Поиск по этому блогу

вторник, 5 ноября 2013 г.

Камит Савайдан "куш кабарлар": Бийлик бир ачык айтса болот эле элге, биз эмне үчүн Таможенный союзга киришибиз керек, жаап жашырбай, ачык айтса, кирсек момундай жакшы жактары бар, же тигиндей жаман жактары бар деп, көптөр ойлойт, кирсек мигранттарга жеңилдик болот го дешип, бирок, сукинхэддер, орустун жаңы фашисттери сурабайт окшойт, биздин Таможенный союзда экенибизди, ири базарларыбыз, болгон тигүү өнөр жайыбыз жок болсо, бизге жеңилдик беришпесе, жумушсуздук кайра көбөйсө, же бензинди кымбаттайт деп коркобузбу, ал ансыз деле дүйнөлүк баага чыгып алды, анда эмне...Же орустар жеңил акча беришеби карызга, же ГЭСтерди салабыз дегени үчүнбү, же орустар чек араны кайтарбаса, бирок буларды башкалар деле кыла алмак, түшүнбөйм, анда бизге бок барбы эчтеке утпасак...Кытай "Жибек жолу" проектисинде эмне деп атышат, аны да бир ачык айтышса болот эле, бизге эмнеси жакшы, эмнеси жаман, балким Таможенный союздан жакшы болоор, кытайлар жаман, бизди алдайт, каптайт деп ойлойбуз..Ушул эки долбоорду салыштырып бир анализ кылып элге айтышпайбы, момундай, момундай болот деп...


Комментариев нет:

Отправить комментарий