Поиск по этому блогу

среда, 27 февраля 2013 г.

КАМИТ САВАЙ "Келин" эссеси...



КАМИТ САВАЙдын "КЕЛИН" деген чын-тамаша аралаш эссеси......
Келин кыргыздарда бул ким?  Келин бул кыргыздарда инилердин, уулдардын, эркек неберелердин, бөлөлөрдүн, жээндердин аялы. Кыз башка бүлөгө келин болуп келгенден баштап кандай жүрүш-турушта болуш керек, ошол жөнүндө  кыскача чын-тамаша аралаш маалымат:
 - Келин жигиттин үйүнө жоолук салынып, кире бериште оттон секирип өтүш керек, юбка менен секириш кыйын болот, ошого көйнөкчөн болгон жакшы, шым да болбойт (Ош жакта айрыкча), албетте ыйлап кириш керек, күлбөй, элди чоочутуп катуу ыйлабай, бир аз үн  чыгарып ыйлап коюш абзел....
- Келин эшиктен үйгө киргенде башына жаңы кайненеси ак жоолук салып, бетинен эки өөп, келин кайнене менен өбүшпөй, бетин кана тосот, кайнене оозуна сары май салат,  майды токтобой жутуп салган жакшы,  өмүрүңдө сары май жебесең да даяр болуп, жийиркенбей, "тощнит" дебеш керек, "рахмат, рахмат" дегендин да кереги жок элди карап...
- Келин жүгүнгөндө ылдыйыраак жеңил жүгүнүш керек, өтө эле ылдый да болбойт, бирок, калпы эле эңкейбей жакшы ийилиш абзел,  "кудай жалгасын, рахмат, бактылуу бол, эми бологой...", деп айтышканга чейин жүгүнүш керек, бир эки жасап эле тим болбой эригип туруп калбай, жиниңин келгенин көрсөтүп.....
- Келин ичкери кирип көшөгөнүн ичинде катуу сүйлөбөй, кулүп шарактабай, кекирбей, бирок өтө эле катуу созулбай, тескери карабай, сабыр кылып, жупуну олтурган жакшы....
- Келин нике кыйылып атканда такыр сүйлөшпөй олтуруш керек, нике бүткөндөн кийин шаңдуу сүйүнүп катуу кыйкырбаш керек, "урр-аа" же "йессс"  деп, бири-бириңерди эки жаш өзүнчө, эч ким жокто куттукташканыңар жакшы....
- Келин көргөнү келгендер берген акчаны кайненеге бергиле, башка эч кимге бербегиле, өзүңөргө да алып калбагыла, кайнене аябай ыраазы болот, "кыйын кайнене" кайра эле ошол акчага бирдемке алып берет....
- Келин сотканын будильнигин эрте мененки саат төрткө коюп, таң аткыча эшик-короону шыпырып койгон жакшы, бирок эшикке катуу боёнбой, башка жоолук салынып, көйнөк кийип (шорт, шым, футболка кийбей эле коюш керек) , туфлинин ордуна көлөч илип алган жакшы, шыпырындыларды алып коюш керек, ар жерге үйбөй, суу сээп алган жакшы, катуу чаңытпай....
- Келин уй сааш керек болсо, аны да жайлап койгон жакшы кайнене саай электе, эч болбосо уктап кечиксең да, кайнене саап атканда жулуп ала коюш керек, "апа мен эле саап коём" деп, эгерде сааганды билбесең уялбай суран кайненеден, "үйрөтүп коюңузчу" деп эле....
- Келин кечинде саат канчада болсо да, түңкү 2 же 3 болобу,  эл тамак ичип бүткөндөн кийин сөзсүз дасторконду, идиш-аякты жыйыштырып жууйт,  эртеңкиге калтырбаш керек, кайнене же бирөө айтышы мүмкүн, "эртең деле жууйсун" деп,  айтканын укпай эле жууп коюш абзел, угуп сүйүнгөн бойдон барып жатып албай, башка бирөө көрүп калса эртеси эрте менен, анда уят болосун. Бирок, саат канчада жатсаң да, баягы эле айтылгандай эшик-эликти шыпырыш, же уй сааш эрте менен таң атпай кайра башталат ...
- Келин көп уктабаш керек, айрыкча күндүзү уктабагыла, анда кепке каласыңар, "уйкучу экен, шишип көөп эле жүрөт"  деген. Кээ бир келиндер үйдө эч ким жокто уктай коюшат экен, капыстан бирөө келсе кайра эле "уйкучу" атка коносуңар...
- Келин кошумча тырмак, чач, кирпик  жана башка "кошумча" сулуулук берчү нерселерди токтото туруш керек, айылда алар күтүлбөгөн жерден уят кылышы мүмкүн...
- Келин, эсиңерде дайыма болсун, келин эч качан жумушсуз турбаш керек, жеңил болсо да бир нерсе жасап туруш керек, анын зч кимге кереги жок болсо да,  антпесең "отурганды(жатканды) эле жакшы көрөт экен жамбашын басып"  деп айтышат...
- Келин эч качан чарчабаш керек, "чарчадым" деген сөздү айтсаң эле балээге каласын, "колуна бирдеме тие электе эле чарчап калат экен" дешет...
- Келиндин телефону болбош керек, болсо да көрсөтпөй, эч кимге көрүнбөй сүйлөшүш керек, болбосо айтышат, "телефондон колу, оозу  бошобойт экен" деп...
- Жаңы келинди "жакшы көргөндөр":
Биринчи орунда, албетте кайнене, ал келинди келе электе эле, укканда эле "жакшы көргөн", уулуна кызганат, "баласын мени эле угуп караса экен" дейт. Негизинен уулуна бакыт эле каалайт, бирок, кээде кызганычы аша чаап кетет да, кесепети келинге тиет. Кыргыздар айтат, "кайнененин каарына чыдаш  керек" деп. Дайыма кайнененин сөзүнө макул болуп, каяша айтпай, өзүн "акылдуу" көрсөтпөй,  өзүм билемге салбай сурап, айтканын убагында жасап, анын психологиясын үйрөнүп алса эле, келин кайнененин тилин таап, тез эле ага көнүп калат. Кайнене да келиндин чыдамкайлыгын, тил алгычын, акылын баалап, ал да тез эле анан "жумшарып" калат....
Экинчи орунда кайнежелер, кайынсиңдилер, булар жигиттин бир туугандары, оо-о, булар керек болсо кайненеден өтүшөт. Алар канчалык саны аз болсо ошончо жакшы. Бирок, кээде бир кайнеже, же кайынсиңди эле  бары жокту тейлеп бүлүндүрөт, кайнене биякта эле калат. Булар менен кайненеден да кыйын тил табыш, анча мынчаны тоготушпайт, угушпайт. Кайнене "жаман көргөнүн" баласынан жашырганга аракет кылса, ал эми кайнежелер, кайынсиңдилер тез эле "ачыкка" чыгышып  "жакшы көрө" башташат. Тим эле уксун деп катуурак айтышат, себебин айтып, анан, "ай, кетир мунуңду" дешет. Акылдуу келин булар менен ажылдашпай, акырын кебин, жообун айтып, кээде унчукпай коюп кутулуп жеңет. Керек убакта келин аларга "подход" жасап койгон да жакшы болот. Жакшы көргөн кийимин, атырын, дискин алып берип базардан, же алардын балдарына белек берип ж.б. "комплекстүү чаралар" да  аларды да тез эле "жумшартат"....
Үчүнчү орунда бул абысындар, булардын саны да аз  болсо жакшы, болбосо ич-ара "группировкалар" пайда болот, экөө бирөөнө каршы, кээде андан көп да болот, ошого булар да аябай "коркунучтуу душмандар". Кайненени, кайындарды керек болсо жаңы келинге тез эле тескери каратышат, кунүгө көптөп "жакшы маалыматтарды төгүшүп". Булар менен ар бири менен өзүнчө  тил табышыш керек, "группировканы" дароо жеңиш кыйын, бирден  колго алыш керек да "группировканы" ичинен бузуш керек. Эми бул жерде жолдору көп, алар жакшы көргөн кепти сүйлөп, кошула башташ керек, эч качан бөлүнбөш керек, бөлүндүң, анда өлдүң, "точно" жешет...
Төртүнчү орунда, жакын жеңелер, кайнатанын инилеринин аялдары ж.б. Булар өтө эле катуу "душмандар" эмес,  бирок, кээде алардын арасынан кайненеге, кайындарга таасири күчтүүлөр болуп калат.  Алар акырын, тымызын жайлашат, кайненени тез эле 180 градуска бурушат, элдерге жаман маалымат таратып келиндин "имиджин" өлтүрүшөт. Булар ким экени тез эле билинет, аларды да акырындап бир-бирден колго алыш керек, аларга колдон келсе жардам берип, оорун жеңил кылып,  тез-тез кабар алып, жакшы кошулуп ушакташса эле, алар да ооп "жумшарат"...

- Келин келгенине сүйүнгөндөр да бар, биринчиден, кайната жана кайнене, алар уулун бир жаңсыл кылышып, парздарын аткарып,  үйлөп коюшканына сүйүнүшөт, экинчиден,  улуу абысындар, алар келинге "вахтаны" өткөрүп бере турган убакытты тим эле чыдабай санашат, нике кыйылаары менен өткөрө салышып, дароо "эс алууга" чыгышат, үчүнчүдөн, уруунун келиндери, алар керек убакта чакырганга жардамчы пайда болгонуна сүйүнүшөт.... 

- Келин кайнатасын, кайненесин, кайнага, кайнилерин,  кайнеже, кайынсиңдилердин, күйөөсүнүн жакын  туугандарынын  атынан айтпай өмүр бою тергеш керек.  Тергеп атоочу аттарды да этияттап тандаш керек, улуу аксакал энелерден консультация, кеңеш алып дегендей. Тергеле турган кишилердин тизмесин тизип, аны жакшы эстеп калыш керек. Эгерде, тергеле турган кишини тергебей атынан айтып алсаң, анда ал сага аябай катуу таарынат, бул жөнүндө бүт туугандар, айыл-апа тез эле угат, анткени "душмандар" дароо таратышат.  Ал кишиден кечирим сурап, алдынан бир ийилип өтпөсөң болбойт. Тергей турган аттар, тергеле турган адамдын жакшы жактарына, мүнөздөрүнө, кызмат абалына, кебете-кешпирине, туугандык жакындыгына, жашына жараша болот.  Мисалы, кайнатаны "карачечекей күйөөмдүн атасы" деп, кайненени "үйдөгү кожоюндун апасы" деп тергесе болот, башка касиеттерин, мүнөздөрүн айтпаш керек, эч жерде алар жөнүндө сөз сүйлөбөй эле койгон жакшы, анткени, уккандар бурмалап жеткиришет. Кээ бир келиндер, айрыкча күйөөсүнүн бүлөсүнө бир аз "буту батып калганда" тили чыгып, досторунун арасындабы же башка жердеби, кайната, кайненесин, мисалы,  "үйдөгү алжыган чал", же "сапсары кайненем"  деп айтып койсо, кийин өзү эле элге, кайната, кайненесине, туугандарга уят болот.  Кайнеже, кайынсиңдилерди айрыкча этияттап, жашына карабай, эми төрөлгөн болсо да тергеш керек, аларга сонун жакшы тергей турган "аттар" бар, мисалы, "башкы врач эжем",  башкы врач эмес, жөнөкөй врач, медсестра кайнеже болсо да, же "карачач отличница  кыз", окуп аткан кайынсиңдини минтсе болот, "отличница"  болбосо да.  Эч качан момундай тергебеш керек, мисалы эркектерге, "алкаш аке", "бекерпоз байке", "таз аке", "керең бала", "кара бала" ж.б. буларды убакыт өткөндөн кийин, минтип "кагазга ороп" айтса да болот, "чала алагүү аке", "иштерман байке", "чачы кою аке", "Мамыт угарман бала", "негр бала", деп  койсо болот.  Кээде, тергеле турган адамдын өз атына жараша тергесе болот, мисалы, "Козу акени" - "Койдун баласы аке", "Суусарбек акени"- "Тебетей аке",  "Роза эжени"-"Мурунку президент атындагы  эже", "Уулкан эжени"- "Эркек бала эже" ж.б. ушул сыяктуу. Кесибине жараша көп тергесе болот, мисалы, "Министр кыз", министерстводо иштеген кайынсиңдини, же "Базарком бала", жөн эле базарда соода кылган кайнини ж.б. бул тергөөлөргө алар аябай сүйүнүп калышат, ыраазы болуп....

- Келин кайната, кайнагалар менен эч качан чогуу бир табактан тамак жебей, бир дасторкондо олтурганда эч качан жылаңач буттарын көрсөтпөй, же далысын салып тескери олтурбай, бутуңарды стөлгө чыгарбай, талтайбай, катуу күлбөй, жөтөлбөй, какырбай, сөз талашпай, азил сөз ыргытпай, тынч момун, сүйлөгөндө акырын сүйлөп олтурушу керек. Чайды толтура куйбай, "ичесиңерби" деп сурабай, чайды муздатпай жаңылап, чыныны колго берип  талаага койбой, элдер чай ичип бүткөнгө чейин туруп кетип калбай, элдер олтурса артын салып кокоюп турбай, аягына чейин  олтурушу да абзел....

- Келин телевизорду, айрыкча сериалдарды көрбөй, "Агентке", "Мой Мир", "Фэйсбукка", "ВКонтакте", "Одноклассники" ж.б. социалдык тармактарга  кирбеш керек, сүрөттөрдү илбеш керек,  бир аз жигиттин бүлөсүнө башың батканга чейин коё тургунуң, кирсең бир "жашыруун" аттар менен кирип этият болушуң керек, анткени ал социалдык тармактардан мурунку турмушуңан кээ бир фактылар чыгып калышы мүмкүн, же бирөөлөр "көрө албай" бир  жаман нерсе жасап коюшу мүмкүн, кыргыздарда андай нерселер көп болот, кийин өкүнүп каласын. Ал социалдык тармактардагы мурунку сүрөттөрдү, "постторду" бир текшерип коюш керек, бир балээ табылып калбасын....

- Келин өтө шаңдуу жүрбөш керек, шаңкылдап күлбөй, катуу ырдабай, анекдот айтпай, кайындарга жакпай калышы мүмкүн, бирок, өтө момун да болбош керек, болбосо "минип" алышат, орду менен күлүп, сүйлөп коюш керек....

- Келин кайнене, кайнеже айтмай сайын,  эч качан демилге көтөрбөгөнү жакшы, мисалы, "мен базарга, магазинге, шаарга ж.б. барып келейин" деп, анткени туура эмес ойлошот, өздөрү айтса да "кыйналып" макул бол, "жумуш жасайт элем үйдө" деп...

- Келин "тамак жасай албайм" дебеш керек, муну да мурдатан ойлонуп даярдык көрүп, эч болбосо тамактын үч-төрт  түрүн (шаарга, же өзүңөрдүн үйүңөргө кеткенге чейин)жакшы жасаганды үйрөнүп алыш абзел, калганын да тезиреек өздөштүрө коюш керек, эгерде жигиттин үйүндө узак турушка аргасыз болуп калсаң...
  
 - Келин төркүнүнө "күтүлбөгөн кокус" абал болсо(жамандык жакшылыкка, ата-эне, өтө жакын туугандар ооруса) кана, же кайненеси өзү "жүр десе" барса болот, эч качан "мен  барып келем" деп айтпаш керек, эч кимге айтпай барып келсең, анда өлдүң, "төркүнүнө ташып атат" деген сөз чыгат, күйөөң жыргатып таппаса деле, мындай сөздөр төркүнүңө тез-тез барсаң да көбөйөт....

- Келин күйөөсү менен жакшы турмуш курса, анда "күйөөсү кыйын, аккан арыктан суу агат, биздин тукум" деп айтышат, эч качан келинди макташпайт, ал эми келин тарап айтышат "аял жакшы, эр жакшы" деп. Анан, айрыкча абысындар, кайнежелер катуу чабуулга өтүп турушат, "ай ушул жаман(кара, сары, семиз, арык ж.б.) келиндин бактысы бар экен, биздин жакшы (апакай, баатыр, начальник ж.б.) балага туш болуп" деп....

- Келин өзү жактан туугандарын азыраак келтиргени жакшы болот үйүнө, анткени, "барсаң эле келиндин туугандары толтура, бечара балабыздын тапканын талап эле турушат" дешет, бир тууганыңы эле көрүп калышса эле болду, ошого, эч качан күйөөңүн туугандары бар болсо, өзүңкүн эптеп чыдап коё тургунуң...

- Келин эч качан башка эркектер менен бетме-бет сүйлөшпөш керек (айрыкча көчөдө, базарда ж.б.), тааныш болмоктон ары алысыраак тууган, классташың болсо да, күйөөң тараптан бирөө көрсө эле бүттү, тим эле катуу сүрөттөп, жомок, эротикалык кино кылып айтып жиберишет, ар кандай жаман ат таап жабыштыра башташат, "жүрүш-турушу начар келин экен" дей башташат, эч нерсе болбосо деле, жакшы саламдашып күлүп-жайнап сүйлөшүп, кол алышып, бир аз кучактап койсо деле,  мындан да этият болуш керек...

- Келин эч качан алдыда баспаш керек, кайындардан, күйөөсүнөн алдыга чыкпай артта басканы жакшы, оозунуп биринчи саламдашпай элден кийин учурашып, бирөөнүкүнө да аягында киргени жакшы, машинеге да күйөөсүнүн жанына олтура койбой, сабыр кылып, эл отургандан кийин олтуруш керек, эгерде күйөөсүнүн машинеси болсо да жулунбай...

- Келин дасторкон үстүндө да кайындардан ылдый олтуруш керек, кайынсиңди, кайнилерди да жогору өткөрүп, улуу абысын жеңелерди да урматтап алардан ылдый олтуруш абзел, эсиңерде болсун, дароо төргө өтүп кетпегиле, чайды дайыма келин куят, эч качан чайнекти күйөөңөр жактан жашы кичүү болсо да бирөөгө түртө салбагыла....

- Келиндин колунда бар  ата-энеси белек кылып берген үйдө күйөөсү менен жашап калса, эч качан "менин үйүм" дебей, "биздин үй" деп айткыла....

- Келин үйдө ашыкча клоунга окшоп боёнбой, башынан жоолугун түшүрбөй, такылдатып такачан туфли менен ары-бери баспай, шым, юбка дегенди азыраак кийип, идиш-аякты жиниң келгендей катуу калдыратпай, электроэнергияны, газды үнөмдөп жагып, кайненеден бир нерсе жасаганга уруксат, акыл, кеңеш сурап турган жакшы, тымпыйып жүрүп албай, же унчукпай жатып албай...

- Келин Россияда же башка чет өлкөдө күйөөгө тийсе, анда күйөөсүнүн ата-энесине "скайптан" жүгүнүш керек, "кудай жалгасын, токто эми, акчаңар көп кетип калат" дешкенге чейин, ата-энесинен уруксатты да "скайп" аркылуу эле  баталарын алып, калыңды, септи "скайптан конференция" кылып эле бычыш керек, "ачуу басар", сүт акы", "калыңды"  ж.б. ырым-жорумдарды акчалай түрдө "Контакт" же "Мигом", "MoneyGram", "Western Union"  менен которо койсо боло берет ....

- Келин Россияда же башка чет өлкөдө ЗАГСка чыкканда, үйлөнүү тойдо ресторанда, шаар айланганда шампанды көп ичпей, катуу бийлеп кыйкырбай, шарактабай, жупуну болуп жүрбөсө, кийин тартылган диск Кыргызстанга жетсе, же Интернет менен кетсе уят болуп каласыңар кайындарга....

- Келин чет өлкөдөн сүйлөшкөндө орусча же башка тилде азыраак сүйлөп, "паразит" сөздөрдү колдонбой, "түшүнүшпөйт баары бир" деп жаман сөздөрдү айтпай, эгерде бир нерсеге жиниң келип атса да, күйөөсүнөн "скайп" талашпай, же сотканы жулуп ала койбой, туугандардын, кайындардын сак-саламатчылыгын сураш керек, эгерде, "келин менен сүйлөшүп коелу" дешсе, болбосо унчукпай эле койгон жакшы, "салам айтып кой" деп күйөөңөн албетте суранып....

- Келин чет жакта күйөөгө тийип, кайындарын бет маңдай көрө элек болсо, анда ошол жактан эле эрте мамиле түзө баштаган жакшы, "Агент" менен жазышып, туулган күн, майрамдар менен жакын кайындардын баарын "смс" менен куттуктап (кайната, кайнагалардан башкаларын) турган жакшы болот. Эч качан кайната, кайнагаларга түп-түз жазып кайрылбаш керек, уят болот, аларды күйөөң аркылуу кана кошулуп куттукташ керек....

- Келин чет жакта күйөөгө тийсең, Кыргызстандагыдай эле, эч болбосо өзүңө "сарпай кийгиз". "Мен эмне келин болуп, кыз кездеги кийимдерим менен жүрбөйм" деп, эртереек эскертип койгунуң.  Өзүңдүн туугандарыңа да мүмкүнчүлүк болсо "сарпай" бердирип жиберсең, ал да жакшы болот, бирок, күйөөң тарап "биринчи кезекте" болсун...

- Келин эгерде күйөөң башка жакта жүргөндө өзүнүн ата-энесине акча жөнөтсө колдош керек, "менин ата-энеме да жибер" деп жарышпай, бирок, кээ бир "учурларда" бир ооз суранып күйөөңөрдөн, макулдашып жиберип койсо деле болот, эгерде  өзүң иштеп тапкан акча болсо да....

- Келин кээ бир ушактарга көңүл бурбаганы жакшы, айрыкча, өзү жөнүндө ушактарга, алардын көбү атайылап айтылган, "провокациялык" ушактар, буларды "укпамыш" болуп койгон жакшы, күйөөңөргө да булар жөнүндө айтып арызданбай эле койгула....    
  
- Келин кайындарга жазганда күйөөңордүн атынан айтпай, анан аны мактап турган жакшы, бул кайындарга аябай сары майдай жагат, өзүңордү эч качан мактабагыла...

- Алыс жактан биринчи жолу келин болуп Кыргызстанга келгенде биринчи кезекте күйөөңордүкүнө барыш керек, өзүңөрдүн, келиндин ата-энесинин үйү жолдо жакын болсо да...

- Келин башында "мен акчаны кармайм" деп оолукпай эле койгону жакшы,  эгер күйөөсү "акча сенде болсун" десе, анда тез макул дей коюш керек....








Комментариев нет:

Отправить комментарий