Поиск по этому блогу

среда, 7 августа 2013 г.

Исторические личности Кыргызстана: Мукай Элебаев

Мукай Элебаев 1906-жылы Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган.
 1916-жылы көтөрүлүштө эл менен бирге Кытайга барат.
 1917-жылы кайра Ысык-Көлгө келет.
1921-жылы Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу интернатка алынып, Түп районундагы зооветтехникумга өтөт. Анда үч жыл окугандан кийин Фрунзедеги борбордук педтехникумга которулуп, аны 1930-жылы бүтүрүп чыгат.
1924-жылы Мукай Элебаевдин «Зарыгам» аттуу туңгуч ыры «Эркин Too» гезитине басылып чыгат.
 1931-жылы биринчи ырлар жыйнагы, 1936-жылы «Узак жол» автобиографиялык романы жарык көргөн.
 М.Элебаев чебер котормочу болгон. Ал Гогольдун «Шинель», «Өлүк жандар», Л.Толстойдун «Хажы Мурат», Фурмановдун «Кызыл десант» жана «Козголоң», Пушкиндин «Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу» жана М.Горькийдин, В.Маяковскийдин, Франконун, Сурковдун чыгармаларын которгон.
 Мукай 1934-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
1943-жылы фашизмге каршы согушка аттанып, 1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылындагы орто мектепке, Ош облусундагы Базар-Коргон районундагы №1 орто мектебине М.Элебаевдин ысмы коюлган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

Окуу китеби. – Ф.: Кыргызмамбас, 1930. – 125 б. (Жамгырчиев Ж. менен бирге.)
Ырлар жыйнагы. (1-жыйнак). – Ф.: Кыргызмамбас, 1931. – 99 б.
Майдан. 2-жыйнак. – Ф.: Кыргызмамбас, 1933. – 60 б.
Ырлардын толук жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 80 б.
Узак жол: Роман 1-китеп. – Ф: Кыргызмамбас, 1936. – 138 б.
Ырлардын толук жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 103 б.
Кыйын кезең: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 52 б.
Салам кат: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 46 б.
Улуу марш: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 32 б.
Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 84 б.
Узак жол. Роман. Экинчи басылышы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 164 б.
Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 183 б.
Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 184 б.
Узак жол: Прозалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 183 б.
Узак жол: Прозалык чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 246 б.
Узак жол: Прозалар, ырлар, котормолор. – Ф.: Мектеп, 1974. – 391 б.
Мукай: Тандалган чыгармалардын бир томдук жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 448 б.
М.Элебаев: Кыйын кезең: Аңгемелер жыйнагы./Түзгөн: Ж.Алыкулов, 1974. – 118 б.]
Күрөш бүтпөйт: Ырлар жана котормолор. – Ф.: Мектеп, 1979. – 104 б.
Кыйын кезең: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 280 б.
Узак жол: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1984. – 192 б.

Орус тилинде

Долгий путь: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 117с.
Долгий путь: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1982. – 128 б.
Башка элдердин тилинде
Долгий путь: Повесть, – Рига: Лиесма, 1977. – 176 с. – лат.

Котормолору

Данилич-Кочин А. Динамит: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934. – 31 б.
Фурманов Д.А. Козголоң – Ф.: – Казань, Кыргызмамбас, 193 б. – 199 б.
Маршак С.Я. Акылсыз чычкандыи баласы тууралуу. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1937. – 8 б.
Толстой Л.Н. Хаджи Мурат. – Ф.: – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 139 б.
Гоголь Н.В. Шинель: Повесть. – Ф.: – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 46 б.
Пушкин А.С. Хандын өлгөн кызы менен жети баатыр жөнүндө. – Ф.: – Казань, Кыргызмамбас, 1938. – 28 б.
Пушкин А.С. Хандын өлгөн кызы менен жети баатыр жөнүндө. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 18 б.

1 комментарий:

  1. Бул тема жөнүндө эмес го, неге автор жөнүндө эле жазылган? Узак жолдун өзүнү кантип тапсам болот айтып коюнуздар. ...

    ОтветитьУдалить