Поиск по этому блогу

понедельник, 25 апреля 2016 г.

Камит Савай Студент


                      
Студент

Азыр бизде ким көп, студент көп. Ар бир кыргыз баласын "кыйын бир кесиптин ээси болсун" дебейт, "эң башкысы диплому болсун" дейт.  Кредит алып, малын сатып, Россияда иштеп болсо да контракт төлөп окутушат.
Студенттер азыркы убакта кимдер?
- Мурда окуудан бош болсо иштешчү, азыр иштен бош болсо окушат. Кудай берип базар, кафе, дүкөн, павильондор ж.б. көп болуп, көп студенттерге жумуш табылды.
 
-  Кыйын
дары компанияларда иштешет, офистерде олтурушат. 
-  Балдардын телефондорунда кыздар, "приколдор" менен конспекттердин сүрөттөрү, кыздардыкында селфи менен кийимдер…
- Беш сүйлөм алмаштырып, чабыштырып интернеттен көчүрүп, бир саатта килейген реферат жазып келишет.
- “Инстаграммга селфи” койсо, мединституттун студенттери ак халатчан түшүшөт, халаты жок сүрөт койбойт, калгандары «башкы корпустун» алдынан түшүшөт.
-  Ачка калса да көтөргөнү "асем" телефон.
-  Эч кимге угузбай ”маршруткага» деп 10 сом сурайт.
-  "Наушникте" музыка угуп жатып да сүйлөшө алат, кантип угуп алат,  бир кудай билет.
-  Бир колу менен каалаган жерге 3 секундда 5 сөздөн турган  "билдирүүлөрдү" эч кимге билгизбей  жазып жиберет.
-  5 студент 2 порция тамакка сонун тоюп чыгышат кафеден.
-  Эки колдоп учураша албайт, бир колунда дайыма телефон.
-  Эч качан "мен токмун", "тойдум" дебейт.
- "Сааты" эстүү болот, ойгонмоюнча тынчыбай ар бир үч мүнөт сайын бир сааттан ырдай берет.
- Дайыма сурасаң, ар кайсы бирөөнү сүйүп жүрөт.
- Макарондон эч качан тажабайт.
- Акыркы партаны талашат.
- Мурда ручка же кагаз барбы деп сурашса, азыр "зарядка" барбы же "бирдигиң барбы" деп жан талашышат
- Башталгыч курстарда мугалимдер качат, жогорку курстар мугалимдерден качат.
- Эң арзан кафе, “пирожки”, самса менен гүл саткан жерди жакшы билет.
- Кээде он “бирдик" менен беш күн жүрөт, "маякты" басат, жооп бергиче, бир “бирдик” коротпой өчүрөт.
- Атсаң да эрте жата албайт, эртең менен тура албайт.
- Эртең менен сабакка шашылып, 5 мүнөттө эки саат жасалчу "прическаны" койкойтуп коёт, “маршруткада” эч кимге билгизбей боёнгонго да үлгүрөт
- Экөө квартирага чыгып, анан бешөө жашайт.
- Акчасы түгөнсө акырын апасына гана чалат.
-  "Дааналап" эмес "пачкелеп" тамеки тартсам, “маршруткада” тыгылып жүрбөй, аялдан мурда "машине" алсам" дейт.
- Ал жакка басып барбаса деле, айрыкча кыздардын айтуусу боюнча «китепканага» көп барышат.
- Чөнтөгүнө бир азыраак акча түшсө эле "студенттик ашканага" барбай, аллергиясы кармайт.
-  Кечиксе дайыма "тыгын" менен “маршрутка” күнөөлүү болот.
-  Илгери китеп кармап уктаса, азыр чөнтөк телефон кармап уктайт.
- Азыр Интернетте ушунча маалымат көп, андан башың айланат, ошентип баш айланып, жакшысын тандап окугуча эле сессия күтпөгөн жерден келип калат.
- Мурда килейген портфель көтөрүшчү, азыр бир дептер оор болуп, аны да көтөргөндөн зеригишет.
-  Дайыма бир "кокус кырдаалга" бир "сагызы" бар.
- Күндүз миң убактысы болсо да окуй албайт, түнкүсүн 10 дон кийин кычап, “окуш керек эле” деп калат.
- Шайлоодо баркы көтөрүлөт, партиялар эстейт, эми мугалимдер студенттерден сурана башташат.

- Кээ бир студенттер сессиядан кийин бир «куйруктуу» жаныбарлардан айырмаланып, «көп куйруктуу» болуп калышат.

Комментариев нет:

Отправить комментарий