Кыргыз чиновниги
жумуш ордунан жакында бошоорун кантип сезет:
- "Шеф"
мурдагыдай кабинетине чакырбай, барса ар кандай шылтоо менен кабыл албай,
жардамчысы жакшы сүйлөшпөй калат...
- Кол алдындагы
кээ бир "крутой" кызматкерлер саламга келбей, мурункудай кабинетине башпагышпай
калышат...
- "Өзгөчө
мамлекеттик байланыш телефону" менен эч ким чалбай калат...
- Гезит,
теле-интернетте аны шыбаган материалдар жайнай баштайт...
- Эсеп Палатасы,
прокуратура шашылып текшерип киришет...
- "Жумушунан
кетет экен, ордуна баланча келет экен" деген имиш, миш-миштер көп угула баштайт...
Кыргыз чиновниги
жумуш ордунан кетпеш үчүн момундай аракеттерди жасайт:
- Жумуштан кете
электе "ооруп" бюллетень алып, же ооруканага жатып алат...
- "Шефке"
же анын оң колдоруна, "шефке" сөзү өтө турган "уяттуу"
кишилерге, бир партиядагы авторитеттерге "жуучуларды" жөнөтөт...
-
"Шефтин" аялына, жакын туугандарына байланышка чыкканга
аракеттенет...
- Теле-гезит
интернетке "срочно" өзүнү мактаган материалдарды жарыялай баштайт...
- Өзүнө жакын
кишилерди чогултуп жогору жакка "Коллективден колдоо кат" даярдайт...
Кыргыз
чиновнигинин жумуштан кетеердеги арман-ойлору:
-
"Шефтен" бир наам же сыйлык сурасанбы...
- Чоң
кызматтагылар менен жолукканда өбүшпөй каламбы...
- Тойлордо
алдыңкы стөлдөргө отурбай, биринчи тостторду сүйлөбөй, уяттуу устукан,
баш-жамбаш тийбей калабы, кээ бирөөлөр чакырбай да калат го...
- Менчик машинелериме
өзүмүн чөнтөгүмөн бензин куюп айдаймынбы...
- Чет өлкөлөргө эс
алганы мамлекеттин эсебинен барбай каламбы...
- Ак Үй менен Көк
Үйгө пропуск менен кирип каламбы...
- Сурабасаң деле
эч ким акча алып келбей, кой, жылкы да келбей калабы...
- Кайсы башка
жумушка, "жылуу орунга" сурансам...
- Аттиң, шайлоого
чейин иштеп турсам болмок, андан кийин, же "падыша" эмне болот, же
"эшек" эмне болоорун бир кудай билет...
Комментариев нет:
Отправить комментарий