Каракүчүк да укту бул имиштерди, катуу кабатырланды. Саадатты болсо анын ата-энеси Алайдын ички жагына, тээ жолдон алыс бир кичинекей айылдагы туугандарына жөнөтүп жиберишти. Каракүчүк Саадат менен жакшы коштошо да албай калды. Анткени, жолуга турган убакка жетпей кокусунан тез Саадат кетти да, Каракүчүк келип таппай калды.
Каракүчүк жанын коё турган жер таппай, ууга чыкпай, көңүлү тынч болбой турганда Жаныбек-хан элди чогултуп калды.
Эл чогулганда Жаныбек-хан көп ойлонуп кандай чечимге келгенин айтты:
- Калайык элим, бүгүн биз бир татаал абалга кабылганы турабыз, бизди карай орустун аскерлери келе жатат, алар жакшы куралданган, замбиректери, пулеметтору, ар бир аскеринин мылтыгы  бар. Бизде саналуу мылтык бар, калганы союл менен найза, кемде-кем  жаа. Күч тең эмес, алардын замбирек, пулемету бир айылды бир саамда кырат экен. Ошого, биз каршылык көрсөткөн күндө да, көп жигиттерибиз бөөдө өлүмгө дуушар болгудай, капырларга кул болбойлу, чек арадан ары Кытай же Ооганстан жакка убактылуу көчөлү, күчтөнөлү, куралданалы, анан орустарга чабуул коюп жерибизди бошотуп алалы, балким орус көп турбай кетсе, анда балким тезиреек кайтабыз, деди Жаныбек-хан.
Эл толкундап, көбүнчөсү:
- Хан туура айтат, убактылуу көчүп кыздарыбызды, жигиттерибизди, малдарыбызды сактап калалы, куралданалы, деген үндөр чыгып жатты.
Каракүчүк болсо башка топко кошулду, алар болсо:
- Ата-журтту таштап кайда барабыз, бөтөн жерде бизди ким жана эмне күтөт, эмнеге качабыз. өлсөк туулган жерди коргоп өлөлүк, башка жердин топурагында калбай, өз мекенибизди жаныбыз чыккыча коргойбуз, кетпейбиз, - деп айткандар да болду.
Бирок, орустардын бийлигинин орнотулушунда эмне болуп жатканы  жөнүндө уккан эл Жаныбек-хандын сөздөрүн туура деп көрүштү да көчүп кеткенге даярдана башташты. Хандын айтканы айткан дегендей болуп, патриоттордун ураандарына эл ишене бербеди.
 Каракүчүк ойлонуп олтуруп көп нерсени ойлоду. Бардыгынан атасы Көккөздүн дайыма айткан сөздөрү кулагынан кетпей турду:
"Уулум, бул жер сенин конушуң, бул жерде ата-бабаларыбыз канча кылымдап жашап келген, өтүп кеткендер бардыгы тигил суунун аркы бетинде дөңсөдө  турган эски чоң күмбөздүн айланасында коюлган. Күмбөздүн ичинде ким коюлганы белгисиз, чоң-атабыз айтчы эле мен да билбейм, ушул биздин эң мурунку урпактарыбыз болсо керек, деп. Сен уулум, эч качан башка жакка көчпөгүн, мен өлгөндө да, ошол күмбөздүн жанына койгун. Канча жоо келип, кимдер кана болгон эмес бул жерлерде, бирок биздин ата-бабаларыбыз өз жерин таштап кеткен эмес. Көбөйсөң ушул жерден көбөйөсүн, көгөрсөң ушул жерден көгөрөсүн, сен да таштаба. Таштап кетсең ата-бабаларыбыздын арбагы урат сени", - деп айткан.
Аска-Тоонун көк чөп тоолору жок болсо, сүйгөн жапайы жаныбарларга мергенчиликке чыгуу жок болсо,  Тоң-Суунун какшаткан муздак суусу жок болсо, Каракүчүк өзүнүн жашоосун кандай боло турганын элестете албады.
Кантип эми Аска-Тоонун зоолорунан ылдый жыланга окшоп ийри-буйру болуп созулган капчыгайга көз салып, ким жогору карап өөрдөп келе жатканын карап олтура албай каламбы деп ойлоду.
Качан Аска-Тоонун тургундары Жаныбек-хандын артынан үйлөрүн таштап, Кытай же Ооганстан жакка көчө башташканда, Каракүчүк өз жеринде калып, өзүнүн конушуна эч кимди киргизбөөнү чечти. Айылдан туугандары келип чогуу көчкөнгө үгүттөштү, бирок Каракүчүк кайра аларды калбайсыңар, коркоксуңар, өз жериңерди таштайсыңар, деп жемеледи.
Каракүчүктүн көчпөй турганын анын туугандарынан угушканбы, Жаныбек-хандын жигиттери да келип кетишти. Каракүчүк жашынып аларга көрүнгөн жок. Карап карап анан алар кетишкенде, алардын ич ара сүйлөгөн сөздөрүнөн билди, орустар балким бир-эки күндө келишеерин, анан алар Каракүчүктүн мылтыгын тартып алганы келишкенин да укту.
Анан, биринчи капчыгайдын үстүндөгү Үч-Зоого барып орустарды ошол жерден күтүп алып, ал жерден атып, кийин артка чегинип, конуш жактан дагы коргонууга өтүштү пландаштырды.
Куржунуна бүт болгон окторун, жебелерди, азык-түлүктөн салып "Бозбашка" өңөрдү. Сүйүктүү тайгандарын үйгө таштап, англия мылтыгын мойнуна жаа менен кошо илип капчыгай тарапка жөнөдү.
Англия мылтыгын Көккөзгө бир кытай соодагери илбирстин (3)  терисине алмаштырган болчу.
Көккөз Каракүчүктү бул мылтык менен кантип мээлеп, анан кантип атышты үйрөткөн болчу. Айрыкча, ал жаныбарлардын түрлөрүн  кантип атышты, кантип башка, айрыкча көз тушка атса анда жаныбар тез өлөөрүн айтат эле.
Анткени, Көккөз дайыма "жамбы атмайга" жаа менен чапкан атттан атуу боюнча мелдештерде коюлган белгилер бир кара так болуп, жаныбарлардын көзүн элестетет  болчу. Каракүчүк да ушундай таамай көзгө атып эл арасында "Көзгө атар" деген атка да конгон.
Мына ошентип, Каракүчүк Үч-Зоонун бир аскасына чыгып, атын ылдый жакка байлап, капчыгайга жана ылдыйкы айылга жакшы көз сала турган орун тапты. Ал жерден Арчалуу айылында эмне болуп жатканы, капчыгайдагы абал да даана көрүнүп турду. Арчалуу айылындагылар башка урууларга киришкен да Жаныбек-ханга баш ийишкен эмес, эмнегедир ал айылда көп жаштар эле башка коопсуз жактарга кетпесе, калган тургундары жашап эле жатышкан. Алардын бийи орустарга кошулабыз, совет бийлигине баш ийбеске аргабыз жок, деп айткан имиш.
Биринчи күнү эч өзгөрүү болгон жок, Каракүчүк даярдык көрүп, жакшы орундарга белги коюп чыкты. Кайсы жерден жаа менен, кайсы жерден мылтык менен атышты, анан, кайсы тарап менен чегиништи да божомолдоп койду.
Экинчи күнү кана капитан С.Бирюков баштаган, уезддин борбору Гүлчөдөн келген  орустардын куралчан, пулеметтору менен, атчан, арабачан отряды Арчалууда кечке жуук пайда болду. Отрядда кырктай аскер бар экен. Айыл аларды жымжырт тосуп алды. Орус аскерлери үйлөрдөн  кишилерди айдап келишип, алар менен орустардын командири көпкө сүйлөштү.  Ал күнү отряд Арчалууда түнөдү.
Каракүчүк болсо уктай албай кыйналып чыкты, түшүнө атасы менен апасы, Саадат болуп тээ бийик тоолордо уучулук кылып тоо текелерге, тайгандары "Шамал" жана "Баскыч" менен кубалашып ойногондору, анан атасынын сөздөрү: "Конушту эч качан таштаба, ата-бабаларыбыз таштаган эмес", деген сөздөрү кирип чыкты.
Күн көтөрүлө баштаганда отряд капчыгайды көздөй бет алышты чууруп.
Каракүчүк белгилеген орунга барып, жаа менен атканга даярдана баштады. Жаа  менен бой менен тике туруп атыш керек болгондуктан, алдыда капчыгайдын ичи жакшы көрүнгөн жерге барып күтүп жатты. Ал жаа менен атып, дароо башка жакка орун алмаштырыш керек эле, орустар байкап калбаш үчүн.
Жебени жаага бекемдеп,  таамай мээлеп тартып атууга  күч жана чеберчилик керек. Бул жаа да Көккөздөн мурас болуп  калган эле, аны бир уйгур соодагер түрктөрдүн эң мыкты жаасы (4)  деп берген эле.
Каракүчүк жаа менен атканда билинип, көрүнүп калбайын деп, мылтык менен да кезеги менен ата турган болду. Мылтык менен атканга башка орундарды белгилеп чыккан эле.
Орус аскерлер эч нерсени шек санабай, бири бири менен сүйлөшүшүп, кээ бирөөлөрү каткырып, колоннанын арт жагында сулуу капчыгайды тамшанып карап командир келе жатты.
Каракүчүк аскерлер капчыгайдын кууш жерине киргенде мээлеп туруп жаа менен эң алдыдагы аскерди:
- Бул силерге Аска-Тоо үчүн, деп атты.
Жаанын жебеси көз ачып жумгуча үн катуу чыкпай шуулдаган бойдон барып орус аскеринин баш жагына тийди. Эч ким күтпөгөн жерден, жаанын жебеси тийген аскер кыйкырган бойдон башын кармап атынан учуп түштү. Артта келе жаткан аскерлер аттан түшө калышып, анын башын жөлөп көтөрүп таң калышты. Жаанын жебесин аскер көзүнөн чыгара албай кыйкырып жатты. Колонна жылбай токтоп калды, арт жактагылар эмне болуп жатканын түшүнбөй карап калышты. Ушундай тополоңдон пайдаланып, Каракүчүк башка орунга жылып, ал жерден мылтыгы менен экинчи аскерди атты. Экинчи аскер да көзүн кармап бакырган бойдон жыгылды. Мылтыктын үнүнөн аттар үркүдү, жогору жактан мылтыктын огунун түтүнү чыгып жаткан жакка аскерлер ата башташты. Эч кимиси түшүнбөй калды, ким кайдан атып жатканын.
Командир мунун бардыгын көрүп буйрук берди:
- Артка кайткыла, жаткыла, кайткыла!
Отряддын бүт аскерлери капчыгайдын бооруна жармашып аттарынан түшө башташты да жаап аткылап киришти.
Каракүчүк эбак башка орунга, 100 метрде көп чуркап өттү, орус аскерлери болсо аттарына жашынып, кээ бирөөлөрү сойлоп киришти. Кимиси башын көтөрсө атайын деп Каракүчүк даяр болуп  байкап туруп, көзүнүн учу менен карап, бир аз убакыт өткөндөн кийин  аскерлер тез артка кайта башташканда кылчактап артын караган дагы бир аскерди жаа менен атты.
 Командир атынын артына бекинип барып далдоодон акырын шыкаалап, кайсы жактан, канча киши атып атканын карап эчтекени көрө албады. Бирок, бир эле жерден эмес, эки-үч жерден атуу болуп аткандай сезилди. Капчыгайдын ичинен аскерлер артка карай чегинип, жан-таслим болгондорду,  ок, жаанын жебеси тийгендерди алып ылдый карай тартышты.
Каракүчүк дым этпей жогору жактан орус аскерлерин карап турду, дагы атайын деп, бирок жаа менен кыйын болуп калды, патрондорду болсо аяды. Анын бүгүнкү аракети жемиштүү болду, орустар артка кайтканга мажбур болушту.
Үч орус аскерин өлтүрдү, анткени ууланган жебелер (5) сайылган аскерлер аман калбайт эле.
Орус аскерлери айылга кайтып кетишкенден кийин, Каракүчүк аркы аскага жылып, жакыныраак жактан эми эмне кылышат экен деп байкап турду.
Командир С.Бирюков өлгөн аскерлерди жерге береерде аларды карап чыкты. Экөөнө жаанын жебеси туп-туура көзүнө сайылыптыр, үчүнчүсүнө мылтыктын огу көзүнө тийиптир.
Буларды көргөндө командирдин жини кашайып кыйкырды:
- Бул кимдердин кылганы, эмне капчыгайда өлүм күтөт силерди деп эч ким айткан жок, алып келгиле биякка тиги кыргыздардан, деп буйрук берди.
Аскерлер эки-үч аксакалдарды айдап келишти таап.
- И-и, айткыла эми, кимдер бизди капчыгайда "кучак жайып" тосуп алды, кимдер алар, деп кыйкырып сурады.
- Таксыр командир, биз билбейбиз чынында, биздин айылдан эмес алар, биз көргөн эмеспиз, деп актанышты кыргыздар.
- Анан кимдер атып жатат, токмоктогула буларды өлгөнгө чейин, айтышат, мен көрсөтөм бул кыргыздарга, карасаңар мазактагансып көзгө атышканын, замбирек менен кууп чыгам ийининен, ошондо мен  көзүн чукуйм, энесин таанытам, деп кыйкырды командир С.Бирюков кылычын алып чыгып булгалап.
Командир кырктан ашкан келбеттүү, муруттары саргарган, бети кызыл-тазыл болгон, көп согушка катышкан тажырыйбалуу офицер болчу. Ал көптү согуштарда көрсө да, мына мындай жаа менен же мылтык менен таамай алыс аралыктан көзгө атканды биринчи жолу көрдү.
Жергиликтүү аксакалдар дароо эле билишти, капчыгайды ким коргоп, ким орустарды атып атканын.
"Көзгө атар" Каракүчүк коркпой  орустарды капчыгайда тосуп алганы кыргыздарды сүйүнттү, алардын жүрөгүнө дем кошту.
Эч ким токмок жесе да айткан жок Каракүчүк жөнүндө.
Саадат  туугандардыкында көп жүрүп калды, күндүзү эжесине жардам берип, балдарды карап, бош болгондо эсине Каракүчүк түшүп жатты. Анын күчтүү кармаган колдору, эркелетип сайган муруту, өзгөчө Саадатка эле күлүңдөгөн чоң көздөрү такыр элесинен кетпеди.  Атасы келсе эле кайра Арчалууга кайтам деген үмүттө жүрдү.  
Ал эми орустардын командири болсо, эми кантип капчыгайдан өтсөк деп ойлонуп олтурганда, анын оң колу бир сержант келип:
- Таксыр командир, бул жылаңач зоолордон жана  капчыгайды айланып өтө турган жолду таппайлыбы, деп сунуш кылды.
 - И-и, эмне коркуп калдыңарбы көзгө атат экен деп, эми айланып өткөнү жол издейбизби, эртең шашпай билебиз кимдер жүргөнүн жогору жакта, эки чалгынчы даярдагыла, билгенден кийин пулемет менен атып түшүрөбүз, деп буйрук берди командир.
Каракүчүк бул түндү да зоонун аркы бетине өтүп өткөрдү, күндүн нурлары жаңыдан пайда болуп таң атып келе жатканда эле өзүнүн ордуна кайра келип айылды карап турду.
Айылда орус аскерлери эмнегедир бирдемкеге даярдык көргөндөй кыймыл башталды. Анан, эки аскер айылдан четтеп, капчыгай тарапка эмес, батыш жакка кайра чуркап, кайра жок болуп жылып баратышты.
 Каракүчүк дароо баамдады, булар кайда, эмнеге баратканын. Өзү менен бир аз патрон жана жебелерди жаа менен алып аларды тоскону жөнөдү. Ал бул зоолордогу ар бир ташты, аңдарды, дарактарды кайда экенин билген. Батыш тараптан кайсы кыр менен көтөрүлсө болоору да ага белгилүү болчу.  
 Тез батыш тарапка чуркап, ылдыйыраак кырлардын башына чейин жетип, бир чоң таштын артына бекинип, аскерлерди ошол жерден күтүп алууну чечти.
Орус чалгынчылары бир таштан экинчи ташка, бир дарактан экинчи даракка
бекинишип, кезеги менен акырын баш багып, жогору жакты карап коюп көтөрүлүп келе жатышты.
Каракүчүктүн кулагы карышкырдан кем калбай угат болчу,  ал орустар жакындап келе жатканын кичинекей таштардын кулаганынан, чөптөрдүн башынын кыймылдаганынан, аскерлердин кайда жатканын, жылганын сезип турду. Бул жагдайда мылтык менен кана атпаса, жаа менен атыш кыйын болмок. Көзүнүн учу менен аскерлер келе жаткан жакты карап, мылтыкты ошол жакка мээлеп даяр болуп турду. Каракүчүк орустар жакыныраак келгенде бир чоңураак ташты атайылап кулатты, аны угуп көргөн орустардын астында келе жатканы ката кетирди да, мойнун сузуп,башын чыгарып жогору жакты карап калганда Каракүчүк атты. Ок тийген аскер кыйкырып мүрт жыгылды, ошол убакта башка жакка чуркап өтүп дагы таштарды кулатканда, экинчи аскер ошол жакка карап ата баштады, мына ошол көз ирмемде Каракүчүк экинчи аскерди да таамай баш жакка атып өлтүрдү. Анан, акырын жылып барып өлгөн орустардын мылтык, окторун алып кайра өзүнүн ордуна жөнөдү.
Командир кечке чейин күтүп, аскерлер кайтпай калганда түшүндү эмне болгонун.
- Кыргыздар эки чалгынчынын да түбүнө жетишти окшойт, эртең пулемет менен атпасак оңбогурларды, замбиректер да келейин деп калды, ошондо көрөбүз көзгө атканды, деп жинденди орус командири.
Түнү бою Каракүчүктүн түшүнө Саадат экөө тээ бир Аска-Тоонун төрүндө улар (6) кармап алышканы, анан үйгө алып келип анын таттуу этин бышырып экөө жеп олтурганы  кирди.
Кийин, жайындасы эртең менен эртелеп Айкөкүл эшикти, түндүктү ачканда боз үйгө кирген муздак жел, Тоң-Суунун тиш какшаткан муздак суусуна күн бир аз көтөрүлгөндө жуунганы, анан кайра атасынын: "Конушту эч качан таштаба, ата-бабаларыбыз да таштаган эмес" деген сөздөрүнөн кийин чочуп ойгонду.
Киндик кан тамган ата-журтту таштап кетиш Каракүчүктүн оюна бир да жолу кирген жок. Эмне болсо да, менин ата-энемин арбактарынын алдында жүзүм жарык болот, таштап кеткенден көрө жерим үчүн өлгөнүм жакшы, деп ойлоду.
Орус аскерлери эртеси биринчиден пулемет менен өйдө-төмөн зоолорду аткылай башташты. Пулеметтун үнүнөн, анын октору таштарга тийип чаңырганы капчыгайдын ичине толду. Түшкө чейин ары бери аткылашып, анан көп убакытка тынчып калышты. Мындай ок атылганда каршы атыш кыйын экенин билип, Каракүчүк капчыгайдын ары төр жагынын үстүнө барып, ошол жердеги таштарды баамдап, түшүрүлө турган бошураак таштарды белгилеп койду.
Командир С.Бирюков мындай пулеметтун ажылдаган тополоң тоз атуусунан  кыргыздар коркуп качты болуш керек деп да ойлоду. Командир айылда калып бир он атчанды жиберди,  бешөө капчыгай менен алдыда,  калганы тоо жакты карап, кайсы жакта эмне кыймыл болгонун карап жылышты. Алдыдагылар жаадан бекинип баштарын көтөрбөй акырын жылып баратышты.
Каракүчүк биринчи бешөөнү алдыга өткөрүп туруп таштарды кулатты да аларды артка кайтаар жолун тосту. Таштар кулаганда эмне кылышты билбей калышты, аттарынан кээ бири кулап түштү, анткени аттар катуу үркүштү.  Ошол учурдан пайдаланып Каракүчүк эки аскерди атты. Дагы бирөөнү таш басып каза болуп, ошентип,  бул күнү орустар дагы үч аскеринен ажырады.
Эми, командир С.Бирюков капчыгайды айланма жолду таппаса өтө албасын сезип катуу жинденди.  Айылдагы менин койлорума, тоокторума тийбегиле деген бир абышканы аттыртып салды.
Бирок, миң кыйнаса да, сабаса да, эч ким айланма жолду орустарга көрсөткөн жок.
Орустардын максаты жана С.Бирюковко берилген тапшырма, бул Аска-Тоого жайлашып,  андан ары Кытай менен чек арага жакын жерлерди жакшы чалгындоо болчу.
Эми командир эмне кылсам, башкача план түзүп, кыргыздардан кантип капчыгайды  бошотсом деп ойлоду. Эки экиден чыгыш жакка да, батыш жагына да аскерлерди жөнөттү.  Бирок, бул да натыйжа бербей, кайра айылга экөө эле  кайтып келди.
- Ой, эки жактан атып эле атышты, канчоо экенин билбей калдык, бир аскерге көзүнө жаанын жебеси  тийип, экинчисинин көзүнө ок тийди, биз араң качып кутулдук, деп келишти аскерлер.
Жинденген С.Бирюков бүт айылдын тургундарын чогулткула деп буйрук берди. Аскерлер элди, баласыбы, аялыбы, карысыбы бардыгын айдап келишкенден кийин аларды бир чоң атканага айдап киргизишти.
Анан,  С.Бирюков аксакалдардан экөөнү тандап аларга буйуртма берди:
- Силер азыр капчыгайга барып, бизди өткөрбөй жаткандарга айтасыңар, эгерде алар бир сааттын ичинде багынышпаса, же силер кайтпасаңар, анда айылдын тургундарын ушул атканада тирүүлөй өрттөтөм, деди.
Каракүчүк айылда эмне болуп атканын көрүп эле жатты, бирок эмне деп жатышканы угулган жок.
Көп убакыт өтпөй айыл тараптан эки аксакал келип кыйкырышып сурана башташты Каракүчүктөн:
- Ой айланайын боорубуз "Көзгө атар", бул оңбогор орусуң айылды кырам деп жатат, сени багынбаса бир саатта деп, атканага тыгып элдин бардыгын тирүүлөй өрттөгөн атат, эми кудай сени сактай көр, бир чечимге келе көр, дешип суранышты.
Каракүчүк канча күнөкөр эмес балдардын, кыздардын өмүрү бөөдө кыйылган атканын, атасынын осуятын аягына чейин аткарганын, атамын арбагы көрсө керек менин жасап жаткан аракетимди деп ойлоду да, курал-жарагын алып ылдыйга түштү. Ошончо кыргызым о дүйнөгө кеткиче, мени жалгыз өлтүрүшсүн, атамын арбагы ыраазы болсо болду деп да ойлоду.
Айылга эки аксакалдын алдында курал-жарагы менен, кийимдери тытылган бир жалгыз эле Каракүчүк келгенде, орустар таң калышты. Ушул жалгыз кыргыз жигиттин он аскерди өлтүргөнүнө, анын ичинен эң кыйын деген чалгынчылары менен, беш күндөн бери капчыгайдан өткөрбөй сойлотконуна ишенбей турушту.
Каракүчүк унчукпай келип, алысыраак туруп калганда, командир тигил эки аксакалдан сурады:
- Бул эмне бирөө элеби, калганы кана, деди ишенбей.
- Мен өзүм элемин, элди коё бергиле, алсаңар мени алгыла, деди Каракүчүк.
- Бул биздин жогорку айылдан атактуу мергенчи Каракүчүк "Көзгө атар", деди аксакалдардын бири.
Командир элди коё бергиле деп буйрук берди да анан аскерлер Каракүчүктүн колун байлап, курал-жарагын алышты.
- И-и "Көзгө атар" мергенчи, атып бүттүңбү, мен сени аман алып калайын, мага сага окшогон жигиттер керек, бизге өт, деди куу күлүп С.Бирюков.
- Мен өзүмүн элимен, жеримен башка эч кимге кызмат кылбайм, биздин жаныбызды, жерибизди аман коюп, өз жериңерге кетпейсиңерби, деди Каракүчүк тиштенип.
- Эми мергенчи-баатыр, сен бир өжөрлөнгөн неме экесин, мен аман калтырам десем болбойсун, менин аскерлерими кырдың, сага Россия падышасынын атынан  кечирим жок, деди командир.
- Атасыңарбы аткыла, менин конушумду бассаңар атамын арбагы урат силерди, силерден мен коркпойм, ай кыргызым багынбагыла, өз конушуңарды тебелетпегиле, жанымы берем сага кыргыз жерим, бул баскынчыларды ... деп атып, командирдин аткан огунан токтоп калды Каракүчүк.
Орустардын командиринин колунан кыргыз элибиздин баатыры, мергенчи Каракүчүк курман болду.
Эртеси орустар Аска-Тоодон өтүп ары кетишкенде, Арчалуунун тургундары Каракүчүктү ошол анын конушундагы күмбөздүн жанына коюшту.
Азыркы Арчалуу айылынын жана Аска-Тоонун эли өзүнүн туулган жерин көзүнүн карегиндей сактаган,  кыргыз эли үчүн өз жанын берген мергенчи Каракүчүктүн эрдигин эсинен чыгарышкан жок.
Үч-Зоонун аскалары дагы эле Каракүчүктүн капчыгайы деп аталып калган капчыгайдын эки жагында мээлжиреп турушат.
Азыр эми илбирс менен архар (Дүйнөлүк Кызыл Китепке киргизилген) азайып аларга ууга чыккан деле киши жок.
Каракүчүктүн сүйгөнү Саадат кайтып келип уккандан кийин көп убакыт кайгырып, күйөөгө тийбей жүрүп бир оорудан каза тапкан. Айылдагы сүйүшкөн жаштар Саадат менен Каракүчүк жолугуп жүргөн булакта жолукканды дагы эле жакшы көрүшөт.
Аска-Тоолуктар Каракүчүктүн төрүнө жайлоого чыкканды жакшы көрүшөт.
- Мына, ушундай балам, Алайлык кыргыздарда муундан муунга өз жерин жанынан артык көргөн, атасынын осуятын аягына чейин аткарган, каалаган сүйгөнү Саадатына үйлөнгөнгө жетпей,  баскынчыларды жапайы жыткычтарды аткандай көзгө аткан мергенчи Каракүчүктүн эрдиги унутулбай айтылып келет, деди абакем капчыгайды тамшанып карап.

(1)
(Архарлар- бул жапайы эчки-койлордун эң ириси-анын денесинин узундугу 120—200 см жетип, турпатынын бийиктиги 90-120 см, а салмагы болсо  65-180 кг чейин жеткен. Денесинин көлөмүнө жана түсүнө жараша бир канча топторго бөлүнөт, алардын эң ириси-бул памир архары же Марко Поло тоо эчкиси, европалыктардан биринчи болуп бул жаныбар жөнүндө маалымдаган. Эркеги да ургаачысы да узун мүйүздүү болуп, бирок эркектеринин мүйүздөрү чоң жана сулуу болуп, салмагынын 13% не чейин жетет. Мүйүздөрүнүн узундугу 190 см ге чейин жетип, спиральга окшоп бурулма бурулма болуп сулуу болуп, мергенчилердин арасында аябай бааланып, баасы бир нече миң долларга чейин жетет. Терисинин түсүнүн түрлөрү ачык түстөн кара буурул түскө чейин болуп, денесинин ылдый жагы көбүнчөсүн ачыгыраак түстө болот.  Эки жак капталында денеси бою кара-тору келген тилке кетип, жогору карараак жана ылдыйкы ачык түстөгү денесинин жактарын бөлүп турган. Тумшуктары жана куйруктары ачык түстө. Эркектеринин мойнунда ачык түстөгү шакекке окшогон жүнү болуп жана жалындагы жүндөрү узун болгон.  Архарлар жылына эки жолу жүн алмаштырышкан, кышында чыккан жүнү жайкыдагыга караганда ачык түстө жана узун болгон. Тоо текелерге караганда архарлар мүйүзү менен кана айырмаланбай, буттары да узун жана келбеттүү болот.)
(2)
(Тайгандар- узак татаал жолдорго, тамак жоктугуна чыдаган, аябай чыдамкай, шамдагай, эстүү, жырткыч душмандарынан коркпогон иттердин түрү.  Бийик тоолордо (3000-4000м) жана суюк аба шартында туруктуу жашагандыктан, тайгандар атмосфера басымынын тез өзгөрүшүнө жана кислород жетишпегенине организми көнгөн. Денесинин түзүлүшү жана анын  укмуштай шамдагайлуулугу таң калтырат, алар чукул тез токтоп, чуркап баратып тез 180 градуска бурулуп кайрыла алат. Андан башка өтө көрөгөч, сезгич келишет.   Кээ бирөөлөрдүн айтышы боюнча "тайган" деген сөз "тайгак" деген сөздөн чыккан дешет. Эч кимден коркпогону, күчү, энергиясы тайганды эң жакшы мал кайтаргыч кылган. Анан, тайгандын ууга болгон шыгы, жөндөмдүүлүгү, чукул чечкиндүүлүгү мергенчилердин эң жакын жардамчысы кылган, айрыкча, түлкүгө,чөөгө, кашкулакка, карышкырга, тоо текеге уучулук кылганда)
(3)
(И́лбирс, же кар барсы, же кар леопарды—мышык группасындагы эң ири жаныбар, Борбордук Азиянын бийик тоолорунда жашайт. Илбирстин айырмачылыгы, анын тез ийилген, узун, ичке денеси, кыска буттары, анча чоң эмес башы жана аябай узун куйругу болот. Куйругун кошкондо узундугу  200—230 см жетет, салмагы болсо 55 кг чейин жетет. Жүнүнү түсү ачык боз болуп, көп тегерек күңүрт каралжын тактар болот)

(4)
(Борбордук Азиянын илгерки тургундары, гунндар менен аварлар, душмандарынын тор кийимдерин теше турган курал колдонушкан. Алар жаанын жибин катуу бекиле турган кылып жана ал бекилген учтарын алдыга карап ийип коюшкан. Ошентип, бул "рычаг" болуп, ура турган күчү көбөйгөн жаанын, анткени, жаанын жиби оңой, жеңил тартылган.
 XVII-кылымда түрктөр жаанын ушул жаанын кыскартылган конструкциясын колдоно башташкан.  Бул кыска жаалар аябай катуу күч түрткү менен атылган, мурдагы англиялык чоң жааларга караганда. Осмон империясынын атчан аскерлери ушундай жаалар менен Европаны багындырышкан. 1798-жылы Осмон султаны Селимом III 889 метрге жааны атып рекорд койгон. Жаалар кийинчереек порох менен мушкеттер пайда болгондо колдонулбай калган)

(5)
(Жебелердеги уулар бул жайында кырларда жайнаган гадюка жыланынын уусу. Жазындасы ууларын алып, кургатып, анан колдоноордо сууга аралаштырып, анан ошол состав менен жебелерди сыйпап чыгышкан.  Мындай жебенин учу денеге кичине эле кирсе, анда тийген киши аман калчу эмес)

(6)
 (Улар, же тоо индюгу- кекиликтер группасына кирген чоң тоок түрлөрүнүн бири, денесинин узундугу-50-70 см чейин жетет)  

Комментариев нет:

Отправить комментарий