Поиск по этому блогу

воскресенье, 21 апреля 2013 г.

КАМИТ САВАЙдын "КҮЙӨӨ БАЛА" деген чын-тамаша аралаш эссесинен үзүндүлөр......

КАМИТ САВАЙдын "КҮЙӨӨ БАЛА" деген чын-тамаша аралаш эссесинен үзүндүлөр......

Күйөө бала кыргыздарда бул ким?  Күйөө бала бул кыргыздарда өзүңүн үй-бүлөңдө, жакын тууган карындаштардын, өзүңөн жашы жаш бөлөлөрдүн, жээндердин   күйөөсү. Күйөө бала болгондон баштап кандай жүрүш-турушта болуш керек, ошол жөнүндө  кыскача чын-тамаша аралаш маалымат:
 - Күйөө бала биринчи кыздын ата-энеси, туугандары  менен таанышканда өзүн жөнөкөй, жупуну, сылык алып жүрүш керек.  Катуу сүйлөбөй, тамашалашпай, жалжактабай, кечке кызың менен же сотка менен катуу сүйлөшпөй, бирдемке сурашса толук жооп берип, төргө өтүп кетпей көрсөтүшкөн жерге олтуруп, тура калып жардам берип, орду менен сүйлөп олтурган жакшы. Министр болсоң да катуу мактанбай, өнөрлүү болсоң да унчукпай олтуруш керек.
- "Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр" деп көлдүктөр төргө олтур десе да, ылдый эле олтурган жакшы болот, ал эми түштүктө күйөө бала, айрыкча жаңы күйөө бала ылдый олтурат, өзүнөн кичүү кайнилерден эле жогорураак.
- Күйөө бала биринчи таанышканы келгенде деле, эгер айыл жеринде болсо, анда тамак ичип бүтүп эле кызматка киришсе болот, аркы-беркиге жардам берип дегендей.
- Той болгондо кыз тарап "сарпай" кийгизишет, эмне кийим болсо да, "тар (чоң) экен", "түсү начар экен", "модадан чыккан бул", "мен мындай кийбейм" деген ж.б. ушундай сөздөрдү айтпай, өтө катуу "рахмат кийимге" дебей, бергендерин кийип алыш абзел.
Уландысы бар...


Комментариев нет:

Отправить комментарий