Поиск по этому блогу

пятница, 26 сентября 2014 г.

"Курманжан Датка" тасмасы жөнүндө...

Мына ошентип, алыста жүрсөк да бүт кыргыз эли көрүп жаткан, биздин даңазалуу энебиз жөнүндөгү  "Курманжан Датка" тасмасын эс албай, дем албай үй-бүлөм менен аягына чыгардык. Ооба, мындай тасма эбак эле чыгыш керек эле, эми буйуруптур, буга да шүгүр дейли. Элден калбай мен да, социалдык сайтта жазылган пикирлерди окуп, сынчы же искусство жаатына тиешем болбосо да,  тасмадан кийин ичим бышып, топтолуп таз башыма кирген ойлорду бир бугумду чыгарып айткым келип турат....
- Эң башкысы, кылымдарды карыткан тарыхыбыз, бейиштей сулуу жерибиз, элим, жерим деп күйгөн эр-жүрөк баатырларыбыз, Курманжандай энебиз  бар экенине сыймыктансак болот.  Бул тасма көп жылдардан бери биринчи жолу   түгөнбөс мурасыбыздын бир чөлкөмүн чагылдырган, ошол мурасыбызды билейин деп зар болгон,  суусаган, тарыхыбыздын даана белгисиз баракчаларын ачып көрсөм, окусам  деген  кыргызга  абадай керек болгон тасма болуптур деп ойлойм
- Балким, тарыхыбызга тасманын кээ бир жерлери төп келбегени, айта кетчү нерсе бул көркөм тасма, ошого бул режиссердун тарыхка таянып кана өзүнүн ой пикири, фантазиясы  менен көргөзгөнү жана айтып   бергени
- Тасмада аз убакыттын ичинде тээ бир кылымдай жашаган Курманжан энебиздин эле эмес, бүт кыргыз элинин тарыхы жөнүндө сөз болуп, ошол убактагы эң маанилүү толо көйгөйлөр кыска-кыска айтылып калган, ошондой эле, карагыла, азыркы заманда  чыгыш аялдары эл башчысы болушу кандай кыйын, ал эми ошол илгерки замандагы Кокон хандыгынын бир канатын бийлеп турган улуу Курманжандын кулк-мүнөзү, ой жүгүртүүсү толук ачылбай, көрсөтүлбөй калган деп ойлойм, ал кандай аял эле, кантип башкарды эле, эмнеге аялды тең көрбөгөн эркектер баш ийип калышты эле ж.б.
- Биринчи жолу, менин билишимче, биздин тарыхта өзүбүздүн кол жазмабыз  болгону көрсөтүлгөн, туура, миллиондон ашык сап камтыган, кылымдан кылымга сакталып калган "Манасы" бар кыргыздын албетте өз тамгалары, алфавити болгон. Орустар эле, кыргызга биз жазууну үйрөтүп адам кылганбыз деп кыйын болушкан совет доорунда. Эмне болуп биз өз кол жазмабызды, сан-арипибизди жоготуп алганыбыз жөнүндө эле бир өзүнчө тасма тартса болот болуш керек
-  Кыргыздар кылымдап ар кандай динге ишенген элдер отурукташкан чоң территорияда жашап, көчүп жүрүп, көп диндердин таасирине кабыл болушкан, ошого отко, сууга, асманга, Тенирге, Исламга ишенишкен, жада калса андан башка диндердин кээ бир элементтерине да сыйынышкан.  Ошого, Курманжандын доорунда ислам дини басымдуу болгону менен башка диндердин да таасири болгону туура эле чагылдырылган деп ойлойм.
- Курманжандын доорунда эле эмес азыр дале актуалдуу маселелер, бул улут биримдиги (уруулап, түндүк, түштүк деп бөлүнбөй) , ата журтту, мекенди сүйүү жана коргоо,  аялдар укугу сонун чагылдырылган, фильм азыр биздин башыбыздан өтүп жаткан өткөөл заманда өз элибизди, эркиндикти, жерибизди кантип сактап калсак деп терең ойлондурат
- Тасмага бир аз динамика, интрига  жетпей турат деп ойлойм, азыркы сөз менен айтканда "экшн", көрүүчү бир    "экшнден" кийин кыйлага тарыхты эстеп олтуруп калат экен, дагы эми эмне болот эле деп, мага ошондой сезилди  
- Кыргыз эли эркин, тамашакөй эл болгон, эмнегедир, тамаша, кулку жок эсе, тойдон бир аз үзүндүнү эсептебегенде, жүдөп какабай, шайыр-шайдоот жүргөн кыргыздарды да  көргүм келди эле, орустар болсо болбойт тим эле аппапакай кийинишип, тамашалашышып
- Операторлорго бали, кыргызымдын бейиштей жеринин ажарын, сулуулугун, таптаза суулары менен мелжиреген тоолорун, жапжашыл жайык токойлорун, нукура жаратылышын укмуш даана  көрсөтүшкөн, эми туристтер буйурса көбөйөт,  "Курманжандагы" жерлер каякта, көрөбүз" деп, "Курманжан" тартылган жерлер бойунча турларды уйуштуруш керек эми
- Кыргыздын үрп-адаттары, каада-салттарынан да жакшы берилген, булар  эми  унутулбастан жаш муундар көбүрөөк билсе экен
- Каскадерлор азамат экен, ат менен зоодон секирип, бийик дубалдан ашып өтүп, чоң ылдамдыкта ат чабыштар да абдан мыкты тартылган
- Орустар ал убакта биз менен кандай болгонун ачык айтканга азыр тилибиз кыска, анын да убакыты келет, режиссерду түшүнөлү, бирок, аз да болсо четин чыгарып, Орус падышалыгынын бизге болгон  баскынчылык, өзүм билерлик, жүзү каралык  саясаты дап-даана эле көрсөтүлүптүр, алардын каалаганын жасашканы(мисалы, аялдардын чачын кесип, биздин ыйык балбалдарыбызга шапкелерин кийгизип) да көрүнүп турат...
- Кыргыз тарыхын билбеген кишиге тасма түшүнүксүз болобу деп корком, ошого, кичинекей бир маалымдама берилсе жакшы болот беле дейм, албетте англис тилинде дагы. Камчыбекти орустар дарга асып өлтүргөндө да, тарыхты билбеген кишиге түшүнүш кыйын болот, эмне үчүн Курманжан баласын алып калган жок, эмнеге кыргыздар өз ханышасынын баласын бошотууга аракет кылбады деп.
- Жылаңач Курманжанды көргөнүм жок чийдин артынан, же көзүм начар көрүп калганбы, сонун эле тартылган кыз узатуу салты, жуундуруу,  кийим кийгизүү, кошок айтуу ж.б.
- Кыргыздардын ошол замандагы кийимдерин калыбына келтирип, тиктирип ошончо кишиге, бул чоң жумуш жасалганы айгиленелип турат,  ылайым эми пакилердин, арабдардын шамтыраган кийимдерин кийбей, тасмадагыдай соп-сонун эле улуттук өзүбүздүн кийимдерибиздин заманбап варианттарын болсо да  кийсек экен
- Актерлор аябай жакшы тандалган жана чебердүүлүк менен  ойношкон, массовка азыраак десе болот, бирок бир эки кадрды эсептебегенде жетиштүү эле болуптур (71 киши дешти эле,жок андан көп эле, 114 төй киши экен бардыгы)
- Чет жактагы кыйырдагы көп кыргыздар  да бул тасманы көрсө болот эле, AMAZON-TV га сатыкка койулса болмок, элдер алат эле болчу деп ойлойм
Эми кечиресиңер, Э.Байсаловдон да көп жазып дөөдүрөдүм окшойт. өзүнчө эле билерман, кыйын болуп, токтотойун, аягында айтаарым, бул тасма биз үчүн суудай керек эле, көп нерсени биринчи жолу экранга алып чыкты, бул жагынан тасманын баасын ченеп болбойт,  кеткен акчаны жүз эсе актады десе болот туугандар.
Садык Шер-Ниязга, чыгармачылык топко таазим кылып рахматымды айтам, биздин дагы капчыгыбыз толо мурастардан, бир эле "Манасыбыз" кандай эбегейсиз булак, башка дагы бизди сүйүнткөн көп тасмаларды жаратышат деп тилейм..