КАМИТ САВАЙ: "Жаз
келди.." Жаз жөнүндө чын-тамаша
ойлор... 03.04.2013....
Жаз, бул сүйүктүүң менен көптөн бери таарынышып жаңы кайра жарашкандай, көз карашы дагы эле суук, бирок, көрүшкөндөн баштап көзгө көрүнбөгөн, билинбеген жылуулук келе баштагандай, жаз дегендин өзү эле суук кайра эми келбей, эми мындан ары жылуу гана сезимдер болоорун айтып тургандай...
Жаз, бул сүйүктүүң менен көптөн бери таарынышып жаңы кайра жарашкандай, көз карашы дагы эле суук, бирок, көрүшкөндөн баштап көзгө көрүнбөгөн, билинбеген жылуулук келе баштагандай, жаз дегендин өзү эле суук кайра эми келбей, эми мындан ары жылуу гана сезимдер болоорун айтып тургандай...
Жаз келип,
мээге жылуу кан тезиреек чуркай баштайбы, эмнегедир, кышында көңүлүң тартпаган
көп нерселерди жасап салгың келет, жакшы маанайдагы ойлор көбүрөөк келип,
көөдөнүң да көтөрүлө түшөт...
Жаз, эми көчөгө
жөө чыкканда ак кийим кийбей, жолдон өтүп бараткан машинелердин аңдарды тебелеп
кир суу чачканынан этият болуш керек...
Жаз, Ош
базарына, Дордойго сакмалга баргандай резина өтүк кийип алып барыш керек...
Жаз, негедир башка
убакты мынча чыдамсыздык менен күтпөйбүз, жада калса айлык маянаны да мынча күтпөйбүз, тим
эле жаңы таанышкан, бирок көптөн бери жолуга албай жүргөн сулуу кызды күткөндөй
эңсеп күтөбүз...
Жаз, дайыма тез
келип, улгайып бараткан атакем кыштан аман чыкса экен деп тилейм...
Жаз, кээ бир
жерлерде ууч-ууч болуп жаңыдан көктөп келе жаткан эр жүрөк пионер чөптөрдү көрүп
сүйүнөм...
Жаз, эрте менен
куш-чымчыктардын шаңдүү үндөрү угула баштап, кышта караңгыда, таттуу уктап түш
көрүп жатканда кыйкырган короздордун ачуу үнү, эми таң аткандагы алардын хору анча деле кулакка
катуу угулбай калганы сезилет...
Жаз, элдин баары чечинип, кыш бою көбүрөөк май байлаган аялдар шашпай чечинишет...
Жаз,
бийликтегилер "авитоминоз" болуп, көздөрүнө кээ бирөөлөр бийликти
ээрден шыпырган аткандай көрүнүп, "эл үчүнчү революцияга барбайт" деп,
өзүнчө эле бушайман болушуп кыйкыра башташат...
Жаз,
бийликтегилер март менен апрель көз ачып жумгуча өтүп, "жаз майга өтүп
кетсе экен тез" деп самашат...
Жаз, мен таң калам, кыш кокустан дароо кирип келет, ал эми жаз болсо, өзүнүн сулуулугун билген, жигиттердин баары көз арткан жаш бийкечке окшоп, теги эле шашпай, катуу баспай, чоюлуп убагынан кечигип келет....
Жаз, кышты
катуу кет дей албай, кээ бир күндөрү аны мейманга чакырып, анан акырындап
узатып, муздак жамгырын төгүп, шашпай күндүн жылуулугун көрсөтө баштайт...
Жаз, айылдагыларга
жан кирип, күйүүчү майдын, үрөндөрдүн, жер семирткичтердин быйылкы жогорку баалары
жөнүндө сөздөр айтыла баштайт, "бийлик аларды арзандатсын" деп жаз келгенде айта башташат...
Жаз, чөп-жем, тоютун көктөм жазга жеткире албай калгандар малдарын четинен сата башташат, калганын жайлоого чыкканга чейин жуттан сактап калганга жан талашышат...
Жаз, Россиянын
ызгаар суугуна чыдабай келгендер кайра жөнөшөт, алар менен кошо жаңы топтор да
сапар тартышат...
Жаз, "Кашаа
секиргичтер" эми апрельдин аягында эле чыгышпаса, ага чейин
бийликтегилердин жүрөктөрүнүн үшүн алган "март аягы-апрель башы" күндөр өтүш керек...
Жаз, тоолор
аппак тонун чечип, жашыл көйнөк кийип, бир аздан кийин гүлдөр гүлдөгөндө түстүү сулуу килемге айлана баштайт...
Жаз, эл оор
кийимдерин чечип, маршруткалар кенен болуп, ага көп киши батып калат..
Жаз, аялдар жеңилиреек кийине баштап, эркектер "мергенчи көз" менен аларды карап, көздөрүндө от пайда боло баштайт...
Жаз, биринчи жылуу күндөр келеери менен элдер эмнегедир жай жөнүндө ойлоно башташат, "ким кайда окууга өтөм", "ким быйыл үйлөнсөм, күйөөгө тийсем", "ким жайда кайда барсам" ж.б. ойлор келе баштап, пландар түзүлө баштайт..
Жаз, эмнегедир дайыма
тез эле өткөндөй сезилет, башка сезондорго караганда, балким, баш жагына кыш
кетпей туруп алат, ал эми аягында жай эрте келип алат...
Жаз, кышы бою көз көнгөн "кир көтөрүмдүү" түстөгү кийимдерден кийин, көчөлөрдө көз уялткан ачык түстөгү кийимдер пайда боло баштайт...
Жаз, эми ТЭЦтин трубаларынын түтүнүнө суктануу менен карабай, эмнегедир жакшы көрбөй карап, таза абаны, табиятты бузуп аткандай көз караш менен карай баштайбыз...
Жаз, "мейли
аңдар болсун, жолдор муз тайгак болбой
калса болду" деген ой эрте менен сүйүнтөт..
Жаз,
"Ала-Тоо" аянтында сүрөтчүлөр менен сүрөткө түшкөндөр жан алып, аянт
менен парктарда кол кармашкан сүйүшкөндөр көбөйө баштайт...
Жаз, күн жылышы менен, киши көп баскан көчөлөрдө "Шоро", "Чалап", "Аршан" суусундук саткандар пайда болот...
Жаз, мына эми
деп сүйүнө баштаганда, аңгыча 8-март майрамы кирип келет...
Жаз, аба-ырайынын прогнозун карап, эгер күн бат жылып кетсе, анда жазгы эмес, дароо эле жайкы кийимге өтүп кетсекпи деп аялдар ойлоно башташат...
Жаз, көчөлөр
чаңып, кийим кечелер, бут кийимдер тез эле кир боло баштайт...
Жаз, күндүн жылуу нурлары тиери менен көлдүктөр кышы менен түшкө кирип, көкөй кескен жайкы сезонду ойлой башташат..
Жаз, качан келсе да адамдардын жүрөгүнө жылуу ажайып мээримин чачып, өмүрдүн жаңы барагын ачып берип, баары эми жакшы болот деп дем бергендей сезилет...
Комментариев нет:
Отправить комментарий