Поиск по этому блогу

среда, 27 февраля 2013 г.

КАМИТ САВАЙдын 24.kg сайтына берген интервьюсу "Америкада жашаган мекендешибиз мекенин сагынып китеп чыгарат"

Америкада жашаган мекендешибиз мекенин сагынып китеп чыгарат


Бул киши менен интернеттен таанышып калдык. Социалдык желелердин бирине жазганы, тамашакөйлүгү жакты. Учурда убактылуу АКШда иштеп жашайт.Техникалык илимдердин кандидаты. Билимди СССР заманында Киев политехникалык институтунда алыптыр. Өзү илимпоз. Кийин Бишкекте «финансы жана кредит» адистиги боюнча экинчи диплом алган. Акыркы жылдары жазуучулук өнөргө ооп, жакында эки китеби жарык көргөнү турат. Биз менен Камит Савай деп лакап ысым менен маектешти.
- Америкага кантип барып калдыңыз? Ал жакта эмне иш кыласыз? Кайсыл өлкө жаранысыз?
- Америкага бир эл аралык илимий конференцияга катышып, андан кийин ошол иштеримди улантканы калып калдым. Конференцияда Борбор Азиядагы суу жана энергетика проблемалары жөнүндө чоң доклад жасагам. Азыр Вашингтон штатындагы университетте илимий иш менен алекмин. Азыр убактылуу эле жашап атам. Кыргызстандын жаранымын.
- Илимий иш кайсыл багытта? Аны Кыргызстанда же ошол эле Украинда ишке ашырсаныз болбой беле?
- Мурда мен компьютер жагынан илим изилдесем, эми башка багытка ооп, суу жана энергетика проблемалары менен алектенип калдым. Буга чейин да Вашингтон штатынын университети менен суу, энергетика маселелер боюнча жазышып жүргөм. Кыргызстанга жаратылышы аябай окшош бул штаттын, тоолору, токойлору, дарыялары көп. Анан, бул университетте мен изилдеген багыт боюнча да көрүнүктүү окумуштуулар бар. Кыргызстанда, же Украинада бул жердегидей шарттар жок.
- Кыргызстанданы техникалык илимдин бүгүнкү абалына кандай баа бересиз?
- Кыргызстанда техникалык илимдин өнүгүүсү акыркы жылдары аябай эле басаңдап кетип баратат. Бул жанагы эле финансыга, кадр даярдоого барып такалат. Экономика, турмуш оңолуп илимге көңүл бурулса, ошондо оңолобуз го. 
- Ал жакта бироо-толо калгыныз келеби? АКШда иштеп жургөн кыргызстандык илимпоздор барбы?
- Жок, албетте кайтабыз Кыргызстанга. Биякта иштер жүргөн илимпоздор бар дешет, бирок азырынча эч кимиси менен байланыш жок. Эми кудай буюрса таанышарбыз.
- Үй-бүлөнүз кайда?
- Аялым Бишкекте, Кыргыз техникалык университетинде мугалим. Эки кызым, бир уулум бар. Чоң кызым АКШда университетти бүткөн, чогуубуз, азыр банкта иштеп атат. Кийинки кызым  Кыргыз техникалык университетинде программист болгого окуйт, кенжебиз мектепте.
- Савай – бул псевдонимби?
Ооба. Савай - мен төрөлүп өскөн айылды негиздеген инсандын аты. Мен Кара-Суу районунунушундай аталдыштагы айылынан болом. Өзбекстан менен чегара айыл. Жогору жагынан Савай каналы агып өтөт, ылдый жагынан Шарихан-Сай дарыясы өтөт.
- Кесибиңиз боюнча инженер экенсиз. Жазуучулук өнөргө качан оогонсуз? Ага эмне түрткү болду?
- Балдарым кичинесинде уктатканы көп жомокторду айтып берет элем, кээ бирөөлөрүн дароо ойлоп таап айтчумун. Аларга да жагып, көбүнчөсүн өзүмүн жомокторуму суранышчу. Аялым, «эсиңен чыга электе жазып койбойсунбу», - деп айтып калат эле. Бишкекте эч убакыт болбоду. Америкага келгенде Кыргызстанды, үй-бүлөмдү сагынып, бекзаада, сарсанаа болгондонбу, кечинде эле олтуруп жазып калам. Биринчи, ошол балдарыма айткан жомокторуман баштадым.
- Кыргыз жана орус тилдеринде жазат экенсиз. Өз окурмаңызды кандай элестетесиз? Чыгармаларыңызды кимге арнайсыз?
- Мектепти бүткөндөн бери кыргызча жазбай, ошого орусча көбүрөөк жазам. Акыркы чыгармаларымы кыргызча жаза баштадым. Буюрса, эми англисчеге өтөм. Эми, өз окурманымы ар кандай элестетем, анткени менин чыгармачыл кампамда жомок да бар, роман да бар дегендей. Башында чыгармаларым биздин кыргыздардын тарыхына, уламыштарына байланышкан болчу. Азыр америкалыктарга да кызыктуу болгон темаларга кайрылып жатам.
- Англисчеге өтөм дейсиз – тилди кантип өздөштүрдүңүз?
- Тилди мурда бир аз билчүмүн, биякта дагы эки ай курстарга бардым. Өздөштүрүп атабыз.
- Учурда кандай чыгарма үстүндө иштеп атасыз? Америкада жүрүп китеп чыгаруу кыйын бекен?
- Азыр «Суунун эки тамчысы» деген аңгеме жазып атам. Бул 2010-жылдагы кыргыз-өзбек конфликтине байланыштуу чыгарма.
Жакында Бишкекте, буюрса, «Невеста с серпом» деген китебим орус тилинде, «Бейшенбектин беш кызы» деген чыгармалар жыйнагым кыргыз тилинде чыкканы турат. Бул китептерге «Мергенчи Каракүчүк», «Орокчон келин», «Чоң энемдин аманаты», «Бейшенбектин беш кызы» жана башка аңгемелерим кирди.
Америкада болсо көбүнчө электрондук китептерди окушат экен. Буюрса, англисчеге которсом, ошондой китептерди чыгарсам деп да үмүттөнөм.
- Кайсыл жазуучу, ойчулдардын эмгегин баалап окуйсуз?
- Кыргыз жазуучуларынын ичинен Ч. Айтматов, Т. Касымбеков, К. Жантөшев, ал эми башка элдерден М. Булгаков, И. Ильф менен Е.Петров, Эрих Мария Ремарк, Харуки Мураками жана башкалардын чыгармаларын көп окуйм.
- Акыркы окуган китебиңиз?
- Г. Мортенсон менен Д.Релиндин «Три чашки чая» деген китеби.
- Учурдагы Кыргызстандагы жазуучулардын эмгектери менен таанышсызбы? Кимдердин чыгармаларын белгилеп кетет элеңиз?
- Чынымды айтсам, учурдагы кыргыз жазуучуларынан эч кимдин деле эмгегин окубапмын. Азыр бир кыргызча бир сайтты таптым, эми окуйм буюрса.
- Фейсбуктагы баракчаңызга тамаша, анекдот көп жазасыз. Жашоодо да тамашакөйсүзбү?
- Ооба, юморду аябай жакшы көрөм. Жашоодо деле тамашакөймүн. Күлкүлүү чыгарма жазсам деп дайыма ойлоном.Жазгандарымдын күлкүлүүлөрү бар деп айтышат окурмандарым.
- Улутчулдук менен мекенчилдиктин жакындыгы эмнеде? Айырмасычы?
- Улутчул да, мекенчил да өзүнүн эли үчүн күрөшкөндөр, бирок улутчул өтө эле эгоист болуп, өзүнүн улутун башкалардан артыкчалап, ошол жердеги жашап жаткан башка улуттарды басаңдатса, анда ал мекенчил болбой калат,  ал мекенде тынчтык, өнүгүү болбойт.
- Улуу акын Гётенин «жердин жаракасы акындын жүрөгүн аралайт» дептир. Андан улам, учурда Кыргызстандагы коомчулук аябай бөлүндү –оштук-аркалык, кыргыз-киргиз, кыргыздар –башка улуттар, акаевчил –бакиевчил, батышчыл- орусчул жана башка у.с. Сиздин пикирде Кыргызстан элин бириктире турган реалдуу идея барбы?
- Мен өзүм Оштонмун, аялым көлдүк. Биздин ата-энелерибиз жакшы кудалардан болушуп ынтымак жашашты. Кыргыз эли эми алакандай элбиз. Билимдүү, илимдүү элбиз. Ушул эл үчүн жаны күйүп иштей турган, жаңы технологияларды, жаңы эл аралык экономикалык стратегияларды түшүнүп иштете билген, коррупциянын чеңгелине малынбаган жаштар бийликке келсе дейм. Ошол жаштар таза коом түзсө, экономиканын жемиштерин жаңы инфраструктурага, элге бурса эле заман өзгөрөт.
- Башка өлкө, башка маданият, салт демекчи - американын эмнеси жакты - эмнеси такыр жаккан жок......
- Жакканы, адамдардын кичи-пейилдиги, бири бирине жакшы мамилеси, шаардын тазалыгы, жакшы жактары айта берсе көп. Жакпаганы, биздегидей каалаган убакта мейманга барыш жок. Мончо жок биздеги «Жыргалдай». Башында тамактары жакпай аткан, азыр көнүп калдым.
- Сиз окурмандарга айтып бергиңиз келеген эмне жөнүндө сизден сураган жокмун?
- Мен Америкадагы улут саясаты жөнүндө бир ооз айтсам деген. Мурда, силер билесиңер Америкада расизм күчтүү болгон. Азыр бул маселе боюнча мыйзам катуу бул жерде. Эгер сен бирөөнүн улутуна, түсүнө доомат койсоң түрмөгө кесилесин. Ушундай болсо дейм бизде да. Элибиз тынч болсо деген үмүт.

Комментариев нет:

Отправить комментарий