Поиск по этому блогу

понедельник, 29 июля 2013 г.

КАМИТ САВАЙ Тамаша-чын аралаш эссе "Кыргыздар жана убакыт"


КАМИТ САВАЙ     Тамаша-чын аралаш эссе
                                      Кыргыздар жана  убакыт
Биздин илгерки ата-бабаларыбыз кокту-колотто, капчыгай-жайлоолордо жашап, күн менен айды саат кылып жашашкан. Эч жакка,эч качан кишиси да, жаныбары да, күндөр, жылдар да шашпай, турмуш жай-баракат  өткөн. Кылымдын-кылым өтсө да ошол шашпаган касиет биздин каныбызга өтө катуу сиңип калган окшойт, биз дагы эле шашпайбыз. Саат деген неме бизге өтө кеч келип, ХХ-кылымда келди окшойт кечигип, кээде саат бар экенин деле унутуп калабыз. "Ой саат канча болду, карабайсыңбы?" деп бирөө айтса, анан чочуп кетип эстейбиз.  Же болбосо, бири бирибизге жолугуп калсак, адатыбызча шашпай баратсак деле моминтип сурашабыз: "Ой кайда шашып?", - деп. Шашкандарды такыр жактырбайбыз. Убакыты менен так жүргөндөрдү "ал немис" дейбиз. "Чакырган жерге эрте барсак жаман көрүшөт, ачка калгансып эрте жетип келиптир" деп айтышпасын дейбиз. Кыргызча эле, эч болбосо жарым саатка кечигип барабыз. Азыр шаардагылар биртке шашып калышты. Самолетко, ооз ачарга, куран окутканга жерге кана убагында барабыз. Айылдагылар айрыкча дагы эле шашпай, эчтекеге камаарабай,  тээ илгерки айтылчу убакыттарды дагы эле колдонуп келе жатышат. Убакыттын ченеми таптакыр жок калган. Чалы-кемпиринен өйдө чөнтөк телефондору болсо да, андагы убакытты дагы эле карашпайт. Убакыт соткаларда бар деп, чоң саатты тоготпой албай калышкан.  Көп байкап жүрүп, орточо болжол менен убакыт ченемин, эртеден жатаарга  чейин убакыттын өлчөмүн моминтип бөлсө болгудай:
Таң атпай-бул жарык кире элек убак, болжол менен түнкү саат 3 төн эрте менен 5-6 га чейин болуш керек, бирок, биз бир аз чоюп коёбуз, 7-8 ге чейин болуп кетет кээде, күн биртке көтөрүлсө да айтабыз: "Ии, таң атпай жетип келипсин" деп, саат 8 болуп калса да.
Эрте менен эрте саарлап- бул убакыт "таң атпай" убакыты бүткөндөн кийин башталышы керек, жарык кирип, күн бир аз эле көтөрүлгөн убак болуш керек, саат 5-6 дан саат 8 ге чейинки убакыт. Бирок, муну да жөн койбой жылдырып алабыз 9 га чейин кылып.
Эрте менен- бул убакыт өтө чоң убакыт, буга айтылган убакыттар да кирип кетиши мүмкүн, анан бир аз созулат, күн кыйгач  көтөрүлгөнгө чейин, саат бир 9 га чейин чоюп алабыз.
Түшкө чейин- бул убакыт түштөнүү канчада болсо ошого чейин созулуп кетет, өзү бир 12 же саат 1 ге чейин болуш керек. Буга болсо биз мурунку бүт убакыттарды кошуп алганбыз.
Чак түш, түштө- бул убакыт саат 12-1 ден 2-3 ге чейинки убакыт, , бирок, кээде аны да эрте эч качан баштабайбыз, дайыма кечиктирип айтабыз. "Чак түштө 11 де бардым" десең түшүнбөй калышы мүмкүн.
Түштөн кийин-бул убакыт чак түштөн баштап кеч киргенге чейин созулат, эгерде, "мен түштөн кийин келем" десе, анда саат 12 ден баштап кеч киргенге чейин күтө бер шашпай. 
Күүгүмдө же кечке жуук- бул кечиндеси караңгы түшкөнгө чейинки убакыт, кышында эртереек, жайында кечиреек болот.
Кечинде-бул жатаарга же түн жарымга чейинки убакыт, караңгы түшкөндөн башталат, кээде кечке жуукту кошуп алабыз.
Түн жарым-аталышына караганда түнкү саат 12 болуш керек, бирок биз кечки саат 10 дон кийин түн жарым дей беребиз, таң атканга чейин.
Анан, убакыттын башка кыргызча өлчөмдөрү бар, аларды башкаларга түшүндүрүш аябай кыйын. Мисалы, "азыр" деген 1 минутадан 1 саатка чейин, ,  "бирткеде" деген 5 минутадан 2 саатка чейин, "ананыраак" деген жарым сааттан 3 саатка чейин, "кийинчереек" деген 3 сааттан 5 күнгө чейин созулушу мүмкүн.
Ал эми момундай убакыт өлчөмдөрүн өзүбүз түшүнбөйбүз, канча убакыт болоорун, мисалы, "азыр барып калам",  "мына келип калдым", "кирип баратам",  "тез арада барам", булардын чеги таптакыр эле жок болуп чыгышы да мүмкүн, муну бир кудай эле же ошол кечигип аткан неме эле билбесе.
Мына ушундай себептер менен биз ар дайым кечигип, шашпай жүрөбүз. Мен ойлойм, жогорудагы убакыт өлчөмдөрүн өзгөртүп, туура чектерин койбосок, анда дагы эле адатыбызча шашпай жүрө беребиз туугандар...


Комментариев нет:

Отправить комментарий