Поиск по этому блогу

пятница, 17 октября 2014 г.

Кыргызстанда көп нерсе кызык:

Кыргызстанда көп нерсе кызык:
- Дүйнөдө нефть арзандап атат, бирок бензин биякта кымбаттайт...
- Мелжиреген бийик тоолор жайнайт, бирок кыргыз альпинисттер жокко эсе...
- Жылкы, кой жайыттарга батпайт, бирок эт кымбат..
- Ак мөңгүлөрдө, дарыяларда суу толтура, бирок суу сактагычтарда, айылдарда суу жок..
- Жогорку окуу жайлар толтура, бирок жумуш жок...
- Генералдар, офицерлер толтура, бирок армия жок..
- Кыргыз эли момун эл, бирок эки революцияны жасады...
- "Бисмилла" деп баштайбыз, "Аллаху акбар" деп мусулманча бата кылып той откоробуз, бирок тойдо каапырлардай "жинди суудан" ичип койобуз...
- Озубуздун эне тилибиз бар кудай берген, бирок бир орус олтурса беш кыргыз орусча суйлойбуз..
- Килтейтип эки этаж уй салабыз, бирок кочук айланбаган жанындагы "времянкада" жашайбыз...
- 120 депутатты багабыз, бирок элди суйунткон мыйзам жок...

Комментариев нет:

Отправить комментарий