Поиск по этому блогу

среда, 27 февраля 2013 г.

Бейшенбектин беш кызы








"Бейшенбектин беш кызы" аталган кыргыз тилиндеги биринчи китебимде биринчи чыгармада азыркы замандагы карапайым кыргыз үй-бүлөсүндөгү беш кыздын тагдыры,  кыздар бойго жеткенден кийин болуп өткөн окуялар, кыз ала качуу деген терс көрүнүш жөнүндө жазылган.  Ата- баланын, эне-кыздын, улуу муун менен кичуу муундун мамилеси, карама -каршылыгы, үй-бүлөөдөгү  ынтымак менен ички салттары  чагылдырылган трилогиянын биринчи бөлүгү сунушталат. Ошондой эле, өткөн кылымдын  баштарында жашап өткөн кыргыз кызынын башынан өткөн зомбулуктан кийин кыз ала качам дегендерди жазалаган, сүйгөнүнө жетпей, үй-бүлө кура албай калган, түн жамынып гана эркин жүргөн кыздын ыйлай турган муңдуу, татаал тагдыры чагылдырылган аңгеме бар. Ошол эле убакта тоо арасында жашаган, өз жерин жанынан артык көргөн, атасынын керээзин аягына чейин аткарган, баскынчыларды жапайы жырткычтарды аткандай таамай көзгө атып өз жерин коргогон, эли үчүн өзүн курмандыкка салган мергенчи Каракүчүктүн эрдиги жөнүндө баяндама берилген. Бир үй-бүлөдө муундан муунга берилип, кыргыз элинин бир канча кылымдык  тарыхына күбө болгон, белгисиз темирден жасалган аманат жөнүндө чоң чыгарма жазылган. Чоң энесинин аманатын алып жүргөн ар бир инсан жандарын кыйса да сактап, ошол аманаттын сыйкырдуу касиеттерин азайтпай, чоң энесинин керээзин аягына чейин аткарганга аракет кылышкан...

Комментариев нет:

Отправить комментарий