Поиск по этому блогу

четверг, 14 марта 2013 г.

КАМИТ САВАЙ "Айланайын, аман болчу Кыргызстаным..." эссесинен үзүндүлөр...

КАМИТ САВАЙ      "Айланайын, аман болчу Кыргызстаным..." эссесинен үзүндүлөр...                                          
Кээ бири тамаша, кээ бири чын аралаш Кыргызстан жөнүндө ойлор жана сөздөр...
Кыргызстан - бул өлкөдө канча бийлик алмашса деле бийликке жабышып калган "кенелер элитасы" бар, алар ар бир жаңы бийликтин төбөлдөрүн акчага шыкап, "жердешчилик, тууганчылык", же бир төбөлдү колго  ала коюп Президентке жакын, кайра эле "обоймага" кирип алышат жабышышып,  беттерин эки-үч жолу "капитально" алмаштырышышат, хамелеондор биякта эле калат, кызматтан кызматка секирип жүрө беришет, эч уялбай эле, мурда кыйратпаган министерствого кайра министр деле боло беришет, иши кылып бир 40-50 "кене" бар, он жылдап жабышкан бойдон бийликтен кетпеген...
Кыргызстан - бул өлкөдө Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары аябай табийгат сулуулукту жакшы көрүшөт, качан бирде депутаттардын бирөө, "Ак Үйдүн айланасынданы тосмону алып салбайлыбы, элден бөлүнбөй, тосмодон секирбей калышат", деген сунуш киризсе, анда алар, "жок, кокуй, балатылар менен гүлдөрдү эл тебелеп салат" деп каршы чыгышкан...
 "Ак Үйдөгү жүргөндөрдүн кийимдерине аябай катуу көзөмөл киргизиш керек",  деп чыккандар болду, "бут кийимдин шиш такасынын бийиктиги, кийген кийимдердин түсү, фасону, стили кандай болуш керек, чачынын кебетеси, төшүндөгү жыртыктын көлөмү, адам кандай жыттанышы керек ж.б.  жүрүм-турум боюнча да эрежелерди мыйзам түрүндө ишке киргизиш керек" деген депутаттар чыкты....
"Жаш кыздарга, 23-25 жашка чыкканга чейин чет өлкөгө чыкканга тыюу салыш керек, алар барып сойку болуп кетишет" деген сунуш киргизген депутат да болду, "биздин кыздар чет жерде окубай, жер көрбөй, кыргыз  балдарга тийип, Кыргызстанда сойку болбой жашашсын" деп кабатыр болду...
Бир депутат, Кыргызстандагы тойлорду эсептеп чыгып, анан, ошол "тойлорго налог салыш керек" деп чыкты, мисалы, тойго эки жылкы сойсоң, анда налогго дагы бир жылкы алып өкмөткө бер, койлор, тооктор, кийим-кече, тамак-ашты айтпай эле койойун, кызыгы, кантип эсептейт экен....

Комментариев нет:

Отправить комментарий