Поиск по этому блогу

воскресенье, 28 апреля 2013 г.

КАМИТ САВАЙ: 100 ардактуу ата-энелердин алтын кептери...



КАМИТ САВАЙ:   100 ардактуу ата-энелердин алтын кептери:

1. Түш болду, ачка болдуң го, тур эми.
2. Эл укса эмне дейт!
3. Тоюп ал эми шашылбай.
4. Пальто
ңду күүп кир.
5. Жылуу байпак менен кий.
6. Кыргызча айтсам түшүнбөйт.
7. Бол эми!
8. Бир ууртам чай ичип алсаң боло.
9. Айта берип тилим тешилди!
10. Таяк жейсин азыр!
11. Кантет, өлөт экен, акырын!
12. Кытайдын конпетин жебе!
13. Кока кола? Андан көрө чай ич!
14. Уят болот экен дегенди билбейт!
15. Ролтон да тамак беле!
16. Эмне сенин башың музыкадан оорубайт?
17. Балам, балалуу болгондо билесин!
18. Биз карыганда багасынбы?
19. Сөз ээрчимеңди таштачы!
20. Ал секирсе, сен да секиресинби тообо!
21. Китеп дегенди кармап койсоң боло!
22. Жетип чалып кой!
23. Акча жок, азыр такыр жок!
24. Ойун эле болсо болду буга.
25. Эс алганча жүгөрүнү оруп кой.
26. Светке силердин акчаңар кетпейт, атаңардыкы кетет ээ, аябагыла!
27. Кайын энеңин майындай аябай салыпсын го.
28. Тил албасаң, сабагыңы окубасаң Интернет жок!
29. Окубасаң көчө шыпырасын, орусча билбесең ага да албайт!
30. Жамандын  досу эле көп.
31. Эчтеке болбойт кие бер.
32. Көзүңө кара!
33. Колуңду жуудуңбу?
34. Жолго алып ал боорсок,нандан.
35. Мээңи иштетчи күчүгүм.
36. Менин балам го, менин!
37. Курсагың токпу?
38. Эмне азып кеткенсин?
39. Телевизорду көп көрүп эч ким орден алган эмес.
40. Тургула көрбөгүлө, сериалды домохозяйкалар көрөт.
41. Этинен же!
42. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле кыл!
43. Акырын айдасаң деле буюрса жетебиз.
44. Соткаңын жанын койчу, эс алсын сенден.
45. Телефонуңа акча салып койдум, чалып тургун.
46. Элдин балдарындай болуп качан токтолосун, дагы эле жаш баладайсын.
47. Айланайын, белегиңе рахмат! Чоңоюп калыптыр балам.
48. Идишти мага таштадыңарбы?
49. Оруссуңбу эмне, бата кылыш керек!
50. Жатып көзүңдү жумсаң уктайсынбы?
51. Майлуу жеринен ме сугунуп алчы.
52. Жакшы кыздар барбайт андай жактарга.
53. Эсиң менен бол.
54. Акча, кызмат табылат, өзүңдү кара.
55. Мурдуңу таштап келегой.
56. Тишиңди жууганды унутпа балам.
57. Бысмылда деген болобу сенде.
58. Үйгө кир.
59. Тумак кайда?
60. Кыздай болуп назигиреек болсоң.
61. Үйрөнүп ал азыр кызым, кийин кеч болуп калат.
62. Ыссык эмес иче бер.
63. Алган нерсеңди кайра ордуна коюш болбойбу?
64. Иий садага болоюнум ий.
65. Берекем менин, өөп койчу (койоюнчу).
66. Тердеп турасын, чыкпа эшикке.
67. Жакшы жүр, жаман балдарга кошулба.
68. Чачыңды тарап алсаң боло.
69. Эл кийгенди эле кийсең, мунуң эмне?
70. Бизге аман-эсен, өзүңөрдү өзүңөр багып кетсеңер эле болду.
71. Тууган дегенди билип жүр.
72. Баланчанын баласындай жоксунбу.
73. Апама жардам берип койоюн деген оюң жокпу?
74. Кабатыр болбо, эл көргөндү көрөөрбүз.
75. Караңгыда көчөдө жүрбө.
76. Окуп койчу, көзүм жетпей атат.
77. Бышырып коюптурбу?
78. Дасторконду аттаба.
79. Оо ананайыным, сүйлө.
80. Тамак жеп атып күлбө, какайсын.
81. Бешенеңе жазылганды көрөсүн.
82. Олтуруп ич тамагыңды.
83. Жаныңы кыйнаба балам.
84. Оор көтөрбө, боюң өспөйт.
85. Тамакты калтырбай же, аялың сулуу болбой калат.
86. Буларды билбесең сени ким алат.
87. Үшкүрүнбө.
88. Ышкырба.
89. Апеей, кантет, ой берекем десе.
90. Балпайган байбиче бол.
91. Ылайым кудайым берсин сага.
92. Айланып кетейиним.
93. Мени уксаң боло.
94. Бир куюм чай  ичип ал.
95. Болбосо атаңа айтам.
96. Тарбия көрдүңөр беле ботом.
97. Силер тытышпаган күн болобу.
98. Келчи кучагыма, бир жыттап алайын сассыгым.
99. Сен үчүн жанымды берем го.
100.Кудайым берген эркем десе.

Комментариев нет:

Отправить комментарий