Поиск по этому блогу

воскресенье, 15 мая 2016 г.

Камит Савай Чоң энемдин аманаты

Чоң энемдин аманаты

Өөн жердеги жашоо жана ата журтка кайтып келүү
Жайдын саратан күнү бүтүп, Кулжага (Кытайдын Синцзянь-Уйгур автономдук районундагы шаар)  үп тарап, караңгы кирип калган кез. Тоо тараптан акырын жумшак салкын жел келе баштады. Мен катар салынган сарайлардын аяккысында, тандырдын артына жашынып, колумда чоң бычакты катуу кармаган бойдон ыйлап олтурдум. Чыбыт узун көйнөгүмдүн этегин басып, башымда кичинекей ак жоолук, бутумда болсо резинадан көлөш. Түн караңгы  баскан сайын эшиктеги балдардын, кишилердин  үнү басылып,  ары бери өткөн эшек аттардын такаларынын таштарга такылдаганы, араба коштордун дөнгөлөктөрүнүн тарактагандары да басылды. Эми үйлөрдүн ары жагындагы көлчүктөгү бакалардын бакылдаганы, чырылдаганы, бир аз коё туруп иттер ажылдап үрө башташты.  кана угулуп калды. Мен болсо, ыйлаганымды токтотпой, элең элең  чоң үй жакты карап кожоюн Савитахундун аялы Маликахан уктаган бөлмөнүн терезесин карап жаттым. Савитахун бул Кулжадагы эң бай уйгурлардын бири эле.
Савитахундун конушу короону тегерете салынган эле,  ортодо чоң үй, анан дубал кетип, сарайлар, анан башка тарабында дагы кичинекей үй бар, ошентип төрт жагынан тең бийик дубал жана имараттар менен курчалып турган. Чоң үй менен кичинекей үйдүн ортосунда каалга болгон, короонун арт жагында,  башка көчөгө чыккан,  араба, ат, уйлар киргенге чоң дарбаза    болгон.
Савитахундун көп жылкылары, уйлары, койлору бар эле, аларды баккан эки малчысынын бирөө Жуматай деген кыргыз, анын жашы кырктын кырын ашып, 1916-жылдагы "үркүндөн" үй-бүлөсүнөн ажырап калган бей-бечара. Мен биякка келгенде эле ал бар болчу. Жуматай бою бийик, арык келген, эч ким менен бир ачылып сүйлөшпөй, унчукпай жумушун жасап жүрчү дайыма. Ошол малдардын жанында эле жашап карайт эле түндөсү да. Мен көргөндөн бери эле өңү куп-куу, кебетеси дайыма кыйналып жүргөндөй көрүнөт. Балким тамакка тойбой жүрөбү деп, кээде тамак уурдап берет элем. Ошондо гана бир аз сүйлөшүп калат элек, экөөбүз бири бирибизди аяп, өзүбүздүн бир туугандарды, Ыссык-Көлүбүздү эстеп ыйлап да калчу элек. Жуматай да көлдүн Күрмөнтү айылынын тургуну эле.
Тандырдын артында көзүмөн жаш убактысы менен куюлса да, көп нерсе оюма түшүп, эми кантип чоң энемдин аманатын бүгүн менден күч менен тартып алган Маликахандан кайра алыштын айласын таппай атам. Ошого бычакты да колуман чыгарбай олтургам. Маликахан ошондо отуздан жашы оогон, бою пас, кичинекей жүлжүйгөн тырык көздөрү бар, башы чоң, семиз аял. Ал намазын үзбөй окуп, кудайга катуу ишенген мусулман адам көрүнчү.  Бирок, кол алдындагы кызматкерлерине болгон мамилеси кудайга ишенбеген адамдай болчу, жини келгенде колуна эмне тийсе ошол менен чаап, кап-кайдагы жаман сөздөр менен тилдейт. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, заардыгы сөөккө жеткен, колундагы бийликтин кумарына баткан аял. Кээде, мейман келгенде ал таанылгыс болуп өзгөрөт эле, айрыкча бир шаардын урматтуу кишилери келгенде, тим эле жадырап жазылып сылык сүйлөп, күлүп калат, ошондой күндөрдү жакшы көрөт элем, ошондой меймандар келсе экен деп эңсечимин.
Менден башка анын кол алдында, дагы бир малчы, үйдү кайтарган  кароолчу. Бир малчы тоодо жайлоодо болчу, кароолчу болуп жаш уйгур жигит иштейт эле,  ал Савитахундун алыс туугандарынан болуп, үй-бүлөсүнөн кабар алганы кеткен. Кожоюн Савитахун өзүнүн соода иштери менен тез-тез ары бери чыгып турчу, азыр ал  Кашкарга кеткен (Кулжадан түштүк жакта жайгашкан шаар).
Кыжырым кайнап, сиркем суу көтөрбөй калган маалда кулагыма чоң энемдин үнүнө окшош аваз угулду:
- Сен Маликаханды өлтүрбөгүн, эч нерседен коркпогун, -деген.
Мага эмнегедир даана угулду бул сөздөр, коркуп да кетип ары бери жакты карадым, эч ким көрүнбөйт. Мен болсо, Маликахандан кантип чоң энемдин аманатын алыш үчүн кечеки күндөн бери ойго батып эки көзүм төрт болуп, ыйлап да бүттүм. Кайдан эле анын көзүнө көрүнө түштү эле ага. Кечээ кадимки күндөгүдөй бөлмөлөрдү шыпырып жүргөм, Маликахан  болсо кеште тигип  олтурган. Кээ күнү, жин тийгенсип, үңкүйүп олтуруп калат эле, пардаларга, жаздыктарга кеште тигип. Ал олтурган бөлмөнү шыпырып атканда, кашайып менин чоң энемин аманаты көйнөгүмдүн тыш жагына чыгып калыптыр, аны мен да баамдабай калыпмын, Маликахан көрө коюптур.
- Ии,  бул эмнең мойнуңдагы,- деди Маликахан.
- Бул көз тийбеске тумар,- дедим мен, кайра көйнөгүмүн ич жагына салып.
- Ай мунуң тумарга окшобойт ко, кана берчи мага, - деди Маликахан.
- Кечиресиз, мен муну сизге бере албайм, бул менин чоң энемдин аманаты, - дедим да эшикке карай жөнөдүм.
Маликахан ийне жиптерин ары жылдыра койду да мени токтотуп заарын төктү:
- Ии, эмне укпай калдыңбы мен айтканды дүлөй болуп калгыр, жашабай жатып мени алдаганын тумар деп, алып кел бери, - деп кыйкырды Маликахан.

Эмне дешими билбей селейип карап туруп калдым да, анан:
- Мен чоң энеме ант бергем, анын аманатын эч кимге бербейм, - деп жан талаштым.
 Маликахан менин айтканыма жини кайнады, саргыч бети титиреп, көздөрү көрүнбөй калды. Менин айтканыма ал эч кандай маани бербей уккан да жок, мен билем, эгер ал бирдемкеге жетем, же жасайм десе, ал түбүнө жетип аны жасайт.  Ошого анын жөн болуп калбасын билип,  коркутканга өттүм.
- Ким эгерде бул аманатты күч менен ээсинен тартып алса, анда ал кишини аманаттын тунгуч ээсинин каргышына калат, - деп эскерттим мен.
- Ай, муну карасаңар жүзү кара жашабагыр, мени каяктагы каргыштар менен коркутат, - деп колуман, мойнуман кармап, аманатты тартып алганга аракет кылды.
Мен да анын колун кармап, мойнумдагы аманаттын жибин карматпай жаттым. Маликахан күчтүү болгондуктан, колумду кайрып, экинчи колу менен мойнумдагы аманаттын жибин катуу тартканда мен кыйкырып ыйлап жибердим. Мойнумду катуу оорутуп ал аманатты жулуп алды башыман ары, мен болсо колдоруму бошотуп анын көйнөгүнө асылдым. Миң ынтылсам да,  он жаштагы кыз килтейген аялга күчү жетпеди. Аманатты тартып алгандан кийин,  мен кыйкыра баштадым:
- Бериңиз кайра аманатты, каргышы урсун сизди, -деп.
-  Сен мага бул жерде мага ыйыңы угузбай жогол жетим, эгерде дагы бир кыйкырсаң азыр кууп чыгам, эртең базарга алып чыгып жалап катары сатып жиберем, - деп кыйкырды кызарып Маликахан.
Анан, чоң  колу менен мени жаактан ары чапты да, түртүп кууп чыкты.
Мен токтобой ыйлап, Маликаханга билген жаман сөздөрүмү айтып жаттым. Өзүм жаткан сарайга карап басып бардым да, жаткан бойдон ыйладым токтобой кыйла убакытка.
Тез эле Маликахан да жетип келди кышылдап, менин жатканымы көрүп дароо кыйкырды:
- Атаңын төрүндө жаткансып эмне жатасын жетим, тур өлүгүңдү көрүп калайын, эмне иштебей жатасын, аманатыңы сенин, көрдүм эмне экенин, эртен зергерге көрсөтүп, алтыны көп болсо билерик жасатып алайын, тур керилбей очокко от жак, - деп таяк менен атып урду.
Эмне кылышымды билбей от жакканча ойлонуп, Маликаханга аманат жагыптыр, эми ал оңой менен бербейт, эртең зергерге алып барганча эптеп аны кайра алышты ойлодум.
Мына эми олтурам, тандырдын жанында, Маликахан качан уктайт деп, шамын өчүргөндөн кийин коңурук тарта баштаса, анан катуу уйку басканда кирейин деп чечтим. Чоң энемин авазын уккандан кийин кайдандыр күч пайда болуп, коркпой да калдым. Бычакты да коркпой оңой кармап калдым. Бирдемке болсо жардамы тиеби деп, балтаны да алып алайын дедим. Жуматайды жардамга чакырсамбы деп ойлоп, бирок ал ойдон баш тарттым. Балким ал чоочуп, коркуп айтып коёбу, же такыр макул болбой койсо, анда ага билинип да калмак.  
Оюмда, кантип кирип эмне кылышты, бөлмөдөгү жайгашкан эмеректердин турган жерлерин, Маликахандын уктаган жерин ойлоп, өзүмдүн бүт кыймыл-аракеттерими көз алдыман өткөрүп да көрдүм. 
Бир маалда кулагыма кайра чоң энемин авазы угулду:
- Сен өлтүрбөгүн, коркпогун, кир да, аманатымды алгын, - деди.
Түн бир оокумда кана Маликахандын бөлмөсүндөгү бүлбүлдөп турган шам акыры өчтү. Бул түнү үйдө кудай жалгап экөөбүз эле болчубуз. 
Кулагымы төр жакка салып, Маликахан коңурук тарта баштаганда кирейин деп жакыныраак келдим. Түн жарымда ал катуу кыйкырса да бирөө угушу кыйын, эгерде короого чыккан терезелерди катуу жаап койсо, көчө жакта терезелер жок болчу.
Жайкысын уктаган бөлмөлөрдүн эшиктерди ачык эле калтырып жатпаса, ысып укташ кыйын эле.  Эшикке жука пахта материалдан илип койчубуз, чымын-чиркей кирбей, анан жел кирип турсун деп. Маликахан да эшикти жаппай эле уктап аткан. Акырын көлөшүмү чечип жылаңайлак кирдим. Савитахун үйдө жокто Маликахан көпкө чейин уктап элден кийин турат эле, менимче, намазды да окубай коёт эле эрте мененки. Кирип дароо текчелерден Маликахан алтындарын сала турган кичинекей кумганды карадым. Аны эшикке алып чыгып карадым. Кумганда да, текчелерде да чоң энемдин аманаты жок экен. Караңгыга көзүм көнө түшкөндө карасам, Маликахан мойнуна кийип алып уктап калыптыр.
Эми билдирбей кантип алыш кыйын болгонун сездим. Чоң энемин аманатын көрөөрүм менен көзүнө кан толгон букага окшоп, мага да кайдан бир күч толуп, чечкиндүүлүк пайда болду. Тим эле. азыр эле бычак менен сайгылап салгым келди. Бирок, чоң энемин авазын эстеп токтодум. Даярдап ала келген уйдун жиби менен акырын бутун байладым, тура албай турган кылып. Анан, сол колум менен аманаттын жибин кармап, оң колумдагы бычактын мийизи  менен  жипти кесе баштадым. Маликахан ар бир көз ирмемдин биринде ойгонуп  кетиши ыктымал эле. Анын ойгонуп кеткен учурга да "белек" даярдап койгом, бети-башымы тандырдын капталдарындагы көөдөн аябай шыбанып алган элем. Кийимими да которуп, короодо илинип турган кара күрмөнү кийип алгам.  Бир учурда жакшы кесилбей катуурак кыймылдаганда Маликахан ойгонуп кетти, же мурда эле көзүн ачканбы, анын кыйкырганынан колумдагы бычак түшүп кетти. Менин бактыма ал эс учун жоготуп эстен танганда. мен аманатты жулуп адым да эшикке дыр койдум. Коркконуман муунум калчылдап, тизем титиреп туруп калганда, чоң энемин авазына окшош үн кайра чыкты:
- Тезинен көчөгө качкын, - деген.
Көчөгө чуркап чыктым, айлана капкараңгы, алыста иттердин үргөнү кана угулат.
Кайра эле чоң энемкиндей аваз:
- Базар жакка чурка, - деди.
Чуркап баратып ойлоп калдым: "Мен чын эле угуп ушул буйрутмаларды аткара беришим керекпи", - деп.
Чынында, мага бул өзүнчө эле табышмак да болду. Бирок, Мариям чоң энемдин үнү экени даана билинип турду кулагыма.
Странно, я это слышу или мне так кажеться. Но я же все таки слышу ее голос, похожий на  тихий голос бабушки Мариям.
Базарга жеткиче шаштым, энтигип, жүрөгүм дүкүлдөп бир кызыктай эле болуп жаттым, бир саамдан кийин өзүмө келдим. Базардын жанындагы кампалардын арт жагына бекинип олтурдум. Ал убакта Кулжанын шаардык дарбазасы бекилип турчу түндөсү, күндүзү да сакчылар карап киргизишчү кишилерди. Таң атканын күтүп олтуруп, арыкка барып бети-башымы жуудум.  Анан оюма кайра Маликахан түштү, "Ал мени тааныды бекен, канча убакытта өзүнө келди экен, катуу эси ооп жүрөгү түштү го", - деп ойлодум.
Жарык кирип, базарда эл көбөйө баштаганда акырын чыгып, шаардан башка жакка товарлары менен жөнөй турган арабалардын бирине, рулон материалдардын арасына бекинип алдым. Тез эле шаардан чыгып кеттик, бир сааттан көбүрөөк жүргөндөн кийин кербен эс алганы токтогон жеринен түштүм да талааны көздөй качтым. Токтобой көз алдыма карай, Кулжа менен жолдон арыраак жакка жүрүп олтурдум.
Кантсе да Кыргыз жерим тоо жакта деп, алыстан көрүнгөн тоолор жакка бурулдум. Кечке басып олтуруп чарчап, арыктардан суу ичип, ачка эле бир ташталып каралбай калган алачыкка түнөдүм. Чарчаганыман катуу уктап калыпмын.
Талаалар эртеси да уланып, кээде бөксө дөндөр пайда боло баштады. Алыстан кыймылдаган нерсе көрсөм дароо жашынып аттым. Көрүнүп эле турган тоолорго эртеси да жетпедим. Түндөсү коркуп кыйлага чейин уктабай чыктым. Ар бир күбүрт-шыбырттан чочуп дегендей. Аманатты колума кармап жүрдүм. Үчүнчү күнү жапайы бүлдүркөндөн жедим, ашказанды эптеп алдап жаттым.
Ушундай кытайдын талаасында карышкырга жем болом деп ойлодум,  зээним кейип, араң зорго басыш да кыйын болуп алым кеткенде, кайра чоң энемин үнү угулду:
- Чыда, оңго сал, бүгүн адамдарга чыгасын, - деди.
Ачкадан башым ооруп, кулагыма жөн эле угулуп аткансып да көрүндү. Кайра бир аз күч-кубат кошулуп, оң тарапка брулуп жүруп олтуруп, бешимде тоолордун этегине чыктым да, алыстан көзүмө жөн эле тилегими бергендей болуп элес-булас боз үйлөрдүн сөлөкөттөрү көрүндү. Өз көзүмө ишенбей, кайра-кайра карап, тезиреек жүрө баштадым.
Канча аралык басканымды билбейм, төртүнчү күнү адамдарга жолуктум. Боз үйлөр турганынан билдим, же казактар, же кыргыздар болушу керек деп. Жакын келип, бийик эмес бадалдарга бекинип, үн чыккан жакты тыңшап туруп калдым. Кулагыма кыргызча сөздөр угулгандай болду. Анан эле кайдан сезе коюшкан, эки ит үрүп жетип келди. Мен бадалдын сабагы, жерден кесек алып иттерди жолотпой аттым.
Жакынкы боз үйдөн бир аял чыга калып эле кыйкырып калды:
- Жолборс, Кумайык кеткиле, баскыла бери, - деп кыйкырды.
Иттер жаактарын баспай, тигил аялды карашып басымыш болуп дагы эле үрүп атышты.
- Ой капырай кыз, эмне турасын, баса бер бери, мен турганда иттер сага тийбейт, коркпо айланайын, - деп өзү да мага карай басты.
-  Саламатсызбы эже, мен жолду сурайын дегем, - деп туруп калдым.
- Ой бас эми үйгө кир, - деп  жол баштады үйгө.
Боз үйдүн ичи кымыз жыттанып, ачка жүргөн мага ар кандай тамактардын жыттары келгендей болду. Төрдө олтурган киши кымыз ичип атыптыр, жанында төшөктө менен бир эки жаш кичүү кыз топташ ойноп олтуруптур.
Олтурган кишиге салам айттым.
- Кел, өтө гой бери, Зулайка жыл бери эже олтурсун тиякка, - деди, менимче үйдүн кожоюну.
Ал мени карап, таң калгандай болду, аялына да суроо назар салды, "Бул ким эле?",- дегенсип.
Суусап турган жаным сунулган кымызды дароо аягына чейин шимирдим чиркин. дасторкондо турган эттен да жеп кирдим. Дагы жакшы уялганыман азыраак жеп эле олтуруп калдым унчукпай, көп жеп алсам ооруп калат белем. Эч ким сураган да жок, менин ким экенимди.
Илгери кыргыздарда кирген коноктон анын келген максаты жөнүндө дароо сурашпайт болчу. Конокко кымыз, сүт, эт берип, анан дасторкондүн үстүндө суроо жооп алышчу. Коноктон сурабай ага жата төшөк салышкан түнөгөнгө.
 Эгер, конокту кабыл алышпаса, анда ал үй-бүлөөнү элдер жаман көрүшүп сөз кылышкан. 
 "Коноктуу үйдө кут болот", - деп айтышкан кыргыздар.
Анан курсакка бирдемке киргенден кийин, көп күн жакшы уктабаган жаным жер тартып уктап калыпмын. Катуу уктап, эрте менен араң көзүмү ачсам, боз үйдө жатыпмын. Үстүмө жылуу тон жаап коюшуптур. Жып-жылуу, тургуң келбейт. Түндүктү карап асманды көрүп жаттым. Оюма дароо тээ алыс калган көлдөгү үйүм кирип кетти. Апам, атам, бир туугандарым, анан чоң энемин айткан сөздөрү эсиме түштү. Түшүмдөгүдөй болуп жатты айлана-чөйрө. Эшик жактан үн чыгып бир аял кирип келгенде өзүмө келдим.
- Ойгондуңбу, жууна кой эми, - деди эже.
Эрте мененки тамактын үстүндө таанышып, сураштыра башташтык.
- Ии кызым, кайсыл жакка бара жатасын жалгыз, мындан ары тоолор эле, эл жок, - деди үйдүн кожоюну сөздү баштап.
Мен эжени карап туруп ыйлап жибердим.
- Айланайын, кой эми ыйлаба,  жакшы эс алып ал, жүдөп кыйналып калыпсын, - деди эже.
Бир пастан кийин мен өзүмүн ким экенимди, кайдан жана эмне болуп келип калганымды айтып бердим. Кулжада тартан азаптарды, уйгур кожоюндун аялы менен уруша кетип, аны өлтүрө жаздап качканымды айтып, чоң энемин аманаты жөнүндө айтканым жок.
- Менин атым Муса, бул болсо жубайым Сырга, а бул менин көпөлөгүм Зулайка, сен биз менен тура бер, жай көп батабыз, эч кимге сени айтпайбыз да бербейбиз. биз жардам беребиз, кызыбызга дос болуп чогуу жүрсөңор болду, - деди Муса.
Оюмда, "Менин айткандарымы угушуп аяп жатышат, биртке эс алсын", - деп да ойлодум.
- Жаныбызда бүт биздин туугандар, мен бардыгына айтып коём, сага эч ким тийбейт, коркпогун, - деди Муса.
- Чоң ыракмат сиздерге, бир аз тынып алып анан кетейин, силерге да ашыкча жүк болбой, - дедим мен.
- Ой сени эч жакка жибербейбиз, уйгурларга бербейбиз. кудай буюрса жакында өз мекенибизге кетебиз, - деди Сырга.
Ошентип, Мусанын үйүндө жашап калдым. Алардын да "үркүндө" тун баласы оорудан каза болуп калыптыр. Көлдүн Сан-Таш айылынан чыгышып, Кеген менен келишиптир Кытайга.
Муса, бою өтө бийик эмес, кыркка жашы жетейин деп калган, калпагын чечкенде чачы аз  башы көрүнгөн, арык чырай келген, беттери кара тору болгон киши экен.   Сырга болсо, ал да арык келген, чачтары узун, беттерин шамал алган, тез-тез кыймылдап, бат сүйлөгөн аял. Бир ордунда турбайт экен, бир карасаң айран жасап жаткан, бир карасаң бишкек тегеретип аткан, бир карасаң тамак жасап аткан.
 Күндөн күн өтүп, түндөн түн өтүп өзүмүн үйүмдө жашагандай болуп көнүп калдым бара-бара. Кээде эч кимге көрүнбөй, Зулайка уктаганда, боз үйдүн артына өтүп ыйлап алчумун.  Маликахандын колунан запкы жеген күндөр эске түшөөр эле. 
Сыргадан жоонураак жип сурап алып, чоң энемдин аманатын кайра мойнума байлап алдым. Аны мен күнүгө уктаарда өөп анан уктачумун.
Күндүзү Сыргага жардам берем, Зулайканын көңүлү менен болуп ал менен ойнойм, кээде кучакташкан бойдон түштө да уктап калат элек.
Көңүлүм кыйла тынчыгансып калды. Кээ бирде бир туугандарымы эстеп, ыйлап, уктай албай чыккан түндөр да болду.  Кантип Кытайга келгенибизди эстеп, орустарды жинимен жаман көрүп, алардын кебетелерин шайтанга тетеп, албарстыдай көрүнүшчү. Түшүмдө аларды ташбараң менен атып, найза менен сайып жиберет элем. Менин бул тагдырыма ошолор кана күнөөлүүдөй сезилчү.
Түшүмдө айылдыктар чогулуп орустарды кууп чыкканыбыз көз алдыма келер эле:
- Жоголгула өзүңөрдүн Орусияңарга, биз өз жерибизде өзүбүз билгендей жашайбыз силерсиз эле, - деп кыйкырып кубалайбыз.
Анан, Кулжадагы семиз, курсактары челдейип, керкейген кытай, уйгур байлары эсиме түшөт. Бирок, карапайым элдер бизди аяп, жакшы эле мамиле жасашкан.

Кулжада болсо, Маликахандын бакырыгына кошуналар келишиптир.  Биринчи ойлошуптур, "Савитахундун үйүнө каракчылар кириптир", - деп.  Маликахан тынбай эле кыйкырып ыйлаптыр, аны араң токтотушуптур. Апапташып, коркуп калыптыр, жүрөгү түшүптүр деп, жүрөгүн көтөргөнгө бакшы алып келишиптир. Кичинекей кул Айсара жоголгонун билгенден кийин, Маликахан, "Ощол мени өлтүрөт", - деп жөөлүптүр.
Маликахан ар нерсени айтып эле жөөлүп жатып калыптыр, Кулжадагы менмин деген табып, даарыкерлерди чакырышып дарылай башташыптыр. Савитахунга кабар беришиптир. Ал болсо, "мени кайдан болсо да тапкыла, жерден чукуп болсо да", - деп чабармандарын жолдорго, кошуна хан, бийлерге айттыртыптыр. Менин башымы алып келгенге чоң сыйлык ыйгарам дептир.

Мусанын үйүндө эки жылдай туруп калдым, ал убакыттын ичинде эки үч жерге  көчтүк. Жолго чыкканда чоочун кишилерге көрүнбөгөнгө аракет кылчумун. Кыштоодо эл көбүрөөк болгондуктан, эшик элиге аз чыктым. Кийин уктум, бир уйгурлар сурашыптыр Мусанын туугандарынан, "бир кыргыз кызды көргөн жоксуңарбы",- деп мени сүрөттөшүптүр. Кудай жалгап, Мусанын туугандары да менин сырымды эч кимге айтышпай, мени эч кимге сатышкан жок.
1919-жылдын кышында Мусанын туугандарынын бири келип, Кыргызстандан келген соодагерлерден укканын айтып берди:
- Орусияда Николай падыша кулаган имиш, Кыргызстанда, Көлдө бүт согуштар тынчыптыр, эми Ленин деген падыша болуптур, ал жөнөкөй карапайым элдин таламын жакшы коргоп, байларды, бийлерди камап жаткан имиш, орустардын армиясы, аскери элди атпай, ошол байларды атып калган имиш, - деп жаңылыктарды айтты.
Анан, Муса менен Сырга кечке ошол жөнүндө сүйлөшүшкөнүн угуп жаттым.
- Буюрса жакында кайтабыз мекенибизге, дүйнөлүк согуш дагы токтоптур, тынчылык болсо экен эми, - деп көпкө сүйлөшүштү.

Бир аз убакыт өткөндө жай келеерде мекенибизге жөнөдүк. Бул кабарды укканда сүйүнгөнүмү айтпай эле койоюн, маанайым жаркырап, жаратылыш бир ажайып көрүнүп, демиме дем кошулуп жыргап эле жүрдүм. Кербен жолдор менен кайра үч жылдан кийин кайттым артка карай. Бийик тоолорду, ашууларды аштык, Чоң-Ашуу, Эңилчек ашуулары чайыттай ачык эле экен.  1916-жылы биз кандай кыйналып өттүк эле, кар жаап, бороон болуп. Азыр болсо жайдын башында айлана көкмөк, жапжашыл, тоолордун чокуларында эле кар бар экен.
Тоолордогу  жайыктарда чөп килем болуп төшөлгөн,  боорлордо ийне сайылгансып арчалар көрүнөт. Андан бийигиреекте анда санда чөптөр сербейип, дагы өөрлөсө жылаңач аска зоолор, эң чокусунда ак шөкүлөгө окшоп карлар жатат.
Ушул ашууларда, капчыгайларда канча деген сансыз адамдын сөөктөрү жатат, алардын ичинде менин бир боорлорумдун да. Ылдый жерди карай албай ыйлап өттүм.
1916-жылы бул жерлерде көп кыргызымдын өмүрү кырчындай кыйылган жерлер ушул жерлер эле. Аларды адамча көмгөнгө да мүмкүнчүлүк болгон эмес эле, бир жагынан кар, сөөккө өткөн суук, экинчи жагынан жерди казганга бир аспаптар, күч да, убакыт да болгон эмес.
Муса куран түшүрүп, шейит кеткендердин арбагына сыйындык. Мен өзүмө сөз бердим, "Аман болсом келип кетем дагы", - деп. Кербендер жолуккан жерлерде мен адатымча жашынып жүрдүм.
Шашпай төрт беш күндө Мусанын жери Сан-Ташка кирип келдик.  
- Сен эми Сан-Ташта эле бизге кыз болуп кала бер, өзүңүн жериңе каалаган убакта кетеерсин, - деди Муса.
- Сиздерге өмүр бою ыраазымын, силер болбосоңор мен мекениме кайра тирүү келет белем, - дедим мен.
Айылдын Сан-Таш деп аталышы ар кандай легендалар менен байланыштырышат.
Алардын бири мындай:
Илгери, атактуу Темирландын аскерлери ушул жерлерден Кытай тарапка өткөндө, анын буйругу менен ар бир аскер бир орто таш алып бир жерге үйүшкөн. Кайра кайтканда ар бир аскер үйүлгөн таштан бирөөнү алып башка жерге үйүшкөн, ошондо эски үйүлгөн таштан канчасы калса,ошончо аскерден ажырашканын билишкен.
Дагы бир легенда:
Айылдын жогору жагындагы Сан-Таш ашуусуна жетпей туурасы 4-5 км дей жайык жер бар. Ошол жайыкта илгери эки коргон курулган экен. Коргондор жалаң бирдей таштан салынган. Чоң коргондун диаметри 500-600 метрге чейин жетет. Жанында кичинекей коргон бар. Легенда боюнча, Манастын аскерлери Кытай тарапка уйгурлар менен согушка өтүп баратып, ар бири 3-4 кг дык таштарды коргон кылып ташташкан. Кайра кайтышканда, ошондой эле таштарды алып келишип экинчи коргонду курушкан. Ошентип, канча аскер өлгөнүн эсептешкен.
Анан "санташ" деген шамал да бар, ал ошол Сан-Таш ашуусунан соккон Ыссык-Көлдүн чыгыш шамалы. Аксакалдар айтышат, ""санташ" сезилсе соккону, анда аба-ырайы бузулганы", - деп. "Санташ" шамалы Ыссык-Көлдүн батыш шамалы "уланга" караганда сейрек согот, бирок экөө тең соксо, анда көл катуу толкуп, шамал өтө катуу боло баштайт.  
Мен болсо Сан-Таштык үй-бүлөмө аябай көнүп, Зулайка менен бир туугандай эле болуп калдык. Такыр бири бирибизден ажырабайбыз.
Менин болсо эсимден туулган, өскөн жерим, үйүм такыр кетпей туруп алды. Уктасам түшүмө кирген да ошол.  Эми бияктан Кара-Ой айылына аз эле аралык болгондон ал сагыныч ого бетер от алды. Азыр чыгып эле бир саатта жетип кала тургансып.
"Карышкырды канча баксаң да токойду карайт", - дегендей, мен да Кара-Ой тарапты карап ыйлай турган болдум, көзүмө бул күнгө чейинки болгон турмушумду элестетип.....

1910-жылдардын ортосунда Кара-Ойдо үй-короолор аз болгон, көбү эле жолдун боюнда эле, бир тарапка жол Караколго чыгышка кетсе көл бойлоп, экинчи тарапка батышка Пишпекке кеткен. Айылдын түштүк жагы Ыссык-Көл болуп, түндүк жагында тоолор болгон. Биздин үй көл тараптан орун алган. Ылай топурак кыштан салынган, анан жыгачтан каркастары болгон, эки бөлмөдөн турган үй. Биринде атам Ратбек, апам Бурма, агаларым Азамат жана Мукан, эжем Айэрке, экинчисинде мен чоң энем Мариям экөөбүз уктачубуз. Үйдүн чатыры бийик эмес, тактай, саман аралаш топурак  менен   жабылган эле.    
Мен чоң энеми аябай жакшы көрчүмүн, жанынан бир карыш чыкчу эмесмин. Каякка барса мен дайыма артынан жөнөчүмүн көлөкөсүндөй болуп. Мурда койкоюп түптүз басчу чоң энем, акыркы жылы эле бир аз буттары, бели ооруп кала турган болуп кыйналып басып калды таяк менен. Таягыны дайыма мен алып берип карматат элем.  Айылда бир жакка барса да мен жанындамын. Мени эч кимге таарынтчу эмес чоң энем. Аш-тойдон алган таттуларды мага бекитип берчү. Мен да кыйын болуп аларды бекитип жейт элем.  Агаларым, эжем көрүп калышса эле тартып алышчу, бербей койсом. Мен анда чоң энеми карап кыйкырып эле калчумун. Ал болсо тигилерди урушумуш болот эле.
Чоң энемдин таягын кана эмес, көлөш десе көлөшүн, сүт десе сүттү алып келип берип, иши кылып эмне аткара алсам бардыгын чуркап жасайм.
Биздин туугандар айтышаар эле, "сен чоң энең менен кошо жүрүп, кебетең да, сүйлөгөнүң да, жүргөн-турганың да чоң энеңин эле өзү", - деп күлүп калышат. Чоң энем мага көп нерселерди айтып берет эле, жалпы кыргыздардын, айылыбыздын, биздин Саяк чоң урууга кирген Карбоз уруусунун тарыхтарын айтып берген. Чоң энем арабча окуганды билип, айылда тамга тааныгандардын бири жана эң аксакалы эле. 
Биздин үй-бүлө өтө бай эмес, өтө кембагал да эмес орто жашаган үй-бүлө деп эсептелген. Атамын беш-алты жылкы, ондой уйлары, жүздөй койлору бар болгон. Анын ичинде, атам эч кимге бербей, өзү кана карап минген "Жалын" атту аты да бар эле. Андан башка көп индүк, тоокторубуз, "Көктай" деген чоң итибиз да бар.
Корообуз болсо чоң болуп, азыркыдай дарбаза, коргондор жок болгон. Буудай, арпа өстүрчүбүз. Анан чоң бак бар, алма, ашпурут, өрүк көп эле. Чоң энем ошол бакка барып олтурганды жакшы көргөн.  
Атам дагы айылда устачылык кылат эле. Ким үйүнүн чатырын жапса, терезе, эшик койдурам десе атама келишкен. Уста аспаптарына эч кимди тийгизчи эмес, тийген күндө балееге калдың дей бер.
Айылда орустар көп жашайт эле.  Алар Кара-Ойго  1890-1905 жылдары көчүп келишкен Орусиядан, атам ошол келген бир орус устадан үйрөнүптүр устачылыктык өнөрдү. Аны Кузьмич деп чакырышат эле, ал фамилиясыбы, атыбы билбейт элек.  Бою орто, арык келген, үй-бүлөсү жок, сакалы, чачтары саргарган орус болгон. Атам көбүнчөсү ошонукунда болуп, ал болсо биздикине чоң энемден коркуп келбеген.
Биринчи жолу үйгө кирип олтурганда, чоң энем аны, "Жогол сары жүн баш менин үйүмдөн", - деп кууп чыккан таягы менен. Чоң энем орустарды, "баскынчылар, - деп айтчу.
Чоң энемин айтканына караганда, 1870-жылдардын баштарында биринчи отуз орус үй-бүлөсү көчүп келген Кара-Ойго. Алар келери менен уезддин башкармалары келип, жер бөлүп беришип, анан дароо үйлөрдү сала башташкан. Сибирден келген орустар жылдан жылга көбөйгөн. Башында чогуу жанаша отурукташкан, кийин болсо, жакшы жерлерди ала башташкан. Күчкө салып эле, бересиңер деп, кыргыздардан тартып алып беришкен.  Жол менен Каракол тарапка чууруп орустардын араба кербендери өтүп турган.
Чоң энем эле зеени кейип айтып калат эле:
- Бул жүн баштар көбөйгөндөн көбөйүп атат, бир балее болбосо эле болду булар менен, -деп.
1890-жылдарда Орусияда кургакчылык болуп ачка калышып, орустар Ысык-Көлгө көп көчүп келишкен. Орус падышасы көчкөндөрдү колдогон ар жактан, аларга акчалай жардам да берилген. Алар көбөйгөн сайын, тоолор менен көлдүн ортосундагы сугат жерлер бүт орустар ээлей баштаган. Ошондо кыргыздар менен орустар ортосунда биринчи талаш-уруштар башталган.
Ал убакта Мариям чоң энем, анын сөзү боюнча токсондорго барып калган, айылдагы эң карыя кемпир, бул жашка жеткен киши кемде-кем болгон. Акыл-эси ордунда болуп, сүйлөгөнү да, ойлогону да так болчу. Жаңы тиштер чыгып жаш баланыкындай, экөөбүз жанаша күлсөк тиштерибиз окшош болуп калат эле. Буурул чачтары кардай болуп агарып, бирок, бети апакай, тырыш-бырыш аз түшкөн эле. Анткени менен мойну менен колдору аябай бырыш-тырышы көп эле. 
- Ээ, сезип атам, ушул бизде чоң бир жаман кайгылуу нерсе болот ко, бул жүнбаштар толуп эле атат, бир күнү ушулар менен чоң согуш чыгат ко, - дейт эле чоң энем.
Күнүгө турганда, жатаарда кудайдан суранып, "кыргызым аман болсо экен, согушту болтурбай көр", -деп жалынаар эле. Мен анда кичинекей секелек кыз, көп нерсени түшүнчү эмесмин, бирок, чоң энемин көп айткан сөздөрү дагы эле эсимде.
Чоң энем эл чогулган жерде олтуруп сүйлөшкөндө угат элем:
- Күндөн күнгө орустар менен тил табышпай, батышпай эле баратабыз, бири бирибизди душмандай эле карап калдык, эми эмне болоор экен, - деп айтышып калышкан.
1916-жылдын август айларында болуш керек, үйгө кошунабыз аксак Момуке келип, атамы сурап, анан чоң энеме минтип айтып калды:
- О, тигил Ороз бий кошуна Чолпон-Ата айылына, мазардын ылдый жагына, көлдүн жээгине жашыруун элдерди чогултуп атыптыр, ошого баратам, Ратбекти айтып койоюн дегем - деди.
Атам келип ал да ошол жолугушка чаап кетти. Барып келгенден кийин атам чоң энеме эмне болгонун айтып берди:
- Ороз бий манаптар менен жаштарды уруу, уруу болуп кошундарды түзүп куралдангыла, орустарды кууш керек жерибизден, - деп ураан айтып жатышат.
Ороз бий тим эле тилинен чаң чыгарып опулдап сүйлөдү, "Айланайын калайык калк, жердештерим, бул орусуң жерлерибизди тартып алып жатышат, жакында кыздарыбызды, катындарыбызды тартып алышат эми, тээ бийик тоолуу Нарынга кууйт экен бизди, эгер биз биригип, куралданып, орустарды азыр коркутпасак, анда жакында баардыгыбыз орус болобуз", - деп айтты.
Манаптар деле ошол Ороз бий айтканды айтышып, элге, "куралданабыз,  мылтык, ташбараңдарды табабыз", - деп айтышты. Мылтыктар ошол бий манаптарда эле бар болчу ал убакта, кытай соодагерлер аябай кымбатка сатышчу эле аларды.
- Эми аларды түшүнсө болот, алар өздөрүнүн байлыгын, жерлерин кантип сактап калыштын айласын таба албай атышат, орустар бизге тие электе, аларды силердин колуңар менен талкалайлы деп атышат, орустар менен чоң салгылашуу болсо алар орустарга жакшы көрүнүп силерди кайра койгула дешет, бул эки жүздүүлөрдүн максатын билип турам, - деди чоң энем.
- "Биз силер менен болобуз", - деп алдап атышат ко анда, - деди атам.
- Оруста күч көп, курал көп дешет, жарым падыша Корпоткин дейби, кааласа  пулемоттору, замбиректери менен тоого кубалап таштайт бизди, андан көрө убакты келгиче жашап турган оң, - деди чоң энем.
- Элдер деле айтышты Ороз бийге ушинтип, ал болсо. "коркоксуңар, орустарга жем болуп, кул болуп жашайсыңарбы, жылаңач карлуу тоолорго барасыңарбы", - деди атам.
- Эми бул токтобойт, эл барса сен да бар, "бөлүнгөндү бөрү жейт болбой", - деди чоң энем.
Байлардын колдоосу менен кыргыз жаштары куралдана башташты, найзалар, жыгач таяктардын башына бычактарды байлап, бешиликтерди көтөрүп, кээ бирөөндө эле ташбараң.
Орустарга да кыргыздарды жакшы жерлерден сүрүп чыгарууга шылтоо табылды.  
Дагы бир орустардын аракети кыргыздардын кыжырына тийди, бул аларды Орусиянын тарабынан Биринчи дүйнөлүк согушка жөнөтүү коркунучу.
Башында кээ бир айылдарда орустарга кол салуулар башталды. орус аскерлери аз болуп, көп орус эркектер фронтко согушка кетип, ошого кыргыздар саны жагынан үстөмдүк кылып көп орус айылдар жабыр тартты.
- Сен этият бол, өтө аша чаппа, бул согуш жарым падыша менен кыргыздардын бай-манаптарына керек, бул орустар кетиши кыйын, силер кийин жашашыңар керек булар менен, - деди чоң энем.
Орустардын көчүрүү башкармалыгы жаңы көчүп келгендерге жакшы жерлерден, кыргыздардын жерлерин кыркып алып берип жатты. Кээ бир ошол козголоңго катышкан кыргыздардын мал-мүлкүн тартып ала башташты. Биздин жерлердин да жарымын орустар тартып алышты үйдүн жанындагы.
Анан миш-миштер аябай көп тарады, "Чүйдөгү кыргыздарды орустар кырып салышыптыр, 19 жаштан 31  жашка чейин эркектерди бүт согушка айдайт экен", - деп айтышты. Айылдарда эркектердин тизмелерин түзгөндө да проблемалар көп болду. Көбү туулган жылдарын так билбегенден, айылдарда бардык эркектерди эле жаза башташты тизмелеп. "Тылга барып иштейсиңер, согушка барбайсыңар", - дегенге эч ким ишенген жок.  Кийин миш-миш болду, "орустар согушка барбагандарды түрмөгө камап атыптыр, каршы болгондорду атып атыптыр", - деген.
Орустарга айылдарда чабуул койгондорду атып атыптыр деп чыгарышты. Ошентип, айылдар дуу-дуу болуп, орус аскерлери менен кагылышуулар болуп, көп кыргыздар өлгөндөн кийин, кыргыздар дүрбөп кача башташты. Чүйдөн Кеминге, анан көлгө, анан бардыгы Кытайга жылганга аракет кыла башташты. Боом капчыгайынын ичи толуп эл батпай, бири бирин тебелеп өлтүрүп атыптыр, орустар замбирек менен кырып атыптыр деген миш-миштер көлдүктөрдүн жүрөгүнүн үшүн алды.
Чоң энемдин айтканы болду:
- Мен айтпадымбы эле уулум, бул жүнбаштар менен чоң чыр болот деп, эми Кутургудагы туугандарга кетели тезиреек, ошол жерде күтөлү чогуу эмне болоорун, - деди чоң энем.
- Балким, Кузьмич айткандай кылсак болбойбу, ал үйүмө жашай бергиле, эч кимге тийгизбейм дейт, мылтыгы да бар анын, - деди атам.
- Ооба, биякта жүнбаштар өлтүрүп атса жүмбаштыкынан башбаанек табалыбы, ага ишенсең сен кала бер, үй-бүлөң менен калсаң деле кала бер, мени төрт кыргыз көмүп коёр, - деди чоң энем.
- Мен сени менен кетем, калбайм, - деп ыйлап жибердим мен.
- "Орус менен дос болсоң, айбалтаңы ала жүр", - деген макалды канча жолу айтам сага, -деди чоң энем.
Чоң энем орус менен кыргыз чыныгы дос болооруна ишенбеди.
Атам ошентип кеткенге акырын даярдана баштады. Өз уруусундагыларды карап күтүп калды.
Мурдатан кыргыздарда уруу ичи бири бирине жардам берүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Уруунун ичинде туугандар моралдык жактан да, материалдык жактан да муктаждарга жардам беришкен. Эгерде, бир уруудагы үй-бүлө тамак-аштан, кийимден, жашай турган жерден кысталык болушса, анда бүт уруу жардам берген. Айрыкча, уруунун ичиндеги өтө жакын үй-бүлөөлүк туугандар, "бир атанын балдары", "топ", "ража" деп аталган, бул группаларга ондогон үй-бүлөөлөр кирген, бир жалпы теги тараган кишинин атына коюлган группа болгон. Көбүнчө бир группадагылар жакын жашап, малдарын бирге багып, кайтарышкан. Группанын эң аксакалы ошол группанын бүт турмуштарына  көз салып, ынтымакты кармап турган.  
Атам, "биздин группанын аксакалынан бата алып анан жылалы", - деп туруп калдык. Чоң энем кетели деп шашты. Туугандардыкына Кутургуга калып турарбыз деп мал-салды да айдап алдык.  
Атам жакшы тигил орус досу менен араба жасап койгон экен, ошого атам менен чоң байкемен башкабыз олтуруп алдык.  Эртеси Кутургуга жеткенде билдик, ал жердеги туугандарыбыз да миш-миштерди угуп, ары Кытайды көздөй жылсакпы деп олтурушкан экен. Биз бир күн түнөөрүбүз менен эртеси Кара-Ойлуктар келишти. Алар менен кошулуп биз да жөнөдүк. Жүрүп атып кечинде Ак-Суу деген айылдан өтүп токтодук. Эмнеге ал жерге токтодук билбейм, бирок эл аябай көп экен. Ал жерде түнөп алдык да ары карай жөнөдүк. Дагы кыйла айылдарды өткөндөн кийин бир айылга келип суунун боюна токтодук. Орустар Түптө кыргыздарды кырып атыптыр, жакында биякка жылышат экен деген миш-миштер тарады. Элдин көбү ушул суунун боюна токтоп калышты. Түнкүсүн, эрте менен суук түшүп калган убак, сентябрьдын аяк чени келип калган. Тамак-аш түгөнүп, элдер жандыктарды союп, көбүнчөсүн эт эле жеп аттык.  Соодагерлер кайдан кана таап келишкен азыктарга алтын, күмүштөрү барлар алмаштырышып, же болбосо малга айырбаштап атышты. Жакшы шарт болбогондуктан оору тарай баштады. Чоң энем ооруп аткан эле Кутургудан бери, аны атам эптеп бир кыргыздын үйүнө алып кирип, ошол жерде болдук. Чоң энем тынбай эле жөтөлүп, ысытмалап чыкты.
- Балам, силер ары жылгыла эртереек, эртең эле орус бул жерге жетип келет, мени таштагыла, жашаган жашымды жашадым, бул жашоодо арманым жок, мендей көп жашаганды көргөнүм да жок, мен силерге таарынбайм, биякка мени таштап жылгыла, кийин кеч болуп калат, тоого эми мен чыга албайм, - деди чоң энем атама.
- Апа эми, сизди кантип таштамак элек, эл эмне болсо ошол, эл жылганда жылабыз бөлүнбөй, - деди атам.
  Анан чоң энем мени чакырып, жөтөлгөнчө бырыш баскан арык колу менен колумду кармап тартты акырын:
- Айсара күчүгүм бери жакын олтурчу, мен сага бир нерсе берем, угуп атасыңбы, сен мага антыңды бер, эч качан бул нерсени башка бирөөгө көрсөтпөйм жана бербейм, эгер бул антымды бузсам, анда чоң энемдин аманатынын эң тунгуч ээсинин каргышы, кусуру урсун мени, - деп айткын, - деди чоң энем мойнунан агыш жипке байланган, тумарга окшогон бир нерсени алып чыгып.
Мен оозуму ачкан бойдон карап туруп калдым, үн жок, сөз жок болуп. Өмүрүмдө биринчи жолу мындайды көргөн жаным, көздөрүмдү  албай карап 
туруп кадым нестейип, мен ошондо он жашка толуп калгам.
Чоң энем акырын түртүп:
- Айланайыным, айтчы кайра мен айтканды, - деди.
Мен дароо дагы эле тигил аманаттан көзүмү албай, чоң энем айтканды шартылдата кайталадым.
 Чоң энем жибин мага ченеп, аны кыскартты да, мага карап:
- Эми бул менин сага аманатым, көкүрөгүңдөн чыгарбай алып жүргүн, жүрөгүңүн тушунда, - деди чоң энем мойнума кийгизип.

         
- Чоң эне, бул каяктагы тумар, айтып берчи бул эмне болгон нерсе, кайдан бул, - деп сурап калдым.
Жаткан төшөгүн оңдоп берип, шорподон ууртаттым чоң энеме.
- Ии балам, мунун илгертен бери келаткан тарыхы бар, мен он бештерге барып чоңоюп бойго жетип калганда чоң энем Аккүмүш берди эле аманат кылып. Ал ошондо токсондон ашып калган кемпир эле. Ошентип, кылымдарды карытып, бир муундан кийинки муунга аманат болгон нерсе бул. Сен да жүзгө чыгасын буюрса, ошондо сен да небере,чебереңе аманат кылып бересин да, мага окшоп антын аласын. Бул менин аманатым кана эмес, бүт биздин илгертен берки тукумдарыбыздын аманаты. Биздин тукумубуздун эң байыркы байлыгы да, аманаты да. Аманат менде болгондо канча киши көрүп тартып алгылары келип, тартып алгандары да болгон, бирок, аманат дайыма кайра кандайдыр бир жолдор менен өзүмө кайтып келген. Билбейм, айталбайм эми, сенин тагдырың, менин сага аманатымдын тагдыры кандай болот, били койгун, эгерде ким сенден тартып алса, ошол кишиге аманаттын каргышы жана кусуру тиет, - деди чоң энем, көзүнөн жаш агып.
- Ой эне ыйлабачы, шорпо берейинби дагы, - деп жалбардым мен.
 - Мен эми үч күндөн кийин о дүйнөгө кетем, сен күчүгүм аманатымды көзүңдүн карегиндей сактагын мага окшоп, сен аны сактасаң, ал сени коргойт, мага берген антыңды бузсаң, анда аманатым сыйкырдуу сапаттарын, касиетин жоготот, мени өмүр бою ар кандай оору, коркунучтардан сактады, мен чоң энеме берген антымды аягына чейин аткардым, ал айткандай, "алдан катуу тая электе", аманатымды сага тапшырдым, - деди чоң энем араң сүйлөп.
Кечинде онтолоп атып, менин маңдайыман араң сылап, дагы бир жолу шыбырагансып өзүнүн мага керээзин эстетти.
 - Ой энекем, сен өлбөчү, мен анан ким менен жатам, жакшы болуп кетесин, аманатыңды кайтарып берейинби, балким күч-кубат береер, - дедим мен.
- Жок, ал эми сеники, мен өлгөндө ыйлабагын күчүгүм,  - деп кобурады акырын чоң энем.
Чоң энем такыр сүйлөй албай да калды. Араң зорго эле үн чыгып, онтолоп атып айтып калган акыркы сөздөрү бул болду:
- Көрүп турам, бияктан эртереек кеткиле, апаат кымкуюн болот бул жерде, - деди чоң энем.
Эрте менен мен уктап калыпмын, атам өкүрүп, апам ыйлап киргенде билдим, чоң энемин түндөсү үзүлгөнүн. Ал өзү айткандай, мага аманатын бергенден кийин үчүнчү күнү каза болду. Мен муну апама, атама айтсам, алар таң калышты. Чоң энемди ошол айылдын четиндеги көрүстөнгө койдук.
Ошол эле күнү түштөн кийин, эл дүбүрт эле болуп калды.
- Орустар келатат, качкыла, качкыла, - деген үндөр угулду.
Анан эле качкан кыргыздар топ болуп турган жерлерге замбиректин октору келип жарылгандары угулду даңгырап. Арабачан, атчан, жөө, мал, кой аралаш эле эл үркүгөн жылкылардай жол менен качышты. Бешигин көтөргөн энелер, кыйкырган балдар, малдардын ач үндөрү, жол чаңып, бирин-бири жөөлөп жолго батпай жөнөштү корккон эл. Биз жакшы чет жагында элек, чоң топтор келгиче болгон нерсебизди алып албай тез жөнөдүк. 
Арабаны таштадык, бир атка атам мени, эжеми өңөрдү, экинчи атка апам байкелерим менен.    Замбирек, пулеметтун огунан өлгөндөр калды. Бири бирин издеп кыйкырган жандар,  балдардын корккон үндөрү дагы эле кулагымдан кетпейт.
Токтобой чаап олтуруп, аттар чарчаганда токтодук. Апам ооруп аткан, ага да карап акырындап калдык. Элдер кетип эле атышты биринин артынан бири. 
Биздин айылдаш туугандарыбыз менен чогуу бара жатканбыз, алар да токтоп бизди күтүп шаштырышты. Атам да өзүн анча жакшы сезбей ооруп баштаптыр.
- Эх, Кузьмич менен кала берсек бул азапты көрбөйт элек, - деп атам аттиң кылды.
Кеч кирип, суук боло баштады, жогору карай көтөрүлгөн сайын салкын боло баштады, октябрь айы башталып калган кез. Ак мөңгүлүү тоолорго карап эле бараттык, ошолорду ашып Кытайга өтүп, орустардан кутулабыз деп. 
Мен кийин ойлосом, апам менен атам брюшной тиф менен ооруп калган болуш керек. Ага чейин эле айтып атышкандарын угуп калгам элдердин, тигил моминтип, бул моминтип ооруп каза болуптур дегендерин. Оорунун белгилери бүт окшош эле. Апамын ысытмасы түшпөй, алы куруп баштады. Ал убакта дары деген жок, түндөсү эптеп бир аз уктайбыз, кезек-кезек менен. 
Ошентип, эртеси жөөлүп атып кечинде апам көз жумду. Туугандарыбыз шашкан бойдон эптеп көмдүк кылышты жолдун боюна, апамды жолго таштап ары жылдык. Апамдын өлгөнү ооруп аткан атама да катуу тийди окшойт. Эртеси атам да такыр алдан кетти. Бара-бара акырындап, жаныбызда эң жакын эле туугандар калып бир эки, калганы алдыга кетишти. Оорудан көп адам жабыр тартып, өлгөндөрдү далдоого көмө коюшуп жылып олтуруп белдерге жакындадык.  Атам эмнегедир тез кайтыш болду, жөөлүп эле унчукпай калып, кийин бир сөз айта албай эле, ичи казандай көбүп. Белдерге жакындаганда эл токтоп, бир жайык жерде туруп калдык. Туугандарыбыз сойгон жандыктардын этинен башка тамак да жок калды. Эжем Айэрке ооруп калып ысытмалай баштады. Мен анын жанынан чыкпай карап калдым. Апарык эжекем соолуп бараткан гүлдөй тез алдан тайды.
Анан, эртеси кайра миш-миш угулду, "орус аскерлери аз калыптыр бизге жеткенге, эми кууп жетип кырат экен", - деген.
Эл дүрбөп ашууларды карай өөрлөп жөнөдү. Аттарыбыз калды ылдыйда, алар ачка болуп баспай да калышты. Биринчи ашууга көтөрүлүп чыгып ашканда эжем жан берди. Эл токтогон жок, агаларым ары-чупкап, бери-чуркап чырылдашып, акыры улуурак туугандарыбыз ары жакка таштап келишти эжекемин сөөгүн. Мен тынбай ыйлап атып, жашым да чыкпай калды, үнүм менен кошо.  Экинчи белде катуу суук болуп кар жаай баштады.     Эки агам тең ооруй башташты. Ошондо чоңу 16 да, кичүүсү 14 тө болчу. Алар жогорулап калганда такыр баспай калышты. Мен ар кимден чуркап суу сурап берип жаттым аларга.  Бир кырга чыкканда шамал кар менен бороонго айланып такыр баспай калдык. Агаларым титиреп калтырап, такыр күчтөрү жок алдары кетип, арыкташып, көздөрү эле калды көрүнгөн. Мен эмне кылышты билбей, туугандарга жалынам, "агаларымы карап койгулачы", - деп. Аларда деле ушундай азап, оору, жоготуу болуп аткан. Алкандарыма карды жылытып эриген суусун алардын ооздоруна кезеги менен тамчылатам. Өздөрү араң жан туруп мени аяшат:
- Биз өлсөк сен эмне болоор экенсиң, кичинекейибиз биздин, сени кудай сактай көр, - дешип көздөрүнөн жаш чыгат.
Ошол эле күнү кечинде чоң агам, эртеси эрте менен кичүү агам мени таштап кетишти бул дүйнөдөн. Кыска убакыттын ичинде чоң үй-бүлөдөн коколой жалгыз өзүм калдым. Канча жалынып сурансам дагы чоң энемдин аманаты да жардам бере албады, аны мен жек көрө баштадым, жулуп ыргытып жибергим келди.  Бирок, чоң энемдин айткандарын эстеп кайра өзүмдү токтотом.  
Мен тынбай ыйладым, көзүм агып эле кеткендей болду. Мага ким боор ооруду, же кудай тим эле койоюн дедиби, мен аман калдым, ооруган да жокмун.
Мени атамдын мурда каза болуп калган агаларынын бири Сабырдын уулу Арман эле карап калды, колуман жетелеп, эч бир карыш жылдырган жок. Ал менден бир беш-алты жаш улуу болсо керек эле. Кара тору болгон, көздөрү чоң-чоң, тың бала эле.
- Эмне эле озоңдойсун, дагы ыйласаң мен сени таштап кетем, карышкырларга жем болосун, - деп коркутат.
Экинчи ашуунун жогору жагында көз ачырбаган бороон-чапкын болду. Эч жакка жыла албай, ар ким өзү менен болуп сууктан, шамалдан жашынышты. Биз Арман экөөбүз бир чоң таштын түбүнө бекинип олтурдук түнү менен. Муз менен кардан башка эчтеке көрүнбөй калды аппак болуп айлана. Тиш тишке тийбеген суукта Арман мени уктатпай чыкты, өзү да уктабай. Анткени, тоңуп калыш тез эле болчу, ошого ар нерсени сүйлөп, мени, "кыймылда ары-бери",  деп уктатпады.
Күндүн таң атышы бир тозок болду, теги эле таң атпай тургандай сезилди. Ачкачылык да ичегини капшыртып, сөөктөр сыздап сууктан, буттар сезилбей калды үшүп. Эрте жарык кире баштаганда бороон да тынч алды.
- Эч жакка жылбай ушул жерде тургун, жылсаң сени таппай калам, мен туугандарды издеп келейин, уктуңбу, - деп Арман ары жакка кетти.
Мен оордуман ары-бери басып кыйла убакыт өткөрдүм, анан алым кетип олтуруп калдым.
Бир колум менен араң чоң энемдин аманатын катуу кармап олтурдум. Оюма ар кандай ойлор кирди.
- Арман мени алдап, мага жүк болбосун, - деп таштап качып кетти деген ой кетти.
Дагы көп убакыт өткөндөн кийин, ары басып Арманды издесемби дедим.
Эмне кылышты билбей, көзүмө карышкырлар көрүнө баштаганда кулагыма чоң энемин үнү угулду:
-  Күткүн, эч жакка жылба, жардам келет, - деген үн угулду.
Ачка болуп, көзүмө ар нерсе көрүнүп, кулагыма ар кандай үн угулуп атат ко деп да ойлоп кеттим.
 Түнү менен уктабай көзүм үргүлөп кеткен экен, бир убакта эле мени бирөө ойготту катуу жулкуп. Көзүмдү коркуп кетип ачсам, Арман карап турат:
- Ай, Айсара дейм, тирүүсүнбү, тур ойгон, - деп атыптыр ал.
- Ии, эмне болду, - деп акырын сураппын андан.
Ал мага бир аз талкан, кичинекей бир төшөк алып келиптир. Жанына биздин туугандардын баласы Айбекти ээрчитип алыптыр. 
Жакшы ал мен олтуруп уктап тоңуп калганга чейин келип калыптыр, болбосо ошол Эңилчектин ашуусунда эстелик болуп калмакмын тоңгон бойдон.
Кийин Арман эстеп айтып берсе ишенбейм.
- Сен талканды көргөндө дароо жулуп алдың, тез-тез жеп бүттүң да, анан, эмнеге муздак, - дедиң, - деп күлдү кийин Арман.
 Менин эсимде ал такыр калбаптыр, уйку соонун ортосунда талканды жеп салгам го. Бутум ооруп баса албай, анан мени Арман менен Айбек кезеги менен эптеп көтөрүшүп ашуудан түштүк.
Күн да жылып, өрөөндөр башталып, анан жүрүп олтуруп Кулжага жеттик. Ал убакта Кулжа чоң эле айылдай болгон шаар эле, уйгурлар, кытайлар. казактар көп экен.
Башында туугандар менен бир уйгурдукунда турдук. Кийин бир уйгурдун чайханасында идиш жуугуч болуп иштедим. Ал уйгурга Арман менен Айбек да жалданган болчу. Бири малын багып, бири үйүндөгү жумуштарын жасаганча чайханага кол кабыш кылат эле. Үчөөбүз эшиктеги сөрүгө эле жатып алат элек. Курсагыбызга эле иштеп жүрдүк. Бир күнү үчөөбүздү тең кууп чыкты кожоюнубуз, Айбекти тамак уурдайсын деп күнөөлөп. Кайда бараарыбызды билбей базарда түнөп, кайыр сурап, кээде ачка калып жүрдүк. Анан бир жолу Арман бир кытайдыкына бир күндүк жумушка жалданып кеткенде, Айбек мени Савитахун деген бай уйгурга жарым кап талканга берип жибериптир, бул менин  карындашым деп.
Арман кийин айтты:
- Келсем сен да жок, Айбек да жок, силерди издеп таппай, анан сени билдим, Савитахундукунда экениңди, кийин келип алып кетем деп, көп убакыт өткөндөн кийин барсам, сени кетип калган дешти, ошентип, сени жоготуп алдым, - деп.
Савитахун болсо кишилери менен мени күчкө салып арабага салышып, анан аялы Маликахандын колуна кул кылып тапшырышкан. Кийин базарга качып келип Арманды таппай, кайра Савитахундукуна барып, ошенип ошол жакта жашап калдым....

Мына эми кудай буюрган экен, кайра өз мекениме кайтып, абасы да башкача өз жеримдемин. Сан-Ташта эч ким мени кемсинтпесе да, таарынтпаса да, көзүмөн Кара-Ой, үйүбүз учуп туруп алды. Күндүзү оюмдан, уктасам түшүмдөн кетпейт. Эптеп жетип алсам туугандарымын жардамы менен күнүм өтөөр деп да ойлочумун.
Бир күнү Муса Караколго барам деп жөнөп калганда, мени Кара-Ойго салып жибериңизчи, барып келейин деп сурандым. Ал араңдан зорго макул болду, кетиргиси келбей. Сырга менен Зулайкага бул кабар оор угулду, экөө тең ыйлашып, Зулайка кетпечи деп жалынып жалбарды.  
Мага да бул чечимге келиш кыйын болду, бирок, өз элимин элеси кайра, кайра чакырып туруп алды. Миң жүрөгүм ооруса да, өз жериме барайын деп чечтим.
- Эгерде, жок, мен келем десең, биздин үйдүн эшиги дайыма сен үчүн ачык, биз сенин амандыгыңды тилейбиз, деди Сырга узатып атып.
- Мени кечиргиле, эгер бир кап этсем, силерге ырахматым тоодой, кудай мага силерди жазбаса аман болоор белем, кудай силерди колдосун, - деп кош айтыштым.
Сырга менен Зулайка биздин карааныбыз көрүнгөнчө карап турушту. Муса мени Түпкө жетеерде жолдон бир кербенге салып жиберди Токмокко бараткан.
- Эч болбосо, эмдиги жылы албетте кабар алам, - деп коштоштум Муса менен.
Арабалар менен жүрүп атып түнгө жакын жеттик Кара-Ойго. Өзүнчө эле жүрөгүм лакылдап, өз үйүмдү карап чуркадым түшөөрүм менен. Жетим калган козудай болуп биздин үй ээнсиреп туруптур. Эшигин бирөө жулуп кетиптир, терезелери да жок. Кирип олтуруп кыйла убакытта ыйлап олтурдум бир туугандарымы эстеп. Анан, тирүү жан эмне, туугандардыкына жөнөдүм.
Мени көрүп чочуп сүйүнүштү. Бардыгы мени, "жоголду, же кор болду", - деп ойлошуптур. Жолугушуп ыйлап сыктап олтурдук. Анан Самат деген абамдын үйүндө калып калдым. Жүздөн ашык жан бар биздин уруудан жарымынан азы эле тирүү калыптыр. Арман жөнүндө да уктум, ал аман-эсен кайтып, азыр тоодо экен.
Эртеси туугандарым эптеп эшигин жасап, терезе жабышып беришти. Самат абамкында кыйла жүрүп калдым. Бин жолу кечинде барып көлгө учурашып келдим, колуму салып.
Ошентип, абакемдин балдары менен ойноп, чогуу туруп калган күндөрдүн биринде менин Эңилчектеги куткаруучум Арман келип калды. Аны көргөндө кубанычым тоодой толду.
Бирок, таарынычымды да айтып алдым:
- Мага билгизбей Айбек экөөң сүйлөшүп мени уйгурга сатып качтыңарбы, - дедим.
- Кудай урсун, кийин мен сени канча издедим, таап анан келип алып кетейин десем, өзүң жоголуп кеттиң го уйгурдукунан, - деди Арман.
- Ой билбейм, эгер ошол ашууда мени алып калган болбосоң, азыр сүйлөшпөйт болчумун, - дедим да ыйлап кирдим.
- Ии, кайра ыйлай баштады, кой, эми эмне кылабыз, маңдайга жазган ушул экен, эми мына үйдөбүз, - деди Арман.
Айбек болсо кайра кайтып келген жок, анын же тирүү экенин, же жок экенин эч ким кийин укпаптыр.
Кийин да Арман көп келип менен кабар алып турду, колунан келген жардамын берип турду. Мага өзүнүн бир тууган карындашындай мамиле кылчу эле.   Мен аны аябай күтчүмүн. Түшүмө да көп кирет эле.  Азыр ойлосом, Арманга болгон сүйүүм ушул эркек жынысына  болгон биринчи сүйүүм болгон экен. Бул балалыктын булактын суусундай таза сүйүүсү эле. Дайыма ошондо ойлочумун, Арман жанымда болсо  эле мен түгөл болуп, бакыттын ордонунда жүрө тургандай сезчимин.
Ошентип,  убакыт өткөн сайын, бир жумуш таап, өзүмдү өзүм багайын, абакемдерге ашык жүк болбой деп ойлой баштадым. Айылда көп орустар кыргыздарга караганда бай жашап калышкан. Биздин үйдүн жогору жагында Дмитрий деген орус турчу. Чоң там салып, толтура мал салы, чочколору, каз, тооктору  бар эле. Дмитрийди айылда Дима байке деп чакырышат эле. Бою бийик, чоң келбеттүү,   саргыч келген кичинекей сакалы бар, кыргызча сүйлөгөндү башка орустарга караганда жакщы билген киши. Көп кыргыздар бай орустардыкында жалданып иштешчү.  Мен да Дима байкеден сурап көрөйүн дедим.
- Дима байке, сизде мага ылайык жумуш барбы, - деп сурадым.
- Салам кыз, сен Клавага бар да, жумуш бар, жакшы айда, - деди Дима байке кыргызча сүйлөп. Анын аялы Клаваны айылдагы орустардын ичинен жакшы аял деп айтышчу. Анткени, айылдагы көп орус аялдар кыргыз аялдар менен урушушуп, сүйлөшүшчү эмес. Орустарды ичимен миң жаман көрсөм да, арга айлам жок болуп иштейин дедим.
"Тетя" Клава карапайым келген,  жаны тынбай иштеген, ак-жуумал келген, бою орто, үйүнөн көчөгө аз чыккан аял эле. Алардын уулу Олег Орусияга кетип жашап калганын уккам, кичүү кызы Серафима менден жаш келип үйүндө болчу. Клава мени аябай жакшы тосуп алды, кыйнап олтургузуп тамак берди.
- Мен көрөм, жакшы кыз, вот канча кыз бар, жумуш сурабайт, бул сурады, пусть жардам берсин сага, гусьтарды, индюк, тооктор багып берсин, - деди Дима байке.
- Айда, чач алам, баня купайся будем, - деп Клава мени жуунтту, анан чачымы кесип берди.
Аябай биттеп кеткен экем, кийимдерими өрттөп, анан мага орустун кыздарынын кийимдерин кийгизип коюшту.
- Сен мында живи, жаша, Серафима менен, кааласаң туугандар барып турасын, - деп Дима байке үйүндө жашай беришти суранды.
Күтүлбөгөн жерден орустун үйүндө туруп ишткп калдым. Клава акырын орусча үйрөтүштү Серафима экөөлөп. Тез эле сүйлөй баштадым, кийин жазганды үйрөндүм. Мени да орусчалап Ася деп чакырышып калышты. Кийин ошол ат мага өмүр бою калды. Мен болсо Клаваны Клава  апа деп айтып калдым.
Мен ошондогу өзүмүн орустарга иштейин деген чечимиме өмүр бою ыраазы болуп жүрдүм. Анткени,  мен орустун үйүндө таалим-тарбия алдым, көп турмуштагы керектүү нерселерди үйрөндүм. Окуп жазгандан башка чеберчиликти, тамак даярдаганды жана башка аял затына пайдасы бар өнөрлөрдү да үйрөндүм. Орус тилин тез эле үйрөндүм. Орустардын классикалык жазуучуларынын китептерин да окуй баштадым.
Анан, Дима байкенин үйүндө бир жылдан ашык иштеп, жашап  калганда айылдык биздин уруудан жеңем келип:
- Сен эми бойго жеттиң, күйөөгө тийишиң керек, өмүр бою орустар менен жашайт белең, ойлон, тигил Карыбекке эле тийип албайсынбы, - деп кетти.
Кыргыздарда ушундай болгон, туугандары бойго жеткен кыздын келечек тагдырын чечмелеп, аны кантип бир жакшы жердин келини кылып бактылуу кылсак деп ойлошкон. Өз ара кеп кылышып, эмне бул Ася күйөөгө тийбейби деп кабатыр болушуп, бушайман жешип, жетим кызга жол көрсөткөн көбөйүп, мага жеңелерден жуучу салышканды башташкан.
Мен болсо келгендерге, ушул теманы көтөргөндөргө:
- Али бери күйөөгө тийбейм, анан өзүм көрө жатармын, - дейт элем.
- Ай кыз, жашың өтүп кетсе кара далы болу каласын, эч ким карабай калат, кыз деген келин болуп аял болушу керек, элдер айтып атат, бербейсиңерби кызыңарды деп, - үгүттөшөт ортомчу жеңелер.
Карыбекти уккан элем, ал менден көп эле улуу болчу. Биздин айылдагы кыргыздардын эң байларынын бири Алыбайдын эрке уулу экен. Теңтуш кыздардан сурасам, ал жөнүндө теги эле бир жылуу сөз укпадым. Карыбек каяктан бир кызды алып качып келип, анысын токмоктоп урчу экен. Ошончо бай болсо да  кызды ата-энеси кайра алып кетип калыптыр мушкерден. Кайдан мага көзү түшкөн, же бирөөлөр айтканбы, Карыбектин жуучулары тажатты. Мен макул болбой койдум, ага тийгенден көрө өлгөн артык деп. Бир жакын жеңем эскертип кетти, "этият болгунуң, Карыбек сени алып качам дептир", - деп.  Ошонон кийин эшикке чыккандан да коркуп калдым. Дима байке менен Клава апама да айттым бул жөнүндө.
- Менин үйүмдө сага эч ким тийбейт, бирөө келип күчкө салам десе керек болсо атам, - деди Дима байке.
Бир жолу шашылып суу алып келгени чыккам чоң арыктан. Эки чаканы көтөрүп кайтып Дима байкенин үйүнө жетеерде астыман топ атчандар чыгып калды. Башыма дароо эле жаман ой келди, бул атчандар бекринен мени утурлашкан жок деген. Аларды байкап, кадамымды тездетип өтө баштаганда,  аттарынан түшө калышты да, бирөөсү:
- Ай сулуу кыз токто, - деди.
Мен унчукпай, укмаксан болуп тез-тез басып жөнөгөндө тез жетип барды да, колуман кармап калды оорутуп.
- Кой бергиле, силерге эмне керек, - деп кыйкырып жибердим.
- Ой-ой, тим эле эр жүрөк кыз го бул, жүр биз менен, - деди жигит ырсайып, колумду коё бербей тартып, чакадагы суу төгүлүп да кетти. Калган жигиттер да жакындап калышканда алымын жетишинче кыйкырдым:
- Куткаргыла мени, аа-ааа!
Кулагыма чоң энемин үнү угулду, "Колун тиште, үйгө карап кач", - деген. Кармап тургандын колун тиштедим катуу, экинчи колумдагы чака сууну калгандарына төктүм да качтым. Артыман кууп жөнөштү сөгүнүшүп.
 Бактыма Дима байке эшикте жүрүп угуп калыптыр. Үйгө карап дыр койгондо Дима байке чыгып калды мылтыгы менен.
- Токтогула, атам азыр, - деп кыйкырды Дима байке, анан асманды карай атты. Тарс эле дей түшкөндө кууп келаткандар токтошту.
- Эй, сен тоскоол этпе, - деди бирөөсү.
Дима байке анын башынан жогору дагы бир жолу атты.
- Азыр кетпесеңер, атып салам бардыгыңарды,  айтам силерди айта турган жакка, - деди Дима байке.
- Сени ээн жерде кармайбыз, биз бул кызды алабыз, - деп коркутушуп, аатарына минишип жөнөштү. Ошол болду, кийин келишкен жок.
Мен болсом коркконуман аябай ыйладым. Дима байке менен Клава апама ыраазы болдум куткарып калышканына.
Көп убакыт өткөндө, мага  дагы эле куда түшкөндү токтотушкан жок. Клава апа да чыдабай:
- Сени булар жөн койбойт ко, балким бирөө жигиттерден сага жагаар, өзүң сүйсөң, кааласаң чыга бер да күйөөгө, - деди.    
Мен болсом Арманды сүйөт элем, бирок, ал жакын тууганым болгондуктан, ага күйөөгө чыксам болбойт эле. Бир чакаг уруунун группасынын ичинде бири бирине үйлөнүүгө тыюу салынчу. Анан мага Дима байкенин кошунасы Назарбек деген кишинин уулу Жоош жаккан. Атына жараша заты дегендей, чын эле көп сүйлөбөгөн момун, арык-чырай, башынан калпагы түшпөгөн жигит болгон. Эмнегедир, жашы кыйла өтүп калса да үйлөнө элек болчу. Мен болсо он алтыдан ашып калгам. Жоош менен бир жолу суу боюнда жолугуп калгам, ал мага суу алганга жардам берген. Дагы бир жолу, анын карындашы күйөөгө тийгенде тоюнда көргөм. 
Кыргыздарда үйлөнүү тоюнун астында жаштар ар кандай оюн-зоокторду уюштурушкан, булар, "таңуу", "бээ кармоо", "кыз куумай" деген оюндар. Болочок келин менен жолугуу аземи узакка созулуп, кээде таң аткыча ойношушкан. Тойго он беш күн калганда, күйөө бала болочок келиндин төркүнүнө сый-тамак берген, аны "жыгач түшүрүү" деп коюшкан.
Ушундай оюн-зоок кечелерде жаштар бири бири менен таанышышкан, ойношкон, чогуу тамак ичишип сырдашышкан. Башка улуулар жокто эркин олтурушуп, өнөрлөрүн көргөзүшкөн. мындай кечелерге жаштар катуу даярданышып, жаңы кийимдерди кийип жасанып барышкан.
Ошондой кечеде байкап калдым, Жоош мени менен жакын болуп кошмок болуп ойногону келгенин көрдүм, менден көзүн албай, жанымда болгусу келгенин да билдим. Көп кыздарга ал жагат эле. Бирок, Жоош жооштугун кылып, чечкиндүү болбой, кыздарга көп сүйлөчу да эмес. Мага негедир сүйлөп, жалгыз калганда кызык нерселерди айтып күлдүрүп да калчу. Андан кийин батыраак жолуга баштадык.
Менин болсо жашым өтүп бараткан, теңтуш кыздар капкачан күйөөгө тийишип, алды балалуу болуп калышкан.
- Эмнеге албетте күйөөгө тийиш керекпи, - десем теңтуш кыздар коркутушчу:
- Ай, жигиттер алып качып, же уурдап зордуктаса, өзүң эле анан тиесин, - деп.
Күн алыс Жоош менен жолукканымды билип калган Клава апам:
- Ай ушул Жоошко эле тийип алчы Ася, ишкеч, унчукпаган момун, экөөң жакшы эле түгөй болосуңар, кызга эми эркек жакшы көрүп, аяп турса болду да, - деди.
Анан сураган жеңелериме мага Жоош жагат десем эле, алар калган ишти тез эле сүйлөшүп коюшкудай болду.
Ошентип, Карыбектен кутулуп, чуркаганга эмес, буюрганга болуп, Жоошко мени кудалап келишти.
Жоош экөөбүз сүйлөшкөндөй, шаан-шөкөтү жок эле, анын туугандары Дима байкенин үйүнөн алып кетишти, элге алып качып келиптир болуп калды.
Жоош достору менен биздин үйдү оңдоп түзөшүп, биз ошол жакка туруп калдык.  Келин менен кайнененин ортосундагы пикир келишпестикти, кайнененин каарын билбей жашадым. Туугандарым, Жооштун ата-энеси жардам берип үй тиричилигибизди башынан тургузуп, мал-сал кармап оокат кылдык.  
Бир күнү эле жатканда Жоош сурап калды:
- Ася, мобул мойнуңдагы эмне, сурайм деп эле унутуп калам, - деди.
- Ии, бул чоң энемдин аманаты, - дедим мен.
- Ичине тумар жазып берди беле, катуу го, көрсөтчү, - деди Жоош кармалап.
- Мен чоң иэнеме сөз бергем, эч кимге көрсөтпөйм, -деп, сен таарынбагын, ушул менин бир сырым болсун, - дедим.
Айылда эл катары турмуш куруп жаттык. Көбүнчөсү жайында жайлоого мал менен жөнөшүп, күздө кайра кайтышат эле. Биз болсо Дима байке үйрөтүп картөшкө олтургузуп, буудай, арпа сееп, ашыгын сатып жан сактадык.
Анан күтүлбөгөн жерден бир күнү активдер келишиптир мени издеп. Эки эркек кишилер экен, бирөө орус, бирөөсү кыргыз. Эмне балакет болуп кетти деп жүрөгүм шуу дей түштү, мындай чоңдор үйлөргө жөн келбейт эле.
Бою узун, аскер кийимчени баштады сөздү:
- Айсара Ратбекова сизсизби, - деп сурап.
- Ии, менмин, - дедим.
- Биз сизди жумушка алып кетели деп келдик, волост кеңешинде секретарь болгонго Чолпон-Атада, биз сураштырып билдик, сиз орусча билет экенсиз, окуганды да, жазганды да, - деди, мени карап жылмйып.
- Чогуу иштейбиз, жардам беребиз, тез эле көнүп кетесин, жумуш оор деле эмес карындашым, - деди кыргыз байке үгүттөгөнсүп.
- Орусча билген, арабчаны деле жазасыз да, - деп сурап калды орус.
- Ии, билем бир аз, бирок, иштей алар бекем, - деп күмөн санап жооп бердим Жоошту карап.
Айылдагы көптөрү билчү, менин орусча, арабча жазганды билгенимди. Орусчаны Клава апам үйрөтсө, арабчаны Кулжада базарда үйрөнгөн элем. Ошол базарда бир уйгур эже арабча тамгаларды жазганды үйрөткөн.
Ошентип, айылдагылар айткандай, "контордо" иштеп калдым.  Менин иштеген жерими көрүп Жоош жактырган жок. Анткени, бүт жалаң эркектер иштеп, аялдардан жалгыз мен элем. Ошондуктан, кызгана турган болду. Бирок, айлык акча колго жакшы тийип, жашообуз кыйла оңоло баштады. Анан мени эсепчи да кылып коюшту, уездге отчетторду даярдай турган болдум.
Совет бийлиги акырындап бүт Ыссык-Көлгө орноду. Ушул бийликтин шарапаты менен өөн жерде азап көрбөй Кытайдан кайтып келдик. Мен ойлосом, ошол убакта көп кыргыздар кайтпай калышты, Кытайда жашап, ал жерге көнүшүп, үйлүү жайлуу, балалуу чакалуу болуп тамырдап. Кээ бирөө кайра кайткандан коркушту, дагы бир балээси чыгып, бийликтер жашатпайт деп.
Мен болсо Ленинди атамдай эле көрдүм. Ушул кишинин падыша болушу кыргызды такыр кытайларга аралашып жоголуп кеткенден сактады, - дейт элем. Өмүр бою Ленинге каниет кылып, ыраазы болуп өттүм. Анын чоң портрети үйдө төрдө илинип турчу.
Аны көргөндөр таң калышаар эле:
- Ой-ой, айланайын, кайдан эле таап алгансын бул мендей болгон Лениндин сүрөтүн, орус падышаны төргө илгениң эмне, -дешип.
Караколго отчет тапшырганы барып, бир дүкөндөн сатып алдым эле бул сүрөттү.
-  Ленин менин атам, апам, бул кишиге сыйынам кыргызыма жардам бергенине, бул болбосо, Орусияда революция болбосо, анда мен азыр биякта отурбайт элем, - десем, көбү мени таң калып карашат эле.
          Совет бийлиги түптөлүшүнө чейин көп кыйынчылыктар, карама-каршылыктар болду. Жаңы бийликтин мыйзамдарына баш ийбей каршылык көрсөтүп, баягы 1916 - жылдагы кыргыздардын жүрөгүндө калган оор так кетпей турду. Орустар менен кыргыздардын ортосундагы жарака бүтөлүшүнө убакыт өбөлгө болуп, эки улуттун аралашып ынтымак жашап кетишине катуу мыйзамдыкты, тартипти сактоо да жардам берди.
Орустар көбөйдү, кыргыз жергесинде алардын биякта туулган жаңы муундары пайда болду, эми орустарды алыскы айылдарда да  кезиктире турган болдук.
Уезд менен волосттордун чоңдору  бүт орустар эле, кыргыздар бийликте кемде кем болуп, экинчи ролдордо эле болгон. Бирок, бир жакшы жери, улуттар аралык эч бир жаңжал болбой, улутчулдук маселе көтөргөндөр камакка алынып, эл тынчып эле калды.
          Анан, СССР уюшулуп, биз өзүнчө республика болуп, жер-жерлерде колхоз, совхоздор уюшула баштады. Кытай менен чек ара аягына чейин айкындалып, катуу кароого алынды. Дин жагынан болсо, ислам дининин таасири элге анча деле билинбей, бийлик молдолорду каралап, көп диний майрамдарды белгилөөгө тыюу салынды.  Кара-Ойдой чоң айылда "Куранды" арабча жатка окуган беш-алтыалар да азайды. 
Менин чоң энем, кийин атамдар деле көп динге берилген кишилер эмес эле. Мен деле орустар менен жашап, орустар менен иштеп, мусулмандык динге берилген да жокмун, бирок, атеист да болбодум.
Ал убактарда кыргыздар улуттук үрп-адаттарды, традицияларды унутпай сактап жана аларды  колдонгонду мусулмандык диндин шарттарынан, мыйзамдарынан бийик  коюшуп келген.
Менден сурашканда:
- Ася сен мусулмансынбы?
- Билбейм, - деп жооп берчүмүн:
- Христиансынбы, - деп сурашса:
- Билбейм, - дейт элем.
- Анан кимсин, - деп таң калышса, анда да:
- Билбейм, - деп жооп берсем жиндери келип калышат эле.
- Эмне эле жанымы койбойсуңар, силерге эмне, мен динди такыр эле туура эмес дебейм, кудайга ишенем, бар экенине, кантип аталышы мен үчүн роль ойнобойт, ишенсем болду да, - деп кутулаар элем.
Мени асмандан түшкөн немедей карап калышаар эле, буга эмне болгон, - деп. Анткени, кыргыз болсо, албетте мусулман, орус болсо, албетте христиан деп эсептешет эле.
Айылдын тургундары апийимде иштей башташты. Жоошту үйрөттүм жазып, окуганга, анан конторго жумушка киргиздим почтальон кылып.
Экөөбүз айткан убадамды аткарып, белек-селек алып Мусаныкына бардык кабар алып.   Ата-энемди көргөндөй  аябай сүйүндүм, жакшы мейман болуп кайттык. Келеерки жылы Ак-Сууга, андан ары Чоң-Ашууга чейин барып келгенди Жооштон сурандым, барып бир туугандарыма бата кылып зыярат кылганы.
Бир күнү кычыраган кышта суук кабар келди, Ленин өлүптүр деген. Мен аябай ыйлап капа болдум.
- Сен тим эле атаң өлгөндөй ыйладың го, - деп таң калды Жоош.     
- Сен билбейсинби, Ленин атабыздан да төбөл бийик турат, анын кыргызга эмгеги зор, эми эмне болот, - деп бушайман жеп кайгырдым.
Мен эми Ленинден башка бирөө келсе, кайра баш аламан болбосун, - деп ойлодум.
Көпкө чейин Лениндин өлгөн күнүн белгилеп жүрдүм кайгырып.  Анан  сталиндик коллективизация башталды. Кара-Ой "Новый путь" деген колхоз болуп калды. Эми Чолпон-Атадан Кара-Ойго көчтү жумушум. Бир айылда иштеп жеңилдей түштүм, ары бери жүрбөй жолдо.
Күндөр өтүп, айлар бүтүп тунгуч уулдуу болдук. Кыргыздарда кош бойлуу аялдарды үйдүн бүтпөгөн жумушунан бошотушуп, айылдан жалгыз чыгарбай, ырым-жырым менен жаман арбактардын таасиринен этиятташкан. Анан, албарсты аттайт, көз тиет деп, ар кандай тумарларды алып жүрүшкөн.  Аялдар төрөп жатканда жүзү кара арбактардан, шайтандан сактайт деп коломтодогу от күйүп турган. Коломтонун жанына чоң бычакты мийизин эшикти каратып коюшкан. Керегеге, аялдын үстүнө октолгон мылтыкты да илишкен.
Кудай берип, аман-эсен көз жарганда кайненем келип, ымыркайга биринчи даам, оозуна сары май салып, өмүрүндөгү биринчи көйнөктү, "ит көйнөктү" кийгизди.  "Ит көйнөктү" карып калган кишинин, же көп балалуу байбиченин ак ич көйнөгүнөн тигишкен. Алдын аны итке тийгизишип, кийин ымыркайга кийгизишкен. Мына ошентип, ымыркай ден-соолукта, чыдамкай болуп, көп жашасын деп ырымдашкан.
Айрыкча, ат коюуга чоң маани беришкен. Адат боюнча аял ат койгон эмес. Ымыркайга ат коюуну айылда азан айткан кишиге, же урматтуу аксакалга, же баланы биринчи көргөн кишиге ыйгарышкан. Мен болсо, Жоош менен акылдашып, бул ардактуу миссияны Дима байке менен Клава апама берүүнү чечтим. Айылдык туугандарым муну угуп таң калышты. 
Кыргыздар ат койгондо, бөбөктүн айрыкча денесиндеги белгилерин карап, бети башына жараша, туулган убагына, мезгилине,жерине да жараша ат коюшкан.  Дима байкем Гурон болсун деп ат койду. Көрсө Гурон деген, бул эрктүү, күчтүү дегенди билдирет экен. Биз макул болдук, кийин айылдыктар эле, "каран түн, ушундай да ат болобу, көнгөн эле аттардан койбойбу, күрөң дебей, бир жолу, кара же башка түс менен атап эле койсо болмок", - деп сөз кылышкан. Алар Гурон деп айталбай, күрөң деп атап калышты.  
- Ай, балаңар апакай эле бала экен, эмне төрөлгөндө күрөң болуп төрөлдү беле, - дешип күлүшкөн.
Баланы чоңойтконго да Клава апам чоң жардам берди. 
Мени туугандар көрүп учурашканда да сурап калышат эле:
- Орус ата-энең аман жүрөбү, - деп.
Уулубуз торолуп, экөөбүз иштеп, турмуш өз нугунда өтүп жатканда кыргызча тууганчылыктан күтүлбөгөн окуя болду...
Айсаранын совет доорундагы жашоосу
Биринчи Дүйнөлүк согуш убагында, Орусияга Турциядан апийим, Германиядан морфий келбей калгада, Орусиянын падышалыгы фронттогу медицинанын муктаждыгын  камсыздоо үчүн 1916- жылдан баштап Ыраакы Чыгышта, Түркистанда апийим өстүрүүнү баштаганга мажбур болгон. Ал жерлердин аба ырайы да ыңгайлуу болгон. Жети-Суу облусунда Ыссык-Көлдүн өрөөнүндө эле 26 тонна апийим чогултулган. 1928-жылдан СССРди кана камсыз кылбастан, экспортко да чыгарыла баштаган. Кара-Ойдо да,  «Новый путь» колхозунда да апийим себе башташкан. Апийим талаалары айылдан бир топ өтө алыс эмес жерде болгон. Апийим өстүрүү аябай көп күжүрлүү жумушту талап кылган. Башында, техника пайда болгонго чейин бүт кол менен жумуштарын бүтүрүшкөн. Кийин болсо, айдап сепкенди техника менен жасап калышкан. Эң башкысы, кол менен чогулткан бир тозок жумуш болуп,  эрте менен эрте саат беш-алтыда, апийимдин баштарындагы күрөң, тамчыга окшогон кичинекей массаны кырып алышкан. Аны атайын апийим кыргыч менен кырып, белге байланган идишке, көкөзөгө чогултушкан. Саат түшкү он экиге чейин чогулткандарын салмагын ченеген бригадирге тапшырышкан. Чогултуу сезону бир айга чейин созулган. Эң көп апийим бешинчи күн жыйынында, андан кийинки бир жумада жакшы берекелүү болгон.  Апийимге эң көп зыян келтирген убак, бул жааган жамгыр жана эрте менен суук түшкөндө болгон. Эгерде, туура кырып турса, бир башты сегиз жолудан кырышкан. Тапшырылган апийимге колхоз акча төлөп, бул карапайым элге жардам болгон.
Тилекке каршы, апийим менен көйгөйлөр да пайда болгон, кылымштуулук, апийим уурулук, аларды мыйзамсыз башка жакка ташуу көбөйгөн. 1917-1920 жылдары эле, бир "кадак" (болжол менен 400 грамм) апийим10 кой турган баасы. Кийин ал баа жылдан жылга өскөн. 
Чек арачылар кайтарса да, Кытайга апийимди контрабанда жолу менен алып өтүп саткандар да болгон.  Ошондо биринчи наркожолдор пайда болуп, өкмөт катуу жаза көрүү чараларды  баштаган.
Кээ бирде жалган апийимдер пайда болгон, Ыссык-Көлдүн бир колхозунда, ошондой жалган апийим жасаган 18 киши кармалып соттолгон. Жалган апийимди, кайнатылган өрүк, уйдун боору, ылай, жумуртканын сарысын аралаштырып жасашкан.
Уурдалган апийимдер Пишпектин (азыркы Бишкек) Дунгановка, Кызыл-Аскер, Кузнечная крепость деген райондорундагы жашыруун жайлар, "тянгандарда" сатылган. Ал эмес, тээ Ташкенттен,  Байрам-Али, Мары,  Алма-Атадан соодагер шылуундар келип апийим сатып алып кетишкен. Кээ бирөөлөрү Афганистан, Кытайга ташышкан. Кылмышкерлер, апийимди чачтарынын арасына катышкан, кийимдердин көмүскө жерлерине тигишкен, атайын үйрөтүлгөн мышыктардын куйруктарына байлашкан жана башка кылмыш жолдоруна барышкан.
Кинологдор иттери менен апийим талааларын кыдырып издеп, көптөгөн апийим бекитилип, казып көмүлгөн айнек идиштерди табышкан.  Кылмышкерлер апийим алып башка жакка ташыганда да көп ыкмалар менен апийимди катып өткөрүшкөн. 1960-жылдары бир кылмышкер аял, апийимди жаңы төрөлүп өлгөн баланын денесинин ичине катып өткөргөнгө аракет кылып кармалган.
          Кийин айтып сөз кылып калышат эле, чынбы, калппы, 1973-жылдан кийин, апийим өстүрүү токтогондон кийин, катылган апийимдерди казып алып сатып байыгандар болду деген имиштер болгон. 
          Мына ошондой наркокылмышкерлердин бир операциясына кокусунан катышып калып, күйөөм Жоошту милиция кармап алган. Айылда апийим уурдады деп эч ким кармалган эмес эле, колхозчулар андайга баргандан коркушат эле. Милиция да рейд жүргүзүп турган иттер менен. 
Анда мен жумушта болуп, Жоош үйдө болгон. Аны үйдө жумуш жасап жүргөндө бир уруудан Калиман деген эжеси чакырып калган экен. Калиман Жоошту анын үйүнөн бир койдун этин  айылдын четиндеги Борбуш деген дагы бир уруулаштын үйүнө жеткизип берүүсүн суранган. Борбуш айылда жатып ичер болуп, ар кимдин мүлкүн уурдап, түрмөгө да олтуруп, эми оңолуп келаткансыган болчу. Жоош ал менен жакшы мамиледе да болчу эмес. Жалгыз бой, улуу баш Калиман эженин суранычына, оюна жаман эчтеке келбей, эми бир уруудан эмеспизби, жардам берип коеюн деп макул болгон.
- Ии эже, эмне бул Борбушка эт ташып, - деп сураптыр Жоош.
- Эми жаман болсо да өзүбүздүн инибиз, бир аз жардам берип, атама куран окутам дегенинен, бир койду сойдуруп койгом, алып кетем деп келбеди, кудай сага жардам берсин, алып барып таштайлы, анан өзү билсин, - дептир Калиман.
 Көрсө, койдун этинин ичине, өпкөсүнө апийим бекитишкен экен. Капысынан кабылып калган милиция дароо Жооштун көтөргөн Калимандын коюнун этин тинтип апийим таап алышыптыр.   Борбуш эртеси аны сатмак экен бирөөгө базардан. Ал убакта наркокылмышкерлерге катуу күрөш башталган убак болчу.  Жоошту караколго алып кетишип камашты, анан соту болду. Гуронду Клара апама таштап көп күндөрүм Караколдо өттү. Сотуна да, милициясына да барып, параласак да болбой, акыры Жоош эки жылга, калгандары беш жылга кесилишти. 
Жооштун актанып айткандарын да сот укпай, бирок беркилерге караганда аз мөөнөткө болсо да кесилди. 
Аргам кеткенде чоң энемдин аманатынан да көмөк сурадым. Бирок, канча күтсөм да, чоң энемдин үнүнөн кабар болбоду.
Сот өкүмүн жарыя кылганда мен жаным кейип айттым:
- Мына кесип атасыңар, күнөөсү жок болсо да, ал эмне үчүн апийим сатып алам дегендер жок, аларды эмне кармабайсыңар, мен жолдош Сталинге жазам, силердин өкүмүңөрдү жокко чыгарам. - деп.
Жоош түрмөгө камакка олтургандан кийин бир ай өтпөй аны бирөөлөр бычактап кетиптир.
 Жумушта олтурсам айылдын милиционери келип калды:
- Айсара эже, сизди Караколго чакырып атат милийсага, күйөөңүз жөнүндө экен, - деди.
Укканда эле жүрөгүм болк дей түштү. Түрмөдө анын башчысы мага угузду. Жоошту ким, эмне үчүн өлтүргөнү да белгисиз экен.
- Тергөө жүрүп жатат, бүткөндө сизге айтабыз, - деди башчы.
Туугандардан чакыртып, Жооштун сөөгүн алып барып айылга койдук. Бир аз убакыт өткөндөн кийин түшүндүм, ким аны өлтүрткөнүн. Аны көлдүн наркомафиясынын заказы боюнча союп кетишти. Анткени, мени эч жакка жазбай эле коюңуз, эч майнап чыкпайт, - деп айтты эле сот.
Наркомафия акчага милийсаны, сотторду ошондо эле акчага колго алышып, бири бири менен тыкыс байланыш болушкан. Мен чын эле ызама чыдабай, борборго барып арызданып келейин, чындыктын түбүнө жетем да дегем.    
Алтындай болгон момун, сонун күйөөмөн ажырап көп ыйладым, балама көрсөтпөй ыйлаар элем.
Ошентип, Жоош тууганчылык менен наркомафиянын жеми болду.
Бир жагынан туугандар тууганчылыгын актабай жамандык кылса, экинчи жагынан ооруңду жеңил кылып жардам да беришкен. Жамандыкта, туугандардан бирөо каза болсо, бүт каза болгондун уруусундагылар маркумдуу узатууга жалпысынан катышышкан.  
Уруу аксакалдары бүт жумуштарды бөлүштүрүшүп, кээ бирөө элдерди чакырганга, тосуп олтургузганга жооп берсе, кээ бирөөлөр союш, тамак жагына жооп беришкен. Эгер уруу ичинде ич ара таарынычтарды убактылуу токтотушкан да маркумду узатууга бардыгы катышышкан. Кимде ким чатак чыгарып, же жумуш кылуудан баш тарткан болсо, ал адам бул процесстен четтетилген, туугандар аны катуу сынга алышып урушушкан. Маркумдуу узатууга кеткен чыгымдарды да маркумдун жакын туугандары көтөрүшкөн, буга маркумдун кудалары да көмөк кылышы абзел болгон да кошумча алып келишкен.  Маркумдун үй-бүлөсүнө ушинтип жардам беришкен. Маркум о дүйнө салгандан үч күндүн ичинде  "үчүлүгүн", жети күндөн кийин "жетилигин", кырк күндө "кыркын", аягында бир жылдан кийин "ашын" беришкен. Ашы менен маркумду аза күтүү бүткөн.
          Уулум жети жашка толгондо жесир болуп калдым. Андан бир көп убакыт өтпөй дагы бир жаман күтүлбөгөн  окуя болду. Жаздын күнү кечинде үйдүн эшигин  бирөө такылдатып калды. Гурон ойногону чыгып кетти эле, келген го деп ача калсам, бейтааныш эки киши туруптур.
- Келгиле. силерге ким керек эле, - деп сурадым.
- Айсара сенсинби, - деп сурады улуусу, кепкасын баса кийип алыптыр.
- Ии менмин, силерге эмне керек эле, - деп эшикке чыктым. 
- Биз сени эскерткени келдик, күйөөң боюнча бир жакка кың этсең, уулуң менен кошо өлтүрүп кетебиз, - деди экинчиси,чөнтөгүнөн пистолетин алып чыгып кезеп мени көздөй. 
Пистолеттин суук кебетесин көрүп коркуп кеттим, эмне дешими билбей калтырап чыктым.
- Чурка, коркпо, кошунаны көздөй чурка, - деген чоң энемин үнү угулду кулагыма.
Күүгүм түшүп калган убак эле, мен алымын барышынча чуркадым, турган ордуман атырылган бойдон. Көзүмүн кыйыгы менен көрүп калдым, экинчиси пистолетти мага каратып басканда ок чыкпады. Пистолет такалып калганынан пайдаланып бир аз узай түшкөнүмдө ок атылды. Мен үнүмүн жетишинче кыйкырдым.  Кошунанын короосуна кире качтым. Көчөдө эркекткер олтурган экен, алар чуркап келишти.
- Мени атышты, кармагыла тигил экөөнү, -деп кыйкырдым.
Элдер көбөйө түштү, тигилер качып жөнөгөндө артынан кууп калышты. Бир саамдан кийин кармашып, анан милийсага өткөрүп беришти.
Ошентип, чоң энемин аманатынын жардамы менен дагы бир ирет тирүү калдым. Мага кол салгандар наркомафиянын кишилери экен Жоошту өлтүрткөн.
Дима байке менен Клава апам кайра жардам беришип, башында коркуп ошолордукунда жашап жүрдүк.
Мен дагы эле контордо иштеп жүрдүм. Уулум мектепте окуп атты. Жоош өлгөнүнө беш жылдан өтүп калгандан кийин, баягы эле менин туугандарым мага күйөө издей башташты.
- Эмне эле сен жалгыз жүрөсүн, болду эми Гуронуң кайра тирилип келбейт, эки талдын түбүндө олтурасын, жети гүлүңүн бирөө ачыла электе, - дешип калышчу улуурак жеңелерим.
- Биз сага жакшы күйөө таап беребиз, жаш эле туруп соксойбой дарактардын түбүндө, - деп эжелер айтат.
Мен түбүндө олтурган  теректерди оаматылык Жоош экөөбүз олтургуздук эле, чоң дарактардан болушту. Эсимде, бир күнү эле Жоош көтөрүп келиптир көчөттөрүн. Анан, ушул жакка олтургуздук эле үйдөн бир аз алысыраак болсун деп. Уй-кой жеп салбасын деп, Жоош көчөттөрдү чоң болгонго чейин карады эле. Эми болсо өзөгү эле эки киши кучактаса колдору жеткис болуп чоңойду. Бийиктиги да аябай бийик болду, айыл боюнча мындай узун теректер жок. Айылдын кайсы бурчунан болбосун көрүнөт. Көчөдөн жанынан өткөн адамдар коркуп өтүшөт, кулабайбы бул чоң бийик дарактар деп.   Көлөкөлөрү короонун жарымына чейин түшүп калды. 
Бул жуп дарактардын түбүндө жаштар көбүнчө жолугушат. Биринчи коюлган олтургучтар сынып, калганын бирөө көтөрүп кетип, эми жаңыдан олтургуч койгузуп, эч ким ала албай турган кылып койдум эле.
Бул жуп теректердин өзүнүн таржымалы, тарыхы бар эле легендага окшогон. Айылдагылар аны бүт билишет эле, ошого теректерге тийишпейт эле, бир да бутагын сындырбай.
Көргөн чоочун кишилер сурашат эле:
- Айланайын, мынча чоң теректерди эмне кыйбайсыңар, экөөнөн бир үйгө жетерлик такта чыкчудай, - деп калышаар эле.
Жуп теректин легендасын уккандан кийин, алар да унчукпай башын чайкап теректерди карап тамаша кылып калышаар эле.
Бул жуп теректердин легендасы мындай эле:
Ал убакта, 1920- жылдардын башында Ысык-Көлдүн өрөөнүндө совет бийлиги жакшы чыңдала элек убак, эски бийлик болсо аягына чейин жаңы бийликке баш ийе элек эле. Кара-Ойдо эми эле эл чарба артель болуп биригип аткан. Жаңы мыйзамдын күчү жакшы орнотула электе, биз али бери оюндан чыга элекпиз дегендей, эски бийликтер да элдин башын айлантып аткан эле. Элдин көбү жакырчылыктын күнүн көрүп, өлбө жаным өлбө болуп турмуш өткөргөндөр да көп эле. Орустар менен кыргыздар эми биригип жашаганды үйрөнүшүп, бирок, дагы эле кез-кезде талаш-тартыш болуп жаткан. 
Биз Жоош экөөбүз жаңы үйлөнүп жашап жаткан кез. Бир күнү эле Арман келип калды үйгө. Аркы беркини сүйлөшүп атып Арман айтып калды:
- Айий, мен да силерге окшоп үй-бүлө болуп жашагым келип кетти, Айсарага окшош кызга үйлөнсөм атаганат, - деп күлүп калды. 
- Анда кыймылда, Жаркынайың эмне болду, сүйүүлөрү укмуш деп эл кеп кылат ко, - дедим.
- Апеей, сен да билесинби, биз жашыруун жүрөбүз, эч ким билбейт деп жүрсө, ой бир күнү аны алып качып келбесем силердикине, кабыл аласыңарбы, - деп күлдү Арман.
- Колуңан келсе алып кел, эмне болуптур, орун табылат, айылда эч нерсени жашыра албайсын, айылдын бир ити көрсө болду, бүт айыл билет, - деп тамашаладым мен.
Баягы эле, мени алып качам, мага үйлөнөм деген Карыбектин карындашы, бай Алыбайдын карачечекей кызы Жаркынай Арман экөө бири бирин катуу сүйүп жүргөнүн жаштардын бардыгы билет эле.
Арман болсо келбеттүү жигит болуп, көбүнчөсүн ууда тоолордо мергенчилик кылып жүргөн. Ал комуз ойноп, жакшы ырдайт эле. Ат чабыштарда аламан байгелерди да утуп калат эле. Айылдагы кыздардын көбү Арманга ашык болуп жүрүшкөн. Алыбай кызын Ороз бийдин уулу Көбөгөнгө берем деп сөз берген экен. Атасынын тыюу салганына карабай Жаркынай Арман менен жолугуп жүргөн. Эми Жаркынайдын тоюнун күнү белгилүү болгондо, Арман Жаркынайды биздикине бекитип, анан таякелерине алыс Нарынга алып кеткиси келген.
Арадан көп убакыт өтпөй кечинде эле Жаркынай менен Арман кирип келишти үйгө. Мен жөн эле Арман тамашалап атат десе, ал чын эле Жаркынайды үйүнөн алып чыгып, биздикинде бир аз туруп, анан Нарынга жылабыз деп ойлошкон.
- Ай сага эмне болду, мындай учурда салтты унутуп калгансың го, - деп күлдү Арман.
- Ася,  алып кел ак жоолуктан, - деп буюрду Жоош.
Кыргыздарда жаңы келин болуп келген кызга ак жоолук кийгизишкен. Ак түс кыргыздарда адамдын ич-дүйнө тазалыгын, таза рухтун, бакыт-таалайдын  символу болуп эсептелген.
- Кудай жалгасын, кармашкан колуңар үзүлбөсүн, - деп айтып, апакай жоолукту Жаркынайдын башына салдым.
- Ой-ий, укмушсуң го, кээ бир байбичелерге караганда жакшы айттың го, - деп күлдү Арман.
- Жоош,  эми сен нике кыйып салсаң, анда бүт үйлөнүү адаттарын жасап коёт элек, эч кимге билгизбей, - дедим мен да күлүп.
Арман менен Жаркынай биздикинде туруп калышты, Жаркынай эч кимге көрүнбөй, эшик элиге чыкпай жүрдү.  Арман болсо тоого кетип, эки-үч күндө Нарынга чыга турган болушту.
Алыбай кызын издөөгө салып, жигиттери Арманды да издеп таппай жүрүштү.   Айылда бир демкени жашырыш өтө кыйын, "жакшы" адамдар бир нерсени билсе дароо жеткиришет. Анан, Армандын туугандарын  сабашып, Арманды тапкыла деп, биздикине да келишкен. Биринчи келишкенде мен чыгып, "мен Арманды көптөн бери көрө элекмин", - дегем.
Алыбай үйүнүн ичине кирип тинткиле деп буйуртма бергенден кийин, анын жигиттери байкашканбы, Жаркынай меникинде экенин билип, же Армандын меникине келгенин угушканбы, Арман келген күнү Алыбай жигиттери менен келип кармап алышты.
- Ой акмак томояк, сен менин кызымды ала качканга кантип колуң көтөрүлдү, бул эмне мени шылдыңдаганыңбы, кызымдын абийирин төгүп, менин атымды булгаганың эмне наадан, мен сага көрсөтөм, өлтүргүлө муну, - деп жигиттерин тукурду оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып күркүрөгөн  Алыбай.
Жигиттер Арманды кармап алышып, колдорун байлап, камчылары менен ур соккуга алышты. Күч тең болбой, арманга болушкан Жоошту да ары томолото коюшуп ургулашты.
Мен да жөн турбай Алыбайга жалындым:
- Бир жиниңизди бериңиз абаке, жаштарды кечириңиз, - деп айткычаңды ал мага да атырылды.
- Тоголок жетим эми сен кыйын болдуңбу, мобул бети жокторду каткан сен болдуңбу, - деп ызырынып мени камчы менен чапканда, араң жалтайып качтым. 
- Ата, сен азыр мындайыңды токтотпосоң, Арман менен жашатпасаң, Ороздун астанасын аттбайм, андан көрө өлгөнүм дурус, -деп кыйкырды Жаркынай.
Аны эки жигит кармап, алып кеткени сүйрөп атышкан. 
- Ай уяты жок, мобул жылаңач жетимге тийгиче өлгөнүң жакшы, же Ороз бийге келин болосун, же өмүр бою байланган иттей үйдө олтурасын, менин көзүм тирүү турганда буга аял болбойсун, - деп дагы эле тилдеп атты Алыбай.
Чала жан кылып Арманды ташташканда, келип калган бир тууганы аны көтөрөм деп атып, анан кыйкырды:
- Ай боорум ай, түбүңө жетишкен го, тууганым жанын бериптир, - деп кыйкырды. Аны уккан эл ызы-чуу эле болуп калды.  
Кайдан бошонуп алган, Жаркынай орто жакка чыга калып, Арманды кармап, анын дем албай калган денесини сезип, заматта койнунан шамшарын алып чыгып:
- Кош бол Арман, мен сенин артыңан барам, кош бол элим, - деп жүрөк тушуна сайып жыгылды.
Мына ошентип, мергенчи Арман менен байдын кызы Жаркынайдын бири бирине болгон сүйүүсү, алардын кырчын жаш өмүрлөрү кыйылды. Экөөнү бир күндө, жанаша жерге бердик. Эми аркы дүйнөдө жакын болушсун дешти.
Мына ушундай болгон, бирок, кийин аны легенда катары айтып калышкан.    
          Жоош экөөбүз, ошол Арман менен Жаркынай жанын берген жерге олтургузган теректерибиз өсүп чоңоюшту. Биз да жакшы карадык теректерди. Эки терек бири бирине жөлөнүп чоңойду, бийигиреегине Арман деп, кичиреегине Жаркынай деп ат коюп койдук. Чоңойгон сайын бутактары чиркелип, бири бири менен кучакташып тургандай болуп калды. Бүт айыл бул эки теректин ордунда, эч нерсеге карабай сүйүшкөн, өлүмдү да бирге кабыл алышкан Арман менен Жаркынай каза болгон жер деп билишчү. Кийин, көп убакытка чейин элдер ушул жерден өткөндө олтура калышып теректердин түбүнө, куран окушуп кетишеер эле. Жоош олтургучтарды жасап койгондо карыялар бир аз олтуруп эс алышып, кичинекей балдар ойношчу. Анан, жалбырактары башкача үн чыгарып шуудурагансып, көлөкөлөрүндө дайыма салкын, кечиндеси бир аз далдоо болгон теректердин астында сүйүшкөн жаштар жолугуп сырдаша турган жерге айланды.
Жаштар бири бирине айтышаар эле:
 - Кечинде, күн олтуруп караңгы түшкөндө Арманжаркынайдын астында жолугалы, - деп.
Эки атты чогуу бириктирип, бир жайды айтышчу. Айылдагы эң белгилүү жолуга турган жер ушул Арманжаркынай болуп калды. Айылдыктар Арманжаркынай десе эле, дароо түшүнүшчү, башка жактыктар түшүнбөй калышат эле.
Бул жуп теректердин, Арманжаркынайдын таржымалын билген айылдыктар эч бул дарактарга тийишкен жок. Жада келсе каардуу, кыйынчылык, согуш убагындагы каатчылыкта, кычыраган кыштарда да эч ким кол көтөргөн жок. Айтып калышат эле, же имиш беле, ошол Экинчи дүйнөлүк согуш убагында бир айылдык улгайган киши Арманжаркынайдын бутактарын кыйып отун кылам деп, бир аз убакыттан кийин ооруп өлүп калыптыр.  Ал эмес, теректерге жаза да алышпайт эле коркушуп. Анткени, айтышаар эле, био жигит бычак менен өзүнүн атын жазам дегенде бычак тайып, колунун жүлүнү кесилип, колу кыймылдабай калыптыр, - деп.
Аксакалдар жаштарга дайым насаат айтышаар эле:
- Арманжаркынайга балта же бычак тийгизсеңер, анда алардын арбагы урат, каары катуу, же мунжу, же чала жан болуп каласыңар, тийбегиле, сындырбагыла,- деп.
Жыл өткөн сайын Арманжаркынайдын жыш, коюу жалбырак бутактарына көптөгөн канаттуулар уя салышып сайрашаар эле. Тыйын чычкандар да секиришип көп эле.   Катуу шамал болгон сайын, кээде ошол уялар жерге түшчү. Бир жолу болгон катуу бороондон кийин тыйын чычкандардын кампасы кулап, үч чака жаңгак терип алганбыз. Көп жылдарда айылдагы эң бийик дарактар болуп, эми азыр айылдын мечитинин минарети менен барабар болуп калды.
Дагы эле, жаңы муундагы жаштар деле ошол Арманжаркынайдын астында жолукканды жакшы көрүшөт, сүйүшкөндөр болсо Арман менен Жаркынайдын арбактарынан колдоо суранышкан.
          Жеңелерим жанымды койбой, ар кайсы менин колума кандидаттарды рекламалап калышаар эле. бирок, мага жаккандардын үй-бүлөөлөрү бар болчу, мага жакпагандар менен сүйлөшкүм да келчи эмес.
Теңтуш достор күлүп калышчу:
- Ай, эч болбосо бир эркек дос таап берелиби, оозу мурдуң, бети-башың жайында, сен өзүң каалап, бир карап койсоң эле эркектер сага чуркап келишет, - деп.
Бирок, эч ким чуркап келген жок, өзүм да чуркаган жокмун бирөөнүн артынан. Кандайдыр бир жагдай-шарттар болуп, өзүнчө эле капилестен сүйүү сезими кайра жүрөгүмө пайда болгондой болду.
Күркүрөгөн күздүн биринде унубуз түгөнүп, бирөөдөн араба суратып, Гурон экөөбүз төрт-беш   капталган буудайды жүктөп айылдын догору жагындагы суунун боюндагы колхоздун тегирменине тартып келгени жөнөдүк. Тегирменде эки орус,  анан Курман деген киши иштейт эле. Жогору жагынан ак чаң чыгып, тартылдагаг үн чыккан  тегирменге жакын калганда, эшикте тамеки чегип турган Курман байке көрүндү. Анын  башындагы шапкесинен тартып, бут кийимине чейин, анысы аз келгенсип, муруттары, кирпиктери да буудайдын чаңынан аппак болуп көздөрү эле карарып көрүнүп калыптыр. Орто толук келип, бою бийик, күчтүү чоң колдору билегине чейин түрүлүп ак болуп көрүндү. Курман менден эки-үч жаш улуудай болуш керек.
Биз токтогондо эле түшүнүп, салам айтышты да, каптарды жерге түшүрүшүп болгондон кийин:
- Ии, төрт кап экен, эртең кечиреек келип алып кетсеңер болот, азыр алып кирип тартып жазып коем, - деди Курман байке.
- Чоң ырахмат Курман байке, мен баламын өзүн эле жиберейин, жүктөшүп жөнөтүп жибересиңерби, - деп сурандым.
- Келбей койсоңор деле болот, бирөө жарым айылга барса араба менен, анда берип жиберем, - деди тамекисин ары ыргытып Курман байке.
- Канча болоорун айтасыз да, - дедим мен.
- Иэ, айтам, - деди жылмайып Курман байке.
Кечиндеси эмнегедир кайра менин элесиме Курман байкенин ошол жылмаюсу түштү.
Эртеси эле кечинде бирөөлөр биздин унубузду алып келип беришти.
- Курман байке канча акча болгонун айткан жокпу, - деп мен алардан сурадым.
- Жок, эчтеке деген жок, алып барып түшүрүп бергиле деп суранды, - дешти алар.
  Акчасын бербесем уят деп, Гуронду тегирменге жөнөттүм. Күнүгө эле Кутман байкенин күчтүү колдору, аппак муруту, карап уурту менен жылмайып күлгөнү көз алдымдан кетпей койду.
Курман байке түшүмө да кире турган болду. Бир жолу түшүмдө, Курман экөөбүз кучакташып жатыптырбыз, Ал мени күчтүү жүн колдору менен катуу кучактап, кызык бир окуяны айтып берип жатыптыр мага. Мен болсо оозуму ачып анын айткандарын угуп, колум менен мурутун сылап жатыптырмын. Анан, ал менин мойнуман өөп киргенде муруттары менен сайгылап, эмнегедир кытыгым келип күлүп жатып ойгонуп кеттим.
Уктап кеткен экем, бир саамдан кийин Гурон келип, Кутман байке эчтекенин кереги жок, бул менден жардам деп, акча албай коюптур.
Курман жөнүндө информация чогулта баштадым, кенениреек, тагыраак билейин деп, ыңгайы келгенде айылдык аялдардан да сурадым.
Чын эле бизден үч жаш улуу экен. Ата-энеси дүйнө салышканына көп болуптур, иниси бар экен. Кеминден аял алып, анысы ооруп, каза болгонуна эки-үч жыл болду дешти. Эмнегедир балалуу болушпаптыр.  Ата-энесинин үйүндө аталаш бир тууганынын үй-бүлөөсү менен чогуу турат экен. Мына ушундай информацияны билдим.
Эстедим, мурда теңтуштарым айтып калат эле:
- Мобул тегирменчи Курманга эле тийип албайсынбы, тамга тааныган, орусча билет сага  окшоп, акыйкатчыл, момун Жоошко окшоп, орус аялдар сүйүшөт аны, алардын бирөө илип кете электе мойнунан кармап алып келейлиби, - деп күлүшөт эле.
Акысыз буудай тарттырып алып, өзүмдү ыңгайсыз абалда сезип, мен тегирменге бардым. Курман байкеге жолугуп, сүйлөшүп, акчасын төлөп келейин деп. Мен барганда тегирменде жумуш кайнап аткан убак экен, бир аз күтүп карап туруп да калдым. 
- Мен ундун акысын бергени келдим, - дедим саламдашып Курман байкеге.
- Ой-бой-ай, мен айтпадым беле тигил уулуңа, акысы деп бир аз унуңан алып жаздырып койгом, көбү ушундай кылат, акча сага дагы кереги тиет, - депи кайра жылмайды ал.
- Сиз мени аяп атасыз го, чынын айтыңыз, - дедим мен.
- Ии, ооба, мен төлөп койдум, өзүмдүн жумуш акыман, биз анан керек болсо эсептешип алабыз, саламатта бол, мени чакырып атышат, кеиресиз, - деп кайра тегирменге кирип кетти.
 - Чоң ырахмат,- деген бойдон туруп калдым.
Кайра кайтып келе жатып, "мени аяп жатат, жалгыз бой жесир балалуу аялды", - деп ойлодум
Ошол болду, көп убакыт өтүп, кыш келип, Дима байке менен Клава апамы жаңы жылы менен куттуктаганы барып калсам, алардыкында Курман дагы бир орус тегирменчи менен олтурушуптур. Мен саламдашып, анан аларды куттукта кетейин десем, Клава апам кыйнап олтургузду. Дима байке эркектер менен самогон ичишип, биз Клава апам экөөбүз, ал жасаган винону ичип майрамдап олтурдук. Сөздөн сөз чыгып,  баягы эле менин "суроомду" кайра Клава апам көтөрүп калды:
- Ай Ася, сен эми ушинтип жалгыз бой жүрө бересинби, биякта дагы бирөө жүрөт сага окшоп, биригип албайсыңарбы, ой кудай, экөөңөр сонун түгөй болгудайсыңар, деди Курманды карап.
- Анын эмнеси бар экен, мага да Ася жагат, балким мен жакпайм чыгаар, деди,  самогон ичип сүйлөп калган Курман байке.
.- Ойлонуш керек экен бул маселени, дароо эле жооп бере албаймын, -деп жооп бердим мен.
Анан, ал жактан чыккыча кеч кирип, Курман байке мени үйгө чейин узатып, сүйлөшүп келдик. Арманжаркынайдын астында түн бир оокумга чейин сүйлөшүп турдук жаңы таанышкан жаштарга окшоп.
Мына ошентип, Курман байке экөөбүз Арманжаркынайдын астында жолугуп тура турган болдук, эл тарап кеч болгондо. Мен Гурондон жашынып көрүнбөй жолугуп жүрдүм. Эң кыжалат болгонум эле уулумдун менин сүйүүмө, Курманга болгон көз карашы кандай болот деген болду. Мен бекер эле бушайман жепмин, көрсө Гурон качан эле бизди көрүп,байкап жүргөн экен. Анткени, дагы бир жолу Курман экөөбүз жолукканда Гурон үйдөн чыгып келип:
- Эмне эле күнүгө жамгырга калген көгүчкөндөрдөй үшүп олтурасыңар, үйгө эле кирип сүйлөшкүлө,- деди уялтып.
Ошондон кийин Курман үйгө эле келе турган болду.  Гурон экөө тез эле тил табышып кетишти. 
Мени күйөөгө бере албай жүргөн жеңелер, эжелер жыгылып калышты, Курман экөөбүз билинбей бирге жашап калганда. Эми жаш кыздардай той бермек блек деп, туугандарды чакырып ырымын кылып үй-бүлөө болуп калдык, ошондо 1940-жыл болчу.
Курман дагы чоң энемин аманатын сурады:
- Бул оор немең эмне, кантип колтойтуп көтөрүп жүрөсүн, чечип үйдө сактаса болбойбу муну, - деп.
Курманга да чоң энемдин керезин айтып бердим.
- Андай болсо такыр мойнуңан түшүрбө, - деди ал.
Тилекке каршы, биздин бактылуу үй-бүлөөлүк жыргал күндөрүбүз көпкө созулган жок. Эми уулдуу болгондо СССР  территориясына фашисттер кирип келди. Уулубуздун атын Курман Чагатай деп койду.
Мен баягы эле контордо иштеп аткам бухгалтер болуп. Согуштун каардуу күндөрү баштан өтө баштады. Эркектерди фронтко узатып жаттык. Курманды аскер комиссариатына чакырыша элек эле. Мен ойодум эле, балким аскерге чакырбай калышабы, -деп.
Курман мен кетип калсам кыйналасыңар деп кышка отунду көбүрөөк даярдады. Колхоздо кыймылдаган жан бүт иштеп атышкан. Айрыкча, аялдардын мойнуна көп түйшүк түштү.
Менин үмүтүм  орундалбай калды, 1942-жылы күзгө барып Курманды фронтко алып кетишти. Ал ошондо 37 жашка чыкты эле. Ошол 1942-жыл Гурон менен  Курмандын "мүчөл" жылы болчу. Илгери кыргыздарда 12 жыл циклдан турган өзүнчө жылдардын календары болгон. Адам жашынын биринчи он эки жылдык жашоосун  "бир мүчөл" деп, ага апасынын курсагында жаткан убагын кошуп 13 жыл болгон. "Экинчи мүчөл" 25 ке чыкканда белгиленген. Кыргыздар туулган күндөрүн "мүчөл" жылдары белгилешкен.  Айрыкча, биринчи "мүчөл" жашты,13 жашка чыкканда салтанат менен белгилешкен. Ошол күнү кой союлуп, аксакалдар батасын берип, "мүчөл" жашың кут болсун деп, кызыл көйнөк кийгизишип, "мүчөл" жылы адамдын организминде өзгөрүүлөр болот деп ишенишип, ошого оорубасын деп ырымдашкан. 
Курманга кызыл көйнөк кийгизип, согушка аскерге Балыкчы темир жол станциясына чейин узаттык. Кайра кайтканда жол бою ыйлап келдим, Гурон мени сооротуп:
- Апа эми ыйлабачы, көрөсүн ал согуштан аман кайтат, - деп.
Айылдан кетип согушта курман болгондорго "кара кагаз" келе баштаган. Курмандын аман келишин кудайдан тилеп, кээде чоң энемдин аманатынан  да суранат элем күнүгө жатаарда.
Бир жыл өтпөй мага да "кара кагаз" келди. Курман Сталинградды коргоп курман болуптур, бирок, мен ошол бойдон анын кайсы жерде анык курман болгонун, коюлган жерин да билбей калдык. Ошондо, улуу уулум Гурон он бешке  чыгып, Чагатай эми экиге толуп, эки бала менен калдым.
Гурон колхоздо эл катары иштеп, чоң жигит болду, менин оорумду жеңил кылып, бүт жумушту жасайт эле.
Биринчи уккан элдер уулдарымдын аттарына эле таң калышат эле,  "мындай эч жерден укпаган аттарды кайдан эле таап алгансын", - деп.
Гуронду мен Горо, Чагатайды Чага деп кыскартып чакырат элем.
Колу буту аман элдин бардыгы талаада болуп, жыйым-теримди суук түшкөнгө чейин бүтүрөлү деп жан талашкан күзгү убак эле. Контордо да эч ким жок болуп, бардыгыбызды кимди талаага, кимди фермага жөнөтүп иштеп атканбыз. Мен да буудай жыйганга жардам берип бир бригадада иштеп жүргөм. Биздин бригаданын бригадири Батмакан деген чоң албеттүү, саргыч келген беттери кызыл-тазыл, командирдин үнүндөй катуу кыйкырып дайыма чымчып сүйлөгөн, жаны тынбай атты минип алып күнү түнү иштеген аял эле. Батмакан келатат дегенде, элдин бардыгы эркегиби, аялыбы, башын көтөрбөй, ушул заар бригадирдин көзүнө илинбешке аракет кылышкан. Кемчилик болсо бетке айтып, иштебей турган бирөөнү көрүп, же жасаган жумушу жакпай калса, анда сөөккө жеткирип айтып, абийирлерин шамалда күбүлгөн өрүктөй чачат эле.  Кээде өзү да шымаланып, элди күүлөп, кошулуп иштеп да калат эле.
Ошентип, атынан түшүп, биздин жаныбызга келип, менин орогуму алып:
- Контордо иштеп эчтекең калбай калган го, кыймылдасаң болбойбу, мына момундай кылып орбойсунбу, - деп көрсөтүп калды.
Анан, мен кайра алып орогум менен эңкейип иштеп киргенде, кашайып байкабай калыпмын, чоң энемдин аманаты көйнөгүмдүн сыртына чыгып Батмаканга көрүнүп калыптыр.
- Ой мунуң эмне, фашисттердин свастикасы (учтары кайрылган крест сыяктуу белги) менен медальонбу, - деп катуу сурап калды төшүмдү карап.
-?
- Эже бул медальон эмес, бул жөн эле эски тумар, чоң энемдин аманаты, - деп аны кайра көйнөгүмдүн ичине салып салдым.
- Ай эмне, алып кел бери фашисттердин медальонун, эмне күйөөң жиберген беле, - деп кыйкырып, мени кармап алды күчтүү колдору менен.
элдер кулактарын түрүп, бизди карап калышты.
- Алып кел, бери, жардам бергиле, - деп мени экөө-үчөөлөп, каршылык көрсөткөнүмө болбой, жыга салышып, мойнумдагыны жулуп алды.
- Бирөөнүн мойнундагыны тартып алганга кандай акыңыз бар, колуңуз сынсын ылайым, - дедим жиним келип, ооруп кеткен мойнумду кармап.
- Ай сен эмне деп атасын, эртең НКВДга (ички иштер комиссариаты)  айтам, анан ошолор менен өзүң сүйлөшөсүн, колуңу ошолор сындырат, - деп атына минип, чоң энемдин аманатын алган бойдон кетип калды.
Мен көпкө ыйладым ызаланып, аялдар жоошутуп, сооротуп айтышып жатты:
- Эми айланайын, бир кенедей темир үчүн ушунча болосунбу, сен ага теңелбе, ал бир жаман көрүп калган адамына күн көрсөтпөйт, - дешти.
Кечиндеси талаадан чыгып эле Батмакандын үйүнө бардым.  Мени менен сүйлөшкүсү келбей атып араң жошуду.
- Эмне келдиң, бербейм сага, алып барам эртең алып барчу жакка, муну карасаң, - деп  дагы эле жини келип атты Батмакандын.
Араңдан зорго сөзгө келтирип, көп таржымалды айтып аттым:
- Эже карасаңыз, бул фашисттердин свастикасы эмес, окшош, туура. танбайм, бирок свастика эмес карасаңыз, эгерде, сиз мага кайтып бербесеңиз, анда сизди бул ата-бабаларыбыздан калган,  чоң энемдин аманатынын ээлеринин каргышы урат, - дедим.
Муну угуп Батмакан кайра албууттанып жини келди:
- Ай сен эмне деп эле келжирейсин, каяктагы каргыш, эмне мени каяктагы болбогон жомоктор менен коркутасын, көзүмө көрүнбөй кетчи, чарчап турганда, - деп үйүнөн кууп чыкты.
Эми эмне болоор экен, чоң энемдин керезин аткара албай каламбы, - деп ойлонуп түнү менен уктабай чыктым.
Эрте менен төшөктө жатсам, көптөн бери угулбаган чоң энемдин үнү кайра угулгандай  болду:
- Бүгүн бар, аманатымды ал, - деген.
Таң атпай жетип барсам, Батмакан кайра сүйлөшпөй койду, бирок кечинде келсем, кызы үйгө кирүүгө чакырды.
Батмакан эже сыркоолоп төшөккө жатып калыптыр. Ал ойлоду окшойт, чын эле каргыш тийгенби, эмне эле күтүлбөгөн жерден оорубай секирип жүргөн жаным ооруп калды, -деп.
- Ай эмне эле нээтиң сенин жаман окшойт, чын эле каргышың тийди окшойт, түбүмө жетесиң го, кайдан көрө койдум эле, мээ, ал темириңди, жеп ала тургансып айкырасын- деди Батмакан.
-  Мен да уктабай чыктым, кечирип коюңуз жаман айтсам, чоң энемдин аманатын эч кимге бербейм деп ант берген элем, - деп кайра алдым.
Анан, дагы көпкө сүйлөшүп, каза болгон күйөөлөрүбүздү эстеп бир сыйра ыйлап да алдык.
- Сен бул аманатыңды жакшы катып ал, дагы мага окшогон бирөө көрсө алып жок кылат, бирок, биринчи караганда тим эле фашисттердин свастикасындай көрүнөт экен ай,  тигил жазуулары эмне экенин билсе, - деди Батмакан.
Мен болсо, биздин үй-бүлөөнүн жашоо турмушу, чоң энем жөнүндө айтып бердим.
-  Мен көбүн уккам, тигил орус ата-энең да карып калышты го, кабар алып турасынбы, - деп сурады.
- Кызы Серафима келип балдары менен, ошолор карап атат. Түзүк эле демдүү, кыбырап дагы эле жандары тынбай иштешет. Бал челегинен бери өздөрү карашат. Алар менен жашы тең кыргыздар аксакал болдук деп жүрүшөт, жумуш деле кылышпайт. Аларга караганда мен аз иштейм, - дедим мен.
Ошол болду, бир жума өтпөй Батмакан эже өзүнө келе албай катуу ооруп каза болуп калды. Мен түшүндүм, "Батмакан эже чоң энемдин аманатын көп кармап көрүп койду, кой десем болбоду, аманаттын ээлеринин каары катуу тийди окшойт", - деп ойлодум. Өзүмчө жаман болдум, Батмаканды аядым. Балким, чын эле оорудан эле каза болгондур, - деп да ойлодум.
Мариям чоң энем айткан эле:
- "Ушул ата-бабаларыбыздын аманатынын каарынан, каргышынан, мен билгенден  үч киши курмандыкка чалынып каза болгон", - деп.
Батмаканды мен аманатты алгандан бери Маликахандан кийинки экинчи курмандык деп ойлоп калдым. Чоң энем айтканы келсе, анда дагы бир курмандык болот ко, - деп үрөйүм учуп ойлодум.
Жылдан жыл өтүп, согуш бүтүп тынчтык өкүм сүрүп калды. Гурон болсо, колхоздо трактор айдап калды. Чага да чоңойду ишке жарап. Гурон үйдү оңдоп, кеңейтти.
Кээде Гуронго айтып калаар элем:
- Сен эми үйлөнөсүнбү теги, качан мага жардамчы кылып келин алып келесин, - деп.
- Убагы келеер, анан айтам, - дейт эле ал бат кутулуп.
Мага жаккан айылдык кыздар ага жакпайт, ким жагат сага десе унчукпайт.
Биздин бир тууган сиңдилеримдин бирөө бир жолу айтып калды:
- Ася эже, сиздин уулуңуз тигил мугалим Алманбеттин кызы менен сүйлөшүп жүрөт дешет, үйлөп койбойсузбу, - деп калды.
- Мен сурасам унчукпайт паризанга окшоп, бир сүйлөшөлү анда, - дедим.
 Ошентип, көп убакыт өтпөй кудага түшүп, келиндүү болуп калдым Алтынай деген.
Кыргыздарда илгертен кыз алуу, үйлөнүүгө чоң маани берип келишкен. Ыгы келсе, тектүү үй-бүлөөлөр менен куда болгонго аракет кылышкан. Куда сөөк менен катташып, урмат сый көрсөтүп турушкан.  Эң бири бирине таарыныч күндөрдө да, "куданын жаманы суу кечирет", - деп керек болгондо кол кабыш кылып жардамга келишкен.
Адат боюнча ар кандай кудалашуулардын түрлөрү болгон. Төрөлө элек балдарын кудалашкандар "бел куда", бешиктеги балдарын кудалашкандарды "бешик куда", - дешкен. "Бел кудалар", булар эң жакын достордон же болбосо, эң кыйын абалда жардамга келген чоочун кишилер да болгон.   Эгерде, кандайдыр турмуштагы себептер менен кудалашкан балдар үйлөнбөй калышса, анда кудалашкандар "анттуу дос", "акыреттик дос" болуп калышкан.
"Бешик кудалар" адат боюнча бири бирин "куда", "кудагый"  деп чакырышкан. Алардын "кудалар" экенин бүт айылдагылар билишкен.
Анан, кыз торолуп, көзгө көрүнүп калганда, болочок кудалар болочок келиндин кулагына күмүш сөйкө салып, "сөйкө салуу" ырымын кылышкан. Ошол убакыттан баштап, ал кыздын колун эч ким сураган эмес.
Үйлөнүү аземи күйөө баланын туугандарынын делегациясы болочок келиндин үйүнө келгенде башталган.
Келген кудалардын жолун "аркан-тартуу" менен тороп, ар кандай белек, акча алып анан өткөрүшкөн. Кыз тараптын үйүндө күйөө бала тараптан аял алып келишкен куржундарын ачып, болочок келиндин ата-энесине, жакын туугандарына баалуу кийимдерди "кийит" деп кийгизишкен.
 Ошол эле убакта, кыздын "калыңын" айтуу аземи өткөн. Адатка жараша, "калыңды" ар түрдүү жандыктардан "тогуздап" беришкен. "Тогуз" санын бактылуу сан деп эсептешкен. Анан, "тогуз табак" деп, тогуз жыгач табакка атайын жасалган тамактарды, кийимдерди салышкан.
Кызга атайын, жаңы, үйлөнүү аземине арналган той кийимдерин кийгизишип жигиттин ата-энесине "жүз көрүшүү" деп, белектерди алып биринчи жолу көргөзүшкөн.
Кызды узатканда да, "кыз узатуу" адаты болгон, кыздын жакын эжелери, жеңелери, апалары катуу үн чыгарып ыйлап "кошок" кошушкан.
Традиция боюнча, эгерде кыз күйөөгө тийсе ата-энесинин үйүнөн түбөлүккө чыкты, "чыккан кыз чийден тышкары" деп айтышкан. Күйөөгө бараткан кызды, эми бул "кыз башка элдин кишиси" болду деп, акыркыузаткандай "кошок" айтышып коштошушкан.
Кыз келин болуп келгенден кийин, адат боюнча күйөөсүнүн туугандарын атын айтпай "тергеген". Бул адатты келиндер өмүр бою аткарышкан. Картаң кемпир болсо да, күйөөсүнүн өлүп калган жакын туугандарынын атын  айтышпай, ошол жерде олтурган башка аялдар атын аташкан. Бул адаттарды катуу кармаган келин-аялдарды эл аябай урмат кылышкан.
Мен деле, болгон эки күйөөмдүн жакын туугандарын атынан айтчу эмесмин. Мисалы, Жооштун агасынын аты Козу болчу, мен ал кишини "койдун баласы аке" деп тергегем. Же кээ бир өзгөчөлүктөрү болсо, ошону айтып тергешкен. Бети сары болсо, "сары аке" деп, мугалим болсо, "мугалим аке" деп айтышып тергешкен.  Кээде кээ бир таарыныч, же болбосо ошол кишиге жини келсе да, атын айтпай тергешип айтышкан, мисалы, "таз аке" деп, чачы жок болсо, "керең эже" деп, кулагы катуу болсо, ошентип ар түрдүү ат коюп тергешип күлүшкөн.
Мындан тышкары, келиндерге күйөөсүнүн туугандарын жонун салып, буутарын сунуп олтурганга, катуу сүйлөгөнгө, башы же буту жыңалач жүргөнгө, алардын тике алдынан басканга тыюу салынган.
Келинди үйлөрүнө чакырып, кой союшуп, сыйлуу тамактарды берип, аны күйөөсүнүн туугандары менен тааныштырып "отко киргизишкен".
Адат боюнча, келин ата-энесинин үйүнө бир жылдан кийин кана барганга уруксат болгон, аны коштоп барып "төркүлөтүп" келишкен. Келин ата-знесинин үйүнө тез-тез барса жаман көрүшкөн. Ошого, келинди алысыраак жерден алганга аракет кылышкан. Жакындан келген келинди, "төркүнү  жакындын төшөгү жыйылбайт" деп айтышат эле.
          Адат боюнча кыздын ата-энеси мурдатан эле кызга "сеп" даярдашкан. Ал "септи" үйлөнүү аземи бүткөндөн кийин жигиттин үйүнө жеткирип беришкен. Көбүнчөсү "сепке" ийне-жиптен баштап, жандык малга чейин кирген. Кыздын апасы, кыз чоңоюп калганданбаштап жылдап "сеп" чогултушуп даярдаган. Ал аталган "сепке" эч ким тийгенге укугу жок болгон. "Сепке" кыз күйөөгө тийип оокатын кылып кеткенге керектүү нерселер кирген.  Кийин үйлөнүү той болгондо, "септин" баасы "калыңдын" көлөмүнөн аз болбосуна аракет кылышкан.  "Сеп" көп болуп, же "калың" аз болсо да кудалар ортосунда пикир келишпестиктер, таарынычтар болгон.
Бүт эле кыз берип, келин алгандар болобу, ушундай адаттарды аткарганга аракет кылышкан. Эми ар бир кудалар шартына жараша жасашып, бири бири менен бир келишимге келишкен.
Мен да колумдан келишинче аракет жасап, туугандар да жардам берип, калыңын чогултуп, башка үрп-адаттарды да колубуздан келишинче аткардык. Белек-бечкек, кийит-сийитин, тамак-аштарын, дагы жана башкаларга кеткен чыгымдарды көтөрдүк.
Бир жакшы жери, биз кудаларды жакшы билип, алар бизди түшүнүп, бардыгы ойдогудай болуп бүттү.
Кээ бир тойлордогудай, кийим-сийимге, материал чүпүрөктөргө таарынычтар болгон жок.  
Келиним Алтынай биринчи күндөн баштап эле мага жардам берип, оорумду жеңил кылып, тынбай эле атты. Күнүгө эрте менен мени көргөндө салт боюнча үч жолу жүгүнөт эле. Мен экинчи күнү, кийин деле, эми эч ким көрбөсө тим эле кой десем болбой жүгүнөт эле. Кудай берип, ушундай ыймандуу, салтты, улууларды сыйлаган, тарбия-таалим көргөн келиндүү болдум. Келин пайда болгондон баштап көп бош убакыт боло турган болду. Китеп көп окуй турган болдум, кечиндеси келиним экөөбүз ушакташып көпкө сүйлөшүп да калаар элек.
Контордо жаштар көбөйүп, дипломдуулар келе баштады. Ким диплому жок болсо, бухгалтер болуп иштебесин деп буйуртма келип, мен жөнөкөй эле кассир-эсепчи болуп калдым.
 Орустар эле эмес, башка улуттар да көбөйдү. Катуу ооруп Дима байке кайтыш болду. Клава апам да карыды. Дагы эле түзүк кабар алшып турат элек. Анан, Муса байкелерге барып келдим балам Чага менен. Алар жакшы турушуп, бир эркек бала багып алышыптыр, Зулайка да балалуу-чакалуу болуп Караколдо экен. Алар менен да байланышымы үзбөй, тойлорго чакырып урматтап турдум.
Ыссык-Көлдө эс алуу жайлары, балдарга лагерлер курулуп, элдер Казакстан, Орусия, Өзбекстандан бери көп келе баштады. Айылдык орус кемпирлер кыймыл көбөйгөн жолдун боюна жайындасын абрикос, өрүк, ашпурут, козу карын, балык алып чыгышып сата башташты.
Көл ыйык, ата-бабаларыбыздын сөөктөрү көлдүн астында калып кеткен, түшсө арбактары урат, - деп,  аксакалдар көлгө кирингендерди жаман көрүшчү. Кийин ал муун өткөндөн кийин, анан орустарды көрүп, кыргыздар да көлгө түшө башташкан. Бара-бара жайында көлдүн жээгинде күнгө какталып эс алып жаткан кыргыздар да көбөйө баштады. Орустар көп нерсени үйрөтүштү эс алуу боюнча. Кээде көлдүн жээгине стөлдөрдү коюшуп, же кайык тебишип, ар кандай майрамдарды өткөрө башташты.
1960-жылдардын баштары болчу. Жумуштагы бирөөнүн туулган күнүн белгилеп калдык көл жээгинде дем алыш күнү. Сууга түшүп, кайра стөлгө олтуруп, кумга жатып какталып эс алып жатканбыз. Мен сууга тийгизбейин деп, чоң энемдин аманатын кийимдердин арасына бекитейин деп жатсам, капилеттен аны айылдык Маматкул деген байке көрүп калыптыр. Ал бизден бир аз улуу болуп, ичкенди жакшы көргөн киши эле. Анын араккечтигине чыдабай аялы балдары менен кетип калган деп уккам. Мага көзү түз болбой, дайыма эле тийишип турчу,  же жесир катындын мээсин айлантам дейби, иши кылып жинге тийчү.
- Омиий ата, бул мойнуңдагы укмуш ко, көрсөтүп койчу, - деп жабыша калды.
- Болбойт байке, - деп бекитип атсам жакындап келатат ал.
- Эмнеге болбойт, бриллиантпы, каухарбы, мен карап эле кайра берем, чүрөгүм, - деп жан койчудай эмес ичип алган неме.
Сууга да түшпөй, кайра мойнума илип, кийинип олтуруп калдым.
Ал болсо  болбой эле жабышат:
- Ой эми көрсөтпөйсүнбү мойнуңдагыны, - деп жанымы койбоду.
Ал жерде уруша кеттик экөөбүз. Анан кечинде мас болуп үйгө да караңгыда жетип келиптир.
- Ася, билесинби сен, мен кандай зергермин, айылдын алтындарын бүт тааныйм, эмне үчүн сеникин билбейм, көрсөтүп койчу, билейин эмне болгон алтын экенин, - деп тантырады кайра.
Сөз узакка созуларын билдим. аны үйгө киргизип эле, чай-пай берип сүйлөшүп түшүндүрүп кетирейин деп ойлодум.
Чай үстүндө да ал тынчыбады:
- Аның эмне бриллиант мененби. эмне мынча катасын, - деп.
Шашпай чоң энемин аманатынын кантип мага тийип калганын айтсам, ал кайра:
- Ай Ася, мен көрөм дедимби көрөм, - деп мага атырылып мойнума асылды.
Мас болгону менен дагы эле күчтүү экен, колдоруму кармап, алышып атып мени бир эки коюп да жиберди ичке, акыры мойнуман жулуп алды. Кашайып, үйдө да эч ким жок эле.
Мен тургуча, ал эшикти карай шашып жөнөдү.   Кулагыма дароо чоң энемин үнү келди:
- Тез жет, түртүп жибер, - деген.
Астанадан өтүп эле, бут кийимин кийип бүтүп эми тепкичтне ылдыйга түшөйүн деген жеринен күүм менен келип эле артына түрттүм.
 - Ой энең, - деген бойдон ылдый бир аз  умтулуп башы артка карай болуп жыгылды чалкасынан.
Башы менен бетон тепкичке каракуш мээ жагы менен тийгенде бир катуу кыйкырды, турайын деп барып кайра артка карай жыгылды. Чуркап келип колунан чоң энемдин аманатын тартып алып чөнтөгүмө сала коюп, Маматкулдун башын көтөрөйүн десем кан жайылып агып кетиптир. Ал болсо онтоп эле сөгүнүп жатты. Кан токтобой акты, башы жарылыптыр. Эмне кылышымды билбей, чуркап үйгө кирип йод менен чүпүрөк алып чыктым. Йодду башына төгүп, чүпүрөктү таңып канын токтотойун деп аракет кылдым. Өзүнчө эле катуу онтолоп атты, үйгө жарыкка алып кирейин деп араң зорго сүйрөп чыгып, жаткызып. Анан үйдөн бинт дагы дары издеп кирип, бир саамдан кийин кайра чыксам, Маматкул унчукпай калыптыр. Эмне болгон деп пульсун көрсөм жок, өлүп калыптыр кашайгыр.
Калтырап, титиреп чыктым, эмне кылышымды билбей. Кыйла убакыт өзүмө келе албай олтурдум. Анан, сөөктү эмне кылышты чечтим. Түн бир оокумда көлгө алып барып таштайын, бул араккечти дагы бир жерде ичип жаткандыр деп биринчи күндөрү эч ким деле издебейт, - деп ойлодум.
Биздин үйдөн көлгө жакын эле. Кичинекей кык ташыган арабага эптеп салып, араңдан зорго сүйрөп жеткирип, эл баспаган жагына алып барып, таштардын арасынан көлгө түртүп салып келдим. Анан, бүт короону, арабаны жууп, кандын тактарын кетирип, издерди жоготтум.  Таң  аткыча алышып чыктым. Маматкулдун сөөгүн он күндөй  өткөндөн кийин кошуна айылдагы бирөө көрүп табышыптыр.
Мына ошентип, чоң энемдин аманатынын айынан үчүнчү киши жабыр тартты, экөө өлдү ...... 

Ушундай болуп өмүрүм өтүп калды, аркы жакка күндөн күнгө жакындап, өткөн кеткенди эстеп эле жашап калдым. Кудай берген күнү Арманжаркынайдын астына жетип, узун олтургучуна олтуруп, күнгө сөөктөрүмү жылыткан жагат. Эрте менен чай ичип эле ушул жакка жөнөйм, эптеп жетип, араңдан зорго шашпай олтуруп алсам болду. Буттарым ооруп бастырбай калса да эптеп жетем, же чыдатбай калганда неберелеримди чакырам. Таягыма жөлөнүп эс алып, кайра басып, анан ошого эле таянып чыгып олтуруп калам. Бул эрте мененки ритуалымды баардыгы билишет. Уулум узун олтургучтун буттарын кыскартып салайын, мага жеңил болсун, - дегенде да макул болбой койгом.
Элдер да ыңгайлуу олтурсун, мен болсо бирөө жарым жардам берсе олтуруп алам, -  дедим. Туалетке барганда эле жылбасам, ошол жерде Лениндин мавзолейин кайтарган аскерлердей олтурчумун жылбай. Ошол жерде эле чай, тамак ичип да алат элем жылуу күндөрдө. Теректердин жалбырак, бутактары, жамгыр тийбесин деп, уулум чатыр да жасап берген.  
Жайындасын Ыссык-Көлгө эс алам дегендер келишип, көчөлөр кишиге толуп, ар жактан машинелер өтүп, турмуш катуу жанданат эле. Кара-Ойлуктар болсо, ошол эс алууга келгендерди тейлеп, жата турган жерлерин, тамак-ашын даярдап, бардыгы кыска сезондо тыйын тапкандын аракетинде. Кичинекей мектепте окуган балдар да көлдүн жээгинен басышып эс алуучуларга балмуздак, өрүк, бышырылган жүгөрү, балык сатышып чуркашат. Чоңураактары кайык, катамаран тептирип жээктеги эс алуу үйлөрүнүн тушунда, же мал-салдарын карап тоодо, талаалык иштерин жасаганга жардам беришкен. Андан да улуулары эс алуу жайларда иштешип, же менчик үйлөрүнө киши киргизип аларды карап да жан багышкан.   Жайында бекр жүргөн жергиликтүүлөр аз болчу. Кеч кирип, эс алуучулар бир аз тынганда, уктаарга аз калганда чогулушуп, күн бою ким эмне кылганын, жаңылыктарды сүйлөшүп бакылдап, чарчап, анан укташып, эрте менен эрте кайра өз жумуштарына чуркашкан. 
Кара-Ойлуктар эс алуу сезонуна кыш бүтөөрү менен эле даярдана башташат эле. Бири бири менен көрүшкөндө сөз албетте келе жаткан эс алуу сезону жөнүндө болот. Ким эмне жумуш бүтүрдү, эмнени актап, эмнени сырдады, эмне дагы куруп атат.  Кээ бир жылдары жакшы даярдык көрүшсө деле башка бир жагдайлардын таасири менен ойлоп каалашкандай сезон болбой калган жылдар да болгон. Мисалы, июль-август айы суугурак, жаан-чачын көп болуп, же болбосо кашайып сезондун алдында революция деген көтөрүлүүлөр болуп көп эс алуучулар көлгө келбей калган. Бир жылы алтын казган чет өлкөлүктөрдүн машинесинен уу неме төгүлүп да элдер коркуп келбей калган. Мындай жылдары эл жакшы акча таппай, маанайлары пас болуп калаар эле.
Жакшы жылдары эл жык толоор эле, биринчи эс алуу үйлөрү толуп, анан менчик үйлөрдөгү мини эс алуу жайлары, анан, үйлөрүнүн атайын ылайыкташтырылган бөлмөлөрү толгон. Таң аткыча эле турмуш кайнап, элдер ичкени ичип, жегени жеп, бийлегени бийлеп чыгышат эле. Эс алууга келгендердин чогулткан акчаларын чачып, шаан-шөкөт эс алуусун көргөн көлдүк кичинекей балдардан жайында:
- Сен чоңойгондо ким болосун, деп сурасаң.
- Билбейм, - деп жооп берет.
_ Эми космонавт, врач, мугалим болосунбу, -деп сурасаң.
- Жок ай, эс алуучу болом, - деп жооп беришет эле.
Менин уулдарым да бала-чакалары менен ошол эс алуучулар менен алек болушат эле. Гурон башка жакка үй салып чыгып кетип, мен Чаганын үй-бүлөөсү менен өзүмдүн үйүмдө турчумун. Чага да элди туурап, үйдүн айланасына эс алуучуларга атайын жатаканаларды салды. Жанагы пойуздун купелерине окшотуп катары менен сегиз бөлмө салып ичин ыңгайлаштырды. Сезон жакшы болгон жылдары тыкай толуп турат эле элге. Мен теги эле түшүнбөй калаар элем, ким кирип, ким чыгып атканын.  Кудай жалгап, үйүм көлгө жакын болгондуктан, башкаларга караганда тезиреек толот эле.
Ойлонуп эсептеп көрсөм жүзгө чыгыпмын. Иттин жылы төрөлгөн элем, быйыл 2010-жыл болсо, бир кылымды көрүп коюпмун. Мага бир кылым тез эле өткөндөй болду, менден аз жашагандарга билинбей эле калса керек көз ирмемдей эле болуп.  Чоң энемин айтканы күнүгө чыккан айдай эле айкын болуп мына жүзгө чыктым. Мен Кытайга эле аргасыз үч жылдай жашап келбесем, өмүр бою Кара-Ойдон жылганым жок. Айылдын атын да орустар Долинка деп өзгөртүшүп, эми кайра өзүнүн түпкү атын кайра коюшту.
Кудай мени аман ойготкон ар бир күндө эрте менен дароо адатым боюнча чоң энемдин аманатын кармалайм оң колум менен. Анан, кудайдан, чоң энемдин аманатынан өзүмө, бала-чакама ден-соолук, аманчылык, арбактардын колдоосун  сурайм.
Мурда,   кыргыздар "албарсты" аттабасын, арбактардын жаман таасиринен сактасын деп кийимдерине "аюу тырмагын", же "үкүнүн тырмагын" илип жүрүшкөн. Кийин ислам дини калыптананып тараганда моюндарына "тумар" кие башташкан. Тумардын ичине "Курандын" сүрөлөрүнөн жазылган кагазды материал менен ороп тигишкен.
Мен акыркы убактарда катуу ооруп кала турган болдум. Кээде ичегилерим аңтарылгандай болуп ооруп, оозума ачуу келип, араң тура турган болдум. Неберелерим ооруканага алып барып көрсөтүп келейли дешет, ага мен макул болбойм. Ооруканада мени көргөндөр айтат ко, бул карыган каргага эмне бар, үйүндө эле оорубайбы, же ары өлүп тынбайбы, жаштарды убара кылбай, - деп ойлошот дейм.
Андан көрө, кудай алса ооруканадан эмес, өзүмдүн үйүмөн эле алып кетсин, талаада ден-соолугуму карайм деп өлүптүр дегенден көрө, өз үйүм, өлөң төшөгүмдө мүрт кеткеним жакшы, - деп ойлоор элем.
Дары деген немени такыр иччи эмес элем, кээде неберелерим күчтөп, суранып атышып ичкизишет.
Күн өтүп, алдан тайыган сайын, чоң энемдин аманатын эми өзүмдүн аманатым кылып неберелеримдин, чеберелеримдин бирөөсүнө беришти ойлой баштадым.
Ары ойлонуп, бери ойлонуп, өзүмдүн жакшы көргөн чеберем Айпериге берейин деп чечтим.
Чоң энемин айтканы эсимден кетпей турду:
- Эми мен аманатымды бердим, үч күн өтпөй мен о дүйнө кетем, мен айтканды аткаргын, - дегенин.
Өз акылым ордунда болуп, тилимен сөз кете электе аманатымды берип калайын, кудай анын бети ары кылсын, кошунага окшоп, уктап атып эле аркы дүйнөгө кетип калсам аманатымды тапшыра албай, - деп да ойлойм.
Күнүгө ушул ой эсимен кетпей туруп калды. Бирок, эмнегедир, күнүгө эртеңкиге жылдырып коюп аттым.
Айпери он алтыларга чыгып, чоң кыз болуп калган. Менин эң жакшы көргөн жардамчым, үйдө болсо жаныман бир карыш жылбай жанымда, сабагын да жанымда олтуруп алып окуйт.
Бир күнү эрте менен кадимкидей эле акыркы күндөрүдөй ичим ысып ооруп араң турайын деп жатсам, кулагыма көптөн бери укпаган чоң энемдин  үнү угулду:
- Сен бүгүн аманатымды тапшыр, - деди.
Көптөн бери күтүп жүргөн күн келди. Кудай берген жашка жетип, чоң энемин аманаты да башка ээсине шашыла баштады окшойт.
- Эми эмне кылам, өзүмдүн вазыйпамды аткарып, чоң энемдин керезин мен айтайын эми, - деп ойлодум. 
Мен эми жөн эле  берип койбой, чоң энем мага айткандай кылып, мен да аманатымдын таржымал тарыхын айтып беришим керек. Айтып олтурса, аманатымдын тарыхы,  бул кыргыз элинин эле тарыхы болуп калат.
Мен адатым менен Айперини чакырдым:
- Ой Айпери, келчи бери, - деп.
Айпери учуп келди үнүмдү угуп:
- Ии чоң эне, эмне кылайын, - деди.
- Келчи боорум, момундай олтурчу, - дедим.
Төшөктөн турбай жатканымды көрүп:
- Кел массаж кылып укалап берейин буттарыңы, чай алып келейинби, - деп безилдеди Айпери.
- Жок күчүгүм, менин сөзүм бар, деп төшөгүмүн кырын жыйып орун көрсөттүм.
- Ии эмне болду, каериң ооруп атат, - деди толкундана түшүп Айпери.
- Олтурсаң эми, чеберелеримин ичинен эң жакшы көргөнүм сенсин, мен бир нерсе көрсөтөм сага, сен мага ант бер, эч кимге көрсөтпөйсүн, бербейсин, дайыма көзүмдүн карегиндей көкүрөгүмдө сактаймын деп, - дедим мен олтура калган Айперинин колун кармап.
- Ойий чоң эне, мен эчтекени көрбөй эле кантип ант берем, теги эле ант берип көргөн эмесмин, кантип башташ керек, - деди мени карап чеберем.
- Мен Чагатаева Айпери, чоң энем Айсара Манапбай кызынын алдында,чоң энемдин аманатын эч кимге көрсөтпөй, көзүмдүн карегиндей көкүрөгүм дө сактаганга ант берем, эгерде ушул антымды бузсам, анда мени чоң энемдин аманатынын мурунку ээлеринин каргышы уруп, кусуру тийсин, - деп айт дедим.
- Ай-ий чоң эне, билбейм, коркунучтуу го, мейли азыр айтайын, - деп мен айтканды ичке үнү менен катуу айтып кайталады.
- Ии бали, азаматсын, эсиңде дайыма болсун, кулагыңа жакшы куюп, мээңен чыкпасын, сен эми эстүү кызсын, ишенем, бардыгын мен айткандай жасаарыңа, - дедим мен чеберемди маңдайынан сылап.
Айперини небере, чеберелеримин ичинен эң мага окшошу деп айтып калышат эле. Бою мендей болуп узун, арык, көздөрү кыйма, ак жуумал, чачтары капкара кайраттуу, сүйлөгөнү да окшошуп калат эле. Жайында үстүнө футболка кийип, астында шым. Кыздардын шым кийгенине такыр түшүнбөй койдум, айланайын, туалетке барганда эле көп азап болот ко. Эми узун шиш така бут кийимди айтпай эле коёюн, бечаралар, үйүнө жеткенде кыздар эки саат бутун түздөй тургандай көрүнчү.
Айпери чоңоюп апасына жардам берип, бирок, менин жанымдан чыкчу эмес. Мага эмне десем ошону жасап, кээде сурансам тажабай китеп окуп берет эле. Акыркы жылы жакшы көрбөй, китепти көз айнек менен да окуганга кыйналып калдым. 
Көбүнчө тарыхый китептерди, кыргыздын эпос, уламыш, жомокторун жакшы көрчүмүн. Мурда, мисалы "Манас" эпосун араб алфавити менен окусам, эми орус алфавити менен окудум.  Анан, Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылычын", Касымаалы Баялиновдун "Ажарын", Мукай Элебаевдин "Узак жолун" окуп кээде ыйлайт элем. Айпери таң калат эле:
- Болду эми чоң эне, дагы ыйласаң бул китептерди окубай коем, - дейт эле.
Мен бирөөнү чакырсам эле Айпери чуркап келет, мен да ушуга аябай көнүп, башка бирөө чуркап келсе, Айперини чакыртып алат элем.
Эрте менен маанайымы көрүп билип койчу, ооруп турганымы, же жакшы экенимди.  Бир жерим ооруп атканын билсе эле. дары ичирип кыйнайт. Дарыларынын аттары да бири бирине окшош болот экен, кээ бирөөлөрү биздин түштүктүк эркектердин аттарына окшош, "Жалалдин", "Камалдин" дагы башка аттарга. Бир жолу да дары ичип, анысынын даамы оозуман кетпей кусуп, ошондон кийин дары ичпей калдым. Мурда, дары дегенди билчү эмесмин.
- Үйдө ким бар, - деп сурадым Айпериден.
- Эч ким жок, тарап-тарап кетишти, - деди Айпери.
Ал менин жаздыгымды оңдоп, чайдан берди.
Мен акырын өйдө болуп, жоолугумду чечип, акырын мойнумдан чоң энемдин аманатын алып чыктым алаканыма салып.
- Айий чоң эне, бул эмне тумар го,- деди ал.
- Бул тумар эмес. бирок. тумардан да артык нерсе, - дедим мен алаканымды жайып.
- Мен эмне жакшы маани бербепмин, чоң энемин тумары бар экен деп койгом, - деди Айпери.
Ал канча жолу мени киринтип, жуунтканда жакшы маани бербесе керек.
- Мага кайчы, же бычак берчи, - дедим.
Айпери кайчы алып келип:
- Кел, мен ачайынбы, - деп сурады.
- Келе бери берекем, мен өзүм ачышым керек, - дедим.
Айперинин оозу ачылып, дагы эле жабыла элек болчу, таң калып.
Оюмда эстеп кеттим, 1960-жылдарда, Маматкул каза болгондон кийин, кайышка ороп,  бирөө көрсө да тумар деп ойлосун деп тигип таштаган элем. Мына, ошондон бери эле элүү жылдай өтүп калыптыр, өмүрүмүн жарымы.
 Акырын кайчы менен сөгүп атып колдорум калтырап сүрдөп чыктым. Жиптери эскиргени менен дагы эле бышык экен, бирок, кайыштын кайрылган жерлери сүрүлүп, кээ бир жерлери жешиле баштаптыр.
Толкунданып, жүрөгүм оордуна батпай лакылдап чыкты. Акыры кайышты жазып кылымдарды арыткан аманатты алып алаканыма жайдым. Айпери да үн сөз жок нес болуп карап кадалып калды.
Колумда мойнумда билинбей калган  салмагы билинди оор болуп. Тышкы түсү, кебетеси же алтын эмес, же  жез эмес болуп көрүндү. Оюмча, бир белгисиз бир эритмелердин кошундусунан жасалган го. Эрозияга чыдаган, чирибей дат баспаганы да таң калтырат. Калыңдыгы сөлкөбай тыйындардан бир аз жоон, медаль, ордендерге окшош болуп, бирок, төрт бурчтук эле формасы. Анан, атайын илгенгеби, бир жагында кичинекей төрт бурчтук тешикче бар болчу.
Чоңдугу ширенкедей болуп, эки бетинде тең учтары кайрылган свастика өндүү болгон белги бар эле, бирок учтары фашисттердин свастикасындай болбой кичинекей жалбырактарга окшоп турат. Бирок, кунт бөлүп карабай, алысыраактан тим эле фашисттердин свастикасындай көрүнчү. Бул белги чегилип коюлган экен. Анан, четтеринде белгисиз, биз тааныбаган тамгабы. же цифрабы, бир символдор менен жазуу бар эле.
Мага чоң энем бул аманатын бергенине токсон жылдан ашып калыптыр. Ошол күн кечээ күнү болгондой эсимде, аманаты да ошол эле бойдон, эч жери өзгөрбөй эле турат.  
- Тигил футболкаңы чечип, башка көрүнбөй турган көйнөк кийип алчы, - дедим унчукпай олтуруп карап калган Айперини акырын түртүп.
Анткени, мен мойнуна илген аманатым өтө эле ак футболкадан көрүнүп калмак.
- Ий, эми ак футболка кийбей эле коем го, азыр анда, - деди Айпери.


Чоң энемдин аманатынын таржымал тарыхы

- Чоң эне, эмнеге көрсөтпөй жүргөнсүн, кызык ко, - деди Айпери.
- Шашпай уккун, бул менин чоң энем Мариямдын аманаты, ал мага мен он жашымда берген эле,ошондо чоң энем токсондон ашып калса керек эле, эми сага ушул аманаттын чоң энем айтып берген, кийин менде жүргөндөгү таржымал тарыхын айтып бере турган күн келди, буга чейин муну эч кимге айтып берген эмесмин толук, сен жакшы угуп эстеп кал, - деп сөзүмдү баштадым.
- Чоң энем өлөөрдө, мага окшоп карып алдан тайганда, 1916-жылы күзүндө Кытайга качып баратканда "үркүндө", ошол азаптуу күндөрдө аманатын мага бүгүн сага бергендей берип айтып берди эле. Бул аманат, биздин түпкү  ата-бабаларыбыздын бирине таандык болгон экен.  Ошол илгерки бир атабыз, убагында Шамбала сыйкырдуу, ыйык, байыркы падышалык дүйнөсүндө  болуп келген экен. Ал убактарда, азыркы Ыссык-Көлдүн ордунда гүлдөп өркүндөгөн шаар, айылдар болгон имиш. 

 Шамбаланы илгертен Тибет менен Алтайдын ортосундагы Борбор Азиянын азыркы территориясында болуп, кайсы бир кылымдарда адамдын көзүнө көрүнбөгөн сырдуу падышалык болуп калган экен. Шамбаланы руху, жүрөгү таптаза, аң сезими өтө жогору, эң жетишкен билимдүү, күнөөсү жок кана кишиге кана Шамбаланын эшиги ачылып, ошол киши Шамбаладан руху, денеси, билими дагы өрчүндөп кайтат деп айтышчу экен. Ал байыркы убактарда, бир эмес үч Шамбала падышалыгы бар деп билишчү. Бири Алтайда, экинчиси Тибетте, үчүнчүсү  Ыссык-Көлдүн астында деп айтышкан.
-  Ой мен Шамбала жөнүндө окугам, эмне кыргыздар мурда эле билишчү бекен, мен орустар эле билген экен десе, Рерих деген орус сүрөтчүсүнүн сүрөттөрү да бар Шамбаланын, - деп айтып калды Айпери.
- Шамбала Алтайда Үч-Сүмөр (бийиктиги - 4505 метр) тоосунун астында, Тибетте Кайлас деген тоонун (бийиктиги - 6666 метр) астында, анан Ыссык-Көлдүн астында болуп үч жерде жайгашкан дешкен. Ошол үч жерде кана Шамбаланын жашыруун эшиктери бар деп эсептешип, ал жерлерди ыйык деп айтышкан. Азыр деле ал тоолор ыйык болуп айтылып, элдер зиярат кылганы кылымдардан бери тынбай барып турганы турган. Кайласка чыкканы  альпинисттерге да уруксат бербей келишкен, ыйык жерди булгашат деп. Ошого Кайласка байыркы кылымдардан бери эч ким төбөсүнө чыккан эмес.
Байыркы кылымдарда, кимде ким ушул үч ыйык жерге зиярат кылып, анан Шамбалага жеткенге адамдык касиеттерине ээ болсо, ошондо кана накта Шамбаланын эшиги ошол кишиге ачылат дешкен. Зияратчылар Алтай менен Тибеттин ортосу Ыссык-Көлгө келип токтоп, эс алышып, күч топтоп, андан ары кыйын жолду арытышкан. Көп зияратчылардын айтуусу боюнча, Үч-Сүмөр менен Кайласта капилестен эле кызык, коркунучтуу сезимдер пайда болгон. Мен кийин деле угуп жүрөм, ошол жерлерде электроаспаптар, компастар туура эмес иштеп, көптөгөн жолоочулар, короо-короо жандык  малдар жоголгонун.
Ошол илгерки убактарда Ыссык-Көлдө аябай өнүккөн цивилизация болгон экен. Элдери башка жерлерге караганда аябай бай жашап, илим менен техника эбегейсизалдыда болуп, тоо-кендер казылып иштелип, алтын, күмүш жана башка баалуу металлдарды алышып, өздөрүнүн акчалары болгон. Адамдар илимдүү, билимдүү болушкан. Бүт жаратылыш табигый мыйзамдарын, математика, физика, химияга окшогон илимдер жогору деңгеелде болгон.  Медицина өнүккөн болуп, көптөгөн ооруларды дарылап айыктырганды  да билишкен. Падышалыктардагы букара  жарандардын акыл-ой денгеелдери да жогору болуп, билим таалими бийик болгон экен.
Кайсы бир себептер менен бир убактарда ошол цивилизация кыйрап, түбү менен жок болгон.
Айтылып келаткан сөздөргө караганда, кай бир жактан пайда болгон жарк этип тирүү жанды куйкаламак турсун, тамыры менен жок кылган  катуу жарык оттордон, анан артынан бийик аккан суу каптап, эч нерсе калган эмес. Ак мөңгүлүү бийик тоолордун арасында чамалуу эле киши тирүү калган.   Кылымдар өтүп, муундан муунга айланып, акыры ылдый түшүп жашай башташкан. Суу кайтып, ошондо туздуу көл пайда болуп, атын Туз-Көл коюшкан.
- Эмнеге ал цивилизация жок болду экен, калып калганда, азыр аябай эле өнүккөн өлкө болмок экенбиз, - деди Айпери.
- Чоң энемдин айтуусу боюнча, Шамбалага башка планетадан чабуул болуп жоготконго аракет кылышкан, балким азыр айтылган ядерлик жарылууларга окшогон бир куралдар колдонулгандыр,  анткени аябай окшош ошолорго. Шамбаладан да катуу өнүккөн бийик цивилизация кол салып, кандайдыр бир себептер менен катуу согуш болгон.
Кийин, акырындап кайра таш кылымга түшкөн адамдар көтөрүлүшкөн.  Кыргыздар көлдүн айланасын кайра отуруктап, айланасындагы жерлерди кайрадан өздөштүрүү башталган.
Ошол замандардан калган эмне болсо, акырындап дагы кийин билинеер. Азыр, биз кийинки эле эки-үч миң жылдык калган эстеликтерди таап, таанып билип атабыз.
Мисалы, жаныбыздагы эле Чолпон-Атанын жогору жагындагы Таштак-Бак менен Алтайдагы петроглифтер, ташка чегилген сүрөт, тамга белгилери  окшош.   Чоң энем раматылык, атамы суранчы эле карып калганда, "Таштак-Бакка барып келели", - деп. Мени да алып алчу эле. Бизден ат менен жарым сааттык жол эле. Чоң энем барып таштарды аралап басып,көпкө ойго батып туруп калчу эле. Мен таштарга чыгып ойнойун десем чыгарбайт эле урушуп.
"Бул ыйык таштар, бутуң менен тийбегин, олтурбагын", - дейт эле.
 Кийин, мен да барып көрүп келет элем.
- Эсимде, мен да эки жолу баргам силер менен, мага да ошенип айтчусуз, - деди Айпери.
 Бул жерлерде дагы сырдуу көп нерселер табыла элек, эми силер, силер болбосоңор силердин неберелериңер бирдемке табаар, кыргыздын байыркы издерин.   Таштак-Бак 42 гектар жерди ээлейт. Өтө эле чоң территорияда ыйык таштар чачылып жатат. Убагында, жергиликтүү бийликтерди суранып тостурайын деп канча чуркадым. Борбордогу гезиттерге жазып атып, акыры бир эл аралык уюм акча бөлүп, тосуп ылдый жагын, электроэнергия тартып жарык өткөрүлүп, петроглифтер, таш мүрзөлөр тазаланды эле. Бир аз убакыттан кийин кимдир бирөөлөр тоскон темир жыгачтарды сындырып жок кылышып, жарык бергени да токтоду иштебей. Эми болсо барган сайын зееним кейип,ичим ачышат. Жергиликтүү элге түшүндүргөн киши жок, малдар тебелеп, койлор жайылып калган Таштак-Бакка. Силер колуңардан келсе  ошол ыйык таштарды сактап калганга аракет кылсаңар, мен өлгөндө, менин арбагым силерди колдосун. Эгерде, Таштак-Бакка жардам берип мен айткандай болсо, анда мен сага аркы дүйнөдө ыраазы болом.
- Балким, бул сүрөттөрдү, символдорду кыргыздар эмес, башка улуттар калтыргандыр, -деп калды Айпери.
- Сен Саймалуу-Ташты (Нарын менен Жалал-Абат облустарынын чектешкен тоолорунда 3000 метрден бийик жерде жайгашкан) билесин да, ал жакка алыс болгондуктан бир эле жолу баргам. Ошол жерде токсон миңден ашык петроглифтер, сүрөттөр, оймо, тамга белгилер тартылганы, чегилгени  бар. Ошолорго окшогон оймо, чиймелерди кыргыздар килем жана шырдактарга тартып келгенбиз.
- Мен да элимдин тарыхына аябай кызыгам, мектепти бүткөндө тарыхчы, же археолог болгонго аракет кылып окуйм, - деди Айпери.
- Кудай менен менин аманатым сени колдоп, бул максатың ишке ашаар, мен батамды аябайм, чоң энемдин айткан таржымалы, насаат-ойлору көп, дедим.
- Бардыгын жазып китеп кылып чыгарсаң болмок экен, - деди Айпери.
- Мен жазбадым башында, кийин эле  чоң энемдин аманатынан башка айткандарын кагазга түшүргөм. Аны да эч ким көргөн эмес,   бул дептерди да сага тапшырам. Сен да муну эч кимге көрсөтпөй окуп алгын.
Биз башка жакка сөздү буруп кеттик.
Ошентип, Шамбаланын падышалыгынын убагында Тибеттен Алтайга, жана кайра өткөн зияратчылар  Ыссык-Көлдө токтогондо жергиликтүү элдер аларга жата турган жай, тамак-ашын сатып жан багышкан.   Тибеттик зияратчылар көлдө болушканы жөнүндө таштарда алар YII-YIII кылымдарда тартып кеткен Будданын сүрөттөрү, дубалары көлгө жакын капчыгайларда эми табылып атыптыр.
Кийинчереек, Кытай жак менен соода жолдору жанданып Улуу Жибек Жолу Ыссык-Көлдү бойлоп өткөн. Кербендер күнү түнү жүрүп, жаңы дүркүрөгөн шаарлар, айылдар пайда болгон ошол жолдун боюнда.
Биздин ата-бабаларыбыз азыркы Чолпон-Атанын ордунда жайгашкан чуна деген шаарда жашашыптыр.
- Анда эмне, ошондо эле көлдүктөр эс алгандарды, өткөн кербендерди тейлешкен турбайбы, - деди Айпери.
- Чуна чоң эле шаар болуп, кербендер менен зияратчылар кыйын ашуулардан кийин, же ашууларга чейин эс алышып даярданышкан узак жолго. Кыргыздар Алтайлыктарга жана Тибеттиктерге тышкы кебетебиз да окшош, биз черткен аспаптар да бири бирине окшошуп кетет. Кийин, Китеж деген да чоң шаар болуптур.
Мурдатан кыргыздар жети атасын билиш керек деп балдарына үйрөтүп келишкен. Менин чоң энем жети эмес, жыйырмадан ашык аталарыбыздын атын айтат эле. Ошончо  муундарга бабаларыбыздын аманаты бирдей берилип келиптир. Эсептеп көрсөм, божомол менен он беш кылымдай болуп калат экен. Ушунан эле билсе болот, бул аманаттын кандай байыркы экенин. Дагы бир он атабызды,же апабызды билгенде биздин эранын башына деле жетип калмакпыз.
Кыргыздар ошол жыйырмадан ашык аталардын убагында Тян-Шаньда жашап келишкен.  
- Бизге мектепте, кыргыздар Тянь-Шаньга Алтайдан  XII-кылымда көчүп келишкен  деп айткан мугалимибиз, - деди Айпери.
 - Чоң энем айтчу, кыргыздардын негизги бөлүгү биякта эле жашап, анан кээ бир уруулар кийин кошулушкан ар жактан, Енисейден жана Алтайдан көчүп келишкен. Кыргыз жерине ар түрдүү баскынчылар көз артып келишкен. Эсептесе,  сактар, гунндар, усундар, түрктөр,  монголдор, уйгурлар, манчжурлар, кытайлар, моголдор келип кетишкен. Кыргыздар бирөөлөрдүн жерлерине кемде кем ат салышып жоого барышкан.
 Кыргыздардын баскынчыларга колдонгон бир амалы жөнүндө атактуу полководец Тамерлан минтип айткан:
- Аскерлерим менен катуу келип кыргыздарды чапканы келсем, алар тоолорго чыгып кетишиптир, ашуу, капчыгайларды жаап, - деп айткан.
Тамерлан кеткенден кийин кыргыздар кайра түшүшкөн тоолордон, ошентип, Тамерлан үч жолу келип кыргыздар менен согуша албай кайткан.
Ошон үчүн Тамерлан кыргыздарды көчмөн эл деп атаган.
Биздин ата-бабаларыбыз көчпөй эле туруктуу кышы-жайын эле жашап келишкен айыл шаарларында. Жер айдашып, дыйканчылык да кылышкан.
Буга далилдер деле табылаар, мисалы, кыргыздардын илгерки мүрзөлөрүндө, сөөктөргө кошуп алтын, күмүш кумураларга буудай, алма, өрүктүн данектеин салып коюшкан.
Демек, кыргыздар буудай айдап, кумура жасаганды да билишкен.
- Анда биз көчмөн калк эмеспизби, деп сурап калды Айпери.

  - Мал-сал менен алек болгондор жайындасын жайлоолорго көчүп, бирок кеч күздөн баштап кыштоолордо айылдарда эле турушкан.
Кыргыздар дүйнө салгандардын арбактарына сыйынышып ишенишкен. Айрыкча, атактуу, сый урматтуу башчылардын арбактарына көп кайрылып сыйынышкан, ошолорду бизди коргойт деп жалынып суранышкан. Анан, о дүйнө салган туугандардын арбактарына да кайрылып колдоо суранып турушкан. Алардын урматына сый тамак уюштуруп элди чакырып сыйлашкан. Ошондо, арбактары ыраазы болуп, алардын сообу тиет деп эсептешип, сый тамаеты калтырбай аягына чейин жешкен.
Анан, арбактар эттин жана майдын жыты менен тамактанат деп, үй-бүлөдө жана туугандарына атайын сый тамак жасашып, "жыт чыгарып" турушкан. 
Адат боюнча, кесилген камырды майга куурушуп боорсок жасашкан. Кийин, боорсоктор ар кандай майрамдык дасторкондорго жасалып коюла баштаган. 
 Кээде, көзү өтүп кеткен ата-энелери, же туугандары түшүнө кирсе да, сый тамак, боорсок бышырышып ошолордун арбактарына арнашкан.
Кыргыздар өлгөндөрдү көмгөндө сөөктүн жанына арбагы жейт деп, идиштерге тамактарды коюп кошо көмүшкөн. Карападан жана ылайдан жасалган идиштерге куюшкан. Көчмөндөр болсо териден, жыгачтан жасалган идиштерди колдонушкан. Кыргыздар малды көп кармагандыктан, жайлоолорго жайындасын чыгып кетишкен.   
Жайлоого көччү күн майрам күнү болгон. Түлөө өткөрүшүп, кой союшуп, көчкөндө аман-эсен болушту кудайдан тилешкен. Жолдо да жолуккандар, көч байсалдуу болсун деп айран, кымыз алып чыгып сыйлашкан. Жаңы конушка олтурукташкандан кийин кошуналар бири бирине өрүлүктөшкөн, жаңы конуш жайлуу болсун деп.
Биз азыр көрүп жүргөн көп эски эстеликтер деле айкындап турат, кыргыздар көчүп эле жүргөн калк эмес экенин. Көчмөндөр мындай чоң имарат, мавзолей, минареттерди салышкан эмес. Мисалы, Токмок шаарынын жанындагы Бурана мунарасы (XXI кылымдарда салынган), Өзгөн мунарасы ( XI - кылымда салынган), Ала-Букадагы Шах-Фазиль мавзолейи (болжол менен YIII-X кылымдарда тургузулган), "Красная речка" айылынын жанында табылган байыркы буддисттердин мүрзөлөрү жана алардын монархтары чогулган жайы, дагы жана башка көп эстеликтер күбө болот. Ошол эле эстеликтердин айланасында гүлдөгөн шаарлар болуп, кыргыздар ошол шаарларда жашашкан. Азыр айтылып жүрөт ко, Суяб, Баласагын жана башка шаарлар, айылдарын айтпай эле коёлу. Белгисиз болуп жаткан дагы канча шаарлар болгон.
- Бизге мугалимибиз, биз кыргыздар жакында эле совет доорунда тоодон түшкөндөй айтышат ко чоң эне, деп сурап калды Айпери.
- Бизди Орусия падышасы басып алгандан бери, кийин совет бийлиги орноп, бизди көчмөн көрсөтүшүп жерлерибизди тартып алышкан да, кыргыздар тоодо эле жүргөн, буларга жерлердин кереги жок деп. Кыргыздардын жерлеринде ошол кыргыздар көчмөн болгон эмес деген  эстелик болобу, табылган буюмдар болобу, аларды Орусияга алып кетишип жок кылышкан. Эми деле орустардын ири шаарларындагы музейлердин кампаларынан дагы көп ушуга окшогон далилдер чыгып калаар.  Анан, китептерге же башка маалыматтарга цензура киргизип, бийликтер чындыкты жаздырбай, көрсөтпөй кыргыздардан жашырышкан. Биздин жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, искусствонун чыгармалары ошол цензуранын ырайымсыз катуу элегинен өтүп, анан гана жарык көрүшкөн. 
Эми көз карандысыз мамлекет болдук дейбиз, бирок дагы эле чоң Орусияга окшогон мамлекеттерди таарынтып албайлы деп, көп нерсе ачык айтылбай келе жатат. Эми акырын айтыла баштады четинен, окумуштууларыбыз дагы улантышса изилдөөлөрдү, анан кыргызымдын накта туура тарыхын силердин балдарыңар окуп калаар деп үмүттөнөм.
- Ий чоң эне, баса, биз кыргыздар илгери сапсары болуп, көзүбүз көк болгон деп жазышат ко, ошол чын болду бекен, деп сурап калды Айпери.
- Ой буга ишенбейм, орустар эле өздөрүнө окшотуп тууган кылышкан, Енисей, Уралда жашап, анан Алтайга көчүп, монголдор менен аралашып азыркы кейпибизди кийген имишпиз. бул алардын ойлоп тапкан жомогу го. Орустар кайдан көчүп жүрүшүп Маскөөгө олтуруп калган. Ошондой эле, биз  
Эч жактан көчпөй эле ушул Ала-Тоодо дайыма эле жашап келгенбиз, кийин башка дагы уруулар кошулушу мүмкүн.
- Мен "Кыргызстандын тарыхы" деген китеп окугам, агайыма сиз айтканды айтсам эмне дейт болду экен, - деди күлүп Айпери.
- Ой бир жинди чоң энеңе ишенбе дейт да, биякта канча окумуштуулар китепке жазып атышса, сен кемпирдин сөзүн сүйлөйсүн дейт да. Эми айланайын, кыргыздар биякта өмүр бою туруп, канча жоолор менен алышып жерин коргоп, басса да кийин кыргыздар жөн койбосун билген мобул дөөдөй кытайлар деле тим койгон бизди. Анткени, алар тарыхты, кыргызды жакшы билишет. Орустар күч менен кармап турду, жакшы эле аракет кылышты, жетимиш жыл чыдадык, кыргыз дагы бир күнү жарылмак катуу кыйналса.
Түндүк, түштүк деп бөлбөй эле койсо болот эле кээ бир дөөдүрөгөн бийлик талашкандар. Бул кийин эле, хандар анан азыр бөлө башташты. Бир эл болуп, керек болгондо Манастын убагындай болуп жоого биригишип аттанышкан. Уруулар бири бири менен урушуп, тил табышып жакшы эле жашашкан. Кан аралашсын деп бири бирине кыз берип, куда болушуп ынтымак да болушкан.
Канча баскынчылар кууса да, кыргыздар Ала-Тоодон алыс кетпей кайра эле өз жерине келишкен.  Убагында, ар кандай баскынчылар кыргызды бөлүп жарып, майдалаганга аракет кылышкан, бирок, кыргыз дайыма кайра эле биригип турган.
- Ий  анан дин жөнүндө айтып бербейсизби, - деди мага чайдан сунуп Айпери.
- Туура сурадың күчүгүм, мен  айттым го, Ала-Тоого кимдер гана келип кетпегенин, ошолор менен кошо алардын диндери дагы келип кеткен. Алардын арасында отко, жаныбарларга, Буддага, Иисус Христоско, Теңир-Ата, Уумай Энеге, Аллахка дагы башкаларга ишенгендер келген. 
Ар ким өзүнүн динин туура дин деп кыргыздардын мээлерине куюшкан. Ошого кыргыздардын дин жагынан болгон көз караштарына бүт ошол диндердин көп элементтери кирип калган. Ал эми ар бир доорго жараша болгон. Кыргыздар башынан эле динге берилбей келишкен. Илгертен калган кыргыздын салттары, үрп-адаттары чоң роль ойноп, ошонун тегергеинен чыгышчу эмес. Ислам динин деле жалпысынан кыргыздар Борбордук Азиядагы көп улуттардан кийин кабыл алышкан.
Чоң энем айткан эле, кудай бул бир тирүү жан кана эмес, бул бир адамдын акыл-оюна батпаган, кирбеген, келбеген, жашап жаткан Ааламыбыздын рухий сырткы айлана чөйрөсү. Ошого кыргыздар арбактарга ишенишкен, башка дүйнө жаныбызда, айланабызда бар деп да ишенишкен, ошон үчүн Шамбаланы билишкен, тете тутушуп, жеткенге умтулушкан. Адам өлсө да арбагы дайыма болот дешкен.
Азыр кыргыздар мусулманбыз дейбиз, бирок, илгерки башка диндерден калган нерселерди дагы эле жасайбыз. Мисалы, Теңир Ата, Уумай энеден жардам сурайбыз, мазарларга чүпүрөк илебизжана башкалар.
Ислам дини бизге күчтөп эле киргизилип калган.
Чоң энем айтып калат эле, биздин үй-бүлө катуу мусулман болгон жокпуз, ислам дининин бүт каадаларын жасабай эле жашап өткөнбүз. Эми, башка дагы кандай кыргыздын турмушунда болгон нерселерди айтсам?
Ий, унута электе, колунда бар бай кыргыздардын аялдары моюндарына өздөрүнүн урууларынын өзгөчө белгилерин тагып жүрүшкөн.  Анан, ошол белгилер медальон түрүндө, же болбосо кулон деп коесуңар беле, ошондой кооздук жасалгага окшоштору да болгон, анан тумарга окшотуп моюндарына илип муундан муунга кыз тараптан берип жүрүшкөн. Аларды аябай сакташып реликвия катары бекитишкен сандыктарына чоочун көздөрдөн.
Мына, чоң энемдин аманатына окшогон белгилерди тагынышкан, же үйлөрүнө илип коюшкан, - дедим алаканымдагы аманатты көрсөтүп.
- Буга окшогон белгилер, үй-бүлөлүк, же уруулардын да өзүнчө белгилери болгон. Бул белги эми фашисттердин свастикасына бир аз окшошуп калыптыр. Бирок, ага караганда кыйшагыраак кебетеси, орустардын "Х" тамгасына жакын болуп кетет, учтары кичинекей жалбырактарга окшошуп.
Кээ бир белгилер, мурун  жаныбар, жаратылышка, отко ишенгендиктен, ошолорго окшош белгилер көп болгон. 
Анан, "нооруздама" деп жаңы жылды март айында  "Ноорузду" күтүп алышкан.   Бул да ошол жаратылыштын жазда жаңылоосуна байланышкан майрам болгон. Түнү менен сүмөлөк бышырышып, көжө жасашып чыгышкан. Жаңы кийимдерин кийип жасанышып, от жагышып, көжө, сүмөлөк жешип, ар түрдүү оюндарды ойношкон. Үйлөрүн, малдарын күйгөн арча менен аласташып чыгышкан. 
Мындан башка дагы эски адаттарды да унутушкан эмес. Жер жана сууга сыйынышып, "Жер-Суу тайуу" деп, кой союшуп, жылына эки жолу, чөп көктөй баштаганда, анан жайлоодон кыштоого кайтканда өткөрүшкөн. Эл чогулуп, сый тамак жешип, бата кылышып, "Жер-Суудан" табигый кырсыктан, оорудан, жамандыктан сактоону, арылоону сурашкан. Кийинчереек, исламкелгенде, өлгөндөргө "жаназа" окулуп, "парз" деп беш осуятты аткаруу, "рамазан" деп бир ай орозо тутуу, "айттар" белгилене баштаган.
Кызым, кээ бир башка улуттарга караганда кыргыздардын тарыхта бир чоң жолу болуп, адамзаттын маданиятынын жана экономикасынын өнүгүүсүндөгү эң зор маанилүү болгон Улуу Жибек Жолунун боюнда туруп калышканы жакшы болгон, жана өнүгүүсүнө чоң таасирин  тийгизген. Бул жол, Чыгыш Азиядан Жер Ортолук деңизине чейин жеткен. Кудай берип, ошол жолдун түндүк жак жолунун эки бутагы Ала-Тоону аралап өткөн.
 Бул жол биздин эрага чейин ачылып, бирок, биздин эранын YII - кылымынан  баштап XIII-кылымга чейин эң бир дүркүрөп, эбегейсиз мааниге ээ болгон жылдар болгон. Жолдун боюнда жана айланасында турмуш бейпил болуп өнүгүп, Чынгыз хандын аскерлери келгенге чейин тынч болгон. Ушул кылымдарда Ала-Тоодо цивилизация өркүндөп өскөн, элдери бай болгон.
Кыргыздар малдардын тери, жүнүн кайра иштетишип, ашатып, кийимдерди, кийиздерди сатышкан,  жыгач иштетишип боз үйлөрдүн жасалгаларын, идиштерди, ээрлерди  жасашкан. Темирден  болсо куралдарды, идиш аяк, эмгек аспаптарын жасаганды да билишкен. Алтын күмүштөн кооз жасалгалар, үй буюмдары жасалган.
Көбүнчөсү бул товарлар башка товарларга алмашышкан. Мисалы, кагаз, жибек, материалдарга,  чай, тамеки, күрүч жана башка азыктарга соода кылышкан.
Чынгыз-хандын аскерлери каптап келгенде бай элдер өздөрүнүн байлыктарын таламайдан бекитишип, ошондо көлдүн астына да көп дүнүйө бекитилген дешет. Шаарлар бүлүндүгө алынып, талкаланып, Тамерлан бир кылымдан кийин келгенде өнүккөн цивилизациядан эчтеке калган эмес. Кемелер пайда болуп, Кытайдан Европага каттай баштаганда Улуу жибек Жолу жок болгон.
Анан Орус империясы келди, биягын сен жакшы билесин.
Жүрөгүм эки бөлүнүп тургандай,  дилимден оруска эки ача мамиле болоор эле. Бир жагы жакшы жактары, экинчиси жаман жактары.
Экөө жүрөгүмдүн эки жагында тургансыйт, бири бирине карама каршы болуп. Өмүрүмдө алмак салмак бири бирин жеңип келишти.
Биринчиден, жаман жактарын айтсам, орустардын айынан 1916-жылы "үркүндө" кыргыздардын түндүк жерлериндеги жашагандардын саны жарымынан көпкө азайган.
Жарым падыша (генерал-губернатор) кыргыздар оорудан, ачкадан, октордон кырылып атканда Верныйда (азыркы-Алматы) жыйын өткөрүп, көтөрүлгөн кыргыздарды Кеминден, Чүйдөн, Ыссык-Көлдүн өрөөнүнөн   Нарын уезди уюштурулуп ошол жакка көчүрүлсүн, Пржевальск уездинде бошогон жерлерге орустар айылдары уюштурулуп олтурукташсын, - деп чечим чыгарган. Кудай буюруп, 1917-жылкы революция болуп, падышалык Орусиянын бул чечимдери  аткарылбай калды.
Экинчиден, кыргызды киргиз деп, тарыхыбызды бурмалашты, каалагандай бычышты. Тилибиз да кыйла орусчаланып калды.
Үчүнчүдөн, орустар, арак менен наркотикке кыргызды үйрөттү. Айрыкча, 1960-жылдардан баштап аракты, самогонун тим эле жаш-кары дебей сорушту.
Майрамда да, киши өлгөндө да арак иче башташты. Ушунун айынан канча үй-бүлө урап, канча эчендеген жаштар да ар кандай оорулардан көз жумушту. Канча араккечтерди туугандары уялып, "жүрөгү ооруду, же боору ооруду",- деп жерге беришти. Бул "оору" акыркы убакта өтүп бараткансыйт, бирок, дагы эле аягына чейин эл "айыга" элек. Наркотикке кытай кошуналар да кошулуп үйрөтүштү, кудайга шүгүр, кийин чек ара катуу жабылып, бул дарт азайды.
Жакшы жактарын айтсам, орустар жакшы билим алууга үйрөттү, дүйнөлүк цивилизациянын жетишкендиктерине жеттик, кандай болсо да тилибизди, маданиятыбызды сактап калдык.
- Чоң эне. кыргыздардын кол жазмасы болгонбу, - деп сурап калды Айпери.
- Кыргыздардын кол жазмасы албетте болгон. Канча миңдик саптары бар "Манас" эпосу бар элдин колжазмасы кантип жок болсун. Кайсы бир убактарда кол жазма бир  себептер менен унутулуп жок болгон. Азыр орхон-энисейдик кол жазма кайра калыбына келтирилди дешет. Эми биздин кол жазма ордуна келсе.Мына, мобул аманатта да бирдемке жазылып турат, балким ушулар тамгалар болгондур.  Канча таштарда ар кандай белгилер бар, Саймалуу-ташта, Таштак-Бакта, жана башка жерлерде, балким ошолор кол жазмадыр. Канча оймо,-чиймелер бар, канчасы унутулуп калып, канчасы унутулуп баратат, балким ошолор тамгалардыр. Эми мына орустун тамгалары менен жазабыз. Мейли, ал деле керек, бирок, өзүбүздүн кол жазмабызды табышыбыз керек.
Кыргыздарда "я", "ё", "ю", "х"  тамгалары болгон эмес. Чоң энем да, мен да бул тамгаларды жакшы айта албайбыз. Мисалы, мен орусча "я тебя люблю" дегенди кыргызча "жатып ал уулу" десем силер күлөсүңөр, анткени, тилим жакшы келбейт. 
- Чоң эне сага кыргыздардын кайсы мүнөзү жакпайт, -деп сурап калды Айпери.
- Мен эң жаман көргөнүм, бул кыргыздардын көрө албастыгы. Башка улуттарда ушундай мүнөздүн түрү аз сезилет.  Мен ойлойм, мурда кыргыздар уруу, уруу болуп өзүнчө жашап жүрүшкөндө түптөлүп калган мүнөздүн түрү дейт элем бул көрө албастыкты. Анткени, чектелген жерде, чектелүү уруунун адамдары сууга жакын жакшы, чөп мол жерлерге олтурукташка умтулушкан. Ким мурда ээлеп алса, анан ошого көздөрү түшкөн. Андай жерлерди уруулар бири бири менен да талашышкан. Ошентип атып каныбызга сиңип калганбы, билбейм. Ушул пас мүнөз кыргызда көп.
Айланайыным, эми кыргыздар жалпы байып эле бул калбаса калбайт ко көпкө, - дедим мен.
- Мен эми аманатымды сага тапшырайын, кел күчүгүм, сени кудай менен менин аманатым колдосун, сен аманатымды көзүндүн карегиндей сактасаң, ал сени сактайт, үч күндүн ичинде эми мен аркы дүйнөдөгү ата-бабаларыбызга  кошулайын, деп аманатымды чеберем Айперинин мойнуна илдим.

Айперинин чоң энесинин аманаты жөнүндө аңгемеси

           Айсара чоң энем, ал өзү айткандай үчүнчү күнү эрте менен көз жумду. Айтканы анык болду, буга мен аябай таң калдым. Бул мага табышмактуу да, коркунучтуу бир сыйкыр катары да көрүндү. Ал айтты эле, анын чоң энеси да аманатын бергенден үч күндөн кийин көзү өткөн экен. Бул эмне мистика, мен да аманатымды тапшырсам, үч күндө өлөт экемин да, - деп ойлодум. 
Эмнеге үч күн, ким койгон бул чекти, ким муну башкарат, менден бирөө чоң энемдин аманатын тартып алса, чоң энем айткандай эле болобу, суроолор, суроолор....
Жообун эми чоң энем берген дептерден издейин деп чечтим.
Айсара чоң энем дептерге мындай деп жазыптыр:
- Илгерки заманда, Ала-Тоонун тоолорунун арасында, Туз-Көлдүн түндүк жагында Чуна деген шаар болгон. Жашаган тургундардын басымча көбү кыргыздар болгон, кытайлар, уйгурлар кем учураган. Кыргыздар мал кармашып, жер айдап, бир бөлүгү өткөн кеткен кербендерди тейлеп, ошолорго ар кандай Чунада жасалган товарларды  сатышып же алмаштырышкан. Кербендер өтө катуу суукта эле токтобосо, калган убакта тынымсыз өтүп турушкан. Чунада же бийик, татаал ашууларга чыгаардын алдында кытайга баратканда, же кыйналышып ашып кайра келатканда токтошкон. Ошол убакта Чунада жатаканасы менен тамак-аш иче турган жайлар, тигүүчү жана жүн, териден товарларды жасай турган, темирчилердин, зергерлердин мастерскойлору болгон.   
Чунада чоң мектеп болуп, аны атактуу Айбаш деген акылман, данышман жетектеп, анын окуучулары мугалим болуп иштешкен. Мектепте балдарга жазганды, окуганды. санаганды, жаратылыштын түзүлүшүн, сүрөт тартканды үйрөтүшкөн.  Мектептин имаратын жергиликтүү элдер өздөрү ашар кылып салышкан шаардагы эң узун чоң имарат эле. Башында аз эле окуучу болуп, кийин мектептин аты угула баштап, кошуна шаар, айылдардан элдер балдарын алып келишип окута башташты. Ошого, мектепке улантып жатакана да курушту.
Айбаш жылан жылында төрөлгөнүн айтчу экен:
- Мен менен тең жаштагылар аркы дүйнөгө эбак эле кетишкен, эгерде мен үйлөнүп, балалуу, чакалуу болгонумда менин канча небере, чебере, балким кыбырам да болор беле, быйыл сегиз жолу мүчөл жыл болду, демек мен жагы үч жыл аман болсом жүзгө чыгам, - деп.
 Айбаш кыска бойлуу, аз калган бирин серин чачы менен сакалы аппак болуп, акылдуу кичинекей көздөрү менен тике карап караган киши болуп, ошончо жашка кирсе да, калпагын башынан түшүрбөй түз басчу экен.
Айбаш өзүнүн мектебинин жанында турчу. Чунадагы эң аксакал киши болгондуктан, аны чуналыктар аябай урмат кылышып, "Данышман Айбаш" деп айтышчу. Анын акылмандыгына, данышмандыгына, кичи пейилдигине эл ишенип, чоң баркка татыктуу болгон киши экен.
Туз-Көлдүн эли Айбашты Шамбалада болуп келген жалгыз киши деп, келишип анын акыл-насаатын да угушкан.  Ал жөнүндө уккандар биринчи ишенишпей, бирок, Айбаштын сүйлөгөн сөздөрүн, айткандарын угуп, жасаган жумуштарын көрүшүп анан ишенишкен.
Бир убакта Айбаш, көп жылдар мурда, ал  күтпөгөн жерден беш жылга жоголуп кетет. Башында, элдер аны адатынча бир-эки айга кетип, башка өлкөлөрдөн китеп, жаңы билимдерди алып келгени кетти деп ойлошкон. Бул жолу жоголгондо, Айбашты оорудан, же бирөөнүн колунан өлүп калган го деп ойлошкон.
Айлар өтүп, жылдар өтүп туптуура так беш жыл өткөндө, ошол Чунадан кеткен күнү Айбаш Чунада пайда болду. Кийими да, ошол беш жыл мурда кийген кийими боюнча. Беш мүнөткө бир жакка чыгып келгендей, камаарабай, беш жылга жоголгонун сезбегендей, эч нерсе өзгөрбөгөндөй чыга келиптир Айбаш.
Аны көргөн эл, Айбаш карымак турсун кайра он, он беш жылга жашарып,  жаш баладай шыпылдап басып калганын көрүштү. Элдер таң  калышып, бардыгы, Айбаш келиптир деген кабарды укканда жаап келишип, анын ал жайын сурашып калышканда Айбаш өзүнүн таржымалын элге айтып бериптир.....
                  Чуналык данышман Айбаштын таржымалы

- Мен ошондо жетимиштин кырын ашып калгам, турмуштун ачуусун жана  таттуусун баштан өткөрүп, бейпилдик жашоону, ырайымсыз катуу согуштарды көрүп, кербендер менен дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, көп тилди, көп элдин маданиятын үйрөнүп, дүйнөдөгү болгон билим менен илимди өздөштүрүп, акыл эсим толуп турган убак. Өмүр бою эч кимге катуу сөз айтпай, таарынтпай, көңүлүн оорутпай келдим. Улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлап, бирөөгө жамандык кылганым жок. Алдабай чын сүйлөп,  элим, жерим үчүн көп талаш-тартышка катыштым. Байлардын байлыгына көз артпай, кыйналганга өбөк болуп, колумдан келген жардамымды аябадым. Кудайга ишенип, жаратылыш менен жумурулуп жашап, ар бир жашоодогу күнүмө кудайга тообо кылып өттүм. Ыйык жерлерге зиярат кылып, Үч-Сүмөр менен Кайласка барып келдим.
Мен бир жолу Индияга барып, эски бир шаарда, көчөдө эле бир китеп окуп олтурган акылман карыяга жолугуп калдым. Мага ал карыя өзүнүн турмуш философиясын айтып берип, акыл-насаатын айтты:
- Балам,  сен мобул китепти окуп чыккын, анан мен айтканды аткарсаң өмүр бою, анда сага  Шамбаланын эшиги ачылып, кийин элиңе да Шамбалага барганга эмне кылышты үйрөтөсүн, - деди.
Анын айтуусу боюнча, мен ошондо, ал акылман карыя эмне десе, кандай кыйынчылыкты көрсөм дагы, ошол карыянын осуяттарын өмүр бою аткарганга ант бергем.
Анан, биз кечке сүйлөшүп олтурдук. Эртеси ал шаардан кете турган болуп, акылман карыяга кош айтайын деп, аны олтурган жеринен кана эмес, шаар бою таппай койдум. Эң кызыгы, ал карыяны ошол көчөдө жашаган элдер көрбөптүр.
Мен мурдатан угуп калчы элем, эгерде ким өзүн кудай алдында таза алып жүрүп,  ыйык жерлерге зиярат кылып, акыл-ой мүдөөлөрү таза болуп, акыл-эс байлыгы толо болсо Шамбала жыргалчылык, ыракат дүйнөсүнө жол ачылып барып келет деп.
Индияда мен көргөн акылмандын осуяттарын аткарганга чын-дилимден аракет кылдым. Эрте менен тургандан баштап кечке чейин эмне кылсам, ошону кудай көрүп баа берет деп, ак жумуштарды жасадым. Акыл эсим да  ошол карыянын айткан насааттарын дайыма эсиме салып турду, туура жолго колдоп. Эч тажабай окудум көп нерсени, билгенимди башкаларга үйрөттүм. Ошол жөнөкөй эле осуяттардан чыкпай, башка динге, же агымдарга кошулганым да жок.  Шамбалага барып көрүү үчүн ушуларды жасайм деп ойлогон жокмун.
 Бир күнү эрте менен күтүлбөгөн ажайып сыйкырдуу окуя болду. Мен адатымча күн чыкканга чейин төшөктөн туруп, кийинип, жуунуп, анан короого чыгып күндөгүдөй күндүн чыкканын карап, кудайга ушул кут кылган күнүнө ыраазычылыгымды айтып, жашоонун кереметине сүйүнүп тургам.
Кайдандыр бир алдыман катуу жарык көзүмө уруп, эч нерсе көрүнбөй калды. Каяктан бир катуу күч мени жогору карап көтөрүп бир жакка алып учкандай болуп жөнөдү. Өзүм тим эле оор болуп, жүрөгүм оозума келип, сүйлөгөнгө чамам келбей, көзүмө эчтеке көрүнбөй учуп эле бараткансыдым. 
Аңгыча, арадан канча убакыт өткөнүн да билбей калдым, көзүмө бийик тоонун алдында кичинекей эшик ачылып, ошол эшикке шуу кирип кеттим учкан бойдон. Киргенде эле, өзүм бүт денем жеңил болуп, мээмде эч ой жок болуп калды окшойт. Мээмдеги акыл-эсти, ойлорду бирөө өчүрүп салгандай болду. Денем жыргап эле, эчтекени сезбей турду. Бир саамдан кийин көзүмө
Таптаза горизонт ачылып, мурдума бир гүлдүн жытына окшогон жыты бар аба урду да, жепжеңил шарга окшоп жерге конуп бутум тийгендей болду.
Мына ошондо кана шаарды, адамдарды көрдүм. Мени карап жаныма бир топ эркек-аялдар келип калышты. Эркектери ак кийип, аялдары сары кийим кийип алышыптыр, буттарында жеңил сандалийлер, оп-окшош. 
Эски тибет тилине окшогон тилде бири бири менен сүйлөшүп атыптыр. Анткени, мен Тибетке  барганда, ошол жердеги карыя монахтар менен жашап. монастырда эски тибет тилин үйрөнүп алдым эле бир аз.
Узун бойлуу, кебетеси ошол мен Индияда көргөн акылман карыянын жаш чагына окшогону саламдашып мындай деди:
- Куш келипсиз Шамбала дүйнөсүнө, биздин урматтуу Тандоладан (Жер планетасынын аты окшойт)   келген мейманыбыз, - деди ийкенип.
Ошондо мен түшүндүм, мен кайда келгенимди. Өмүр бою көктөгөн Шамбалага келип калганыма таң калдым.
Эсиме, Индиялык акылмандын айткан сөздөрү түштү:
- Сүйүүнүн, эмгектин, кудайга ишенгендин жолу алып барат. Жүрөгүң, акылың туура жолдо болсун. Эч качан толук рухий өсүштүн төбөсүнө, түбүнө жетпейсин, бирок, ошого умтулгун, күжүрмөн эмгегиң, ак жүрөгүң, кудайга ишенген акыл эсиң, сүйүүң болсун, жер кыдырып, ааламда Шамбаланы таппайсын, кудай өзү каалаган күнү анын ичине кантип киргениңди билбей каласын, - деп айтканы.
 - Биз азыр сизге Шамбаланы көрсөтүп коёлу, анан биздин данышмандар сизге Шамбаланын белгисин тапшырып койгула деген, анан кайра Тандолага кайтасыз, - деди кайра эле узуну.
Менден бир ооз сөз чыкпады, аракет кылсам да. Анан, бир көпөлөккө окшогон немеге олтурдук да учуп жөнөдүк. Сонун жумшак жел согуп, тоолор, үйлөр,  жапжашыл, кыпкызыл, ар кандай кочкул сонун түрлүү жапыс келген өсүмдүктөр, үстүнөн тумандай  болгон түтүн бааскан суулар, өмүрүмдө корбөгөн кызык жаныбарлар көзүмө көрүндү.
Биз жапыз учкандыктан, биз менен барабар бийиктикте, анан жогорураакта толгон эле биздикине окшогон көпөлөктөрдө элдер ары бери учуп жүрүшүптүр. Шамбалада киши аз экен, ар кайсы жерде үнү катуу чыкпаган жагымдуу музыка угулуп турду, жаным жай алып, көңүлүм тынч болуп, өзүнчө эле жыргап аттым. Мындай сезимди айтып бергенге да сөз таба албай жатам. Аны адам өңүндө көрүп сезбесе, айтканда андайды түшүндө көрсө да айтып бере албайт.  Бул ажайып керемет дүйнөнү эч элестетиш да кыйын. Адам билген жыргалдын бардыгын чогултуп койсо да буга жетпейт ко.
Өтө чоң деле эмес окшойт Шамбала, тез эле кайра кондук. Биз Шамбаланын жүрөгү Калапа шаарына келиппиз. Учуп келатканда байкадым шаарча тегерек формада экен. Шаардын жанында ыйык чоң көл бар. Ортосунда чоң сарай жайгашып, аны да эки жагынан көл курчап турат.  Түшкөндөн кийин, мен Шамбала жөнүндө сурайын деп умтулуп, аракет кылсам, эч нерсе айта албадым. Ошол ой келгенине сүйүндүм. 
Алар да мени көрүп түшүнүштү окшойт, бирдемке деп айтайын деп атканымды.
- Сиз чын эле Шамбаладасыз, азыр сизге биздин бир белгибизди беребиз, мына бул медальонго окшогон. Бул жөнөкөй белги эмес, беттеринде биздин символ бар, анан четинде "Шамбала" деп жазылып турат, анан бул белгинин кожоюнун биздин ыйык дүйнөбүздүн ээлери колдойт. Бул белги сыйкырдуу касиеттерге ээ болот кийин сиз өзүңүз турган жерге кайтканда. Сиз ал дүйнө менен коштошоорго үч күн калганда сизге айтылат, анан сиз бул белгини жакшы сактай турганга ишенген кызыңызга, же небереңизге, чебереңизгеби аманат кылып тапшырасыз, эгерде бул эрежелер бузулса ал сыйкыр касиеттерин жоготот. Эгерде кандайдыр себеп менен белгини бергенге үлгүрбөй калсаңыз, анда бир күндүн ичинде белги ошол берем деген кишиңизге тиет.  Бул белгини кыйнап тартып алган киши бир күндүн ичинде кайра бербесе , анда ал кишинин тагдырын белгинин ээлери чечет. Көбүнчө ал киши башка дүйнөгө кетет. Белгинин жаңы кожоюндары Шамбалага келишке аракет кылыш керек. Ким ошол Шамбалага келем деп аракет кылып, эрежелерин такай аткарса, анда ошол белгинин кожоюнуна, анан өмүрүнө коркунуч болгондо   жардам берилип кеңеш айтылат. Кокустан белги жоголуп кетсе да бир күндүн ичинде кожоюнуна кайтып келет. Белги кожоюндун өзүндө дайыма ала жүрсө, кожоюндун өзүнө жакшы болот. Бул белгини, эгерде өтө эле өмүрүңүзгө коркунуч болгондо кана бирөөгө көрсөтүп же бербесеңиз, башка учурларда көрсөтпөш керек, анткени сыйкыр касиеттери азайып, же такыр жоголушу мүмкүн. Эгерде Шамбалага келип кеткен кишиде болсо бул белги, анда ошол кожоюн да сыйкыр касиеттерге ээ болот.
и опасности для жизни не показывать медальон никому. Аларды сиз өзүңүз кийин билесиз жана сезесиз.
Ошентип, тигил узун киши мойнума белгини илип койду.
- Дайыма көкүрөгүңүздөн бул белги түшпөсүн, буюрса биз менен сиз кошо жашаган элдердин жүрөктөрү, акыл-ою бириге турган күн келеер.  Дайыма сизди Шамбаланын ээлери колдоп турсун, сиз барып ээрчите турган, үйрөтө турган адамдар да келишеер, - деди.
Анан, эки колун жайып бийик көтөрдү, тургандар бүт ошондой кылып колдорун көтөргөндө, Чунада мени көтөргөн күч кайра пайда болду, мен көтөрүлүп учуп жөнөдүм, башым ооруп, бирөө эле башымы кайра алмаштыргандай болду, өзүм өткөн эшик кайра ачылып, өз үйүмө кайтып келдим.   
Акыл-эсим кайра ордуна келди окшойт, анткени бүт мурунку нерселер дароо көз алдыма келди, үйүм, мектебим, Чуна, жана башкалар....
Бир байкаган жерим, мээм, акыл-эсим тез иштегендей болуп калды. Кыймылым да тездегендей болду, бат бат кыймылдап колдорум да, буттарым да.
Үйүм жабык экенине таң калдым, мен жаппай эле кеткеним эсимде. Илинген кулпу эскириптир, дат басып. Короону чөп басып кетиптир. Мен Шамбалага кирип эле кайра тез эле чыгып, бир ирмем түшүмө киргендей эле болду. Шамбалада кимдерге жолугуп, эмне көргөнүм элеске даана келбей, адамдардын силуэттери жана имараттардын чоңдуктары эле көрүндү. 
Сулуу жаратылыш экени эсимде, бирок, аны сүрөттөгөнгө да даана элестей албай аттым.
Эмне кылышты билбей, туруп ойлонуп калдым. Кошунам Нарбекти эстеп, барып ошондон сурайын деп чечтим. Нарбек менден кичүү эле, үйүндө керамикадан идиш чыгарган мастерскою бар эле.  Кудай жалгап үйүндө экен.
- О-ой, ким келатат, данышман Айбашпы, же анын арбагыбы, - деп жумушун таштап сүйүнгөн бойдон мени утурлап басты Нарбек.
- Ии, кандай, эмне эле кыйкырасын, - дедим мен.
- Ай кайдан, теги амансынбы, дүйнөнүн кайсы бурчунда кармалып калдың мынча, жаш индуска аял алып, ошол Индияда кармап калган го, - деди ал саламдашып.
- Кайдагы индуска, - дедим мен.
- Сени эми карып калды, келбейт деп жүрсө, бул киши жашарып болбойт, араң тааныдым, менден да жаш болуп калгансың го, кайда бардың, мен да барайын, - деди Нарбек.
- Мен бир саамга бир жерге барып эле кайттым, - дедим.
- Ай ата десе, беш жылга жоголуп кеттиң го, сени өлдү го деп, эми кайтпайт, үйүн бирөөгө берели мектепте иштеген деп атышпады беле, - деди алю
- Кайдагы беш жыл, жөн сүйлөсөң ай, мен бир саатка кетсем эмне балээ болгон, короону чөп басып, - деп таң калдым кайра мен.
 - Апеей, ай данышманым сага эмне жин тийген, убакытты эсептегенди билбей калгансынбы, сен кеткенде канчанчы жыл эле, азыр кайсы жыл, - деди Нарбек таң калып.
- Билбей анан, азыр жолборс жылы,  - дедим мен.
-  Ай, ооруп калган жоксунбу, азыр короз жылы, жолборс жылы өткөнүнө беш жыл болду, асмандан түштүңбү, - деп күлдү ал.
Мен ойлонуп калдым: "Кайда бардым, тез эле болгондой болду эле, бир күн толугу менен деле болгон жокмун, бул эмне беш жыл деп атат", -деп.
- И анан амансыңарбы, - дедим мен.
- Биз турабыз, сен өзүң Индияны айтып бер, кандай ал жакта, ай сен аял алганың сага жакшы болуптур, аялың да келдиби, өлөйүн, аябай жашарыпсын, - деди күлүп Нарбек.
- Сен анан келчи, мен айтып берем, - деп үйгө карай жөнөдүм.
Ушунча көп убакыт болдумбу, олтуруп ойлонуп калдым. Анан мен эстей баштадым, туура, мен башка дүйнөдө болдум, ал жакта башкача убакыт өтөт, аларда мен болгон убакыт, жердеги беш жылга тете болот экен. Эми түшүнүктүү болду. Индияда жүрдү деп ойлоп атышкан турбайбы.
Үйүмдүн кулпусун жулуп алып үйүмө кирдим. Бирөөлөр мен жокто биякта болгону көрүнүп турду, анткени менин буюмдарым, китептерим башкача жерлерден орун алып калыптыр. Эч нерсе жоголбогондой, башкысы, китептерим ордунда экен.
Анан Нарбек келди, көрүп:
- Мен кыздарды айтайын, биякты жыйыштырышып тазалап беришсин, - деди.
- Ой өзүм эле жасап алам, андан көрө биякка олтур, мен айтып берейин, - дедим.
- Ии, Индия аябай кызык, эмне аялың келбептир да, - деди Нарбек.
Шашпай мен кайда жоголуп, эмне көрүп келгеними айтып бердим кыскача, оозун ачып угуп олтурду ал.
- Бул эмне деген жомок, же чын эле ушундай болдубу, ооба, мен да укчумун Шамбала деп, данышман Айбашка анын эшиги ачылды бекен чын эле, тигил белгисин көрсө болбойт экен да, - деп ишенбей карап калды мени.
- Эми колуңа бербейм, бирок, мындай көрсө болот, - дедим да Шамбаланын белгисин көрсөттүм.
- Ой тообо, чын эле башкача экен, балким Индиядан алып келдиң го, тигил эшик кайсы тоодо экенин эстеп калган жоксунбу, - деп дагы эле ишенбей атты Нарбек.
- Эстеп калган жокмун, бардыгы көз ачып жумгуча болду, башым ооруп, ичиндеги мээм чыгып кеткендей эле болду, - дедим мен.
- Мен уккан элем, кээ бир адамдар, үйүр малдар жоголуп табылбай калганын, балким ошолор да өтүп кетишкендир ошол дүйнөгө, - деди Нарбек.
- Мен да мурда ар кандай уламыштарды уккан элем, ошондой жоголуп кетип кийин көп жылдардан кийин пайда болгон кишилер жөнүндө,  мисалы, илгери бир мергеенчи болгон экен. Ал бир жолу адаттагыдай таштуу тоолордо жапайы жаныбарлардын артынан жүрүп музыканын үнүн угуп калат,  анан, ошол музыканын артынан жылаңач аскалардын кууш бир жеринен өтүп бир жаткан кеңири жапжашыл, кээ жерлери кызыл тазыл жайык өрөөнгө чыгат. Ошол жерде чоң сарай бар экен, элдери жыргап жашап, бардыгы жетиштүү болуп, ырахат ала турган жер экен.
Мергенчи, кайра тартып, жашаган жериме барып, бала-чакамы алып келип, ушул жакта жашайын деп ойлойт. Тапкан эшикке бут кийимин, мылтыгын белги кылып илип шашып кайтат. Үй-бүлөсүн алып кайра келгенде, ал киши чыгып өткүс зоонун астында  бут кийими, мылтыгын таап, мурдагы кирген эшик жоголуп кетет.
Дагы ушуга окшогон уламышта, бир мергенчи чоң сулуу эликти кууп жете албай артынан кууганда, элик бир тар жырыкка кирип кетет. Жаасын таштап, ошол аскадагы жырыктан кирсе,  башкача эле бир ажайып дүйнөгө кирген имиш. Суунун ордуна сүт агып, тамак-аш толтура, жаратылышы ушунчалык кооз жер дүйнө экен. Ал дагы, үй-бүлөм менен келейин, жакын эле экен деп, жырыккак бир белги коюп, анан кайра келип ал жерди,  белгини да таппай калат.
Ушундай уламыштар, жомоктор толтура Шамбала жөнүндө, - дедим мен.
- Демек, эч ким билбейт экен да, Шамбала кайсы жерде экенин, - деп сурады таң калып Нарбек.
- Ооба, азырынча эч ким билбейт,  ал жерде өзүнчө убакыт өлчөмү бар, ал башка түбөлүк жашоо бар дүйнө, - дедим мен.
- Ошого жашарып калыпсын да, эми түшүндүм, - деди Нарбек.
- Кудай жер адамдарынын арасынан, эң бир рухий дүйнөсү таза жана бийик адамдарды кана тандап Шамбаланы,  ошол жыргалчылык, ыракат дүйнөнү көрсөтөт окшойт. Ал дүйнөдө болгондорду башка элдерди да ошол  дүйнөгө жеткенди   үйрөтсүн деп,  дагы башка жогору рухий илим, билимди акылына киргизет окшойт. 
Жанагы магиттин да эң жакшы тарта турган жери бардай, ошол кээ бир тоолуу жерлерде да ошол Шамбала дүйнөсүнө эшик бар болот окшойт. Мен эми  адамдарды, кантип Шамбалага жетсе болоорун айтып үйрөтүшүм керек, азыр менин жашоодогу вазыйпам ушул, - дедим мен.
- О-о данышман Айбаш, мен сенин биринчи окуучуң болоюн, - деди Нарбек. - - Менин мектебим жайындабы, -  дедим мектебимди эстеп.
- Мектебиң бар шүгүр, бирок, көп мугалимдер кетип калып, азыр Эрбол Кашкар менен дагы эки-үчөө эле калды окшойт, - деди Нарбек.
- Мен анда эс алайын, - дедим мен.
- Мен анан эртең келейин, - деп Нарбек кетти.
Оюма Шамбаланын белгиси түшүп, аны мойнуман алып чыгып, биринчи жолу шашпай карап көрөйүн дедим. Белги медальонго окшоп турду, бир жак бети ачык күрөң түс болсо экинчи жагы андан кочкулураак экен. Бир   жагына  свастикага окшогон сүрөт чегилиптир.  Экинчи жагында  күндүн ортосунда үч бурчтук тоого окшогон сүрөт, үч бурчтуктун ичинде көзгө окшогон сүрөт бар экен. Бирок, ошолордун үстүнөн жанагы свастика чегилип даана көрүнүп калыптыр. Четтеринде белгисиз бир символдор жазылыптыр тегерете. Материалы болсо алтынга да, күмүшкө да, колого да окшободу.
 Чунада жаңылык тез тарайт эле. Мен антип, минтип эртеси мектепке баргыча, Нарбек айтканбы, көп эл мени күтүп чогулуп калышыптыр.
Баса, эрте менен сыйкырдуу, табышмактуу бир окуя болду. Адатымча, эрте менен таң атып келатканда эшикке чыгып кудайга, Шамбалага ыраазычылыгымды билгизип келейин деп күңүрт убакта турайын десем, бөлмөнүн бурчтарындагы шамдар өздөрү эле күйүп калса болобу, жапжарык болуп. Мен Шамбаладагы узун кишинин айтканын эстеп кеттим.
Дагы кандай сыйкыр болот болду экен деп ойлонуп калдым.
Эртеси мектепке келген окуучуларымды, башка кишилерди да эч ким чакырбаптыр, бардыгынын түшүнө мен кирипмин да, мектепке чакырыпмын.
Көбү ишенбей, бири биринен сурап, таң калышып, мени көргөндө биринчи суроо ошол болду:
- Бардыгыбыздын түшүбүзгө бирдей кирип, чын эле келипсиз, муну кантип түшүнсө болот, - дешип таң калышты.
Мен ичимен билдим, бул сыйкырдуу табышмактардын себебин.
Келгендер менен жылуу учурашып, ал жай сурашып, анан, мен беш жыл кайда, кантип жоголуп, кайра кантип келгенимди айтып бердим.
Мен Шамбаладан келгенден бери өзүмү өтө жаш сезип, аң-сезимим дүйнөнү башкача терең кабыл алып калганын, анан, кандайдыр бир сыйкырдуу окуялар болуп жатканын айтып бердим. Келгендер Шамбала жөнүндө аябай кызыгып сурашып, мага ишенип ишенбей атышты.
Эртеси мектепке Шамбаланын эшиги ачылганга адам кандай аракеттерди жасаш керек экенин болжол менен жазып алып келип илдим:
- Шамбалага улутуна, ишенген динине, эмне жумуш кылганына, күч-кубатына, байлыгына, жашына карабай ар бир жаран барып калышы мүмкүн
- Кудайга дайыма ишенгендер
- Шамбаланы издеп башка жерлерге баруунун кажети жок
- Дайыма айланаңдагы жаратылышка, адамдарга мээримдүү мамиле кыл
- Дайыма илими, билимиңи, аң-сезимиңди өркүндөт
- Адам затына терс көрүнүштөр менен ларга үлгү, жакшылык, мээримдүүлүк көрсөтүп күрөш
- Билбегениңди талыкпай үйрөн, билгениңди башкаларга үйрөт
- Көрө албастыкты, мактанышты, жаман сөз сүйлөгөндү ташта
- Карыны урматтап, жашты сыйла
- Даймы рухий, физикалык дүйнөң таза болсун
- Дайыма Шамбаланы эстеп, анын дүйнөсүн билип, ошого барганга үмүт кылып умтул
- Ыйык жерлерге зиярат кыл, аркы дүйнөгө кеткендердин арбагын сыйла
Ушуларга окшогон дагы көп шарттарды жазып мектептин алдына илип койдум.
Анан, мугалимдерден, окуучулардан сурадым:
- Мен жокто кандай болду окуу мектепте, - деп.
Бардыгы Эрбол Кашкарды карап калышты.
- Сизден жашырганда эмне, башында жакшы эле болуп, окуу үзүлбөй өтүп келатты, экинчи жылы эле бир көйгөйлөр башталды. Биздеги Сандыбай бир күнү мугалимдерге, "эми Айбаш жок болду, ал бизди таштады, мектептин жаңы башчысын шайлап алалы,, ", - деп сунуш кылды. Чынында, айдан ай өтүп, сиздин кайтышыңызга көбү күмөн санай баштады. Ким башчы болот деп будуң- чаң көтөрүп Сандыбай башчы болууга аракет кылып каяктагы жаман ыкмаларды, ушактарды колдонду. Эл аны жактырбай, аягында мени шайлап алышты. Дагы убакыт өткөндөн кийин, сиздин үйүңүздү алам деп аракет кылды. Анда да, биз, кое туралы, балким келип калаар, же өлүк, же тирүү экенин билейли дедик.  Кийин болсо, ал сизди бир индиялык аялга үйлөнүп Индияда жашап калыптыр, эми келбейт экен деген миш-миш таратты.
Кызыгы, сиздин келгениңизди укканбы, Сандыбай түп-тамыры менен жоголду. Анан, тигүүчүлүк, жүн ашатуу боюнча үйрөткөнгө топторду ачтык, - деди Эрбол Кашкар.
- Эми Сандыбайды көрүшкөндө сүйлөшөөрбүз, жакшы туура жолго түшөөр, - дедим.
Сандыбайды ал Кытайдан өзүм алып келгем. Ошондо мен мектепке балдарды жаңыдан тартып үйрөтүп аткан убак эле. Экөөбүз бири бирибизге жардам берип, жөлөк болуп көп жыл бирге жүрдүк. Ал эсепти, жылдыздарды, жаратылыш танууну жакшы билет эле. Менден бир он жаштан көп кичүү болуп, мүнөзү чорт, көрө албастыгы, көктүгү бар эле. Эрбол Кашкар келгенде, эмнегедир аны көрө албай баштады Сандыбай. Экөө чатакташа кеткен күндөр да болду.
Мектепти окуучулардын ата-энелеринин жардамы менен тургузуп, мугалимдердин маянасы төлөнүп, мектепке керектүү нерселер жасалып сатылып алынган. Биз дагы колубуздан келишинче ошол жардам берген ишкер, соодагерлерге да кол-кабыш кылат элек.
Ошол убакта чунада Лю деген кытайдын темир устаканасы бар эле, анда кыргыздар да иштеген. Лю Кытайдан келгенине көп жыл болуп, ал кыргызча сүйлөп, үй-бүлөсү менен турган. Башка кытайларга окшобой, бою бийик болуп, сөөктүү, чоң киши болгон. Ал өзү да күлүп калчу экен, "ушул канымда кыргыз бар го", - деп. Жашы кырктан ашып, чачы бир аз агарып, акылдуу киши болгон. Көп өлкөлөрдү кыдырып, биягы Чыгыш Кытай, тиягы Сирияга чейин барып, темир иштетүүнү, зергерликти үйрөнүп жакшы уста болгон. Чунада ким темирден, алтындан, күмүштөн бир нерсе жасаткысы келсе Люга келишкен. Аттын жабдыктарын, курал-жаракты, кооздук буюмдарды, идиш-аякты да Люнун устаканасынан жасатып, же сатып алып кетишкен. Айрыкча, соодагерлердин кербендери үзүлчү эмес.
Люнун устаканасында Чоно, Шорук деген эки кыргыз жигит иштеген. Жаштары жыйырмага чукулдап, Чоно бою бийигиреек, кара-тору, көздөрү бакырайган сулуу жигит, Шорук келбеттүү, бети моңголдордой болуп тегерек, 
мүнөзү албуут жигит болгон экен. Экөө тең жашы өткөнүнө карабай, мурда окубай калгандыктан бош убакытта мектепке барып сабаттарын жоюп атышыптыр.  Чоно кичинесинен жетим калып, туугандарыныкында өсүп, Шоруктун ата-энеси мал кармашчу.
Лю бул эки жигитке темир устачылыктын, чеберликтин өнөрүн үйрөтүп, дайыма  акыл-насаатын айтчу:
- Мендей силерге эч ким үйрөтпөйт, акыл-эсиңер, денсоолугуңар турганда окугула, иштегиле, мээңерге куйгула, колуңарды машыктыргыла, ошентип адам болосуңар, - деп айтчу.
Темир устанын жумушу өтө оор болгон. Темир эритип күйгөн оттон устаканын ичи ыссык, кээде түтүн да каптап турчу. Айрыкча, жоокерлердин курал-жарактарын жасаганда жумуш көбөйгөн. Күнү-түнү жумуш токтобой, Лю жумушчуларды жалдап, көздөрү кызарып уйкудан калып устаканадан чыкчу эмес.  Кербендердин арабаларына дөңгөлөктөрүн, жабдыктарын да көп жасашат эле. Устакананын төр жагында атайын өзүнчө бөлмөдө зергерлик буюмдарды, атайын кооздолгон идиш-аяктарды Лю өзү жасачу. Ал бөлмөгө эч ким кире алчу эмес, Люнун уруксаты менен кана кире алышчу. Ал бөлмөдө темир эшиги болуп, ичинде элдер алып келген алтын, күмүш да сакталат эле. Ошол алтын, күмүштөн ким эмнени кааласа, ошону атайын өзүнчө,башка бирөөнүкүнө окшоштурбай жасаганга аракет кылган. Чоно канча суранса да Лю аны ал бөлмөгө жолотпой, сырларын айтпай жүрдү.
Бир жолу Лю катуу ооруп калып, ошондон кийин ал Чонону чакырып, акырын өзүнүн чебердик сырларын ага үйрөтө баштады.
 - Сен мен айткандын бардыгын зерикпей, шашпай жазып алгының, эч кимге көрсөтпөгүн, - деп Лю Чоного айтчу.
- Мен устатым эмне десе ошондой кылам, - деп сөз берди Чоно.
Ооруп, жумушка келбей калган күндөрү Лю Чоного зергер бөлмөнүн ачкычын берип, акырын аны жалгыз иштегенге көндүрдү.
- Ачкычты Шорукка бербегин, аны киргизсең да жалгыз таштабагын, - деди Лю.
 Башында оңоюраак буюмдарды жасап, Люнун айткан жолдору, тартиби менен, кийин кыйыныраактарына өтүп. Люнун көзөмөлү, үйрөткөн насааттары менен жакшы чеберликти өздөштүрдү. Шорук болсо, Чононун зергерлик өнөрүн көрө албай, көп жерде Чоно жөнүндө жакшы эмес сөздөрдү айтып, дайыма дос болуп жүрүп, эми алыстай баштады. Люнун көзү өткөндөн кийин такыр эле жакшы мамилелери бузулду.
Бир күнү Люну издеп кытайлар келишти. Люну үйүнөн табышып, анан шаардын четинде канжар менен сайгылап аны өлтүрүп кетишиптир. Көп убакыт өтпөй Люнун аялы уулу менен Кытайга кетишти. Кетееринин алдында Люнун аялы Чоного устакананы тапшырып, Люнун керезин айтып кетти. Көрсө Чонону Лю, уулу чоңойгонго чейин устакананы иштетип үзүрүн көрүп, уулу келгенде кайра өткөрүп берүүсүн сураныптыр. 
Ошол эле учурда Чунада Доку деген бай киши жашаптыр. Анын сан жеткис малдары, жылкылары болуп, шаарда сандаган устаканалары, жүн, тери иштеткен, кийим тиккен ишканалары, мейманкана, ашканалары болгон. Анын көп аялы, балдары болгон экен. Көп кыздарынын ичинен Айпара атту кызы сулуу, бойлуу,акылдуу болчу. Айпара Докунун жалгыз кызы эле окууга мектепке барган. Ал Докунун эң жакшы көргөн, эрке кызы эле. Айпара кана Докуга китеп окуп берген. Докуга көп байлардан жуучу келсе да, Айпарага жакпаса макул болбой койгон.
Чоно көп укчу, Айпара жөнүндө, бирок, бир да жолу көзмө көз жолуга элек эле. Бир жолу мектептин оозунда экөө сүзүшүп калганда, Чоно Айпаранын сулуулугуна суктанып, көпкө артынан карап калды. Эмнегедир, жумуш бүтөөрү менен мектепке чуркай турган болду. Акырындап, Айпара качан мектепте болоорун билди. Бир күнү Айбаш Чонону балдарга темир устакананы көрсөтүп, темирди кантип иштеткенди, кантип буюмдар жасалаарын айтып бергенди суранды. Келген окуучулардын арасында Айпара да бар болчу. Ал Чонодон айрыкча кооз буюмдарды кантип жасаганды сурады. Ал Айпарага бүт жасоо жолдорун, бул кыйын эмгек көп убакыт алаарын, чеберчилик өнөр керек болоорун айтып берди. Ошентип, Чоно менен Айпара бара бара жолугушуп, жакшы мамиледе болуп калышты.
Айбаш Чонону өзүнүн баласындай аябай жакшы көрчү. Кээде Чоно да Айбаш менен калып калат эле. Ошол күндөрдү Чоно аябай жакшы көрөт эле, анткени, Айбаш көп кызык нерселерди, Шамбала жөнүндө  айтып берчү.
Экөө кудайдын берген күнү жолугуп турушкан.
Чононун сар-санаага батып көп ойлоно баштаганын көрүп сурап калдым:
- Сага эмне болду уулум, бир нерсе жүрөгүңдү өйкөп аткан окшойт, ооруп калган жоксунбу теги, - деп.
- Жакшы элемин, - деди Чоно.
- Сен менден бир нерсе жашырып аткандай болуп атасын, ии, билдим, бирөөнү сүйүп калган окшойсун, - дедим.
- Сиз туура айтасыз,кайдан көрүп койдуңуз, Докунун кызы Айпараны көргөндөн бери тынчым жок,- деди Чоно.
- Эми чоң жигит болдуң, Айпара жакшы, акылдуу кыз, - дедим.
- Бирок, тилекке каршы, мен ага эч качан жете албайм го, Доку аны байлардын балдарына эле бербесе, - деди капа болуп Чоно.
- Башка кыздарын ошентиши мүмкүн,бирок, Айпара өзү сүйгөн жигитке кана тиет, мен көрүп турам кандай кыз экенин, андан көрө, сен сүйгөнүңө жеткенге аракет кыл, - дедим.
Ошондон кийин Чоно Айпарадан калбай, экөө дайыма эле бирге жүрүп калышты. Айпарага да Чоно жакты. Айрыкча анын билимдүүлүгү, чебердиги, кол өнөрчүлүгү аны таң калтырат эле.  Чоно Докуга көрүнбөй жүрдү Айпара менен.
Бир жолу  Айпараны үйүнө узатып баратканда ал сураптыр:
- Силердин кытай устатыңарды ким өлтүргөн, - деп.
- Аны мурда иштешип жүргөндөрү өлтүрдү дешет, кыргыздарга темир. алтын иштетүүнүн сырларын айтып койгону үчүн деп, балким бул чындыр, - дептир Чоно.
 - Кызык, ошол үчүн бекен, - деп таң калды Айпара.
Айпара менен Чононун дос болгонун Шорук да байкап, кантип экөөнүн ортосуна өрт коюну ойлоптур. Шорукка Айпара мурда эле жагып, ал ага канча жолу кат жазып, бирок, Айпара жооп бербей жүргөн.
Чоного эчтеке деп айтпай, бир күнү Докуга жолугуп, Чоно анын кызы менен сүйүшүп жүрүшкөнүн, мектепте өздөрүнчө калып жүрүшөт, - деп айтып барыптыр. Доку болсо, кызы менен сүйлөшүп, өзүнөн угайын, - деди.
Чунада элдер Сандыбайдын жоголгонуна таң калышты.
- Мектептен бир Айбаш жоголот, эми Сандыбай жоголду, -деп күлүп атышты.
Сандыбай болсо туптуура өзүнүн таякелеринин айылына барып, ошол жердеги чоң каракчы таякеси Жорого жолукканы келди. Жоро ары-бери өткөн кербендерди тоноп, байлык чогултуп, кол астында баш кесер желдеттери да бар эле.
- Чунанын данышманымын деген Айбаш пайда болуп, элдердин мээсин каяктагы болбогон Шамбала менен чайкап атат, элдин бардыгын өзүнө окшотуп, Шамбала деп эле сүйлөй турган макулукка айланткысы бар, мен тура албай калдым Чунада да, мектепте да, ошонун көзүн тазалап бербесең ээ-жаа бербей атат, эл сага ырахматын айтат, - деп Жорону алдады.
Жоро дароо желдеттерине буйуртма бериптир, "мага ошол кыйын Айбаштын башын алып келгиле", - деп. 
Сандыбай Айбашты өлтүртүп, мектепти колго алып, Эрбол Кашкарды да кийин жоготом деп ойлогон. Ал Шамбаланы жомок, мээси айныган адамдын ойлору деп эсептеген. 
 Чоно болсо мага  Шорук жөнүндө айтып берди:
- Акыркы убакта мени менен сүйлөшпөй калды, элдерге мени жамандайт экен, ушул Айпара экөөбүздүн мамилелерибизди да көрө албайт окшойт, - деп.
- Мен да таң калам, эмнеге ушул бизде көрө албастык деген жаман нерсе аябай өрчүгөн. Бирөөнүн жетишкендиктерин көрө албайбыз, ага чын-дилибиз менен сүйүнө албайбыз. Сени мына Шорук көрө албай атат, "эмнеге Лю сага таштады ишканасын, сага ишенди", -деп.  Сен өзүң Шорукка жамандык каалабасаң деле, ал ошентип көз көрө албастык кылып жатат. Балким, Айпараны да кызганып аткандыр, -дедим.
- Көрбөйсүнбү Сандыбайдын кылганын, ал да мени көрө албай жатат, мени элдерге жомокчу деп жамандап атыптыр, бетме бет сүйлөшөйүн десем жок, - дедим.
- Эгер кап этпесең, мен Доку менен Айпара жана сен жөнүндө сүйлөшөйүн дегем, сени менен биринчи акылдашып, кийин кеч болуп калбасын, -дедим.
- Ыракмат, мен Айпара менен сүйлөшкөнбүз бул жөнүндө, ал, "коё тур, мен атам менен өзүм чечем", - деди, ошого жараша ойлонойун дегем,  - деди Чоно.
Доку үйүнө келгенде Айпараны сурап калды:
- Менин сүйүктүү кызым Айпара көрүнбөйт ко, - деп.
- Оо, кожоюн, сиз билбейсизби, ал азыр мектептен кеч келип калган, ал Чоно менен жолугуп жүргөндүр, - деди аялдарынын бири.
  - Ал мектепте эмнени окуп атат болду экен, силер ушак айтасыңар, таап келгиле, - деди Доку.
Анан, Айпара келгенде, Докунун ачуусу тарап калган болчу.
- Ии, эмне окуп кыйратып атасын, - деп сурады андан Доку.
Айпара эмне окуп, эмне үйрөнгөнүн атасына айтып берди. Кызын аябай жакшы көргөн Доку урушам дегенин да унутту.
- Жакшы оку, бирок, эркек балдар менен мамилеңди этият кылгын, деди Доку.
 -Атаке, сен коркпой эле кой, мени алып качканга сенден коркушуп, колдору көтөрүлбөйт, - деди Айпара.
- Мага айтып атышат, Айпара Чоно деген жигит менен мамилеси жакшы экен деп, ойлон өзүң кызым, келечегиңди кара, сен эми эстүү кызсын, - деди Доку.
- Биз экөөбүз жөн эле доспуз, - деди Айпара.
- Аны менен качам деп ойлобо, - деди Доку жини келип.
- Эгерде качам десем, сага айтып качам, -деди Айпара.
- Дагы көрөөрбүз, айтып көрчү, - деди Доку.
Жоронун желдеттери Чунага келишкенде мен үйдө кытайлык бир окумуштуунун китебин окуп олтургам. Чунага караңгы түшүп калган убак эле.   Капыстан беш жигит кирип келип, мени колдоруман кайрып, атка өңөрүшүп жөнөштү. Шаардын четине чыгып калганда аттан түшүрүшүп, анан бирөөсү менин башыма кылычын сунганда, кайдандыр бир өтө жарык пайда болуп, эч ким эч нерсе көрбөй калышты. Менин кулагыма бтрөө шыбырады:
- Кач, токтобой кач, - деген.
Тигил жигиттер эчтеке көрбөй көп турушуп, көздөрүнү ачканда, мен эбак эле мектепте олтургам.    Желдеттер таң калышып, бирок, сүйүнүшүп аман калганына, кайра Жоро менен Сандыбайга  барып болгонун айтып беришиптир.   Жигиттер бир белгисиз оору менен ооруп, мүрт кетишиптир.
  Анан, Сандыбай менен Жоро кечирим сурап келишиптир.
Ошондон кийин, Чуналыктар менин сыйкырдуу касиеттериме да ишенишип, эми "көзү ачык Айбаш" деген атка кондум.  Анан, элдерди оорулардан айыктырып, келечегин айтып атагым ого бетер чыга баштады.
Менин суранычымды эки кылбай, Доку макул болуп, Чонону Айпарага үйлөнттүм. Алар мени менен чогуу жашап калышты.
Ушул менин айтканым......
Жылдан жыл өтүп Айбаш карып, өлөөрдө, өзүнүн балдары жок болгондуктан, Шамбаланын белгисин Айпарага аманат кылып таштап кеткен.            
Кийин, Айпарадан муундан муунга өтүп анан чоң энем Айсарага тийген. Мына ушундай болгон, менин чоң энемдин аманатынын кыскача таржымал, тарыхы.
           Эми мен аманаттын кожоюну болуп калдым. Чоң энеме сөз бергендей, Кыргыз улутту университетинин тарых факультетине өттүм. Экинчи курстан Кыргызстандын тарыхын окуй баштадык. Бул сабакты бизге тарых илимдеринин кандидаты, доцент   Светлана Прокофьевна Подорожная деген берчи эле.  Алтымыштардан ашып, кыска чачы бар, көз айнеги көзүнөн түшпөй, өтө тыкан кийинген, сүрдүү аял болчу. Сабак учурунда кээ бир тарыхтын беттери жөнүндө катуу талаша кетет элем. Бир жолу мени кафедра башчысы, тарых илимдеринин доктору Асангазы Үсөкөвичке чакыртып калышты.   Көрсө менин мугалим эжекем мага арызданыптыр.
Кыскасы, минтип айтыптыр, "Мен отуз жыл сабак берем, биринчи жолу көрүшүм мындай студентти, бүт эле тетирисинен караган, биздин Кыргызстандын тарыхын түп тамырынан бери туура эмес деп айтат", - дептир.
 - Мени кечиресиз, бирок, мага чоң энем такыр башкача айтып берет эле биздин тарыхты, ошону айтсам эле, мени жаман көрүп атат, - дедим мен.
- Чоң энең эмне деп айтты эле, - деп кызыга түштү Асангазы Үсөкович, элүүлөргө барып, чачтары аппак боуп, өзү кара-тору келген арык киши. .
Анан, мен кыскача айтып баштасам, ал:
- Сенин чоң энең тирүүбү, - деп сурады.
- Эки жыл бюолгон көзү өткөнүнө, ага да анын чоң энеси айтып бериптир, - дедим.
- Анда сен, ошол бүт айткандарын шашпай жазып, бир ситемага келтирип келбейсинби, анан көрөлү, Светланан Пркофьевна менен талашпай эле кой, анткени азыр ал тарыхты эч далилдей албайсын, - деди.
- Мейли анда, мен эки жумадан кийин келем, - деп кеттим.
Эки жумадан кийин, аманаттан башка бүт айткандарын жазып алып келип бердим. Асангазы Үсөкович окуп келип бир сунуш айтты:
   - Жакшы экен, өтө кызыктуу, эми эгерде сен биздин тарыхты билем десең, анда чогуу иштеп изилдейли, биринчи, ошол чоң энең айткан Саймалуу-Таш менен Таштак-Бактан эле баштайлы, - деди агайым.
Анан, үйгө барганда дароо Таштак-Бакка жөнөдүм. "Таштак-Бак көз ачым эле жерде", -деп чоң энем айтчы эле, ошого барып, кечке жүрүп көрүп келдим. Чоң энемден калган эки жагы томпок, чоңойтуп көрсөткүч айнекти да алып алдым. Аны менен сүрөттөр дапдаана, ар бир сызыктарынан бери так көрүнөт экен. Кичинемде чоң энемен талашып, мен да көрчү элем, ушул айнек менен эле. Анда түшүнчү эмес элем, эмнеге эле чоң энем бул айнекке кадалып эле шыкаалайт деп. Атам чоң энеме бул айнекти шаардан таап, бир аскер офицеринен  сатып келип берген. Ал чоң болуп, эч кимде андай айнек жок эле. Фотоапарат алып келдим эле, ага да бүт сүрөттөрдү тартып чыктым.  Анан, ойлондум, чоң энем ушул сүрөттөрдөн өзүнүн аманатындагы сүрөт жазууларга салыштырып издеген болуш керек.
Кайра шаарга барганда Илимдер академиясынын тарых институтуна барып, ал жерден дагы бүт Кыргызстандагы эски таштарга, зоолорго чегилген, же тартылган сүрөттөр боюнча да материал чогулттум.
 Саймалуу-Ташка жайында каникулда барууну чечтим, азырынча было "Саймалуу-Таштын петроглифтери" деген китепти алып, ошону окуй баштадым.
Анан, чоң энем айткандарга байланышкандарын кагазга түшүрүп, сүрөттөрү менен кошуп Асангазы Үсөковичке алып барып бердим.
- Ии, куттуктайм, эң жакшы жумушту баштаганың менен, - деди сүйүнүп агайым.
 Мына ошентип, чоң энемдин айткандарын айкындап, далилдөөгө далалатымды баштап, анын арбагынан колдоо сурап бата кылдым.
Асангазы Үсөкович дагы кызыга баштады окшойт, жаңы тапшырма берип, өзү да мага бир ойлорун айтып бере баштады.
Жайында атам Саймалуу-Ташка алып барып келди.
- Мурда апамы алып бардым эле бул ит жеткис жерге, эми кызымды, мындай таштар жакыныраак жерде деле бар го, ал эмне жетпейби, - деп күлүп таң калды атам.
 Акырын акырындап китептерден археологияны, этнографияны, лингвистиканы да окуп, ошол сайма таштардын маанисин, эмне себептен, ким эмне тартылганын, илгерки убактагы элдердин үрп-адат, маданиятын да үйрөнө баштадым.
Асангазы Үсөковичтин жардамы менен, үчүнчү курстан кийин Москвага жаш тарыхчылардын жайкы семинарына барганды чечтим. Чакан бир доклад даярдадым, бир кана нерсени унутуп калыпмын.
 Аэропортто, самолетко олтурууга өтөөрдө текшерүүдө мени токтотуп калышты:
- Тигил мойнуңуздагы эмне, алып чыгып көрсөтүңүз, чоң го, - деди, сары келген бети, кичинекей куу көздөрү бар көк формачан таможня офицери, аскер даражасы капитан болсо керек эле.
-  Бул тумар эле, - деп, мойнуман алып чыгып чечпей көрсөтүп, чочудум мен.
- Жок, бериңиз биякка, биз карайлы, текшеришибиз керек, - деди ал.
- Бул чоң энемдин аманаты, көрсөткөнгө болбойт, - дедим мен.
- Анда, биз сизди өткөрүүгө укугубуз жок, биз аны албетте текшерип, анан өткөрөбүз, - деди офицер.
Өткөрбөйт окшойт, көрсө карап көрсүн, - деп чечип мойнуман офицерге сундум.
- Апеей, мынча оор, эми ичин көрүш керек, ачалы, бул эмне балээ, - деди офицер, аманатты кармалап.
Эми болгону болду, - деп аманаттын сырткы материалынын тигиштерин сөгүп алып чыктым.
- Оо, мен ойлогондой эле, бул алтын го, илгерки медальон окшойт, сватикалары да бар го, жазуулары да бар экен, ойиий, кызык ко, балким бул мамлекетке тиешелүү баалуу эстеликтир музейден, - деди офицер.
Дагы эки офицер келишти биздин жаныбызга. Алар да кармалап карап калышты. 
- Оор экен ээ, уруксат кагазы жокпу, - деп сурады бир офицер.
- Мен билбепмин, бул чоң энемден эле калган аманат, мен өзүм студентмин, тарых факультетинде окуйм, Улуттук университетте, - дедим.
- Биз билбейбиз, бул кимдики, бизге Маданият министрлигинен кагаз керек, бул медальондун Кыргызстан үчүн тарыхый баалуу буюм эмес деген, балким, сен алпарып бир аукционго баланча миллионго сатсаң биз балээге калабыз, -  деди, мени биринчи токтоткону.
 - Мен эми эмне кылам, Москвага учпай калдымбы, - дедим.
- Анда, муну туугандарыңызга, же бизге калтырып кеткиле, кагаздарын беребиз, биз алдык деп, - деди офицер.
- Мен бул аманатты эч кимге бере албайм, - дедим.
Офицер аманатты сүрөткө тартып кирди, менин документтерими да көчүрмө кылды. Кийин ойлонсом, ошол жерде дароо офицерге акча берип өтсөм болмок экен, деп да ойлодум.
Ошентип, учпай калып калдым. Маданият министрлигине чаап барсам, ал жерде мен каалаган справканы бере турган аял ордунда жок экен.
Эртеси араң кармадым, кырктардагы чыкыйган, түтүндөтүп сигарет чеккен аял экен, дартымды айтсам:
- Ай ушулардыкы өттү, мейли эми эмне кыласын эски буюм болсо,сен муну эки жагын тең сүрөткө тартып алып кел, бир жумадан кийин аласын справканы, - деди ал аял.
- Тезиреек болбойбу, - деп сурадым.
- Мен өзүм карап эле жазбайм да, музейлерден алышым керек да, силерде мындай бар беле, жоголгон жок беле деп, - деди ал.
Кийин ойлосом, элдер айткандай, акча берсем дароо жазып бермек экен, оюма ошол келбептир, антип бере албайм го акча деп да ойлодум.
Москва ошентип болбой калып, жайында ата-энеме жардам берип, китептерими окусамбы деп ойлодум. Ананн, тарых институтунда дагы бир айча жүрүп, маериалдарын карап чыгайын, - деп чечтим.
Бир күнү кечинде туугандардыкынан жатаканага кайтып келе жаткам, бурулуп жолду кыскартып өтөйүн деп скверге бурулайын дегем. Кулагыма эле чоң энемдин үнүндөй үн угулду:
- Бурулба, туура бас, - деген.
Таң калдым, жөн эле угулуп аткан го,бул эмне экен деп ойлонуп, бурулуп бара жатсам эле үч бала мага чабуул кылышты күтпөгөн жерден, мойнумдан чоң энемдин аманатын сууруп алышты, башка эчтеке албай дыр коюшту. Мен кыйкырып артыларынан чуркадым, алар бир көчөгө бурулушту да, кара  "Мерседеске" олтурушуп жылып кетишти, номери жок экен. Алгандар жаш кыргыз балдар окшойт, сүйлөгөнүнө караганда, маска кийип алышыптыр, мына ушул информацияны милицияга барып бердим. Анан, чоң энемдин аманатынын сүрөтүн бердим.
 - Чоң кыз, мынча кайгырасын, ыйлаганыңды токтот, тирүү калганыңа шүгүр десең, баштан ары чаап, бычак сайса эмне болмок, буту башың соо,   темир эми табылаар, табылса эмне сыйлык бересин,ушундай эле баалуу болсо, - дешти милиционерлер.
Күнү түнү ошол жөнүндө ойлодум. Чоң энемдин айткандары эсимден кетпей, көз алдымда акырын айткан осуяттары кулагыман кетпей турду. Ошончо кылым жоголбогон аманатты, мен жоготомбу деп ыйладым.
Эртеси эрте менен көзүмдү ачып турайын дегенде, кулагыма кайра чоң энемдин үнү угулду:
- Сары киши алды, ошого бар, - деген.
Оюма дароо эле аэропорттогу офицер кирди, ошол да сары киши, анда менин документтеримин көчүрмөсү да бар, аманатты да көргөн. 
Жуунуп таранып аэропортко жөнөдүм, ал күнү тигил сары киши, офицерди таппай, эртеси таптым аны. Анын көзүнө көрүнбөй сүрөткө тартып алдым. Анан, сүрөтүн төрт-беш даана көчүрмө кылып чыгарып алдым. Ойлондум, сүрөттөрдү милицияга бергенден чочудум, анткени, алар, өз ара сүйлөшүп алышышы мүмкүн эле. 
Прокуратураданбы, милицияданбы, Улуттук коопсуздукту сактоо кызматынанбы (УКК) чоң кызматтагы тааныш кишилерди табууну ойлодум. Эстеп, бир таякелерибиздин бири УККда иштейт эле. Ошол Доорон таякеге барып бүт бардыгын айтып бердим. Кимди күмөн санап атканымды да айттым.
- Эми табабыз ким кылганын, чоң энеңин айтканы жакшы, мейли, мен тигил "черныйлар" менен сүйлөшөйүн, - деди.
Доорон таяке орто бойлуу, чоң башы, кыска кесилген чачы бар, көздөрү, каштары кара  киши эле. Сүйлөгөнү тез, дайыма артынан бирөө кууп келаткандай шашып сүйлөйт эле.
Эмне болгон "черные" аны сураган жокмун. Биринчи жолу угушум эле, бирок, бул "негрлер" эмес, башка бир таасирдүү кишилер экенин сезип турдум. Кийин группалаштарым айтып беришти, бул эмне болгон кишилер экенин.
Эртеси эле Доорон таякем чалды:
- Тез жумушума келип кал, көчөдөн жолугалы, сени таарынткандарды таптык, - деди.
Экөөбүз жолуккандан кийин, бир спортформачан балан эки киши сүйрөп келишти.
- Ушул сага тийгендердин бири, сен тааный албайсын да ээ, - деп сурады, алып келген бирөө.
- Ооба, караңгы болчу,  - дедим мен.
- Ии, ушул кыздан алганбыз, анан бир кишиге бергенбиз, - деди спортформачан кармалганы.
- Анда, тигил кишиңерге айткыла, ыссыгында кайтарып берсин, ким дедиң, ии, таможнядагы офицерби, айтып койгула, иштебей калат ал жерде, - деди Доорон таяке.
-  Сен бара бер, чын эле чоң энең айткандай окшойт, эртең медальонду аласын, - деди.
Чын эле, эртеси түшкө жетпей Доорон  таяке кайра чалды.
- Ой сен кызык бир өтө баалуу нерсе жоготкон окшойсун, тигил сары таможня офицери антиквариат чогултчу турбайбы кашайгыр, аябай бай болгон неме экен, - деп келатканда мен анын сөзүн буздум.
- Кечиресиз, эмнеге аны өлгөн кишидей, болгон, өткөн деп жатасыз, - дедим.
- Аа, эң башкысын айта элекмин да, тигил офицер кайтыш болуп калыптыр,
Катуу ооруп эки күндө жан бериптир, сенин медальонуңду аялы кайтарып бериптир, - деди.
Эсиме чоң энемдин аманатынын ээлеринин каары эске түшүп, жүрөгүм болкулдап толкунданып чыктым.
Таякеме ошол жөнүндө бир аз четин айтып берсем, ал:
 - Кокуй, макул жөнө анда, мен муну кармаган да жокмун, - деп шашылды.
- Чоң ыракмат сизге, эми сизди ушул аманат менен анын ээлеринин арбактары коргойт, - дедим мен.
Сүйүнгөн бойдон,чоң энемдин аманатын карап ойлодум, чоң энемдин айтканы туура экен, мына биринчи курмандык болду, дагы экөө болот, кимдер болот болду экен деп.
Чоң энемдин аманатын карап, ушул белгисиз темирден жасалган нерсе канча кылым арытып, элимдин канча тарыхына күбө болгон, мен жанымды кыйсам да, ушул аманаттын сыйкырдуу касиеттерин азайтпай, чоң энемдин керезин аягына чейин аткарып, табышмактуу жазууларын, сүрөттөрүнүн сырын ачсам дедим......  

 

Комментариев нет:

Отправить комментарий